Вакф-э-Нау бөлүмүнүн көзөмөл астында илимий жарыштары
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Вакф-э-Нау бөлүмүнүн көзөмөл астында илимий жарыштары

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр франция

Вакф-э-Нау[1] бөлүмүнүн көзөмөл астында (онлайн) илимий жарыштардын уюштурулушу

Алла Тааланын берешендиги менен Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын ВакфэНау бөлүмү Францияда корона илдетинин экинчи толкунунан улам карантин киргизилген мезгилде өзүнүн илимий жана тарбиялык программасын Скайп аркылуу улантып турууга мүмкүнчүлүк табууда. Ушуга байланыштуу 31-октябрь жана 1-ноябрь күндөрүндө Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын ВакфэНау кыймылына кирген эркек балдар жана кыздар үчүн илимий жарыштар уюштурулду. Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси урматтуу Насийр Ахмад Шахид мырзанын жетекчилигинин астында ВакфэНау бөлүмү бир нече илимий жарыштарды өткөрүүнү пландашты. ВакфэНау бөлүмүндөгү жергиликтүү секретарларынын жолугушуусу Скайп аркылуу чакырылып, жарыштар толугу менен онлайн режиминде болот деген чечим кабыл алынды. Балдар белгиленген убакытта жаш курагына жараша бөлүнгөн топко Скайп аркылуу кошулуп, калыстар балдардын квалификациясын карап чыгышат. ВакфэНау кыймылына кирген балдар жана кыздар үчүн бардык иш-чаралар өз-алдынча жүргүзүлөт. (Эркек балдар жана кыздарга жумалык сабактардын чакан топтор түрүндө Скайп аркылуу үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткандыгын дагы эске сала кетели. ФалХамдулиллаахи ъалаа заалики)

Ошондой эле (жогорудагы чогулушта) кабыл алынган чечимге ылайык 7 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдардын арасында Тилаават[2], Назм[3] жана Курандын (белгиленген бөлүгүн) жаттоо боюнча жарыштар өткөрүлөт. Эркек балдар жана кыздар жаш курагына жараша программага киргизилген Курандын бөлүгүн жана диний ырларды  жаттап чыгышат. Ал эми 15 жаштан өйдө жаштагы эркек балдар жана кыздардын арасында урду жана француз тилдеринде тилди байытуу жарышы гана өткөрүлөт. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сунушталган темаларга «Мекенди сүйүү – ыймандан» деген тема атайын киргизилген.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр франция

Илимий жарыштарга катышууга чакыруулар жана иш-планы балдарга жеткирелген. Мындан тышкары, жергиликтүү секретарлар жана жергиликтүү жамааттардын президенттери аркылуу дагы үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн. Алхамдулиллах. Жыйынтыктарды түзүү үчүн онлайн формасын Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Усама мырза даярдап берген жана ал судьянын милдетин да аткарган. Ошондой эле, миссионерлерибиз – урматтуу Мансур Ахмад Мубашшар, урматтуу Билал Акбар мырза, Лиондогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын президенти урматтуу Атаул-Алийм мырза жана Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионерлеринин жетекчиси ВакфэНау кыймылына кирген балдардын илимий жөндөмдүүлүктөрүн карап чыгуу милдетин аткарышты. Лажна Имаэллах[4]тын ВакфэНау бөлүмү боюнча жардамчылары өтө кылдаттык, берилгендик, чын ыкластуулук жана жоопкерчилик менен бардык планды ишке ашырышты. Бардык ата-энелер өзгөчө дилгирлик менен кызматташып, ыраазычылык билдиришти. Фажазахумуллааху Ахсаналжазаа.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр франция

Жарыштарга ВакфэНау кыймылына кирген 32 эркек балдар жана 29 кыздар катышышты, ошондой эле уюштуруучулардын жалпы саны 24 эркек жана аялдарды түздү.

Мен көмөк көрсөткөн бардык эркектер, аялдар жана ардактуу миссионерлерге терең ыраазычылыгымди билдирем. Алла Таала алардын баарына эң жакшы сооп тартууласын деп дуба кылам. Алла Таала колдоп, бул балдар Жамаатыбыздын баалуу мүлкү жана Ахмадия Халифатынын мыкты кызматчылары болуп чыгышсын деп дуба сурам. Аамийн.

(Репортажды даярдаган: Чаудхрий Максудур-Рахман, Франциядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Вакф-э-Нау бөлүмүнүн башкы секретары)

*************

[1] Балдарды төрөлө элек кезинде Ислам динине кызмат кылууга арноо чакыруусу.

[2] Куранды көркөм окуу.

[3] Диний ырларды көркөм ырдоо.

[4] Ахмадия Мусулман Жамаатынын аялдарынын уюму.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via