Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапандын Токио шаарында тарыхый кайрылуу жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Жапандын Токио шаарында тарыхый кайрылуу жасады

Азирети Мырза Масрур Ахмад Жапан 70 жылдык Хиросима жана Нагасаки чабуулдарын белгилөөсү үрөйдү учурган атомдук согуштун натыйжаларын чагылдырат

2015-жылдын 23-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Жапандын Токио шаарына караштуу Одайбадада жайгашкан Хилтон Отелинде анын урматынан уюштурулган өзгөчө бир кечеде тарыхый кайрылуусун жасады.

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-002

Аталган кечеге 60тан көбүрөөк коноктор катышып, анда Азирети Мырза Масрур Ахмад 70 жыл мурун Хиросима жана Нагасаки деген шаарларга жасалган атомдук чабуулдарды чагылдырып, ал «чабуулдар – адамзатты уятка калтыруучу иш» экенин айтты.

Бүгүнкү күндөгү согуштун глобалдык табияты жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү жаңы дүйнөдөгү согуштун алкагы мурунку доордогу согуштарга караганда кененирээк. Дүйнөнүн кайсы бир аймагындагы чыр-чатактар чектелген же жергиликтүү бойдон калбай, анын таасирлери жана натыйжалары алыскы жайларга чейин жайылып кетет. Массалык медиа жана тез байланыш каражаттары дүйнөнү глобалдык айылга айландырып салды». 

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты

«Бир канча жылдан бери мен мындай деп эскертүү жасап келем: бир аймакта болуп жаткан согуш дүйнөнүн башка аймактарынын тынчтыгына жана гармониясына өз таасирин тийгизээрин дүйнө түшүнүшү керек».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: Экинчи Дуйнөлүк Согуш убагындагы куралдардын талкалоо жөндөмдүүлүгү бүгүнкү күндөгү оӊой эле табылуучу куралдардан азыраак болгондугуна карабай, аз дегенде эле 70 миллиондон ашык адамдар өлгөн.

Урматтуу Халифа мындай деди: ошондо дүйнөнүн эң чоң коркунучунун себеби ушул болуп жана ал киши дүйнө кайрадан атомдук куралдарды колдонушу мүмкүн деп кабатырланарын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чоң күчтөр атомдук куралдарды кармап турушу мүмкүн, бирок кичине өлкөлөр ошондой сабырдуулукту көрсөтө алышына кепилдик жок. Алар эч качан атомдук куралдарды  колдонушпайт деп кепилдик бере албайбыз. Ошондуктан, дүйнө кыйрап-талкалоонунун учунда тургандыгы ачык-айкын болуп калды». 

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-004

Жапанга каршы колдонулган атомдук куралдар жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул жыл Хиросима менен Нагасакиге 70 жыл мурун атомдук бомбалар түшкөндөгү кайгылуу күндөрдү эскертип, ал окуя силердин улутуңарга чоӊ кыйроо менен бирге кайгы жана азапты алып келген».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Силердин улутуңар өтө эле жаман талкаланууга жана элестетүүгө кыйын болгон кайгыга кабылган, качан атомдук чабуулдар менен миллиондогон жарандарыңар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жана эки шаарыңар жер менен жексен кылынып талкаланган, бул атомдук чабуулдар адамзатты шерменде кылды». 

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-005

Эгерде Жапандын тарыхына көз салсак, анда Жапандагы адамдар согуштун кыйынчылыктары жана азаптары кандай экенин жакшы билишет, бул жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Атомдук согуштун коркунучтуу жана талкалоочу натыйжаларын чындап түшүнгөн адамдар силерсиңер. Силер мына ошондой куралдарды колдонуунун натыйжалары жана бир муунга гана чектелбей, тескерисинче келечектеги муундарга чейин уланып жаткан таасирлерин жакшы түшүнгөн адамдарсыңар. Силер атомдук куралдардын теңдеши жок жаман экенин тастыктай ала турган адамдарсыңар. Ошондуктан, жапандыктардан дагы кыйын бир дагы өлкө тынчтыктын жана коопсуздуктун канчалык баалуу экенин билбесе керек».

Ал киши Жапанга атомдук чабуулдар жасалгандан кийин Ахмадия Мусулман Жамаатынын Экинчи Халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад айткан сөздөрүн айтып берди.

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-006

Экинчи Халифа мындай деген эле:

«Биздин дин жана моралдык таалимдерибиз бизден бүтүн дүйнөгө төмөнкүлөрдү билдирүү жасоону талап кылат: биз эч кандай жагдайда дагы ушул коркунучтуу амалды жана ушул кан төгүүчүлүктү адал деп билбейбиз. Мен айтып жаткандарды кээ бир бийликтер жактырбаса керек, бирок алардын жактырбашы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес».

