Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лондондо мусулман кыздарынын (Вак-э-Нау Ижтимаасы) чогулушуна кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулман жаштарга өз ишенимине бекем болуп, Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтууга насаат кылды

2016-жылдын 27-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Вакф-э-Нау кыймылынын кыздар бөлүмүнүн Жылдык Ижтимаасынын (чогулушунун) жыйынтык сессиясына кайрылуу жасады.

2016-02-27-UK-Waqfe-Nau-Lajna-Ijtema-002

Аталган азем Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде болуп, ага 1500ден ашуун адамдар катышышты, алардын ичинде 1000ге жакын Вакф-э-Нау кыймылынын кыз мүчөлөрү катышкан.

Ижтимаанын учурунда ар кандай заманбап көйгөйлөр жөнүндө семинарлар, илимий жарыштар жана талкуулар өткөрүлдү. Бүтүн Курани Каримди жаттаган беш кыз өздөрүнүн мыкты жетишкендиги үчүн Урматтуу Халифанын колунан сыйлык алышты.

Өзүнүн кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад угармандарга Вакф-э-Нау мучөлөрүнүн моюндарына түшкөн өтө маанилүү милдеттерди эскертти, себеби алар Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтуу максатына өздөрүнүн каалоосу менен өздөрүн арнашкан.

Курани Каримдин таалимдеринин негизинде өз милдеттерин аткаруу маанилүүлүгүн айтып жатып, ал киши 23-сүрөөнүн 9-аятын келтирди, ал аят «өздөрүнүн аманаттарын жана убада-анттарын күзөтө тургандар» чыныгы момундар деп аныктама берет.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Момундардан болуп, өздөрүнүн аманаттарын жана убада-анттарын аткарууга башка бардык адамдардан да катуураак сөз берген бактылуу тайпанын мүчөлөрү катары силер өзүңөрдүн милдеттериңердин олуттуулугун жана маанилүүлүгүн сезүүңөр керек. Силер өзүңөрдүн ишенимиңер үчүн өз жашоолоруңарды арнаган адамдарсыңар. Силер Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн дүйнөлүк көңүл ачуучулуктарды курман кылууга сөз берген адамдарсыңар».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Күндөлүк турмуш иштериңерде силер дүйнө кайсыл жакка баратканын карабашыңар керек жана өзүңөр жашап жаткан өлкө же маданият жөнүндө өзүңөрдү такыр кемсинтпешиңер керек. Силер акыркы күндөрдөгү трендтерден же модадан терс таасирленбешиңер керек. Анын ордуна силер өзүңөрдүн милдеттериңерге көңүл бурушуңар керек».

Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын миссиясын алга сүрүү – бул Вакф-э-Нау мүчөлөрүнүн милдети.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын миссиясы кандай болгон? Бул – адамзатты Алла Таалага жакындатуу жана бири-биринин акы-укуктарын орундатуу. Бул – анын сөздөрү, иштери жана мүнөзү аркылуу дүйнөнү Исламдын чыныгы таалимдери менен нурдандыруу. Бул – Исламдын чыныгы кабарын жер жүзүнүн бардык бурчтарына чейин жеткирүү».

Урматтуу Халифа мындай деди: жаңы заманда адамдар Алла Тааладан алыстап кетишүүдө жана күндөн күнгө динди кандайдыр бир шылдың жана мазактоо менен карашууда.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул кандайдыр бир оор айлана-чөйрө, ошон үчүн өз акыйдаңар жөнүндө үйрөнүп, өз ант-убадаңардын чынчылдыгына бекем болушуңар керек. Силер Алла Таала менен жеке алака-байланышты түзүшүңөр керек, натыйжада силер Анын бар экендигин, ошондой эле Ага кайрылгандардын дубасын Ал үзгүлтүксүз угаарын башкаларга далилдей аласыңар».

Ал киши мындай деди: Вакфаат-э-Нау кыздары да билим аркылуу өздөрүнүн айлана-чөйрөсүн моралдык жактан реформалап-оңдоолору керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер коомчулукка туура эмне жана туура эмес эмне экенин үйрөтүшүңөр керек. Мисалы, эркиндиктин атынан уятсыздыкты пропагандалоо адамдык баалуулуктарды көтөрбөстөн, ал эми тескерисинче төмөндөтөрүн башкаларга түшүндүрүү силердин милдетиңер болуп саналат. Ал жеке сый-урматты көтөрүүдөн көрө аны түшүрүү куралы. Эң мыкты даражадагы моралдык стандарттарды көрсөтө турган адамдар диний адамдар экенин далилдөөңөр керек».

