Азирети Мырза Масрур Ахмад эки журналист менен жолугушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад эки журналист менен жолугушту

2019-жылдын 26-августунан 28-августунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

27-август, шейшемби күнү: Бүгүн башка расмий жолугушуулардан тышкары Серра-Леоне Республикасынын Улуттук телеканалынын (SLBC) башкы директору Урматтуу Жосэп Эгбенда Симон Капува (Joseph Egbenda Simon Kapuwa) Ал Азирети менен жолугушту. Ал киши ушул жолугушууда Ахмадия Мусулман Жамааты менен өз ара кызматташуу аркылуу дагы жакшыраак иштөө керектиги тууралуу тилегин билдирди.

Халифа Халифат журналист Африка дин ыйман Ислам

Улуттук телеканалынын (SLBC) башкы директору Урматтуу Жосэп Эгбенда Симон Капува (Joseph Egbenda Simon Kapuwa) Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу бактысына ээ болууда

Учурда SLBC деген телеканалдан жумасына бир жолу бир саатка МТА тарабынан даярдалган Ислам программалары көрсөтүлөт. Андан тышкары, Жалса Салана Германия жана Британиянын учурунда Ал Азирети жасаган кайрылуулары ж.б. программалар түздөн түз көрсөтүлөт. Жакында эле болуп өткөн Жалса Салана Англиянын учурунда он жети сааттан көбүрөөк убакыттан турган программалар түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, Сьерра-Леоне Республикасы Улуттук Теле-Радио Корпорацииясы Ал Азирети тууралуу МТА даярдаган кабарларды көрсөтөт, Ал Азирети жасаган кайрылууларын түз эфир аркылуу көрсөтөт жана кээ бир кайрылууларынын жазылган видео тасмалары бир аз убакыттан кийин көрсөтүлөт.

Ушул эле корпорацииянын көзөмөлдүгү астында иштеп жаткан радиодон Ахмадия Мусулман Жамааты Сьерра-Леоненин Жалса Саланасынын Ачылыш Сессиясы да түз эфир аркылуу уктурулат. Жалпысынан, ушул Сессияга Сьерра-Леоне Республикасынын Президенти каштышат.

Халифа Халифат журналист Африка дин ыйман Ислам

(KBC)те иштеп жаткан журналист) Сулайман Али Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен маек куруп жатат

◊ Бүгүн Кениянын Улуттук Телеканалы, Кения Улуттук Теле-Радио Корпорацииясында (KBC) иштеп жаткан бир журналист Сулайман Али Ал Азирети менен маек куруу бактысына ээ болду. Ал киши Африкада жаштардын радикалдашып бара жаткандыгынын себептери, алардын алдын алуусу, Ислам дининде аялзатынын орду жана ага белгиленген акы-укуктары сыяктуу ар түрдүү маселелер тууралуу Ал Азиретинен багыт алды. Аталган киши маек кургандан кийин өзүнүн жеке ой-пикирин билдирип, Ал Азиретинин жеке мүнөзүнөн катуу таасирленгенин айтты.

Жогоруда сөз кылынган эки тууган МТА Африканын урматтуу төрагасы аркылуу келген болчу.

28-август, шаршемби күнү: Бүгүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Аср намазынан кийин урматтуу Нидаул-Хак мырзанын жеңил машинасын берекелүү кылды.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 30-августь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via