Азирети Мырза Масрур Ахмад согуштан кийин Жапанга коюлган чектөөлөрдү сынга алды жана 1951-жылы Сан-Франциско Тынчтык Конференциясында Жапанга каршы сунушталган чектөөлөргө ачык түрдө каршы чыккан Пакистандын биринчи тышкы иштер министери, Ахмадий мусулман Сэр Мухаммад Зафруллах Хан жасаган кайрылуусунан мисал келтирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Экинчи Дүйнөлүк Согуш бүткөн соң Сэр Мухаммад Зафруллах Хан кайрылуу жасады жана кээ бир күчтөр тарабынан Жапанга каршы туура эмес чектөөлөрдү киргизүү аракеттерин сынга алды. Сан-Франциско Тынчтык Конференциясында ал киши жасаган кайрылуусу Ыйык Куран жана Исламдын Сүйүктүү Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын таалимдерине негизделген болчу».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Чаудхрий Зафруллах Хан Жапанды коргоп, ушул тарыхый арызын билдирген, себеби Ахмадий мусулман катары ал Пакистан Республикасын гана өкүлчүлүк кылбастан, ал эң биринчиден жана алдыңкыдан Исламдын бийик таалимдерин өкүлчүлүк кылып жаткан болчу».

Бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн «коркунучтуу» жана «аябай кабартырланта турган» ахвалы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш расмий түрдө жарыяланбаган болсо да, чындыгында глобалдык согуш болуп жатат. Жер жүзү боюнча эркектер, аялдар жана жаш балдар өлтүрүлүүдө, кысымдарга алынууда жана аябай аянычтуу мыкаачылыклар болууда».

Жапанды эл аралык тынчтык жана коопсуздукту өнүктүрүү үчүн өзүнүн негизги ролун ойноосуна чакырып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жапан Өкмөтү ар бир деңээлде жана мүмкүн болушунча ар бир жол менен жапайычылыктын, кыйноолордун жана адилетсиздиктин бардык көрүнүштөрүн сындырып, токтотууга аракет кылуусу керек. Алар кабылган жийиркеничтүү чабуулдар келечекте дүйнөнүн эч бир жеринде кайталанбасын деген нерсени ишендирүүгө алар аракет кылуулары зарыл. Согуш шоолалары жалындап жаткан жерлерде Жапан лидерлери жана адамдары чыр-чатакты токтотуп, тынчтыкты орнотууга өз ролун ойноолору керек».

Андан кийин өз кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад Ыйык Курандан ар кайсы аяттарды окуп, Ислам дининин тынчтыкка, сабырдуулукка жана диний эркиндикке болгон милдеттенмесин тастыктады. Ал киши мындай деди: Ислам дини «гео-саясат» же «экономикалык кызыкчылыктар» максатында эч бир согушка уруксат бербейт жана бардык коомдордун гүдөп-жашап жана өсүп-өнүгүү уруксаты болушу керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин Мээримдүү жана Ырайымдуу Раббибиз бизге тынчтык ачкычтарын тартуулаган, себеби Ал Өзүнүн жараткандары биргелешип, гармонияда, ошондой эле ар түрдүү жек көрүүлөр жана ынтымаксыздыктардан оолак болуп жашашын каалайт».

Келечек жөнүндө өзүнүн тилектерин билдирип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Келгиле, өз милдеттерибизди аткаралы жана чогуу бололуу. Карама-каршы блокторго кирип алып бөлүнүүнүн ордуна бардыгыбыз биригип, бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Бизде башка кандайдыр бир жол калбай калды, себеби эгерде Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш башталып кетсе, анда ал кыйроонун натыйжасын жана аягын элестетип болбойт. Эч күмөнсүз, мурдакы болгон согуштар салыштырмалуу арзыбаган согуш болгондой көрүнүп калат».

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала дин атынан чыр-чатак чыгара тургандарга же гео-саясат же экономикалык кызыкчылыктар үчүн согуша тургандарга акыл-парасат берсин. Алла Таала алардын кылган иштери канчалык акылсыз жана кыйроочулук экенин сезүүнү аларга насип этсин».

Буга чейин аталган кечеде эки конок дагы угармандарга кайрылышты.

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-007

«Токибо» деген завод-фабрикалар тобунун директору Доктор Майк Сата Ясухико мындай деди:

«Улуу Урматтуу Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүнүн бүтүн өмүрүн дүйнөгө тынчтыкты жайылтууга арнаган. Дирдер аралык тынчтык жана сүйлөшүүлөрдү түзүү анын жашоосунун миссиясы. мен: «Улуу Урматтуу Халифа түбөлүккө Жапанга көчүп келип, чыныгы Исламды өлкөбүзгө сиңиртсин деп эңсейм».

2011-жылы келген жер титирөө жана цунамидөн көбүрөөк жабыркаган Тохоку деген аймактан келген Урматтуу Эндо Шиничи мындай деди:

«Төрт жыл мурда келген жер титирөөдөн кийин Жапандагы Ахмадия Мусулман Жамааты көрсөткөн колдоо жана жардамды биз эч качан унута албайбыз. Биз мурун эч качан муктаж болбогон учурда силер бизге жардам бергенсиңер. Силердин жардамыңар жана мээримдүүлүгүңөрдүн аркасынан көпчүлүгүбүз азыркыга чейин тирүүбүз жана ушул жакшылык карызыбызды эч качан өчүрө албайбыз».

Андан кийин ал киши угармандар тарабынан чыныгы Ислам жөнүндө суралган суроолорго жооп берди. Аталган азем ал киши алып барган тынч дуба менен аяктады.

2015-11-23-JP-Tokyo-Reception-008АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via