Мельбурнга Тарыхый Визиттин башталуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мельбурнга Тарыхый Визиттин башталуусу

Тарыхта биринчи жолу Убада Кылынган Мессиянын Халифасы Мельбурн шаарына жол тартты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-Халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 9-октябрында Сидней менен Мельбурндун аралыгындагы рейс менен Мельбрун шаарына келди.

Анын визити Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхында жаӊы баракчаны ачты, себеби тарыхта Азирети Мырза Масрур Ахмад Мельбурнга визит жасаган биринчи халифа болду.

Melbourne-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад Лангваррин районуна жакын жайгашкан Мельбурндагы Ахмадия борборуна түшкү саат экиде жетип келди жана 700дѳн ашуун Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар тарабынан тосуп алынды, баардыгы ѳздѳрүнүн руханий жетекчисин кѳрүп, кубанычты ичине батыра алышпады. Жергиликтүү Ахмадий мусулмандар ѳздѳрүнүн руханий жетекчиси келери менен диний-исламий ураандарды кѳтѳрүштү жана кубанычына батына албай (диний) ырларды ырдашты.

Халифа Мельбрунда бир канча маанилүү жумуштар менен алектенди. Жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен жекелик жолугушуудан тышкары Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия борборунда жума кутбасын окуйт, ошентип аталган шаарда тарыхта биринчи жолу жума кутбасын окуган Халифа болуп калат.

Жума кутбасы MTA international (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) аркылуу түз эфирден кѳрсѳтүлүп, ар кандай тилдерге которулат.

Мельбурнда болгон убакыт аралыгында, Азирети шаарда чакырылган ѳзгѳчѳ бир жыйынга өтө маанилүү кайрылуусун жасайт.

Melbourne-3

Быйыл буга чейин Азирети Англия, Америка, Канада, Испания, Германия жана Сингапурда өтө маанилүү кайрылууларды жасаган, ал эми 2012-жылы Капитол Гилл (Capitol Hill) жана европалык парлламентке, экѳѳнѳ тең кайрылууларды жасаган эле.

Ѳзүнүн бардык кутбаларында жана кайрылууларында Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулмандар менен мусулман эместерге тең Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жеткирди.

Бул Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралияга жасаган экинчи визити. Ѳткѳн аптада ал киши Австралиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 29-Жалса Саланасында (Жылдык Жыйын) өтө маанилүү кайрылууну жасаган эле.

Melbourne-4

 

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via