Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 23-Жалса Саланасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 23-Жалса Саланасы

Ислам Ахмадия Кабабир Хайфа мусулман ыйман чогулуш диний

Алла Тааланын берешендиги менен быйыл Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 23-Жалса Саланасы 2019-жылдын 11-13-июлунда Кабабирде жайгашкан «Жами Сааййидна Махмуд» мечитинин короосунда болуп өттү. Ушул Жалсанын темасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «бардык макулуктар Алланын үй-бүлөсү» деген хадиси болчу.

Кабабирдеги Жалса Салананын программалары

Бул жер – Кабабирде аймактык жана республика бою Ислам Ахмадиянын чыныгы кабарын жеткирүү максатында Жалсанын мурунтадан уланып келе жаткан ыкмасы төмөндөгүдөй: Жалса Салананын биринчи күнү кечинде аябай көп яхудийлер ж.б. мусулман эмес ардактуу коноктор келишет. Алар менен алып барыла турган сессия иврит (хибру) тилинде болот. Шам намазына чейин урматтуу меймандар чогулушат жана аларга келери менен тамак-аш тартылат. Тамактанып жатканда, алар китепкана жана көргөзмөбүздү да көрүшөт. Анан шам менен куптан намаздары чогуу окулат, андан кийин кайрылуулар башталат.

Ислам Ахмадия Кабабир Хайфа мусулман ыйман чогулуш диний

Экинчи күнү жума күнү болот, ошондо көптөгөн Ахмадий эмес араб мусулмандар келип катышышат. Окула турган жума кутбасында Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мурун окуган кайсы бир жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну окулуп, Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу маалыматтар жана Жалсанын максат-мүдөөлөрү айтылат. Анан Аср намазынан кийин Ахмадий эмес мусулмандар жана жаңыдан Байъат берип Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген адамдар менен суроо-жооп жыйыны өткөрүлөт. Кечкисинде шам менен куптан намаздарынан кийин Жалсанын ушул өзгөчө сессиясы араб тилинде алып барылат.

Жалсанын үчүнчү күнү эртең менен көптөгөн Ахмадий эмес мусулман коноктор кайтып кетишет. Алардын арасынан кетпей калган жана башка жайлардан келген Ахмадий мусулман бир туугандар үчүн мүмкүн болушунча бир нече саатка саякат прораммасы да уюштурулат. Анан кечкисинде шам менен куптан намаздарынан кийин Жалсанын соңку сессиясы өткөрүлөт. Ал учурда катышкандардын көбү Ахмадий мусулман туугандар болушат жана таалим-тарбиялык темада боло турган кайрылуулар менен бирге Жылдык Ишмердүүлүк Жыйынтыгы да сунуш кылынат.

Коноктордун келүүсү

Жалсанын башталуусунан төрт-беш күн мурун эле чет өлкөлөрдөн Ахмадий мусулман туугандар келе башташат. Ошентип, быйыл да Иордания, Америка, Германия, Англия жана Мисирден коноктор келишти. Палестинага караштуу батыш жээгинен 200гө жакын коноктор келишти. Бейшемби күнү болгон Сессияга 500дөн ашуун мусулман эмес коноктор каштышкан.

Урматтуу меймандардын катарында Хайфанын мээри, яхудий раввиндер, башка диний жетекчилер, ар кайсы элчиликтердин өкүлдөрү, Американын Диний Эркиндиги деген уюмдун комиссары, уламалар, жазуучулар жана ар кайсы кесиптин адистери бар болчу.

