Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Лестерде жаңы Ахмадия мечитин ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 20-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Англиянын Лестер деген шаарында «Байтул-Икраам» (Ардактуу Үй) мечитин ачты.

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-002

Ал киши келип, эстелик тактасын ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, тынч дубаны сурады. Анан ал киши жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен жолугушууларды өткөрүүдөн мурда жаңы мечитте шам жана куптан намаздарын окутту.

Андан кийин мечиттин ачылуусун белгилөө максатында уюштурулган атайын кечеге 80ден ашуун сыйлуулар жана коноктор катышышты. Ар кайсы сыйлуу меймандар жана саясатчылар, алардын ичинде Rt. Хон, Кит Ваз деген депутат жана Лестершир полициясынын башчысы, Саймон Коул катышышты.

Аземдин негизги кайрылуусу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда ал киши Ислам таалимдеринин негизинде мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө айтып берди жана кошуналардын акы-укуктарын орундатуу маанилүүлүгүнө токтолду.

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-003

Лестер шаарынын тарыхы жөнүндө сүйлөп жатып, ал киши анын жарандарынын сабырдуулугуна жана интеграциясына баа берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«2011-жылдагы каттоо боюнча Лестер Англия шаарларынын ичинде эң көп этникалык топтор жашаган шаар болгон. Жакында Лестердеги Нарборо жолу расмий түрдө бүткүл өлкөдө эң көп этникалык жолу катары таанылып калганын окудум. Менимче, бул нерсе ушул шаар үчүн сый-урмат белгиси деп эсептелиниши керек, ошондой эле ал Лестердин интеграция жана өзүнө кошуу боюнча ийгиликтүү үлгү экенинин бир далили. Ушул касиеттерди эч качан таштабаш же кароосуз калтырбаш керек».

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«ِБиз азыр жашап келе жаткан абдан оор убакта жер жүзүнүн көпчүлүк бөлүгүндө баш аламандык жана адилетсиздик өсүп баратат, азыр ушул шаар көптөн бери үлгү болуп көрсөтүп келе жаткан сабырдуулук жана чыдамкайлык касиеттерин өнүктүрүп жана жайылтуу азыркы убакыттын катуу талабы. Бардыгыбыз коомчулукту адамгерчиликтин байрагы астында чогултуу жолунда иштешибиз керек, ошондой эле бири-биринин баалуулуктарына жана ишенимдерине сый-урмат көрсөтүү деген рухту каалашыбыз керек».

Ал киши дагы мындай деп айтты: чындыгында, Лестердин ар кандай диндер жана ишенимдердин үйү экендиги шаарды дагы байытты жана анын «сулуулугун жана кооздугун өнүктүрдү».   

Мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүн чечмелеп жатып, ал киши мындай деп айтты: мечит – бул мусулмандар Жалгыз Алланын ибадаты үчүн жана Алла Тааланын Жаратылышынын акы-укуктарын аткаруу үчүн чогула турган жай.

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«ِМен бекем ишенем: сыйынуу үчүн ушул жерге келе турган ар бир Ахмадий мусулман Алла Тааланын акы-укуктарын гана аткарууга аракет кылбастан, ушул мечиттин кошуналарынын жана кеңири деңгээледе коомчулуктун акы-укуктарын аткарууга да аракет кылат. Ошентип, ушул мечиттен коркуунун эч кажети жок, себеби бул жерден кошуналарыбызга жана туш тарапка болгону сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк сезим-туйгулары гана жаңырат».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын ураанына (девизине) ишаарат кылып жатып, ал киши мындай деди:

«Сүйүү Баарына, Жек көрүү Эч кимге Эмес» деген урааныбыздын куру билдирүү же бош ураан гана болбогондугуна силер өзүңөр күбө болосуңар».

Лесердин ар түрдүүлүгү жана коомчулуктун чоң кызыкчылыгы үчүн адамдар узактан бери кандай биригип келгендиги жөнүндө сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айтты:

«Албетте, Ахмадий мусулмандар ушул бийик каада-салтты түбөлүккө кармоого аракет кылышат. Чындыгында, аны кармоого гана чектелбестен, биз дайыма ушул күчтүү пайдубалдарга имарат курууга аракет кылабыз жана өз ара сабырдуулук жана ачык көңүлдүүлүк деген ушул касиеттерди дагы өнүктүрөбүз. Ислам дининин таалимдери боюнча биз кошуналарыбызды сүйүп, аларга көңүл бурабыз жана эң жакшы ыкмада алардын акы-укуктарын орундатабыз».

Ал киши мындай деди: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүн ээрчигендерге өзүңөргө эмнени жактырсаңар, башкаларга да ошону эле жактыргыла деп үйрөткөн.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүн ээрчигендерге: «Өзүңөргө эмнени жактырсаңар, башкаларга да ошону эле жактыргыла», – деп үйрөткөн. Мен ушул жөнөкөй, бирок абдан мыкты усул (принцип) дүйнөдө чыныгы жана түбөлүк тынчтыкты орнотуунун ачкычы болуп саналат деп ишенем. Убакытка моюн сунбаган ушул сунуш мурда акыйкат болгондой эле, бүгүнкү күндө да чындык».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Качан мен ушул сөздөргө кылдат ой жүгүрткөнүмдө, эгерде башкалар мага жакшы ыкмада, ошондой эле тынчтык жана коопсуздук менен мамиле кылууларын кааласам, анда бул нерсе башкаларга да дал ошондой ыкмада мамиле кылуум керектигин мага жүктөйт деп сездим. Мусулман катары кошуналарыма чыныгы тынчтыкты тилөө мага парыз. Менин айылымда же шаарымда жашаган адамдарга чыныгы тынчтыкты каалоо мага парыз. Өз жердештериме чыныгы тынчтыкты каалоо мага парыз. Чындыгында, жер жүзүндөгү ар бир аймакта жашаган ар бир адамга чыныгы тынчтыкты каалоо мага парыз».

