Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Рохингия мусулмандарына болуп жаткан мыкаачылыктарды катуу сындады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Рохингия мусулмандарына болуп жаткан мыкаачылыктарды катуу сындады

Халифа

Ахмадия Мусулман Жамааты Мьянма (Бирмада жашаган) Рохингия мусулмандарына болуп жаткан мыкаачылыктарды катуу сындайт.

Кабарларга караганда, мусулмандардын өтө чоӊ саны өлтүрүлүп, кыйноого алынышууда, ал эми миӊдегендери өз үй-жайларын кубаланып чыгып, качууга аргасыз болушкан. Адамзатка болгон ушул мыкаачылыктарды сөздөр менен айтып берүү мүмкүн эмес.

Ахмадия Мусулман Жамааты эл аралык коомчулукту Мьянма (Бирма)нын мусулмандарына негизги адамдык акы-укуктары жана эркиндиги үчүн көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) мындай деди:

«Мьянма (Бирмада жашаган) Рохингия мусулмандарына болуп жаткан мыкаачылык зулумдуктарга бардык Ахмадий мусулмандар тереӊ кайгырууда, ошондой эле ушул мыкаачылык жана адилетсиздик дароо жок болсун деп дуба кылабыз.

Чындыгында, мусулмандардын ушундай кордукка туш болуусу – бул мусулман дүйнөсүндөгү бөлүнүп-жаруучулук жана сектачылыктын кесепети болуп көрүнгөндөй. Эгерде мусулман коомдор жана жамааттар өз ара ынтымакта болушканда, анда мына ушундай мыкаачылыктар болмок эмес.

Мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын атынан эл аралык коомчулук Мьянма (Бирма)дагы мусулмандарга көмөк көрсөтүү үчүн жапатырмак аракет кылат жана мусулман коомдор мына ошондой аракетте баарынын алдыда болот деген үмүттөмүн жана дуба кылам.

Мен Мьянма (Бирма)дагы куугунтукталып жаткан мусулмандар же дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, өздөрүнүн негизги диний акы-укуктарынан куру калтырылып жаткан адилетсиздиктер жоголсун деп дуба кылам. Биз бардык адамдарга өздөрүнүн ишенимдери жана акыйдаларынын негизинде эч коркпостон өз динине амал кылуу эркиндиги берилиши керек жана бардык адамдарга алардын өлкө мыйзамынын негизинде бирдей мамиле кылынышы керек деп ишенебиз».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via