Жалса Саланада жасалган кайрылуулар

Биринчи күнү, бейшемби күнү Кабабирдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырзанын төрагалыгында иврит тилиндеги Сессия башталган. Урматтуу Муса Асаъд Аудэ мырза алып баруучу болгон. Урматтуу Амин мырза окуган Куран жана жасаган ачылыш кайрылуусунан кийин Урматтуу Амир Сахиб кайрылуусун жасады. Бул учурда Амир Сахиб Ислам дини жана тынчтык тууралуу өтө эле жагымдуу ыкмада күчтүү таасир этүүчү бир кайрылууну жасаган, ал кайрылуу Исламдын чыныгы таалимин, Ахмадия Мусулман Жамаатынын түзүлүү максат-мүдөөсүн жана дүйнөдө тынчтыкты орнотуу ыкмаларын көрсөтүп берүү болгон. Андан кийин Ахмадия Мусулман Жамааты көрсөткөн жергиликтүү жана эл аралык кызматтары, айрыкча Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) жер жүзүндө тынчтыкты орнотуу үчүн жасаган улуу салтанаттуу аракеттеринен турган бир видео тасма көрсөтүлгөн. Андан кийин кээ бир коноктор өз ой-пикирлерин айтышкан.

Экинчи күнү Урматтуу Фатхий Абдуссалам мырзанын төрагалыгында Сессия башталган. Бул сессиядан мурун Амир Сахиб Ахмадия байрагын көтөргөн. Бул сессияда Урматтуу Ал-Хааж Раашыд Хаттаб мырза кылган тилаават жана Урматтуу Фараж Махмуд Аудэ мырза окуган касидадан кийин Тарбия иштери бюнча Улуттук Катчы Урматтуу Манаъ Фувад Аудэ мырза Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «мусулман эместерге жасаган мамилеси» деген темада кайрылуу жасаган. Мындан кийин Амир Сахиб «Адамзатка кызмат кылуу жана тынчтыкты орнотуу» тууралуу Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жана Ардактуу Халифаларынын айткандарынын негизинде кайрылуу жасап, тынчтыкты орнотуу деген темада Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) ар кайсы учурларда сүйлөгөн сөздөрүн окуп берген.

Андан кийин Ахмадия Мусулман Жамааты жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде көрсөткөн кызматтары жана Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) аткарган иштеринен турган араб тилиндеги бир видео тасма көрсөтүлгөн. Андан кийин ардактуу коноктор сүйлөшкөн.

Үчүнчү күнү соңку Сессияга мен төрагалык кылуу бактысына ээ болдум. Урматтуу Махмуд Талъат мырза кылган тилаават жана Урматтуу Ал-Хааж Раашыд Хаттаб мырза окуган касидадан кийин мен ыйман жана такыба амалдарын коргоо, ошондой эле Халифат деген белек сыяктуу берметти таануу керектиги деген темада кайрылуу жасадым. Андан кийин Садр Мажлис Худдаамул-Ахмадия Урматтуу Махмуд Заккий «жаштарды реформалап-оңдоо жана динге кызмат кылуу» деген темада кайрылуу жасаган. Андан кийин Урматтуу Муъааз Умар мырза (Афсар Жалса Гах) жылдык ишмердүүлүктөрдүн кыскача жыйынтыгын айтып, өткөн бир жылдын ичинде каза болгон маркумдарды эскерген. Урматтуу Амир Сахиб келген конокторго ыраазычылык билдирген. Аягында Урматтуу Абдуш-Шукур Наасир мырза жана Урматтуу Усман мырза «Бадар Гах-э зий шаан хайрул-Анаам» деген урду тилиндеги поэманы ырдашкан. Ушул ырлар ырдалып жаткан учурда араб туугандар да «алайкассалаату алайкассалаам» деген сөздөрдү көтөрүңкү үн менен кайталап турушкан. Акырында, мен Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Жалсага катыша тургандар үчүн кылган дубаларын окуп бердим жана жалпы дубаны алып бардым. Ал-Хамдулиллах!

Быйыл 1400гө жакын адамдар Жалса Саланага катышышкан. Ал-Хамдулиллах!

