Ар бир мусулман Масийх жана Махдийге сөзсүз ишенүүсү керекпи? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ар бир мусулман Масийх жана Махдийге сөзсүз ишенүүсү керекпи?

Масийх жана Махдий

Биз намаз окуйбуз, орозо кармайбыз, Куран жана Пайгамбарга ишенебиз, Убада кылынган Масийх жана Махдийге ишенүүнүн да кажети барбы?

۞ Бийлик тарабынан кандайдыр бир жарлыкты алып келген төмөн даражалуу бир кызматкердин сөзүн четке каккан адам кылмышкер болуп саналат жана жазаланат.

۞ Эгерде дүйнөлүк башкаруучу-өкүмдарлардын ахвалы ошондой болсо, анда падышалардын Падышасы (болгон Алла) тарабынан келген инсанды урматсыздоо жана тоготпоо – бул Алла Тааланын буйругун канчалык четке кагуу дегендик.

۞ Христиандардын колунда болгон эӊ күчтүү далил бул: Ыйса Машаяк – тирүү жана силердин Пайгамбарыӊар (саллаллааху алайхи ва саллам) өлгөн.

۞ Эгерде согуш силерге парыз болгондо жана ал согуштарда жеӊиш чекеӊерге жазылган болсо, анда Алла Таала силерди курал-жарактар менен камсыз кылмак. Бирок Алла Тааланын иш-аракетинен белгилүү болгондой, силерге ошондой күч-кубаттар берилген эмес.

۞ Адам өлтүрүү менен бирөө канааттанбайт. Баштарды алып салуу менен жүрөктөрдөгү шек-күмөндөр кетпейт. Алла Тааланын дини зордук-зомбулуктун дини эмес. Ислам дини илгери да эч качан кандайдыр бир зордук-зомбулук кылган эмес.

۞ Сахаабалар (разияллааху анхум)га аша чаап зулумдук болгондо, анда душмандардын мизин кайтаруу үчүн жихад кылынган болчу.

 Бир нече молдолор жана студенттер келишкен эле. Алар Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га: «Биз намаз окуйбуз, орозо кармайбыз, Куран жана Пайгамбарга ишенебиз, сизге ишенүүнүн эмне кажети бар?» – деген суроону беришти.

Буга ал (алайхиссалаам) мындай деп жооп берген:

«Адам баласынын Алла Тааланын буйругуна каршы чыккандыгы аны күнөөкөр кылып коёт. Бийлик тарабынан кандайдыр бир жарлыкты алып келген төмөн даражалуу бир кызматкердин сөзүн четке каккан адам кылмышкер болуп саналат жана жазаланат. Эгерде дүйнөлүк башкаруучу-өкүмдарлардын ахвалы ошондой болсо, анда падышалардын Падышасы[1] тарабынан келген инсанды урматсыздоо жана тоготпоо – бул Алла Тааланын буйругун канчалык четке кагуу дегендик. Алла Таала – Намыскөй. Ал кандайдыр бир даанышмандыктын негизинде адамдарды туура жолго чакыруу максатында бузулган кылым[2]дын башында эӊ керектүү маалда бир инсан[3]ды жөнөттү. Анын бардык даанышмандуулуктарын тепселөө – бул өтө оор күнөө. Яхудийлер намаз окуган эмес беле? Мумбаи[4]дагы бир яхудий аалым мага: «Мусулмандардын Кудайы эле биздин Кудайбыз жана Анын Курани Каримде жазылган сыпаттарына биз да ишенебиз», – деп жазган. Бир миӊ үч жүз жылдан бери яхудийлер мына ошол эле ишенимди карманып келишкен, бирок ошол ишенимине карабай, бир гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ишенбегендиги үчүн аларга чочко жана маймыл деген наам берилген.

Адамзаттын акылы Алла Тааланын даанышмандыгына жете албайт. Өзүн Алла Тааланын даанышмандыгынан дагы өйдө сезген адам өзү ким болуп эсептелинет? Азыркы күндө Алла Тааланын даанышмандыгы ачык-айкын жана даана көрүнүп турат. Илгери бир адам да Муртад[5] болуп кетсе, кандайдыр бир чоӊ кайгы болуп саналчу. Бүгүн Ислам дини ушунчалык кордолду: жүз миӊдеген адамдар Муртад болуп кетишти. Ислам дининдей ыйык жана таза динге ушунчалык көп чабуулдар жасалып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтылган тилдеп-сөгүнүүлөргө жык толгон жүздөгөн-миӊдеген китептер басылмадан чыгарылып жатат. Кээ бир китепчелер бир канча миллиард нускада басылып чыгарылууда. Эгерде Ислам динине каршы басылып жаткан материалдарды бир жерге чогулта турган болсок, кандайдыр бир бийик тоого айланып кетет. Ал эми мусулмандар эч жаны жок, бардыгы өлүп калышкан сыяктуу ахвалда. Эгер азыр да Алла Таала унчукпай отурса, анда ахвал кандай болот? Алла Тааланын бир чабуулу адамдардын миӊдеген чабуулдарынан да күчтүүрөөк, аны менен дин жеӊишке жетүүсү анык.

Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын тирүү деп билүүнүн натыйжасы

Христиандар бир миӊ тогуз жүз жылдан бери: «Ыйса –Кудай», – деп жар салып келишкен жана алардын дини азыркыга чейин өсүп-өнүгүп келген жана мусулмандар аларга дагы көмөк көрсөтүшүүдө. Христиандардын колунда болгон эӊ күчтүү далил бул: Ыйса Машаяк – тирүү жана силердин Пайгамбарыӊар (саллаллааху алайхи ва саллам) өлгөн. Лахор[6] шаарындагы башкы поп калыӊ эл чогулган жерде ушундай деп айткан. Бир дагы мусулман ага жооп кайтара албай калган. Бирок ушул жерде отурган Жамаатыбыздын мүчөсү Муфтий Мухаммад Саадык[7] мырза ордунан туруп, Курани Карим, хадис, тарых, Инжил ж.б. булактардын негизинде Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгын жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү экендигин далилдеп көрсөткөн. Анткени, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кут-береке алып, кереметтер жана табиаттан тыш муъжизаларды көрсөткөндөр ар дайым бар болушкан. Ошондо ал (поп) буга такыр жооп бере албай калган. Эми, Ыйса (алайхиссалаам)ды тирүү деп ишенүүнүн натыйжасы кандай экенин жана башка пайгамбарлар сыяктуу каза тапкан деп ишенүүнүн натыйжасы кандай экенин ойлоп көргүлө. Эми, бир канча күн болсо дагы, каза болгон деп ишенип, анан анын натыйжасын карап көргүлөчү? Бир жолу мен Лудхияна[8] шаарындагы христиандарга төмөнкүдөй кулактандыруу жиберген элем: «Силер менен биздин ортобузда көп деле карама-каршылык жок, бир аз эле көйгөйлөр бар. Эгерде силер Ыйса каза болгон жана асманга учуп кеткен жок деп ишенсеӊер, силерге кандайдыр бир зыян болобу?» Анда алар аябай чычалап: «Эгерде бүгүн биз Ыйса өлгөн жана асманга учуп кеткен эмес деп ишенсек, анда дүйнөдө бир дагы христиан калбайт», – деп айтышты.

Карагылачы, Алла Таала Билүүчү жана Даанышман эмеспи. Ал душмандарды талкалай турган ыкманы тандаптыр. Мусулмандар эмнеге ушул маселе боюнча чиренип алышкан? Ыйса (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан да абзел жана артык беле? Мени менен талашыӊар бар болсо да, анда аша чаап кетпегиле жана Ислам динине зыян келтире турган ишти кылбагыла да. Алла Таала кандайдыр бир алсыз ыкманы тандабайт жана силер ушул ыкманы тандабай туруп, крестти талкалай албайсыӊар.

 Бул доордун жихады

Эгерде согуш силерге парыз болгондо жана ал согуштарда жеӊиш чекеӊерге жазылган болсо, анда Алла Таала силерди курал-жарактар менен камсыз кылмак. Замбиректер жана окторду жасап-колдонуу өнөрүндө силерге баарынан көбүрөөк куулук жана акылмандык берилмек. Бирок Алла Тааланын иш-аракетинен белгилүү болгондой, силерге ошондой күч-кубаттар берилген эмес. Рум падышасы[9] да курал-жарактарга муктаж болуп калганда, Германия, Англия ж.б. өлкөлөрдөн алдырат жана согуш аспаптарын христиандардан сатып алат. Бул доордо согушуу мусулмандарга парыз болбогондуктан, Алла Таала кандайдыр бир башка жолду тандаган.

Ооба, Салахуддин[10] ж.б. падышалардын доорунда ушул нерселер керек болчу, ошондо Алла Таала мусулмандарга жардам берип, каапырлардын үстүнөн аларга жеӊиш тартуулаган. Бирок азыркы күндө эч бир адам дин атынан согушпайт. Азыркы күндө Ислам динине каршы жүз миӊдеген нускада газета-журнал басылып жатат. Каршылашыбыз кайсы куралды колдонсо, дал ошол эле куралды биз да даярдашыбыз керек. Алла Таала ушуну эле буюрган экен. Бүгүн эгерде кайсы бир кандуу Махдий чыгып, адамдардын баштарын кесе баштаса, бул пайдасыз иш болот. Адам өлтүрүү менен бирөө канааттанбайт. Баштарды алып салуу менен жүрөктөрдөгү шек-күмөндөр кетпейт. Алла Тааланын дини зордук-зомбулуктун дини эмес. Ислам дини илгери да эч качан кандайдыр бир зордук-зомбулук кылган эмес. Сахаабалар (разияллааху анхум)га аша чаап зулумдук болгондо, анда душмандардын мизин кайтаруу үчүн жихад кылынган болчу. Алла Тааланын даанышмандуулугуна бирөөнүн дагы даанышмандуулугу жете албайт. Ар бир адам бул маселеде дуба кылуусу керек жана азыркы убакта Ислам динине колдоо көрсөтүү керекпи же жокпу деп байкоосу керек. Денелерди багынтып алуу эч нерсе эмес. Түпкү нерсе – бул жүрөктөрдү багынтып алуу». («Малфузаат», 4-том, 494-497-бет)

[1] Алла Таала.

[2] Он төртүнчү хижра кылымы.

[3] Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам).

[4] Индиядагы ири шаарлардын бири.

[5] Ислам дининен чыгып кеткен адам.

[6] Пакистандагы ири шаарлардын бири.

[7] Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын бири.

[8] Индиядагы ири шаарлардын бири.

[9] Абдул Мажийд II (1868-1944).

[10] XII кылымда Мисир, Ирак, Хижааз, Сирия, Курдистан, Йеман, Палестин жана Ливиядагы падыша Салахуддин Айюбий.

Share via