Мусулман жаш балдарга туура таалим-тарбия берүүнүн ыкмасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын 60 мүчөсү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуунун урматына ээ болушту

мусулман балдарга руханий жана диний тарбия берүү

«Азыр адамзаттын Алла Таалага кайрылуу убактысы келди» – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 29-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын 12 жаштан 15 жашка чейинки 60 мүчөсү менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Мажлис Атфал-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Германиянын Висбаден шаарындагы Acorum-Park Mainz-Kastel залында чогулушту.

Аталган иш-чара Ыйык Курандын аяттары жана анын котормосун окуу менен башталып, андан соң диний ырлар окулду.

мусулман балдарга руханий жана диний тарбия берүү

Бир сааттык жолугушуунун калган бөлүгүндө Мажлис Атфал-ул-Ахмадия мүчөлөрү Ал Азиретине өздөрүнүн ишенимдерине жана заманбап маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Ал Азиретиден мусулмандар Исламдан корккон адамдарга кандай жооп кайтарышы керектиги тууралуу суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз, Ахмадий мусулмандар, Исламдан же мусулмандардан коркуп, өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө умтулган адамдарга ар дайым жооп берип келгенбиз жана беребиз. Мисалы, биз ушул жерде, Улуу Британияда Тынчтык Симпозиумдарын өткөрүп жатабыз, ал жерде мен Исламдын чыныгы окуулары жөнүндө айтып берем жана мындай ишчараларды дүйнө жүзү боюнча өткөрүүнү тапшырдым. Ошо сыяктуу эле, бир нече жыл мурун мен Исламдын чыныгы жана тынчтык окууларын кеңири масштабда түшүндүргөн баракчаларды жайылтуу боюнча эл аралык жүрүштү баштадым. Жеке деңгээлде адамдарга Ислам сүйүү жана боорукерликтин дини экендигин түшүндүрүү – бул ар бир Ахмадий мусулмандын милдети. Башкалардын жүрөгүндө жана аңсезиминде болгон коркуу же күмөн саноону жок кылуу үчүн, бул чыныгы окуулар жөнүндө маалыматтоону жогорулатуу биздин бардыгыбыздын милдетибиз. Силерге окшогон балдар да досторуңарга жана классташтарыңарга Исламдын чыныгы окуулары жөнүндө айтып берип, өз ролуңарды ойношуӊар керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Шек-күмөнсүз, Ислам тынчтыктын жана сүйүүнүн дини, ал согушка жана зордукзомбулукка жол бербейт. Эсиӊерде болсун, алгачкы мусулмандарга Аллах Таала жихад аркылуу коргонууга биринчи жолу уруксат бергенде, бул дин институтун жана баарына ишеним эркиндигин сактоо принциптери үчүн гана болгон. Ошентип, Ыйык Куранда (22-сүрөө, 40-41-аяттар) коргонуу согушуна уруксат мусулмандардын мыкаачылык менен бутага алынып жаткандыгы үчүн гана берилген жана эгер каршылаштары токтотулбаса, анда бардык чиркөөлөр, синагогалар, храмдар, мечиттер жана башка ибадат жайлары чоң коркунучка туш болмок. Ошондуктан, коргонуу согушуна уруксат бардык диндерди коргоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында гана берилген».

мусулман балдарга руханий жана диний тарбия берүү

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай деди:

«Ачык эле айтайын, Ислам эч качан өзүнүн жайылышы үчүн күч колдонууга, адам өлтүрүүгө же башка түрдөгү зомбулукка жол берген эмес. Чындыгында, Ислам дини христиан чиркөөсүнө, жөөттөрдүн синагогасына же индустардын ибадатканасына кол салуу болсо, аларды коргоо мусулмандардын диний милдети деп айтат. Демек, Ислам – бул башка диндерди коргой турган дин жана ошондуктан жихадчы экстремисттер деп аталган адамдардын жийиркеничтүү ишаракеттеринин Исламдын чыныгы окуулары менен эч кандай тиешеси жок».

Кийинчерээк, Ал Азиретиден дүйнө Ковид-19дан мурунку «кадимки» абалына эч качан кайтып келбейт деп ойлойсузбу деп сурашты.

мусулман балдарга руханий жана диний тарбия берүү

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Келечек кандай болоорун Алла Таала жакшы билет. Бирок, коронавирус пандемиясынан кийин дагы, кыйратуучу экономикалык кесепеттердин дагы узак убакытка чейин сакталары айдан ачык. Кандайдыр бир физикалык согуш же ири жаңжал болбосо дагы, глобалдык экономикалык кырдаалдын турукташуусу үчүн бир нече жыл керек болот. Бирок, тарых бизге терең тамырлаган экономикалык көйгөйлөр болгондо, ал көбүнчө согушка алып бара тургандыгын көрсөтөт, ошондуктан биз чоң согушка жакындап бараткандайбыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Эгерде, Кудай сактасын, коронавирустун артынан согуш тутанып кетсе, анда дүйнөнүн абалы дагы да караңгылап, кесепеттери дагы көптөгөн жылдарга созулат. Демек, Кудай Таала дүйнө жүзүндөгү адамдарга жана элдерге акыл жана даанышмандык берсин деп дуба кылышыбыз керек, натыйжада материалисттик кумарларга алданып калуунун ордуна жана бирибиринин укуктарын тартып алуунун ордуна, дүйнө лидерлери жана мамлекеттери акылын иштетип, тынчтыкка жана ынтымакка умтулушсун. Дүйнөнүн биримдиги жана тынчтыгы ар бир мамлекеттин жана элдин максаты болушу керек. Эгерде мындай чаралар көрүлбөсө, анда абал узак убакытка чейин «кадимкидей» калыбына келбейт жана өтө оор болот».

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай деди:

«Мен ушул пандемия аяктагандан кийин согуш же жаңжал чыгып, анын коркунучтүү кесепеттери көп жылдарга созулушу мүмкүн деп корком жана сезем. Ошондуктан, дүйнөлүк согуш башталбасын жана дүйнө лидерлери акылдуулук менен иш кылсын, натыйжада эл аралык кырдаал мүмкүн болушунча тезирээк турукташып кетсин деп дуба кылышыбыз керек. Буга жетишүү үчүн, адамзаттын Алла Таалага кайрылышы керек, антпесе келечекте дагы пандемияларды же башка кыйратуучу көрүнүштөрдү көрөбүз. Албетте, адамзат Жаратуучусунун алдында таазим кылып, Анын укуктары менен Жаратылышынын укуктарын аткармайынча, биз чыныгы тынчтыкты жана бакубаттуулукту көрө албайбыз. Биз, Ахмадий мусулмандар адамзаттын Кудай Таалага кайрылуу убактысы келип жетти деген кабарды башкаларга жеткиришибыз керек».

Share via