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-006

Учурлук Халифа мындай деп чечмеледи: Ыйык Куран кошунага берген аныктама өтө эле кенен болуп, момун-мусулман адамдан бардык адамзатка өзүнүн кошунасы катары мамиле кылууну талап кылат.

Курани Каримдин 22-сүрөөсүнүн 41-аятына ишаарат кылып, ал киши мындай деди: медиа сүрөттөгөн сүрөтүнө каршы Ислам дини бардык диндердин укуктарын коргоого аракет кылат. Ушул аяттагы буйруктун негизинде алгачкы доор мусулмандарына тек Ислам динин гана эмес, тескерисинче бардык диндерди коргоо максатында коргонуу согушуна уруксат берилген. Эгерде мусулмандар коргонуу согушун кылышпаса, анда бир дагы чиркөө, сенагог, храм, мечит же сыйынуу жайы аман калмак эмес.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Башкалар менен жанаша тынч жашоо – бул мусулмандардын милдети, ошондой эле башка диндерге каршылык көрсөтүү же алардын сыйынуу жайларына зыян келтирүүдөн көрө аларды коргоо – бул мусулмандардын милдети».

Ал киши мындай деди: Ислам дининин чыныгы таалимдери боюнча атынан эле мусулман деп аталуучу адамдар жасап жаткан мыкчаачылыктары «кечирилгис жана бүтүндөй адилетсиздик амалдар».

Учурлук Халифа мындай деди: адамзаттын тынчтык үчүн бири-бирине биригүүсү азыр мурдагысынан да көбүрөөк зарыл.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз тынчтык жана өз ара бири-бирин түшүнүүнү өнүктүрүү үчүн жасап жаткан аракеттерибизди бириктирүүбүз керек, натыйжада сыртынан караганда, ар бир өтүп жаткан көз ирмем менен жакындап келе жаткан катастрофалык көрүнүшүндөгү Дүйнөлүк Согуштун коркунучтуу кыйроосунан дүйнө сакталып алынсын. Мурда ушул шаардын жарандары согуш жана баш аламандыкта жашаган соң тынчтык жана толеранттуулуктун пайдаларын үйрөнүү үчүн келишти. Ошентип, мен дуба кылам: мурдагы сабактар өз келечегибизди сактап калуу үчүн өз милдеттерибизди сезүү үчүн жетиштүү».

Жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга кайрылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен ушул жерде жашаган Ахмадий мусулмандарга да айтмакчымын: алар ар бир көз ирмемде Ислам дининин чыныгы таалимдерин сүрөттөп көрсөтүүлөрү керек. Алардын амалы жана мүнөзү ар дайым үлгүлүү болушу керек. Алар ар дайым муну эске тутуулары керек, эгер алар башкаларга кызмат кылуу деген милдеттери боюнча ийгиликтүү болушпаса, анда алардын сыйынуусу эч качан Алланы ыраазы кылбайт жана аларга эч бир пайданы да келтирбейт, ошондой эле ушул мечитти салгандыгы да аларга кандайдыр бир пайда келтирбейт».

Аягында ал киши мындай деди:

«Кудай буюрса, ушул мечит жарыктын мунарасы катары таанылып, өз тегерегин нурдандырып, Лестерде тынчтыктын чыныгы белгиси катары даңкын чыгарат. Алла Таала жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга ушул мечит кандай чыныгы максаттар менен салынган болсо, ошолорду ишке ашыруу күч-кубатын берсин. Аамин».

Буга чейин ар кайсы коноктор да Ахмадия Мусулман Жамаатын «Байтул-Икраам» мечитинин ачылуусу менен куттуктоо максатында сахнага чыгышты.

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-007

Лестершир полиция кызматынын башчысы Саймон Коле мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты Лестердеги жана Лестерширдеги коомчулукту жыкшыртуу үчүн иштеп жатат, ошон үчүн бүгүн силер менен бирге болуу – бул сыймык жана рухий жактан биз ар жылдын ар бир жумасынын ар бир күнүндө силер менен бирге болобуз».

Лестерширдин Лейтенанттын орун басары, Рыяз Рават Бем мындай деди:

«Ушул жаңы мечиттин бар болгондугу диндер аралык гармония боюнча Лестердин атын дагы көтөрөт. Албетте, Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн кандайдыр бир сыйлыкка кызыкпаган жамааты экендигин далилдеп көрсөтүп, ушул өлкөгө зор салымдарды кошуп келүүдө».

Чыгыш Лестердеги парламент дупутаты, Rt. Хон, Кит Ваз мындай деди:

«Ушул мечит сыйынуучулар үчүн гана башпаанек болбостон, бүтүн коомчулук үчүн да ачык жана Ислам дининин тынчтык жана мээримдүүлүк деген баалуулуктарын жайылтуу куралына айланат… Ал кишинин (Азирети Мырза Масрур Ахмад) келгендиги шаарыбыз үчүн өтө чоң сый-урмат. Сиздин келгендигиңиз биз үчүн ар башка нерседен маанилүүрөөк. Ал муну өзгөчө күнгө айландырып жиберди».

2016-02-20-UK-Leicester-Mosque-008

Расмий сессия ал киши жетекчилигинде кылынган тынч дуба менен аяктап, анан тамак берилди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via