Кабабирдеги Жалса Саланага катышкан меймандардын алган таасирлери

Бир араб тууган Урматтуу Доктор Халил Бату (Dr. Khalil Bataw) мырза мынадай деп жазат: Жалса аркылуу силер улуу салтанаттуу ишти аткаргансыңар. Азыркы доордо жүрөктөрдү ушундай ынтымакка чакыруу, сүйүү-махабатты жайылтуу, мусулман эместер менен отуруп сүйлөшүү жана ар түрдүү диний жана улутчулук айырмаларын четке кагып, бири-бири менен чогуу отуруп, эркин сүйлөшүүгө силер түзгөн ушул шарттарды башка жерден табуу кыйын. Ушул иште силерден башка ийгиликтүү болгон бирөөнү байкаган жокпуз. Алла Таала силердин Жамаатыңарды бизге жол көрсөтүү үчүн пайда кылган. Силер жаккан ушул жарыктыктан пайдаланып, Алла Таала бардыгыбызды тынчтык, аманчылык жана чындык жолдорунан алып жүрө берсин.

Бир улуу урматтуу Ахмадий мусулман эмес журналист Ийд Жубайлий (Eid Jubaili) мырза Жалсага чакырылганына ыраазычылык билдирип, мындай деп жазган: силер ушул мыкты уюштуруучулуктарыңарды көрүп, мен чоң кубанычтамын. Бал аруусунукундай улуу салтанаттуу уюштуруучулукту көрдүк. Ар бир кичүү-улуусу иш менен алек, алардын кайсы бири жетекчи, кайсы бири кол астында иштеп жаткан адам экендиги да билинбейт. Силер адамзатка кылып жаткан кызматыңар эле чыныгы Ислам жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын иши деп саналат жана ушуга гана биз чакырылып жатабыз. Силерге кут болсун.

Өлкөнүн даңктуу бир Ахмадий эмес бийик аалымы урматтуу Шейх Самийрул-Аасий мырза Жалса Салана Кабабирге кайрылып, мындай деген: мен мурунтадан эле Ахмадия Мусулман Жамааты менен дос болгонмун. Ахмадия Мусулман Жамааты аткарып келе жаткан иштерин аябай сыйлайм. Ушул жерде Ахмадия Мусулман Жамааты жасаган эл аралык кызматтарынан турган видео тасмасын көрүп, мен: «Мен өзүм Ахмадий болбосом да, бирок силерге иштей бергиле,

وَ سَیَرَی اللّٰہُ عَمَلَکُمۡ وَ رَسُوۡلُہٗ

Алла Таала жана Анын Пайгамбары силердин иштериңерди албетте сыйлашат», – деп айтам.

Хайфа шаарынын мээри урматтуу Доктор Инат Калыш (Inat Kalish) айым өзүнүн кайрылуусунда мындай деген: мен мэр катары шайлана электе да мен ушул жерге келген болчумун жана ошол эле кездеги сөзүмдү азыр кайрадан мэр катары айтам: силердин Жамаатыңар жана Кабабирде силердин Жамаатыңардын бар болушу ушул шаардын өз ара ийгиликтүү жашоосунун тирүү үлгүсү болуп саналат. Мен жан талашып, бул шаарда ушул айлана-чөйрөнү пайда кылуу үчүн силер менен чогуу аракет кылам.

Бир яхудий мейман айым Нью-Йорктон келген эле, ал да өзүнүн сиңдиси менен ушул Жалсага катышкан, ал киши мен ушул жерде Жалса болуп жатат деген кабарды радиодон уккан элем. Ушул жерге келип, мен дүйнөдө акыйкаттын бардык эшиктери жабылган жок, тескерисинче келечек тууралуу бизди үмүттөндүрө турган бир эшик ушул жерде ачык экенин билип, аябай айран-таң калдым деди.

