Кутулуучу агым • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларына (разияллааху анхум): «Бир убакытта менин үммөтүм 73 агымга бөлүнүп кетет жана алардын бирөөсү гана бейишке кирет», – деп кабарлаган. Сахаабалар (разияллааху анхум): «Эй, Алланын Элчиси (саллааху алайхи ва саллам)! Ал кутулуучу агымдын белгиси кандай?» – деп сурашканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эки белгиси бар экенин айткан:

  1. {الْجَمَاعَةُ} (ал-Жамаъату) – ал (агым) кандайдыр бир тартиптүү жамаат болот;
  2. {مَا اَنَا عَلَيْهِ وَ اَصْحَابِي}(маа ана алай-хи ва ас-хаа-бий), ал (агым) мени жана сахаабаларымды (разияллааху анхум) ээрчүүчү (тууроочу) болот.

Бүгүнкү күндө мусулман үммөтүнүн 73 агымга бөлүнүп кеткендигине шек-күмөн жок. Бирок ошол кутулуучу агым кайсы? Анткени, ар бир мусулман ага байланышып, дүйнө менен акыретте ийгиликтүү болсун.

Эл аралык Жамаат

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га таандык боло турган агымдардын арасында Ахмадия Мусулман Жамааты гана Эл аралык Жамаат. Анын мүчөлөрүнүн саны 150 миллионго жакын. 209 өлкөгө жайылгандыгына карабай, бир эле Жетекчинин колунда чогулган, тартиптүүлүк жана биримдик боюнча теңдеши жок. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларын (разияллааху анхум) ээрчип, дин үчүн таң каларлык курмандыктарды жасап жаткан Жамаат ушул гана жана мусулман агымдарынын жетекчилери менен бирге мусулман эместер да муну моюнга алышат.

Индияга караштуу Горакхпурдан чыкчу «Машрик» деген гезиттин редактору Хаким Ибрахим мырза

«Индияда чындык жана Ислам рухунун бар экенин жападан жалгыз себеби, ушул жерде руханий жолбашчылардын жашыруун кудуреттери үзгүлтүксүз өз иштерин аткарып жатат. Андан тышкары пулга кул болбогон бийик салтанаттуу уламалар да жок эмес. Чындыкты айта кетсек, бүгүнкү күндө ушул ишти улуу урматтуу Мырза Гулам Ахмад Сахиб маркумду ээрчигендер (Ахмадий мусулмандар) кудум мурунку кылымдардагы мусулмандар жасап жүрүшкөндөй эле жасап келишүүдө». («Машрик» газетасы, 24-январь, 1929-жыл)

Ошол эле гезит дагы мындай деп жазат:

«Учурда Индияда бар болгон бардык мусулман агымдар бул же тигил себептен англичандар же хиндилер же башка коомдордон коркушууда. Мурунку кылымдардагы мусулмандар сыяктуу эч бир жеке адам же коомдон коркпой, өзгөчө Ислам иштерин жасап жаткан жападан-жалгыз Жамаат – бул Ахмадия Мусулман Жамаат гана». («Машрик», газетасы, 23-сентябрь, 1927-жыл)

Сикх окумуштуу Сардар Шамшир Синг мырза

«Бул кандайдыр бир моюнга алынган акыйкат: өздөрүнүн Ислам динине чакыруу үчүн Ахмадий мусулмандар иш жүзүндө канчалык жан талашып аракет жасаган болсо, араб халифаларынан башка бир дагы мусулман жамааты жасабаган болушу мүмкүн». («Махнама», пенжабий живан, Претий Патияла, Индия, 1963-жылдын март айы)

Пайгамбар сахаабаларынын (разияллааху анхум) жолу

Бүгүнкү күнгө чейин ушул Жамааттын жүздөгөн мүчөлөрү дин атынан дүйнөнүн ар кайсы аймактарында шейит кылынган. Ал эми жүздөгөн Ахмадий мусулмандар кол салууларга кабылышкан. 1984-жылдан бери Пакистан өкмөтү тарабынан «келимени өчүрүү» кыймылында ушул Жамаат мүчөлөрүнө кудум эле сахаабалар (разияллааху анхум) сыяктуу курмандыктарды кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилген. Пакистандагы Рабвах шаарында 70 миңге жакын Ахмадий мусулмандар жашашат жана Ахмадий болгондугу үчүн гана 1989 жана 2008-жылдары аларга каршы иш козголгон.

