Англия жана Канададагы Жамия Ахмадияны бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англия жана Канададагы Жамия Ахмадияны бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорун тапшыруу аземи болуп өттү

25 бүтүрүүчү өздөрүнүн «Шахид» деген дипломун Ахмадия Мусулман Жамаатынын  Жетекчисинин колунан алышты

Англиядан 17 бүтүрүүчү жана Канададан 8 бүтүрүүчү болгон

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 16-январында Англиядагы Жамия Ахмадиянын (Ахмадия Мусулман Жамаатынын жогорку диний окуу жайы) төртүнчү диплом тапшыруу аземи жана Канададагы Жамия Ахмадиянын алтынчы диплом тапшыруу аземи Суррей деген аймакка караштуу Хэслемер деген жердеги колледждин имаратында болуп өттү.

2016-01-16-Jamia-Convocation-001

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) аталган аземге төрагалык кылып, тарыхый кайрылуусун жасады.

Аземдин учурунда Англиядагы Жамия Ахмадиянын 17 бүтүрүүчүсүнө жана Канададагы Жамия Ахмадиянын 8 бүтүрүүчүсүнө Азирети Мырза Масрур Ахмад алардын «Шахид» деген дипломун тапшырды, ошентип алар расмий түрдө Ахмадия Мусулман Жамаатынын Миссионерлери жана Имамдары болушту.

2016-01-16-Jamia-Convocation-002

Дипломдорду тапшырган соң Азирети Мырза Масрур Ахмад ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусун жасап, мындай деди: азыр жаш миссионерлер студенттик курактан өтүп, Ахмадия Мусулман Жамаатынын өкүлдөрүнө айланып, өздөрүнүн жаңы жашоо майданына аттанышты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Дайыма эсиңерде болсун, адамдарды Алла Таала менен байланыштырып, бири-бирине болгон милдеттерин аткарууга багыттоо – бул силердин милдетиңер. Эгерде биздин миссионерлерибиз өздөрүнүн жоопкерчилигинин көбөйүшү жөнүндө ой жүгүртсө, анда бул сөзсүз түрдө алардын жан дүйнөсүнүн түбүнө чейин жетет, себеби алар өздөрүнүн жоопкерчилигинин оордугун сезишет».

2016-01-16-Jamia-Convocation-003

Ал киши Ибрахийм пайгамбар (алайхиссалаам)дын мисалын окуп берди, анын кемел-жетик ыйманы жана Алла Таалага берилгендиги жөнүндө Ыйык Куранда сөз кылынган.

Ал киши мындай деди: Ахмадий миссионерлер ушул мисалды ээрчүүлөрү керек жана ар дайым Алла Таалага ишенимдүү болуулары шарт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Алла Таалага чыныгы ишеним бир түрдөгү «өлүмдү» талап кылат деп үйрөткөн. Ал киши муну төмөндөгүдөй чечмелеп берди: адам баласы бардык дүйнөлүк каалоолорду, жеке тилектерди таштап, Алла Таала үчүн бардык сыноолор жана кыйынчылыктарды кабыл алууга даяр болушу керек.

2016-01-16-Jamia-Convocation-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Чыныгы ыйман жана чын жүрөктөн өзүн Алла Таалага арноо адамдан өзүнүн «мендигин» чоң кубаныч менен өлтүрүүнү талап кылат. Албетте, Ахмадия Мусулман Жамаатынын ар бир миссионери мына ошондой деңгээлге жетишүүсү керек жана өздөрүнүн ишеними үчүн өздөрүнүн мендигин курман кылуулары лаазым. Алар ар түрдүү кыйынчылыктарга чыдоолору керек, анткени ошондо гана алар башкаларды туура жакка багыттап, реформалап-оңдой алышат. Ошондо гана алар башкаларды чындыкка чакыра алышат».

Ал киши мындай деди: Ахмадий миссионерлер кичипейилдик жана жеке-курмандык боюнча өздөрүн үлгү кылып көрсөтүүлөрү керек. Ал киши Африкада кызмат өтөгөн бир байыркы Ахмадий мусулман миссионерди мисал катары келтирип, ал катып калган нанды сууга салып жеп алчу жана эч качан арызданчу эмес. Анын жападан-жалгыз максаты – бул миссионер катары өзүнүн милдетин аткаруу гана болгон.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси бүтүрүүчүлөргө күндө Курани Каримди окуусуна жана анын маани-мазмунуна көңүл буруусуна насаат кылды. Ал киши мындай деди: ал (Куран) алардын жашоолорунун ар бир аспектисинде «жол көрсөткүч китеп» катары кызмат кылат жана өздөрүнүн милдеттерин аткарууга түрткү берет.

2016-01-16-Jamia-Convocation-005

Ал киши Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын китептерин окуу маанилүү экенине басым жасады, себеби, ал китептер адамдардын чыныгы Ислам жөнүндөгү илим-билимин жана алардын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га болгон сүйүүсүн өнүктүрүүнүн куралы.

Ал киши мындай деди: Англиядагы Жамия Ахмадия жана Канададагы Жамия Ахмадиянын жыйырма чакты мурунку бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда ар кайсы тармакта Ахмадия Мусулман Жамаатына кызмат кылышууда жана жакшы иштешүүдө.

2016-01-16-Jamia-Convocation-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Тааланын берешендиги менен өткөн бир канча жылдан бери Англиядагы жана Канададагы Жамия Ахмадияны бүтүргөн жаш миссионерлер менин жардамчыларым катары иштешүүдө жана алар мен үчүн тынчтыктын булагы. Алардын мына ошондой ыкмада иштеп жатканын көрүү мен үчүн чоң кубаныч, мен үмүт кылам жана дуба сурайм: бүтүрүүчү класс жана кийинки класстардын баары мурункулардан сапат деңгээлдерин көтөрүп турушсун».

Ал киши айрыкча миссионерлер жаштарды Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүктөрүнө жана программаларына катыштыруу зарылчылыгына басым жасады.

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулман жаштарды окутуп-тарбиялоо жана аларга алардын Жамааттын өтө маанилүү бөлүгү экенин көрсөтүү үчүн алар менен күчтүү алака-байланышты өнүктүрүү миссионерлердин милдети.

Ал киши мындай деди: кайсы бир миссионер кайсыл жерде дайындалгандыгына карабай, ал Халифаттын өкүлү, ошон үчүн ар бир миссионер ушул жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн түшүнүүсү керек. Ал киши мындай деди: ар бир класс мурунку класстар беттешкен кыйынчылыктардан да көбүрөөк кыйынчылыктар менен беттешет, анткени дүйнө Алла Тааладан дагы алыстап кетти.

2016-01-16-Jamia-Convocation-007

Аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер эч качан кандайдыр бир жаман ишти же Ахмадия Мусулман Жамаатынын жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын атын жаманатты кылбооңор үчүн дуба сурайм. Анын ордуна өзүңөрдүн иштериңер жана жакшы мамилелериңер аркылуу Жамаатыбыздын атын дагы жарыкка чыгарууңар үчүн дуба кылам. Алла Таала силерди жакшы аракеттериңер боюнча ийгиликтүү кылсын жана силер Алла Таалага дагы жакын болгула деп дуба кылам».    

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via