Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн аруу жашоосу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн аруу жашоосу

Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм

 Курани Карим Алла Тааланын элчилеринин сунуштаган чыныгы тарыхынан маалым болгондой, Алла Тааланын пайгамбарларынын чынчылдыгынын өтө эле күчтүү далили – бул алардын билдирүүсүнө чейинки аруу жашоосу. Алла Таала аларды ширк жана башка жаманчылыктардан сактайт. Алар адамдардын арасында абдан жогорку даражадагы адеп-ахлактарга жык толо жашоону өткөрүшөт жана адамдар алардын аруу кулк-мүнөзү жана жүрүм-туруму жөнүндө күбөлүк берүүгө аргасыз болушат.

Алар билдирүү жасашкан соӊ душмандар аларга ар кандай жалааларды жабышат жана оройлук кылышат, бирок билдирүүсүнөн мурунку жашоосуна эч кандай сын-пикирди билдире алышпайт. Демек, билдирүүсүнөн кийин билдириле турган сын-пикирлер көӊүл бурууга ылайык нерсе эмес, себеби алар душмандык назары менен билдирилет. Ал киши жалпы адам катары өмүр сүрүп жаткан күндөрүндөгү аруу кулк-мүнөзү жана жүрүм-туруму этибарга алынаарлык нерсе болот.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ушул доордо өзүнүн Алла Таала тарабынан дайындалгандыгын билдирип, мен мусулман үммөтү он төрт кылымдан бери күтүп жаткан Убада кылынган инсанмын деп айткан. Ал киши өзүнүн чынчылдыгына сунуштаган далилдердин арасында өзүнүн билдирүүсүнөн мурунку жашоосун да сунуш кылган. Ал киши өз каршылаштарын төмөндөгүдөй беттешүүгө чакырган:

Чакыруу

«Мурунтадан жалганчылыкка жана жалган сүйлөөгө көнүп калган адам азыр да жалганды сүйлөгөн болушу мүмкүн», – деп ойлоп, мурдакы жашоомо кандайдыр бир айып-кемчилик, жалган-айыӊ же алдамчылыкты таандык кыла албайсыӊар. Силердин бирөөӊөр да менин жашоомон кандайдыр бир айып-кемчиликти таба аласыӊарбы? Демек, башынан мени такыбалуулуктун үстүндө кармагандыгы – бул Алла Тааланын берешендиги жана ой жүгүртүүчүлөр үчүн кандайдыр бир далил». («Тазкиратуш-Шахаадатаин», «Руханий Хазааин» 20-том, 62-бет)

Анан мындай деп айткан:

«Менин өмүрүм өтүп кетти, бирок качандыр оозуман жалган-айың чыкканын бирөө далилдей алабы? Демек, мен бир гана Алла Таала үчүн адамдарга калп сүйлөбөгөндөн кийин, ошондой эле улам-улам өз жаным менен мал-мүлкүмдү чындык үчүн курман кылгандан кийин Алла Таалага кандайча жалган сүйлөмөкмүн». (Шейх Яъкубалы Ирфаний: «Хаят-э-Ахмад» 1-том, 126-бет)

Ушул чакырууга бир жүз жыл өтүп кетти, бирок эч ким буга жооп кайтарууга кайраттана албады. Билдирүү жасаган соӊ каршылаштар ар кандай айып-жалааларды коюшат, бирок билдирүү жасай электеги жашоосуна бирөө да сын-пикир айта алган эмес, тескерисинче аны көргөн жана аны менен жолуккан жыйырма чакты адам анын аруу жашоосу жөнүндө күбөлук беришти.