Бир даңктуу яхудий даарыгер Гэй Кармелий (Gayi Carmeli) мырза өзүнүн жубайы менен келген, ал мындай деди: биз келип, бир нече убакытка токтоп, кайтып кетүү ниетинде элек, себеби бүгүн үй-бүлөбүздө бир азем болушу керек болчу. Бирок силердин програмаларыңызга катышкандан кийин ушул жерден тура албай калганбыз. Ошентип, акырына чейин Жалсаны көрүп, үй-бүлөбүздөгү аземге барган жокпуз. Чындыгында, силердин Жалсаңар биз үчүн бир өзгөчө тажрыйба болчу.

Шаардык консулдун мүчөсү болгон бир ардактуу яхудий айым мындай деди: мен биринчи жолу Жалсага катыштым. Ушундай мыкты жана көркөм азем жөнүндө мен мурун билген эмесмин. Хайфа өтө эле кооз шаар жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын ушул жерде бар болгондугу бул шаардын кооздугуна дагы кооздукту кошуп жатат. Силердин ушул пикирлериңер бул жерге гана чектелбей, тескерисинче башка шаарлар жана өлкөлөргө да жайылууга татыктуу.

Америкадагы бир дин эркиндиги деген уюмдун камиссары мындай деди: ушул жерде силер менен болуп, жана силердин пикирлериңерди угуп, дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан кыйынчылыктар тууралуу кабатырланып жаткан менин тынчсыз жүрөгүм бейпилдикти тапты. Эми ушул кыйынчылыктардын чечилүү үмүттөрү ушул жерде силер менен байланышып калды. Эми мындан ары мен качан ушул өлкөгө келе турган болсом, силерге гана келүүгө аракет кылам жана тынчтыкты орнотуу үчүн жакшылап аракет кылууга жана колдоо көрсөтүүгө сөз берем.

Бир улуу урматтуу араб киши мындай деди: силердин Жамаатыңар жер жүзүндөгү бардык агымдардын эн жакшысы жана мына ошондон улам мен силердин Жамаатыңарды өзгөчө сыйлап-урмат кылам. Алла Таала колдоп, силердин Жамаатыңар бүткүл дүйнөдө ийгиликке жетишсин, себеби силердин Жамаатыңарсыз дүйнөдө кандайдыр бир суусуз калып кетет.

Кабабирди көргөнү келген кээ бир саякатчылардын ой-пикирлери

Алла Тааланын берешендиги менен жыл аралыгында 16000ден ашуун адамдар биздин мечитибизди көргөнү жана Жамаатыбыз менен таанышуу максатында келген. Ар кандай топ болуп келген ушул саякатчылар Ахмадия Мусулман Жамааты менен жакындан таанышкан. Дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Азирети Мырза Масрур Ахмад жасап келе жаткан өзгөчө аракеттери, ошондой эле дүйнө туш болгон ушул кыйынчылыктарды Ислам дининин негизинде туура чечүү тууралуу мына ошол келген саякатчыларга маалымат берилген. Андан тышкары, алардын суроолоруна жооптор да берилген.

Америкалык бир мусулман кыз Ахмадия Мусулман Жамааты менен таанышкан соң биздин мечитибизде туруп: «Бүгүнкү күнгө чейин өзүмдүн мусулман экеним тууралуу башкаларга айтуудан кандайдыр бир тартынчу элем, бирок ушул жерге келгенден кийин эми мусулман экендигим менен сыймактанам, азыр мен Ислам дининин акыйкатын билип алдым», – деп ачык-айкын билдирген.

Америкадан эле келген бир мусулман эмес студент-кыз мындай деди: мага силердин мечитиңер жана даават-үйүңөргө келип, эч бир жерден табылбаган жүрөк бейпилдиги табылды. Американын өзүндө да, башка өлкөлөрдө да ар кайсы жерлерди кыдыруу (кезүү) мүмкүнчүлүгүн тапканмын, бирок ушул жерде сезилген жүрөк бейпилдиги эч бир жерде сезилген жок. Ушул руханий алайлана-чөйрөдө дагы бир-эки жума тургум келет.

(Даярдаган: Шамсуддин Малабарий, «Ал-Фазл» газетасынын Кабабирдеги корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via