Германиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университети) эң биринчи диплом тапшыруу тарыхый аземи болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университети) эң биринчи диплом тапшыруу тарыхый аземи болуп өттү

16 бүтүрүүчү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин колунан өздөрүнүн «Шахид» деген дипломун алышты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: Германиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Университети) эң биринчи диплом тапшыруу аземи 2015-жылдын 17-октябрында Ридштадт деген жерде Германиядагы Жамия Ахмадиянын имаратында болуп өттү.

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-002

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) аталган аземге төрагалык кылды.

Аземде Азирети Мырза Масрур Ахмад 16 бүтүрүүчүгө алардын «Шахид» деген күбөлүктөрүн тапшырды жана ушинтип алар Ахмадия Мусулман Жамаатынын официалдуу миссионерлери болуп калышты.

Дипломдорду тапшырган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад ыйманды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасап, бүтүрүүчүлөргө алардын өтө чоң милдеттерин жана алар Алла таалага берген убадасынын маанилүүлүгүн эскертти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу үчүн бүтүн жашооңорду динге арноо деген келишимиңер кандайдыр бир арзыбаган нерсе эмес. Өткөн жети жыл бою Ыйык Куранды окуп-үйрөнүп, берген антты аткаруунун маанилүүлүгүн жакшы түшүндүңөр, ошондуктан жашооңорду динге арноо деген келишимиңер боюнча албетте Алла тааланын алдында жооп берериңерди унутпагыла».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эсиңерде болсун, силер үзгүлтүксүз өз иш-амалдарыңарга көз салып, чыныгы такыба болууга умтулмайынча силер өз милдеттериңерди толук аткара албайсыңар. Силер Ислам дининин таалимдери боюнча чыныгы үлгү болгонуңарда гана силер өз келишимиңерди аткара аласыңар. Ошондо гана силер анын кабарын жайылта аласыңар жана Жамаат мүчөлөрүнүн моралдык тарбиясы менен алектене аласыңар».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-004

Адамдын жеке жүрүм-турумунун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер даават кылып жаткан нерсе менен силер көрсөтүп жаткан мамилеңердин ортосунда эч качан кандайдыр бир карама-каршылык же айырмачылык болбошу керек. Силер башкаларга эмнени айтсаңар, ага өзүңөр да сөзсүз амал кылууңар керек.

Айтканыңар менен кылганыңар өз ара бир болгондо гана силердин сөздөрүңөр башкаларды жакшылыкка жана такыбага түртөт. Силер студент болгондугуңар үчүн мурдагы айып-кемчиликтериңер кечирилет, бирок азыр адамдар силерге көз салып турушат жана эң бийик даражадагы адеп-ахлак жана чынчылдык ээси болууңарды күтүшөт».

Бүтүрүүчүлөргө эң бийик даражадагы жооптуу-кызматкерлер катары алардын милдеттерин эскертип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер Германиядагы Жамия Ахмадияны бүтүрүүчү эң биринчи группасыңар, ошон үчүн эң мыкты мисал көрсөтүү жана силердин артыңардан келе жаткандарга эң жакшы үлгү болуу силердин милдетиңер болуп саналат».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-005

Үзгүлтүксүз окуп-үйрөнүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө токтолуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Билип койгула, окуп-үйрөнүү жана билим алуу эч качан токтолбош керек. Жамияда үйрөнгөн билимибиз жетиштүү деп ойлобогула, тескерисинче өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга умтулгула. Өткөн жети жылда силерге илим-билим алуунун жол-жоболору үйрөтүлгөн, бирок билим алуу силердин соңку демиңерге чейин үзгүлтүксүз улануусу керек». 

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулман миссионерлеринин милдети – бул Ислам динин жаманаты кылууга жана аны экстремизм же зордук-зомбулук менен байланыштырып жаткандардын жаңылышканын далилдөө.

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар айрым мусулман топтор кылган туура эмес амалдарынын айынан Ислам динин терроризмге теңөөгө умтулушат, ошон үчүн дүйнөнү Исламдын тынчтык таалимдеринен кулактандыруу силердин милдетиңер болуп саналат.  Силер Ыйык Курандын чыныгы таалимдерин даңазалоо жолу менен жек көрүү идеологиясын жана экстремисттер жасап жаткан амалдарын жокко чыгарууңар керек.  Силер дүйнөгө Исламдын сүйүү, мээримдүүлүк жана боорукерлик таалимдерин сунуштооңор керек».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-007

Биримдик жана ынтымактын маанилүүлүгү жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла таала мусулмандарга жакшылык көрсөтүү боюнча башкалардан ашып кетүүсүн айткан, анын дагы бир мааниси: алар өздөрүнүн алсыз ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын колдорун кармап, Алла таалага жакындоолоруна жардам көрсөтүүлөрү керек. Албетте, айкөлдүүлүктүн ушул руху эле Жамаатыбыздын биримдигине жетекчилик кылууда».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-008

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп аяктады:

«Миссионерлер катары силер Убада кылынган Мессиянын Халифасынын өкүлдөрүсүңөр, ошондуктан Халифанын үнүн дүйнөнүн булуң-бурчтарына чейин жеткирүү силердин милдетиңер болуп саналат. Ал айткандарды өзүңөр угуп, жана анын көрсөтмөлөрүн өз жашооңордо иш жүзүндө ашырганыңарда гана силер чындап анын кабарын ийгиликтүү жеткире аласыңар. Ошондо гана силер Халифаттын чыныгы элчилери катары иштөөгө даяр болосуңар».

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-009

Аталган азем тынч сыйынуу (дуба) менен аяктады, анан ал киши Жамия Ахмадиянын имаратын көрүп чыкты.

2015-10-17-DE-Convocation-Jamia-010

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via