Ахмадийлердин «кутулуу» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар] • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадийлердин «кутулуу» тууралуу ишеними [Ахмадияттан кабар]

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылы «Ахмадияттан кабар» аттуу китепчени жазып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылаштары аталган Жамаатка жаапкан кээ бир жалааларга жооп берген. Ал китепчени ак ниет менен окуган ар бир момун-мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына коюлган бардык дооматтардын негизсиз жана ачык жалаа экенине күбө болот деп бекем ишенебиз. Ал китепчеде « Ахмадийлердин «кутулуу» тууралуу ишеними» жөнүндө кеңири сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Айрым кишилер: «Ахмадийлердин ишеними боюнча алардын өздөрүнөн башка баардык адамдар тозокко барышат имиш», – деп Ахмадийлер жөнүндө дагы бир туура эмес ой-пикир жүгүртүшөт. Бул дагы кабарсыздыктын же болбосо душмандыктын натыйжасы. Ахмадийлерден башка баардык адамдар тозокко түшүшөт деген түшүнүк бизде эч качан болгон эмес. Биздин ишенимче, Ахмадий болбогон бир адам бейишке кириши мүмкүн болгону сыяктуу Ахмадий болгон бир киши тозокко барышы да мүмкүн. Анткени бейиш тил менен эмес, көптөгөн жоопкерчиликтүү милдеттерди аткаруу натыйжасында гана берилет, ошондой эле тозокко баруучу тили менен жокко чыгаруу натыйжасында гана эмес, көптөгөн себептер аркылуу тозокко барат. Эгер адам эң чоң акыйкатты четке какса да, жетиштүү далилдерге ээ болмоюнча ал тозокко барбайт.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Бала чагында өтүп кеткендер же бийик тоолордо, калың токойлордо жашоочулар же өтө карып, эсинен тайгандар же акылдан азгандар суракка алынбайт. Алла Таала аларга кыямат күнүндө кайтадан пайгамбар жиберип, акыйкат менен жалгандын айырмасын түшүнүп алуусуна мүмкүндүк берет. Ошондо Алла Таала чындыкты кабыл алгандарды бейишке, кабыл кылбагандарды тозокко жиберет».

Кыскасы, «Ахмадиятты кабыл кылбаган ар бир киши тозокко түшөт» -деген ой Ахмадийлердин ишенимине эч качан туура келбейт.

«Кутулуу» туурасында биздин ишеничибиз мындай: акыйкатты түшүнүүнү каалабаган, а түгүл кабыл албаш үчүн аны уккусу да келбеген киши же баардык далилдер болсо да, баары бир ыйман келтирбеген киши Алла Тааланын алдында жооп берет. Бирок, мына ушундай кишини да Алла Таала кааласа кечириши мүмкүн. Анын ырайымын бөлүштүрүү биздин колубузда эмес. Бир кул өз кожоюнун марттык кылуудан токтото албайт. Алла Таала биздин Кожоюнубуз, Падышабыз, Жаратуучубуз жана Эгебиз. Жалпысынан, кечирүүгө мүмкүн эмес жагдайда да, Анын даанышмандыгы, билими жана ырайымы бир кишини кечирүүнү кааласа, Анын колун, Анын кечирүүсүн токтото турган биз кимбиз ыя?!

Чындыгында, «кутулуу» туурасындагы Ахмадияттын ишеними эбегейсиз кең болгондуктан айрым бир молдолор Ахмадийлерге каршы «каапырлык фатвасын» беришкен. Тагыраак айтканда, эч бир адам мейли ал мусулман болсун, мейли ал каапыр болсун, түбөлүк азапка дуушар болбойт, – деп ишенебиз. Анткени Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:

Al-Araaf 157

Окулушу: рах-ма-тий васи-ъат кулла шай-ин. (7:157)

Менин мээримдүүлүгүм ар бир нерсени курчап алган. (7:157)

Жана мындай дейт:

Al-Qaria 10

Окулушу: фа-умму-ху хаа-вия-тун. (101:10)

Каапыр менен тозоктун өз ара байланышы кудум кош бойлуу эне менен бала ортосундагы мамилеге окшойт. (101:10)

Дагы мындай дейт:

Az-Zariyat 57

Окулушу: ва-маа халак-тул-жинна вал-инса илаа ли-яъбу-дуун. (51:57)

Мен баардык жин менен адамдарды Өзүмө кулчулук кылуусу үчүн гана жараттым. (51:57)

Жогорку аяттар жана ушуга окшогон аяттардын бар болгонуна күбө болуп «Алла Тааланын мээримдүүлүгү аягында тозоктогуларга тийбейт жана тозоктогу киши андан эч качан чыкпайт. Ошондой эле Алла Таала Өзүнө кулчулук кылуу үчүн жараткан пенделер түбөлүк шайтанга малай болуп, Алла Таалага кулчулук кылышпайт жана Алла Тааланын мээрим-махабатка толгон үнү аларга мындай деп кайрылбайт» дегенди биз кантип кабыл алышыбыз мүмкүн? Курани Карим мындай деп айтат:

Al-Fajar 30-31

Окулушу: фад-ху-лий фий ибаа-дий, вад-ху-лий жанна-тий. (89:30-31)

Кел, Менин пенделерим сабына кошулуп, Менин бейишиме кир. (89:30-31)»

(«Ахмадияттан кабар» 19-21-бет, Бишкек – 2006) 

Share via