Ахмадияттын ийгиликтүүлүгүнө ишенүү жана мээримдүүлүк көрсөтүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадияттын ийгиликтүүлүгүнө ишенүү жана мээримдүүлүк көрсөтүү

Ахмадия

Ахмадияттын ийгиликтүүлүгүнө ишенгиле жана мээримдүүлүк, адеп-ахлактар менен жүрөктөрдү багындыргыла

(Кадияндагы «Акса» мечитинде «Ансааруллах» тарабынан уюштурулган дааваттык конференцияга 1931-жылдын 29-декабрында жасалган кайрылуу)

Ташахуд[1],Таъаввуз[2] жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин мындай деп айткан:

«Кимдир бирөө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан эң жакшы ибадат кайсы экенин сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үзгүлтүксүз кылына турган ибадат[3] деп жооп берген. Негизинен да, адам баласы акырына чейин аткара ала турган жакшылык гана эң мыкты жакшылык. Даават иши да кудум дайра суусу агып түшүп, таштардын учтарын жеп салгандай.

Ачыгы, бул бир-эки күндүк иш эмес, тескерисинче жылдарга улана турган иш. Курани Каримден маалым болгондой, момун эмес адамдардын жүрөгү таш же андан да катуу болот. Эгерде таштарды оңдоп-түзөтүү үчүн жылдар деген мөөнөт керек болсо, анда белгилүү болгондой, жүрөктөр үчүн эмне деген узун мөөнөт керек?

Кээ бир адамдар биз даават кылганыбыздан кийин эмнеге адамдар чындыкты кабыл кылышпайт деп ойлошот. Билип койгула, кээ бир адамдар эле акыйкатка каршы чыгышат. Адамдар аны акыйкат эмес деп ойлошкондугу үчүн гана каршылык көрсөтүшөт. Албетте, акыйкаттын мисалы кудум күн сыяктуу, бирок аны көрө албаган адамды уруп-сабап көрсөтүп болбойт да, тескерисинче бир узак мөөнөткө чейин анын көздөрүн дарылоо керек болот.

Кээ бир туугандарыбыз биздин сөзүбүзгө эч ким кулак салбайт деп үмүтсүздөнүп калышат. Бирок алар билип коюулары керек, Алла Таала Өзүнүн Масийх[4]ин жөнөтүп, ага: «Мен сенин дааватыңды жердин четтерине чейин жеткирем»[5], – деген убаданы берген соң ал сөзсүз ишке ашат. Алла Таала баардык адамдар аны кабыл кылышат деп күбөлүк берген. Бирок, ал (алайхиссалаам)га ишенем деп билдирген кишинин адамдар кулак салышпайт деп, ушинтип Убада кылынган Масийх жана Алла Тааланы четке каккандыгы – бул канчалык айран-таӊ калтыра турган нерсе. А түгүл Алла Таала аны бүтүн дүйнө кабыл кылат жана кабыл кылбагандар кудум Чура-чумар[6]лар сыяктуу калышат деп айткан.

Эгер Алла Тааланын бул убадасы чындык болсо жана албетте, ал чындык, анда азыр адамдардын (аны) кабыл кылбагандыгы – бул кандайдыр бир убактылуу оорусу. Өзүнүн ооруп жаткан баласын же бир тууганын ал бат айыкпай жаткандыгы үчүн аны дарылоону таштап койгон бир дагы адам жок. Адам өлгүчө же айыгып кеткиче адамдар даарылап турушат. Денелик ооруларда мына ошондой ыкма тандалып, Алла Тааланын тагдыры күтүлүп жаткан соң эмнеге үмүтсүз болуп, руханий ооруларды дарылоодо кандайдыр бир жалкоолук көрсөтүлсүн? Ажал келгиче жасалып жаткан аракеттерди токтотпош керек.

Демек, мен туугандарыма насаат кылмакчымын: даават иши өтө эле маанилүү иш жана учурдагы жихад. Араңардан: «Бизге жихад кылуу учуру насип эткенде, кана?» – деп каалай турган канчалаган адамдар бар, ошондой эле каршылаштардын ийгиликтүүлүгү жөнүндө угуп: «Бизге уруксат болуп, биз да күрөшкөндө, кана?» – деп капалана турган канчалык адамдар бар.

Мен мына ошондой адамдарга айтат элем: бул доордун жихады ушул. Биз уруп-сабоо үчүн жаратылган жокпуз, тескерисинче ур-токмокко учуроо үчүн жаралганбыз. Биз туруктуулук көрсөтмөйүнчө эч бир пайда тийбейт. Өздөрүндө туруктуулукту жарата алгандарга Алла Таала өзгөчө жардам жолдорун ачып коёт жана таштан да катуу болгон жүрөктөр момдон да жумшак болуп калат.

Ахмадияттын өсүп-өнүгүүсү жөнүндөгү Алла Тааланын Сөзүнө эч болбогондо, бир аз ишенип, бир-эки жыл ага амал кылып көргүлөчү? Алла Тааланы сүйгөндөр болсо, Анын Сөзү жана Анын аты үчүн өздөрүн (да) жокко чыгарышат. Азирети Ыйса (алайхиссалаам) бирөөнү уурулук кылып жатканын көрүп, андан сураганда, ал киши: «Алланын атын ортого салып, уурулук кылган жокмун», – деп айткан. Ошондо ал (алайхиссалаам) сен туура дедиң, менин көздөрүм жаңылышкан болушу керек деп айткан. Ал (алайхиссалаам) Алла Тааланын аты гана ортого келип калгандыгы үчүн ошондой деп айткан. Ал эми анын Сөзү бар болуп, анан ага ишенбөөчүлүкчү?

Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды дүйнөнү реформалап-оңдоо үчүн жөнөтүп, ал (алайхиссалаам)га ийгилик берүүгө сөз берген. Ошондуктан, адамдар (аны) кабыл кылышпайт деген ой бүтүндөй жаңылыштык. Адамдар кабыл кылышат жана албетте кабыл кылышат. Шайтандын тоскоолдуктарынын эч бир акыйкаты жок, ал тебеленип-эзилип ташталат. Үмүтсүздөнө турган адамдар шайтандын шериктери.

Демек, туруктуулук менен тынбай, даават жүргүзгүлө. Албетте, Алла Тааланын жардамы түшөт жана бир канча жылдарда, жок бир канча айларда өсүп-өнүгүүнүн көрүнүктүү белгилери көрүнө баштайт.

Миссионер (дааватчы) үчүн ыйман жана ыклас албетте керек, бирок ал билимди да ишке салышы керек. Илим-билимдүү адамдар башка Ахмадийлерге илимий маселелерди үйрөтүү үчүн жумасына эки-үч күндү белгилеп алуулары керек. Ар кайсы адамдар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айрым китептерин тандап алуулары керек. Ыйса (алайхиссалаам)дын өлүмү, Хатм-э-Нубувват[7], Алла Таала Өз пенделерине туура жолго багыттоо үчүн кандай чараларды көрөт ж.б. маселелер жөнүндөгү үзүндүлөрдү топтоп, башкаларга жаздырып коюулары зарыл. Кудум ошондой хадистер ж.б. ларды жыйнап, кайсы бир жыйында угузуп коюулары керек. Ошондо китеп окуу менен бир жылда канчалык илимий өсүп-өнүгүү болсо, ушул ыкмада ал эки аптада болуп калат. Эгер жалгыз бир адам бир жылда жүз китепти окуса, ушундай ыкмада эки жумада баарын окуса болот, ошондой эле кайсы бир жыйында анын кыскача маани-мазмунун окуп берип, бир жыл аралыгында алына турган билимди эки жумада алууга болот.

Андан тышкары, дааватка чыккан адамдын жүрөгүндө кандайдыр бир жалынып-жалбаруу маанайы болушу керек, анткени жүрөктөр мээримдүүлүк менен жумшарат. Өз жүрөктөрүңөрдө мээримдүүлүктү жараткыла. Куру философия жана далил менен иш тута турган адам ийгиликсиз калат. Дүйнө (көңүлүн) мээримдүүлүк жана ыклас менен гана багындыруу мүмкүн. Ошондуктан, даават үчүн кайсы адамдарга барсаңар, алар жөнүндө көңүлүңөрдө: «Булар биздин балдарыбыз же бир туугандарыбыз», – дегенди сезгиле. Кайсы бир коркунучтуу илдетке чалдыккан туугандардын оорусу коркунучтуу даражага өткөн мезгилде көңүлүңөрдө пайда боло турган жалынып-жалбаруу маанайы жана мууңдуулук эле алар үчүн да (пайда) болушу керек, ошондо гана пайда болот, антпесе куру далилдер такыр пайда келтирбейт.

Эгер туугандарыбыз жогорудагы насааттарды эсепке алып, даават кылышса, анда ушунчалык өсүп-өнүгүү жүз бериши мүмкүн, кийинки жылы «Ансааруллахтын» мына ушул кичине желекчелеринин ордуна чоң-чоң желектери болот. Чоң жамааты болот жана Жалса ушул кичинекей жерде эмес, кандайдыр бир кенен жерде өткөрүлөт».

Андан кийин Ал Азирети дуба сураган.

(«Анваарул-Улуум», 12-том, 475-480-бет; «Ал-Фазл» газетасы, 3-январь, 1932-жыл)

Эскертме: 1931-жылдын 29-декабрында түшкө чейин «Назаарат Даавату-Таблийг» тарабынан «Акса» мечитинде бир даават конференциясы өткөрүлгөн, ага өзгөчө Жалса Салана учурунда топтолгон ар кайсы жамааттардагы «Ансааруллах» катышышты. Ар бир жамааттагы «Ансааруллахка» анын жамаатынын атынан бирден байрак берилген жана өз байрагынын жанында отургузулган. Бир канча күндөргө созулган жумуштун себебинен болгон алсыздыгы жана көп иштер менен алектенгендигине карабай, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад ушул Ижтимаанын маанилүүлүгү себебинен ага катышып, убакыт тар экендигин эсепке алып, бир канча мүнөттөн турган кайрылуусун жасаган.

[1] «Ашхаду аллаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шарийка лаху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулух», мен шериги жок Жалгыз Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким экенине күбөлүк берем, ошондой эле Мухаммад Анын пендеси жана Элчиси экенине да күбөлүк берем.

[2] «Аъуузу биллаахи минаш-шайтаанир-ражийм», Рахматтан куулган шайтандын жаманчылыгынан Алладан паана издеймин.

[3] «Бахарий», Китаабур-Рикаак, Баабул-касду вал-мадаавамату алал-амал)

[4] Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (1835-1908) (алайхиссалаам).

[5] «Тазкира», 312-бет

[6] Индия-Пакистанда адамдардын ажаатканаларын жана күчөлөрүн талап жүргөн адамдар.

[7] Пайгамбарчылыктын бүтүшү.

Share via