Курани Карим кандайдыр бир тынчтык коомчулукту жаратууга кандай багыт берип жаткандыгы жөнүндөгү мисалдарды окуп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани Каримде Алла Таала мындай деди: момун-мусулман адам жакырларга көңүл буруп, ачкаларды тамактандырышы керек. Алла Таала мындай деп айтат: адам баласы башкалар үчүн жеке курмандыктарды жасоого даяр болушу керек. Алла Таала мындай деп айтат: адам баласы ар дайым өзүн чындыкка бекем кармашы керек жана өзүн ар түрдүү жалганчылыктардан сакташы керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Алла Таала мындай деп айтат: адам баласы Алла Таалага жана Анын Жаратылышына ыраазычылык билдириши керек. Алла Таала мындай деп айтат: адам баласы колунан келишинче кечиримдүүлүк, токтоолук жана сабырдуулукту көрсөтүшү керек. Кудум ошондой, Алла Таала бир топ башка буйруктарды да берген, эгер биз аларды аткарсак, анда биз өз коомчулугубузду эң мыкты ыкмада тазалап жана көркөмдөтө алабыз».

Вакфат-э-Науга насаат кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ар дайым эсиңерде болсун, түбөлүккө ыйманыңарды бардык дүйнө иштеринен жогору коюу – бул улуу даражадагы жоопкерчилигиңер. Эгерде силер акыркы күндөрдөгү мода тенденцияларына аябагандай аралашып кетсеңер, анда силер табигый түрдө динден алыстап кетесиңер. Кудум ошондой эгер силер дүйнө көңүл ачуучулуктарына же кызыкчылыктарына чөгүп кетсеңер, силердин ыйманыңар терс таасирленет жана ыйманыңар силер үчүн экиничи даражалуу нерсе болуп калат. Ошондуктан, мен кайталап айтам: ар бириңер Вакфаат-э-Нау мүчөсү катары өзүңөрдүн жеке милдетиңерди түшүнүшүңөр керек».

Ар бири өзүнүн келечек карьерасын этияттык менен тандоо керектигине катышкандардын көңүлүн буруп жатып, ал киши мындай деди: Ахмадий мусулман аялдар айрыкча доктор, мугалим, журналист жана медианын тармагында жогорку билимдүү болуусу керек. Ошентип, мына ошол тармактарга кызыга тургандар ошондой ыкмаларды жана жолдорду ээрчүүлөрү керек.

Вакфат-э-Нау мүчөлөрү коомчулуктун башка мүчөлөрүнө оң мисал болуусу керектиги жөнүндө кайрылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер өзүңөрдүн ишенимиңер жана ант-убадаңар жөнүндө ойлошуңар керек жана мектептеги досторуңар тарабынан тартылып дүйнөлүк же адепсиз нерселерди көздөй терс багыт албашыңар керек. Ар дайым Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү силердин максат-мүдөөңөр болушу керек, ошондой эле башкаларды реформалап-оңдоо силердин түпкү максат-мүдөөңөр экенин түшүнүшүңөр зарыл. Моданы ээрчүүнүн ордуна биздин Ахмадий мусулман кыздарыбыз башкалар ээрчий турган жакшылык жана адеп-ахлак үлгүлөрүн орнотушуңар керек».

Өз сөздөрүн аяктап жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сурады:

«Алла Таала колдоп, мына ушул куттуу кыймылдын мүчөлөрү алардын ата-энелери алардын өмүрлөрүн кайсы улуу максат менен динге арнаган болсо, ошолорду ишке ашыруучулардан болсун. Алар ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген көркөм таалимдер боюнча өз өмүрлөрүн өткөрүүчүлөрдөн болсун. Алла Таала Вакфаат-э-Нау кыймылынын бардык мүчөлөрүнө ар жактан мээримин төксүн».

Аталган азем ал кишинин жетекчилигинде суралган тынч дуба менен аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via