Исламабадды көрүү жана ИАААЭнин командасы менен жолугушуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Исламабадды көрүү жана ИАААЭнин командасы менен жолугушуу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

2019-жылдын 29-августунан 1-сентябрынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз:

◊ 30-август, куттуу жума күнү: Ал Азирети Лондонго караштуу Морденде жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында ыкыластуулуктун көрүнүшү болгон Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эки сахаабасы (разияллааху анхумаа)нын куттуу мүнөздөрүн абдан жагымдуу ыкмада айтып берди. Андан тышкары, («Фазли Умар» фондунун төрагасы) урматтуу Тахир Аариф мырзанын каза тапкандыгынан сөз кылып, аны жакшы сөздөр менен эскерип, жума намазынан кийин анын жаназа намазын окутту.

Бүгүн кечинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) өзүнүн кеңсесинде ак бата менен урматтуу Мухаммад Нур Чаанд мырзанын кызы кымбаттуу Сахр Зуфашан Чаандды узатты. Аталган кыздын нике-тою (Лондондун тургуну) Музаффар Ахмад Зафрий мырзанын уулу (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Мубашшир Ахмад Зафрий мырза менен белгиленген.

Бүгүн кечинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Исламабаддын ар кайсы жерлерин айланып-көрүп, кээ бир маселелер тууралуу көрсөтмөлөрдү берди. А дегенде, Ал Азирети Исламабаддын аймагында жайгашкан азыркы мейманкананы (Халифатул-Масийхтин мурунку турак жайы болгон) көргөнгөндөн кийин «Масрур» сарайынын тыш жагынан айланып келип, Исламабаддагы турак-жай курулган аймакты көздөй кетти жана кээ бир бактылуулардын үйлөрүнө кирип, аларга береке тартуулады. Ал бактылуулардын арасында (өзгөчө сакчы бөлүмүндө иштеп жаткан) урматтуу Насир Саъийд мырза жана урматтуу Хумаюн Сардар мырза, (Эдишнал Вакилул-Маал) урматтуу Мубарак Ахмад Зафар мырза жана (өз жашоосун динге арнаган – инженер) урматтуу Абдул-Фаатих мырза болгон.

◊ 31-август, ишемби күнү: Бүгүн расмий жолугушуулардын арасында ИАААЭнинг (европалык тармагынын) команда мүчөлөрү Ал Азиретинин алдына кирип, «Ахмадий архитекторлор жана инженерлердин эл аралык бирикмеси» акыркы күндөрдө аткарган кээ бир иштердин отчётторун сунуштап, айрым маселелер тууралуу багыт берүүсүн суранышты.  

Команда мүчөлөрү жакында эле Гамбияда ишке ашырылган «Заманбап айыл» деген долбоор тууралуу төмөнкүдөй отчётту Ал Азиретиге сунушташты: ал айылда бир кудук казып, таза суу чыгарылып, трубалар аркылуу ар бир үйгө жеткирилди. Андан тышкары, күндүн нуру аркылуу ток жаратылып, айылдагы бардык үйлөр камсыздалды. Жергиликтүү мечитке да ток жарыгы жеткирилди, аны менен бирге батериялардын жардамы менен мечитте 24 саат МТАны көрүү шарттары түзүлүп берилди.

ИАААЭнинг (европалык тармагынын) төрагасы «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын өкүлүнө төмөнкүлөрдү айтып берди: Ал Азиретинин көрсөтмөлөрүнүн негизинде эң мыкты даражадагы батериялар сатып алынып, мына ушул проекттерде колдонулат, анткени кандайдыр бир арыздануулар пайда болбосун жана Африканын тээ алыскы жайларында жашап келе жаткан адамдар үзгүлтүксүз жарык тогунан пайдаланышсын.

Бүгүн Аср намазынан кийин Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде өткөрүлгөн бир аземге катышты. Ал Азирети ошол аземге катышуу бактысына ээ болгон 13 бала жана 13 кызга кезек менен Курани Каримден бир аят же бир бөлүгүн окутуп көрдү. Андан кийин Ал Азирети дуба кылдырды. Ал Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде өткөрүлгөн биринчи «Аамийн» аземи болчу.

Бүгүн кечинде Ал Азирети өзүнүн кеңсесинде ак баталар менен урматтуу Абдул-Мажийд Хан мырза (маркумдун) кызы кымбаттуу Санобар Рижааны узатты. Аталган кыздын нике-тою (Лондондун тургуну) урматтуу Нафийс Ахмад мырзанын уулу (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Хафиз Эхтишаам Ахмад Мумин мырза менен белгиленген.

Бүгүн шам жана куптан намазынан кийин Ал Азирети (Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Мубашшир Ахмад Зафрий мырза жана (урматтуу Мухаммад Нур Саанд мырзанын кызы) кымбаттуу Сахр Зуфишан Чаанддын «Валийма» аземине катышты. Ал азем Исламабаддагы «Масрур» сарайында өткөрүлгөн.

◊ 1-сентябрь, жекшемби күнү: Бүгүн Аср намазынан кийин Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде өткөрүлгөн «Аамийн» аземине катышты. Ал Азирети ошол аземге катышуу бактысына ээ болгон 30га жакын балдарга Курани Каримден бир аят же бир бөлүгүн окутуп көрдү. Андан кийин Ал Азирети дуба кылдырды.   

Бүгүн шам жана куптан намазынан кийин Ал Азирети (Жамаатыбыздын миссионери) Хафиз Эхтишаам Ахмад Мумин мырза жана урматтуу Абдул-Мажийд Хан мырза (маркумдун) кызы кымбаттуу Санобар Рижаанын «Валийма» аземине катышты. Ал азем Исламабаддагы «Масрур» сарайында өткөрүлгөн.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

2019-жылдын 26-августунан 1-сентябарынын аралыгында Ал Азирети беш күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ал убакыт аралыгында 124 үй-бүлө жана 66 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Бул жагынан алганда жеке жолугуша турган адамдардын саны 190 болгон. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар төмөндөгү 19 өлкөдөн келишкен:

Жапан, Пакистан, Нигерия, Америка, Канада, Жаңы Зеландия, Австралия, Кения, Бельгия, Норвегия, Гана, Франция, Швецария, Германия, Бангладеш, Индия, Дания, Англия жана бир араб өлкө.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумасына эки жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 3-сентябрь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via