Ганадагы Улуттук Мажлис-э-Амила Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен виртуалдык жолугушуунун урматына ээ болду %
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ганадагы Улуттук Мажлис-э-Амила Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен виртуалдык жолугушуунун урматына ээ болду

Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамааты

«Таблийгди» (дааватты) онлайн режиминде жүргүзүү үчүн жаңы жолдорду издеп, Гана элине жетүүнүн жаңы жолдорун табууӊар керек» – Азирети Мырза Масрур Ахмад

Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Мажлис-э-Амиласы (Башкармалык) 2020-жылдын 28-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана аудитория урматына ээ болду.

Ошондой эле Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамаатын тейлеген аймактык миссионерлер жана аймактык президенттер да катышты.

Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамааты

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Улуттук Амила мүчөлөрү Аккрадагы «Бустан-э-Ахмадда» жайгашкан «Вахаб Адам» МТА студиясынан кошулушту.

Сексен мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө, катышуучулардын бардыгы Ал Азирети менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту жана Улуттук Амиланын мүчөлөрү өз бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретинин жетекчилигин жана көрсөтмөлөрүн алышты.

Ал Азирети сегиз жыл жашап, Ахмадия Мусулман Жамаатында кызмат кылгандыгы үчүн Гана менен болгон жеке байланышына байланыштуу, катышуучулардын көпчүлүгүн таанып жеке өзү билген, ал киши Ганада жүргөн мезгилинде алардын айрымдары жаш балдар болгон.

Жолугушуу башталганда, Ал Азирети Ганада чыныгы Исламды (Таблиг) жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүп, COVID-19 пандемиясы тоскоол болбошун тапшырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Пандемия болгон учурда дагы, Ислам динин башкаларга жеткирүүгө болот. Эгерде силер чоң чогулуштарды өткөрө албасаңар, анда адамдар менен жекече деңгээлде жолугушууга көңүл бургула жана Ислам дининин таалимдерин жеке деңгээлде жайылтуу үчүн бул аракетке көбүрөөк Ахмадий мусулмандарды катыштыргыла».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Силер азыр мени менен түз сүйлөшүп жатканыңар жана мен Ганадагы Амила менен түз сүйлөшө алганым COVID-19дун берекеси. Ошентип, ушул сыяктуу эле, силер Таблигти онлайн режиминде жүргүзүү үчүн жаңы жолдорду издеп, Гана элине жетүүнүн жаңы жолдорун табышыңар керек. Ошентип, өз элиңердин адамдарына кантип жетип, Таблигти (дааватты) эң жакшы жол менен жүргүзүү үчүн туура иш-планды түзгүлө».

Ал Азирети Ганадагы Умур-э-Харижа департаменти (Тышкы иштер бөлүмү) тарабынан өлкө жетекчилерине өлкөнүн табигый байлыктарын жакырчылыкты жоюуга жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жардам берүүчү жол менен колдонууга багыт берүү үчүн аракеттер көрүлүшү керек деп тапшырма берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Умур-э-Харижа бөлүмү өлкөнүн саясатчылары жана лидерлери менен жеке байланыштарын жүргүзүп, алар өлкөнүн жана улуттун өнүгүшү үчүн чын жүрөктөн иштеши керектигин сездирип, түшүндүрүшү керек. Гана көптөгөн табигый байлыктарга ээ, ошондуктан саясатчыларды бул ресурстарды өлкөгө жана анын элине чындап жардам берүүчү, Гана жана анын элинин социалдыкэкономикалык жана саясий шарттарын жакшыртуучу жол менен пайдаланууга үндөшү керек».

Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамааты

Ал Азирети жакында миссионер болуп бүткөн Ахмадия Мусулман Жамаатынын бир нече жаш ганалык өз жашоосун динге арнаган адамдар менен жылуу мамиледе болду. Ал Азирети аларды Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын китептерин түп нускасында окуй алуулары үчүн урду тилин жакшыраак түшүнүүгө умтулуулары керек деп насаат кылды. Ушуга байланыштуу, Ал Азирети күн сайын Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын жазууларынын үзүндүлөрүн окуп, ошондой эле урду тилинде ага кат жазып туруу керектигин айтты.

Жолугушуу аяктап, Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти жана миссионерлердин төрагасы Маулвий Мухаммад бин Салих 2020-жылдын 7-декабрында Ганада боло турган президенттик шайлоо үчүн Ал Азиретиден дуба кылуусун суранышты.

Ушундан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде азыркы өкмөт өлкө жана анын эли үчүн жакшы иштерди жасаган болсо, анда алар жеңишке жетиши керек. Эгер андай эмес болсо, анда мен мамлекет үчүн пайдалуу болгон жана улуттун өсүп-өнүгүшү үчүн чын ыкластан иштеген дагы бир адам өкмөттү түзсө болот деп дуба кылам, ИншаАллах».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via