Мавлавий Мухаммад Хусайин Баталавий мырза

Ахли Хадис агымынын атактуу аалымы Мавлавий Мухаммад Хусайин Баталавий мырза ал (алайхиссалаам) билдирүү жасаган соӊ ага катуу каршылык көрсөткөн, бирок андан мурун ал киши ал(алайхиссалаам)дын «Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу эмгеги жөнүндө ой-пикир билдирип жатып, мындай деп жазган:

«Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу китептин автору каршылаш жана жактоочусунун тажраыйбасы жана байкоосу боюнча (валлааху хасийбуху) Мухаммад шариятына бекем, такыба жана чынчыл инсан». («Ишаатус-Суннах» 7-том, 9-бет)

Мавлана Абул Калаам Азад мырза

Индиянын атактуу дин аалымы, Курандын муфассиру жана журналисти Абул Калаам Азад мындай деп күбөлүк берген:

«Жүрүм-турум жана мүнөз жагынан Мырза (Гулам Ахмад) Сахибдин этегинде сыянын кандайдыр бир майда-барат тагы да жок. Ал кандайдыр бир ыйык инсан сыяктуу өмүр сүргөн жана такыба адам жашоосун жашаган. Кыскасы, Мырза Сахибдин башталгыч жашоосунун элүү жылы адеп-ахлактар жагынан да, адат-көнүмдөр жагынан да, динге кызмат кылуу жана колдоо көрсөтүү жагынан да Индия мусулмандарынын арасында аны өзгөчө ардактуу жана сыймыктанууга ылайык даражага жеткирип койду». (Амритсардагы «Вакил» газетасы, 30-май, 1908-жыл)

Мунший Сираажуддин мырза

Атактуу мусулман лидер, журналист жана акын Мавлана Зафар Али Хан мырзанын атасы, «Заминдар» газетасынын редактору Мунший Сираажуддин мырза мындай деп күбөлүк берген:

«Биз тирүү күбө катары күбөлүк беребиз: өспүрүм жашында да өтө саалих жана такыба инсан болгон… Ал киши жасалмалуулук жана жалганчылыктан оолак болчу». («Заминдар» газетасы, май, 1908-жыл)

«Пейса» газетасынын редактору

«Пейса» газетасынын редактору Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү (алайхиссалаам)ды төмөндөгүдөй сөздөр менен эскерген:

«Ал (Азирети Мырза Гулам Ахмад) Алла Тааланын Китебин жана Мухаммад Пайгамбарды ээрчиген кудайчыл аалым болчу». (Лахордогу «Пейса» газетасы, 22-февраль, 1892-жыл)

Саййид Мир Хасан мырза

Индияда Чыгыш илимдеринин бийик даражадагы аалымы жана Пакистан Ислам Республикасынын улуттук акыны Аллама Мухаммад Икбалдын устаты Саййид Мир Хасан мырза ал (алайхиссалаам)ды ошол эле доордо жыйырма сегиз жаш курагында көргөн, анан кийинчерээк мындай деп күбөлүк берген:

«Ал (Мырза Гулам Ахмад) ардактуу, такыба жана беймаани-курулай нерселерден алыс жана оолак болчу».

«Бир аз эле ой жүгүрткөн адам Азиретинин (Мырза Гулам Ахмад) ар бир айткан менен кылганында башкалардан өзгөчөлөнгөнүн ачык-айкын көрүп алат». («Сийратул-Махдий» 1-том, 154, 270-беттер)

Хакийм Мазхар Хусайин мырза

Кийинчерээк ал (алайхиссалаам)га катуу каршы чыккан Сиалкот шаарынын тургуну Хакийм Мазхар Хусайин мырза ал (алайхиссалаам) жөнүндө мындай деп жазган:

«Ишенимдүү келбет, чоӊ кайраттуулук жана бийик даражадагы ой-пикирге ээ инсан болчу». («Ал-Хакам» газетасы, 7-апрель, 1934-жыл)

Кадияндын тургуну бир индус

Ал (алайхиссалаам) жөнүндө күбөлүк бергендердин арасында ал (алайхиссалаам)ды жаштайынан өмүрүнүн акырына чейин көргөн, анын Кадиян деген айылынын тургуну бир индус да бар болчу. Ал мындай деп айткан:

«Мен балалыгынан Мырза Гулам Ахмадды көргөм жана биз теӊкурбуз. Мен ар дайым Кадиянга келип турам. Азыр да байкап турам: азыркы күндө кандай мыкты кулк-мүнөзгө ээ болсо, илгери да кудум ушундай мыкты касиеттер жана кулк-мүнөзгө ээ болчу. Ал чынчыл, ишенимдүү жана такыба инсан, мен Пармешар (Теӊир) Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб келбетинде жерге түшүп келгендей деп ойлойм». («Тазкиратул-Махдий» 2-том, 34-бет)

Калькутта шаарындагы «Бенгалий» газетасы

Калькутта шаарынан чыкчу «Бенгалий» газетасы мындай деп жазган:

«Мырза (Гулам Ахмад) Сахиб Ислам дининин Мужаддиди болчу». («Ташхийзул-Азхаан» аттуу журнал, 3-том, 10-сан, 383-бет, 1908-жыл)

Бир адвокат берген күбөлүгү

Өспүрүм жашында ал (алайхиссаллаам)дын чынчылдыгы жана акыйкатчы экендиги өз даӊкын тараткан болчу. Ал киши бир топ үй-бүлөлүк соттошууларда өз үй-бүлөсүнө каршы күбөлүк берген жана алардын нааразылыгына кабылган, бирок чынчылдыкты колунан берген эмес. Ал киши билдирүү жасай электе бир христиан адам ага каршы сотко арыз берди, анын актоочусу боюнча жалган сүйлөбөй кутулуу мүмкүн эмес болчу. Бирок ал (алайхиссалаам) жалган сүйлөөдөн баш тартты жана Алла Таала ал (алайхиссалаам)га жеӊиш тартуулады. Ал соттошууда Фазлуддин мырза аттуу актоочусу ушул табиаттан тышкары даражадагы чынчылдыгына күбө болгон. Ал мындай деп айтат:

«Мырза (Гулам Ахмад) Сахибдин бийик салтанаттуу инсан экенине жана жеткилеӊ кулк-мүнөзүнө баа берем… мен аны жеткилеӊ чынчыл инсан деп ишенем». («Ал-Хакам» газетасы, 4-бет, 14-ноябрь, 1934-жыл)

Мухаммад Шариф Банглаурий мырза

Атактуу журналист, «Маншур-э-Мухаммадий» аттуу газетанын редактору Мавлана Мухаммад Шариф мырза ал (алайхиссалаам) жөнүндө төмөндөгүдөй сөздөрдү айткан:

«Уламалардын эӊ абзели, ардактуу аалым-фаазил, генерал, Индия мусулмандарынын сыймыгы, Алла Тааланын алдында кабыл болгон улуу урматтуу Мавлавий Мырза Гулам Ахмад Сахиб». («Маншур-э-Мухаммадий» 214-бет, Банглор, 25-Ражаб айы, 1300-хижра жылы)

Азирети Суфий Ахмаджан Лудхиянавий Сахиб

Белгилүү улуу суфий Азирети Ахмаджан Сахиб Лудхиянавий ал (алайхиссалаам)дын динге кызмат кылуу теӊдеши жок шыктануусун көрүп, мындай деп айткан:

sufi-ahmad-jan

Биз – ооруулар сиз жакка карап жатабыз, Алла Таала үчүн сиз бизге Масийхаа (дарыгер) болуӊуз. («Малик Фазал Хусийн: «Таа’сираат-э-Кадиян» 67-бет, 1938-жыл)

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын аруу жүрүм-туруму жана эӊ мыкты адеп-ахлактары жөнүндө жогоруда келтирилген күбөлүктөрдүн арасында бир дагы Ахмадий жок. Ал гана эмес, алардын арасында бир топ Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га катуу каршы болушкан. Бирок Алла Таала алардын тилдеринен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү тууралуу ушул сөздөрдү чыгарткан жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сөздөрү менен айтканда, ой жүгүртүүчүлөр үчүн кандайдыр бир далил. Бардык адамдардын көздөрү түшкөн инсанды Алла Таала Масийхаа (Дарыгер) кылып койду.

Share via