Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаңы мечитке алгачкы ташын койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаңы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Флорштадт шаарында «Мубарак» мечитине алгачкы ташын койду

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-001

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 18-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Флорштадт шаарында биринчи Ахмадия Мусулман мечитине алгачкы ташын койду.

Ал киши мечитке «Мубарак Мечити» (Куттуу мечит) деп ат койду.

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-002

150гө жакын коноктор, алардын ичинде Германиянын Улуттук Парламентинин (Бундестаг) депутаты Беттина Мюллер айым жана Флорштадт шаарынын Мэри Урматтуу  Герберт Унгер аземге катышышты.

Расмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири)  – Абдулла Вагышаузер мырзанын конокторго айтылган куттуктоо сөздөрү менен башталды.

Андан кийин келген сыйлуу коноктор Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктоо үчүн сахнага чыгышты.

ЖК депутаты Беттина Мюллер айым мындай деди:

«Флорштадт шаарында жашаган Ахмадий мусулмандар тынчтыкта жашашаарын көрсөтүштү. Чындыгында, Ахмадия Мусулман Жамааты башка коомго аралашууда жана жергиликтүү коомчулукка кызмат кылууда мыкты аракеттерди кылып келүүдө».

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-003

Флорштадт шаарынын Мэри Урматтуу  Герберт Унгер мырза мындай деди:

«Улуу Урматтуу Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмадды өз шаарыбызга «кош келиңиз» деп айтуу мен үчүн өтө чоң сый-урмат. Бүгүн аны коноктоп жатып биз чынында чоң сыймыкка ээбиз. Силердин «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген ураандарыңыз Ислам дининде терроризм, экстремизм же баш аламандык үчүн такыр орун жок экенин далилдейт».

Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши Алла тааланын жана жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу момун-мусулмандардын милдети экенин айтты.

Ушул таалимдердин негизинде, ал киши мындай деди: жаңы мечит Жалгыз Аллага сыйынуучу жай гана болбостон, тескерисинче баардык адамдарга кызмат кылуу жана аларды коргоо куралы экенин далилдейт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхы биздин сөздөрүбүз, амалдарыбыз жана аракеттерибиз сүйүү, махабат жана мээримдүүлүктөн башка эч нерсени даңазалабооруна күбө болуп отурат. Ошондуктан, Флорштадт шаарындагы ушул мечит курулуп бүткөндө, бир гана тынчтык, толеранттуулук жана адамгерчилик жайы экенин далилдейт».

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-004

Алла тааланын пенделерге болгон сүйүүсү жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла таала Өзү жараткандарынын баарын бөлбөй, колдойт жана аларга көңүл бурат. Ал ким жана кайсы дин өкүлү экендигине, мусулмандар, христиандар, жөөттөр же кандайдыр бир башка дин жана ишенимге ээ экендигине карабай, бардык адамдарга ырыскы берет. А түгүл Анын бар экендигине ишенбегендерге дагы ырыскы берет. Анткени, Ал Эң Мээримдүү жана Анын ырайымдуулугу бардык адамдарды өз курчоосуна алган».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантат:

«Алла таала мындай деп айткан: адамдар өздөрүнүн жөндөмдөрүн жакшыртуу үчүн Анын (Алла) сапаттарына ээ болууга умтулуулары керек. Ошондуктан, бардык адамдарга көңүл буруу жана алардын муктаждыктарын кандырууга аракет кылуу Алла таалага ишенген адамдын милдети болуп саналат. Эгерде ушул принциптер бекем кармалса, анда биз бардык адамдар корголуп жана мээримдүүлүк таба ала турган коомчулуктарды жарата алабыз. Биз мээримдүүлүк жана адамгерчиликке күбө болобуз. Албетте, ушул сыяктуу баалуулуктар жер жүзүндө салынып жаткан мечиттерибиздин негизи болуп саналат».

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-005

Жергиликтүү адамдардын толеранттуулугуна жана мээримдүүлүгүнө баа берип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул шаар жарандарынын саны аз болсо да, бирок көптөгөн адамдардын биздин аземибизге келип катышкандыгы – бул жергиликтүү адамдардын аябай жүрөгү ачык жана меймандос экенин далилдейт. Ислам жана мечиттер жөнүндө кеңири тараган кооптонууларга карабай, жергиликтүү адамдар Ахмадий мусулмандардын сүйүүсүнө сүйүү менен жана алардын мээримдүүлүгүнө мээримдүүлүк менен жооп кайтарышты. Ушул мамилеңер мактоого ылайык нерсе».

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-006

Ахмадия Мусулман Жамаатынын адамзатка кызмат кылуу деген бекем ой-ниети жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты адамдардын ким жана кайсы дин өкүлү экенине карабай, бардык адамдарга кызмат кылууга умтулат. Ошентип, өнүгүп келе жаткан дүйнөдө, айрыкча Африкада биз жергиликтүү адамдардын ата-тегине карабай, аларга саламаттыкты сактоо жана билим берүү өңдүү кызматтар менен камсыздоодобуз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Африкада көптөгөн коомдор бар, ал жерде жаш балдар миңдеген чакырым жерлерден идиштерди же челектерди баштарына коюп алышып, үйлөрүнө суу алып келүүгө мажбур. Көбүнчө алар алышкан суу кир жана таза эмес болот, бул нерсе оорууларды таратууга алып келет. Мына ошондон улам биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша жергиликтүү адамдарды таза суу менен камсыздоо деген кызматтарын аткаруудабыз жана алардын жүздөрүндө пайда болгон бакыт жана кубанычты көрүүгө ылайык нерсе. Биз кыла турган ар бир кызмат же жардам эч кимди бөлбөй кылынат жана динибиздин зарыл бөлүгү болгон адамзатка кызмат кылуу деген каалоонун негизинде гана кылынат».

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-007

Ыйык Курандын мээримдүүлүк таалимдеринен сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты Исламдын Ыйык Китеби – Курани каримдин таалимдерине амал кылат. Жеке өзүнүн акы-укуктарына жетишүүгө басым жасай турган саясий системадан айырмаланып, Ыйык Курандын таалимдери башкалардын акы-укуктарын аткарууну жогору коёт жана жеке адамдын акы-укуктарын кийинки даражага коёт. Ошондуктан, биз башкалардын акы-укуктарын аткарууга аракет кылабыз жана аны коомчулукта тынчтык жана бир тууганчылык пайда кылуунун куралдары деп ишенебиз, ошондой эле башкаларга кызмат кылуу мечиттерибиздин түпкү максаты болуп саналат».

Кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад «Мубарак Мечити» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.

2015-10-18-DE-Florstadt-Foundation-008

Ал кишинин ардактуу жубайы Азирети Аматус-Субух айым дагы бир ташты койду, андан кийин бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман төрагалары дагы таштарды коюшту.

Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via