Ганадагы Жамия Ахмадия Интернейшнлда диплом тапшыруу аземи
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ганадагы Жамия Ахмадия Интернейшнлда диплом тапшыруу аземи

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка Гана

Ганадагы Эл аралык Ахмадия университетинин 2020-жылдагы бүтүрүүчү «Шахиддердин» коштошуу аземи 

Аллах Тааланын берешендиги менен Ганадагы Эл аралык Ахмадия университетинин «Шахиддердин» коштошуу аземи 2020-жылдын 5-сентябрында, ишемби күнү болуп өттү. Аземге Ахмадия университетинин директору урматтуу Фарийд Ахмад Навийд мырза төрагалык кылды. Быйыл 5 мамлекеттен келген 8 бактылуу студент окуусун аяктап, дааватчылардын катарына кошулушту. Буга чейин, биринчи жылы, 2017-жылы 11 мамлекеттен келген 26 студент, экинчи жылы 10 мамлекеттен келген 13 студент, үчүнчү жылы 8 мамлекеттен келген 14 студент «Шахид» курсун аяктаган. Ошентип, буга чейин Жамия Ахмадиянын ушул филиалынан жалпы 61 дааватчы амал майданына киришти. Ал эми кийинки жылы, 2021-жылы бүтүрө турган «Шахиддердин» саны 31ди түзөт. Бул жылы бүтүргөн студенттердин аты-жөнү өлкөлөрүнүн аты менен төмөндөгүдөй:

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка Гана

  1. Халид Махмуд Ахмад (Индонезия)
  2. (Теги пакистандык) Мырза Фараз Ахмад Тахир (Буркина-Фасо)
  3. Насир Ахмад Тахир (Индонезия)
  4. Фажр Каусар (Индонезия)
  5. Маъаариф Муътабират (Индонезия)
  6. Казибой Рамазан (Уганда)
  7. Ийди Абувау (Кения)
  8. Хусайн Юсуф (Танзания)

Эпидемияга байланыштуу аталган азем чектелген масштабда өткөрүлүп, ага Жамия Ахмадиянын окутуучулары жана бүтүрүүчү «Шахиддер» гана катышышты. Курани Каримди окуп, анан Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын «Ыйык Курандын баалуулуктары» аттуу поэмасынан бир нече ырларын окугандан кийин, бардык «Шахиддер» «Биз Халифалыктын эң төмөнкү аскерлерибиз» деген поэмадан бир нече ырларын жагымдуу үн менен ырдашты. Андан кийин мен академиялык отчётун окуп бердим. Отчётто университеттин окуу программасы жана бардык башка программалар Курани Каримдин жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүнүн айланасында экендиги жана ошонун негизинде студенттер диний жана светтик илимдер менен тааныштырылгандыгы айтылды. Студенттердин окуу жана практикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана кеңейтүү максатында жыл ичинде Жамия Ахмадияда окутуу илимдеринен тышкары, бир катар практикалык иш-чаралар дагы жүргүзүлөт. Аларга МТА үчүн программаларды даярдоо жана текшерүү, Гана Телевидениясынын GTV жана Cine Plus каналдарынан көрсөтүлүүчү програмаларда берилген суроолорго жооп берүү, каникул убагында Вакф-э-Аарзиге катышуу, ошондой эле жазуу, сүйлөө речин өнүктүрүү жана академиялык мелдештерге, спорттун ар кандай түрлөрү – футбол, волейбол, аркан тартыш жана башкалардан тышкары, 20 км аралыкка чуркоо жарыштары дагы киргизилген. Жамиянын 7 жылдын аягында жазуу жүзүндө сынак (экзамен) өткөрүлөт жана студенттердин бардыгы илимий темада диплом ишин жазышат. Аллах Тааланын ырайымы менен бардык студенттер сынактардан жана дилбаян жазуудан ийгиликтүү өтүштү.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка Гана

Академиялык отчётунун презентациясынан кийин, аталган аземдин атайын коногу, Ганадагы Ахмадия Университетинин окутуучусу урматтуу Анвар Икбал Сакиб мырза студенттерге медалдарды тапшырып, Азирети Амирул-Му′минийндин (Алла Таала аны колдосун) 2019-жылы бүтүргөн «Шахиддер» үчүн басылып чыккан билдирүүсүн таратты. Аталган азем Ахмадия Университетинин ардактуу директору алып барган дубасы менен аяктады. Андан кийин катышуучулар коноктолуп, сыйланышты. Ошондой эле бүтүрүп жаткан студенттердин группасы менен сүрөткө түшүтү.

Ал студенттер өз өлкөлөрүнө жөнөө үчүн 8-сентябрда Аккра шаарындагы Жамаатыбыздын Улуттук борборуна жөнөп кетишти. Алар Ганадагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири жана миссионерлердин төрагасы урматтуу Нур Мухаммад бин Салих мырза менен жолугушту. Аталган студенттер анын колунан сертификат алышып, сүрөткө дагы түшүштү.

Аллах Таала ушул бүтүрүүчүлөрдү Ахмадия Мусулман Жамаатынын абдан пайдалуу мүчөлөрүнөн кылсын. Исламдын үстөмдүгү үчүн башталган бүткүл дүйнөлүк жүрүштө Ахмадия Халифатына чыныгы колу жана жардамчы кылып, Вакф жаатында берилгендиктин бийик стандарттарын орнотуп, Алла Таала кабыл кыла турган диний кызматтарды аткарууга мүмкүнчүлүк берсин. Оомин.

(Репортажды даярдаган: Саджид Махмуд Бхуттер, Ганадагы Ахмадия университетинин окутуучусу)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via