Жогорку соттун адвокаты Асгар Али Гхараал мырза

«Ислам дининин бир миң беш жүз жылдык тарыхынын ар кандай доорлорунда «мусулмандар каапырларды зордук-зомбулук менен келиме келтирүүгө мажбурлашкан» деген доомат коюлуп келинген, бирок келиме келтирүүчүлөрдү кылыч күчү менен кайтаруунун буга чейин эч бир мисалы кезикпейт». («Ислам же молдоизм» 146-бет)

Адвокат Хусайин Шах мырза

«Ушундай бир доор болгон, мусулмандар келимени жайылтуу жана намаз-орозону орнотуу үчүн дүйнөнүн булуң-бурчтарына чейин жайылып кетишкен, а бүгүн ушундай күн келди, эгер кайсы бир кадияний (Ахмадий) чын жүрөктөн келиме келтирүүнү кааласа, келиме келтире албайт, анткени келиме келтирүү ага тыюу салынган экен, ал гана эмес, ошондой кылуу кылмыш иши болуп саналат». («Амрият кэ сайэ» 384-бет)

Кылынган курмандыктардын көрсөткүчтөрү

1984-жылдын апрель айынан тартып, 2016-жылдын 31-июлуна чейин Ахмадия Мусулман Жамааты жасаган курмандыктарынын кыскача баяны төмөнкүдөй:

  1. Пакистанда шейит кылынган Ахмадий мусулмандар – 257
  2. Кол салууларга кабылгандар – 325
  3. Ахмадий мусулмандардын мүрзөлөрүн бузуу жөнүндөгү окуялар – 39
  4. Жалпы мүрзөлөргө коюлууга бөгөт коюу жөнүндөгү окуялар – 65
  5. Өлүм жазасына өкүм кылынгандар – 7
  6. «Лаа илааха иллаллааху Мухаммадур Расулуллаах» деген келимини жазуу жана бейзаж тагынууга каршы козголгон иштер – 765
  7. Азан айтууга (38), даават кылууга (197) каршы козголгон иштер – 835
  8. Ассалааму алайкум деп айтууга жана Ислам динине таандык терминдерди колдонууга каршы козголгон иштер – 161
  9. Намаз окууга каршы козголгон иштер – 93
  10. Куран окууга каршы козголгон иштер – 47
  11. Чакыруу кагазына Куран аяттарын жазгандыгына каршы козголгон иштер – 78
  12. Ахмадия Мусулман Жамаатынын газета-журналдарынын айынан Жамаат мүчөлөрүнө каршы козголгон иштер – 254
  13. Колуна алынган китептер жана журналдардын саны – 572
  14. Жогорудагы козголгон иштер боюнча угузулган жаза – 224
  15. Толук бойдон кулатылган мечиттер – 24
  16. Жарым-жылтай кулатылган мечиттер – 20
  17. Кулпу салынган мечиттердин саны – 32
  18. Тартылып алынган мечиттер саны – 17
  19. Курулуусуна тоскоолдук кылынган мечиттер – 65
  20. Маңдайынан келиме өчүрүлүп жиберилген мечиттер – 102
  21. Жумушунан жана кызматынан кетирилген Ахмадий мусулмандар – 127
  22. Рабвах шаарында каршылаштар тарабынан Ахмадийлерден тартылып алынган жер аянты – 1230 сотыкка жакын

Коита шаарындагы «Тахаффуз-э-Хатми Нубувват» кыймылынын төрагасы Тааж Мухаммад Бхатти мырза

Сотто төмөндөгүдөй билдирген: «Туура, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда намаз окуган, азан чакырган же келиме келтирген адамга мушриктер кудум бүгүнкү күндө биз Ахмадийлерге жасап жаткан мамилени эле жасашчу». («Жадид Илми Калаам кэ ааламий асраат» 27-бет)

Ахмадий Мусулман Жамаатынын катуу душманы Мавлавий Санааулла Амритсарий мырза

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисине мындай деп жазган: «Сизге (Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад)дын миссиясына каршы силердин элчиңердин элчилигине каршы болгон суроолорду берүүгө кудум христиандар, Аариялар ж.б. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын элчилигине сын-пикир билдиришкендей, акылуубузбу же жокпу?» («Ахли Хадис» газетасы, 24-март, 1911-жыл, 2-бет)

Акыйкат ачылды

Жогорудагы баяндардан Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүнөзү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларына (разияллааху анхум) көз каранды экендиги, ал эми анын каршылаштарынын терс мүнөзүн көрсөтүп келе жаткандыгы ачык-айкын болуп калды. Акыйкат мына ошондой ачылат!

Бүгүнкү күндө «кутулуу» бир гана Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын Жамаатына кошулууга байланыштуу. Ошондуктан, чуркап келип, ушул Жамаатка кошулгула!

Share via