Нигердин министри Ахмадия иштеп чыккан бир айылга визит жасады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Нигердин министри Ахмадия иштеп чыккан бир айылга визит жасады

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Африка Нигер

Нигердин Социалдык өнүгүү жана регионалдык пландоо боюнча министри Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан иштелип чыккан «Хоган Сара» деген үлгүлүү айылга визит жасады

Нигердин Социалдык өнүгүү жана регионалдык пландоо министри Нигердеги «Хокан Сара» айылына барып, ал жерде Ахмадия Мусулман Жамаатынын Инженерлер Ассоциациясынын (IAAAE) аракеттери менен 2017-жылы үлгүлүү айыл түзүлгөн эле.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Африка Нигер

Мунун деталдары төмөнкүчө: Социалдык өнүгүү жана регионалдык пландоо боюнча мамлекеттик министр урматтуу Амани Абду Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Нигерде иштеп жаткан миссионерлерибиздин төрагасы урматтуу Асад Мужийб мырза менен жолугушуу учурунда жакынкы күндөрү Маради облусуна расмий иш сапары менен барарын айткан. Ошондо, урматтуу Амир Сахиб аны бийлик өкүлдөрүнүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын адамзатка жасаган кызматтарын өз көзү менен көрүүсү үчүн Жамааттын «Хокан Сара» айылына барууга чакырган. Ошондо урматтуу Амани Абду мырза урматтуу Амир Сахибдин чакырыгын кабыл алып, ошол айылга барууга убада берген.

Аталган айыл жөнүндө айта кетсек, Ахмадий Архитекторлору жана Инженерлеринин Эл аралык Ассоциациясы 2017-жылы бир топ каражат жумшап, Нигердин ушул артта калган аймагында жашаган айылдарды суу, электр энергиясы жана жолдор менен камсыз кылган. Мындан тышкары, ушул айылда жашаган адамдардын социалдык-экономикалык тутумун жакшыртуу үчүн аларды тигүү машиналары аркылуу жумуш менен камсыздаган.

Ошондуктан, Федералдык министр убадасына ылайык, 2020-жылдын 25-июлунда ишемби күнү ушул айылга барган. Федералдык министрди вице-губернатор, вице-президент, мэр жана Каддан Ромжинин райондук башчысы жана башка сыйлуу адамдар коштошкон. Биринчиден, Федералдык министр жана аны коштогон делегация мечитти, суу жана электр энергиясын башкаруу системасын жана тигүүчүлүк мектебин текшерип чыгышкан. Кийинчерээк өзүнүн кайрылуусунда Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты жана урматтуу Амир Сахиб аркылуу Азирети Амирул-Муминийн (аййадахуллааху таъаала)га ыраазычылыгын билдирген.

Бул программа Улуттук Телевидение, Теле Сахил жана Улуттук Радио аркылуу көрсөтүлүп-уктурулган, ушул программанын аркасынан Ахмадия Мусулман Жамааты ар кандай маалымат каражаттары аркылуу өлкөдө жана чет өлкөлөрдө жакшы абройго ээ болду. Аллах Тааладан Ахмадия Мусулман Жамаатынын өнүгүшү үчүн ушундай жол-жоболорду жаратып туруусун сурап дуба кылабыз. Омийин!

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл – «Ал-Фазл  Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via