Мырза Масрур Ахмад «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мырза Масрур Ахмад «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду

Куран халифат нике Ислам

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

2019-жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз:

◊ 6-сентябрь, куттуу жума күнү: Ал Азирети Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында ыкыластуулуктун көрүнүшү болгон Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир сахаабасы Азирети Убаада бин Саамит (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүн абдан жагымдуу ыкмада айтып берди. Андан тышкары, (Сириянын тургуну) урматтуу Саъийд Сукия мырза, (Тунистин тургуну) урматтуу Ат-Таййиб Ал-Убайдий мырза жана Азирети Халифатул-Масийх III (рахимахулла)нын кызы урматтуу Аматуш-Шукур айымдын каза тапкандыгы тууралуу сөз кылып, аларды жакшы сөздөр менен эскерип, жума намазынан кийин ал маркумдардын жаназа намазын окутту.

Бүгүн кечинде Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Исламадабдын ар кайсы жерлерин айланып-көрүп, кээ бир маселелер тууралуу көрсөтмөлөрдү берди. А дегенде, Ал Азирети Исламабаддын аймагында жайгашкан азыркы мейманкананы (Халифатул-Масийхтин мурунку турак жайы болгон) көрдү. Андан кийин Хузур-э-Анвар «Масрур» сарайынын тыш жагынан айланып келип, Исламабаддагы турак-жайлар курулган аймакты көздөй кетти жана урматтуу Аамир Сиялкотий мырзанын үйүнө кирип, ага береке тартуулады. Ал жерден кайтып келе жатканда Ал Азирети «Алмашуу Бюросу» кеңсесине барып, ал жерде кызмат кылып жаткан урматтуу Доктор Ризваануллах Хан мырзадан кээ бир расмий иштер тууралуу сурап, ага көрсөтмө берди. Андан тышкары, «Хайлу лир-Рахмаан» клубу жөнүндө кээ бир көрсөтмөлөрдү берди.

◊ 7-сентябрь, ишемби күнү: Бүгүн эртең менен расмий барлашуулардын аралыгында Америкадагы «Атфаалул-Ахмадиянын» Мухтамими өзүнүн команда мүчөлөрү менен Ал Азиретинин алдына кирип, жолугушуу бактысына ээ болушту.

◊ 8-сентябрь, жекшемби күнү: Бүгүн Ал Азирети Британиядагы Мажлис Худдаамул-Ахмадиянын Салана Ижтимаасына (Жылдык Чогулуш) катышты. Ал Азирети саат 15:15ке жакын Ижтимаа болгон жерге келди. А дегенде, желек көтөрүлдү. Дубадан кийин адамдар ар кандай гуруппаларда Ал Азирети менен сүрөткө түшүштү. Андан кийин Хузур-э-Анвар борбордук сахнаны көздөй барып, пешин жана дигер намаздарын кошуп окутту. Намаздан кийин соңку сессия алып барылды.

 Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

2019-жылдын 2-сентябарынан 8-сентябарынын аралыгында Ал Азирети төрт күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ал убакыт аралыгында 111 үй-бүлө жана 75 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Бул жагынан алганда жеке жолугуша турган адамдардын саны 186 болгон. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар төмөндөгү 20 өлкөлөрдөн келишкен:

Америка, Канада, Германия, Пакистан, Индия, Жапан, Норвегия, Жаңы Зеландия, Австралия, Финландия, Бельгия, Испания, Маврикий, Ирландия, Гаватемала, Англия жана кээ бир араб өлкөлөрү.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумасына эки жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 10-сентябрь, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via