Жалса Салана Германия 2019 ийгиликтүү аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жалса Салана Германия 2019 ийгиликтүү аяктады

жыйын халифат халифа Германия

2019-жылдын 3-июлунан 7-июлунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

3-июль, шаршемби күнү

Бүгүн Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитинде Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү, айрыкча жакында эле Германияга көчүп келген туугандар өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчиси менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Алардын айрымдары Германиядагы Жалса Салана үчүн Пакистан ж.б. өлкөлөрдөн келген эле. Бүгүн жолугушуунун эки сессиясы болду: биринчиси, жергиликтүү саат боюнча эртең менен саат 11:00до башталып, пешин намазына чейин созулду; экинчиси, саат 18:00дон тартып, 20:30га чейин уланды. Шам жана куптан намаздарынан мурун «Аамийн» аземи болуп өттү.

сайт ачылыш Германия

4-июль, бейшемби күнү

Бүгүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Жалса Салана Германиянын уюштуруу иштерин текшерди. Жергиликтүү саат 17:30да Франкфурт шаарынан Карлсруэ шаарына караштуу Жалса Гахты (Жалса боло турган жер) көздөй жолго чыкты. Жалсанын уюштурулуштарын көрүп-текшергенден кийин Ал Азирети Жалсада кызмат кыла тургандарга карата кайрылуу жасады.

Германия Жыйын Тамак Халифа

Халифат Халифа Ислам дин

5-июль, куттуу жума күнү

Бүгүн Жалса Салана Германиянын биринчи күнү болчу. Жергиликтүү саат боюнча саат 13:45те желек көтөрүлдү. Хузур-э-Анвар Лива-э-Ахмадият (Ахмадия желегин), ал эми Германия Жамаатыбыздын Амири Германия желегин көтөрдү. Андан кийин Хузур-э-Анвар дуба кылдырды. Андан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Карлсруэ шаарында жайгашкан Жалса Гах DM Arena деген залга келип, жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Жалса Салананын максат-мүдөлөрүнөн сөз кылып, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айткандарынын негизинде Жамаат мүчөлөрүнө абдан маанилүү жана кымбат насаат сөздөрүн айтты.

Жыйын желек Халифат Германия

◊ Жума жана Аср намазынан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) көргөзмөлөр залында «Review of Religions» аттуу журналдын немец тилиндеги сайтын ачты. www.revuederreligionen.de деген сайтты көргөндөн кийин Хузур-э-Анвар дуба кылдырды.

◊ Андан кийин пресс жана медиа өкүлдөрү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен маалымат жыйынын өткөрүштү.

◊ Бүгүн кечки саат 20:00до Сенегал, Мают Исландия жана Литвадан келген делегаттар өзү-өзүнчө Хузур-э-Анвар менен жолугушту.

6-июль, ишемби күнү

Бүгүн Жалса Салана Германиянын экинчи күнү болчу. Жергиликтүү саат боюнча 12:00до Хузур-э-Анвар Лажнанын Жалса Гахына келди. Хузур-э-Анвардын куттуу төрагалыгында Лажнанын сессиясы башталды. Бул сессияда Хузур-э-Анвар Курани Карим окулуп, Назм (поэма) ырдалгандан кийин өздөрүнүн окуусун артыкчылык менен бүтүргөн бактылуу кыз-студенттерге күбөлүктөр жана медалдарды тапшырды. Андан кийин Хузур-э-Анвар Лажнага ыймандарды күчтөндүрүүрүчү кайрылуусун жасады.

◊ Жергиликтүү саат 16:30да Хузур-э-Анвар менен мусулман эмес немец коноктордун жыйыны белгиленген болчу. Курани Карим окулуп, анын немец тилиндеги котормосун айтылгандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) келген меймандарга кайрылып, дүйнөдө күчөп бара турган оор жана коркунучтуу кырдалдан сөз кылып, Ислам таалимдеринин негизинде ал оор кырдалды оңдоо жол-жоболорун айтып берди.

◊ Бүгүн кечкисинде жергиликтүү саат 20:00до Грузиядан келген бир делегат жана араб өлкөлөрүнөн келген эки делегат өзү-өзүнчө Хузур-э-Анвар менен жолугушту.

7-июль, жекшемби күнү

Бүгүн Жалса Салана Германиянын үчүнчү жана акыркы күнү болчу. Жергиликтүү саат 15:45те Жалса Гахта «Байъат» аземи болуп өттү. Ал аземден кийин Хузур-э-Анвар дуба кылдырды. Пешин жана Аср намазын окуган соң Хузур-э-Анвар төрагалык креслосуна отургандан кийин Жалса Салана Германиянын соңку сессиясы башталды. Тилаават, Назм жана кээ бир коноктор сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин Хузур-э-Анвар өздөрүнүн окуусун артыкчылык менен бүтүргөн бактылуу эркек-студенттерге күбөлүктөр жана медалдарды тапшырды. Андан кийин Хузур-э-Анвар соңку кайрылуусун жасады.

◊ Жергиликтүү саат 19:00до Хузур-э-Анвар Нау-Мубайъаат (жаңыдан байъат берип Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болгон аялдар) менен жолугушту.

◊ Жергиликтүү саат 19:30да Хузур-э-Анвар Нау-Мубайъийн (жаңыдан байъат берип Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болгон эркектер) менен жолугушту. Аталган жолугушуудан кийин Хузур-э-Анвар «Байтус-Субух» Франкфуртту көздөй жолго чыкты. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) шам жана куптан намазын «Байтус-Субух» Франкфуртта алып барды.                    

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 9-июль, 2019-жыл)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via