Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канадага келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канадага келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад кандайдыр бир эмоциялуу жагдайда миңдеген Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды

2016-жылдын 3-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канадага келип, миңдеген Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды, ал 4 жылдан көбүрөөк убакыттан кийин Онтариого караштуу Воган шаарында жайгашкан «Тынчтык Айыл» деген жерге кайтып келди.   .

Учурлук Халифа Канаданын Торонто Пирсон Аэропортунда Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Президенти (Амири)  – Лал Хан мырза жана бир топ башка кызматтарда иштеген адамдар тарабынан тосулуп алынып, андан кийин алар ал кишини «Тынчтык Айылда» жайгашкан, Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук борбору болгон «Байтус-Салам» мечитине узатып келишти.

2016-10-03-ca-arrival-002

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Тынчтык Айылга» келип, миңдеген Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды, алар кубаныч жана сүйүү ураандарын чакырышып, Алла Таалага ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал киши Воган шаарынын мэри – Урматтуу Мауризио Бевилаккуа, Онтарио облусунун транспорт министри – Урматтуу Стевен Дел Дука жана Улуттук Парламенттин депутаты Урматтуу Деб Шаулте тарабынан да тосулуп алынды.

2016-10-03-ca-arrival-003

Жетип келгенден бир аздан кийин ал киши «Байтус-Салам» мечитинде пешин менен дигер намаздарына имамчылык кылды.

2016-10-03-ca-arrival-004

Ал киши 7-9-октябрь күндөрүндө Миссиссаге шаарында боло турган Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 40-Жылдык Жыйынына (Жалса Салана) катышуу максатында Лондондон жол тартып келди.

2016-10-03-ca-arrival-005

2016-10-03-ca-arrival-006

Анын иш сапары, ошондой эле Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 50 жылдык юбилей майрамы менен дал келет.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via