«Мигранттардын жөндөмдүүлүгүн пайдалангыла» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Мигранттардын жөндөмдүүлүгүн пайдалангыла» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Торонто Жылдызы» газетасынын төрагасы менен жолугушуунун аралыгында билдирген ой-пикири

2016-жылдын 5-октябрында Канадага караштуу «Тынчтык Айылда» жайгашкан «Байтус-Салам» мечитинде «Торстар корпорациясы» (медиа тобу) башкармасынын төрагасы Джон Хондерич мырза Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) менен жолукканы келди.

Жолугушуунун аралыгында Хондерич мырза «Торонто Жылдызы» газетасы (Торстар публикациясы) жакында эле канадалык мечиттерде таралган экстремисттик адабияттарды сунуш кылган жаңы изилдөө жөнүндө макала басылып чыккандыгы жөнүндө айтып, анда каталык жолу менен Ахмадия Мусулман Жамаатына караштуу «Байтус-Салам» мечитинин сүрөтү басылып чыкканына терең өкүнгөнүн билдирди.

Хондерлич мырза Учурлук Халифага мындай деп маалымдады: «Торонто Жылдызы» газетасы ушул катасын билген соң дароо эле ошол сүрөттү алып салган жана расмий түрдө төмөндөгүдөй кечиримди сураган:

«Байтус-Салам» мечитинин изилдөө мазмунуна эч кандай тиешеси жок – ал өзү суроо астында – ошон үчүн бул өзгөчө мечиттин образы тигил макала менен эч кандай байланышы жок болуусу керек болчу… Исламдык экстремизм жөнүндөгү кайсы бир репортажды айрыкча ушул мечитке байланыштыруу эч кабыл кылгыс жаңылыштык, «Торонто Жылдызы» газетасы «Байтус-Салам» мечитинен жана Ахмадия Мусулман Жамаатынан кечирим сурайт».

Учурлук Халифа «Торонто Жылдызы» ушул катаны оңдоо үчүн дароо аракет кылгандыгы үчүн Хондерлич мырзага ыраазычылык билдирди жана мындай деди: Хондерлич мырза себепчи болгон ушул окуя

 «жаманчылык болмоюнча жакшылык болбойт»

дегендей Холдерлич мырзага, ошондой эле «Торонто Жылдызы» жазуучуларына мындан ары дагы Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын өзү менен таанышууга өбөлгө түзүлдү.

Жолугушуунун аралыгында Учурлук Халифа жана Хондерлич мырза мигранттар Батыш дүйнөгө көрсөткөн таасири жөнүндө талкуулашты. Учурлук Халифа Канада

«Башкаларга караганда иммигранттарды алууга жакшыраак даяр болгон толеранттуу эл»

деп ойлойм.

Учурлук Халифа: Канада канчалык мүмкүн болсо, ошончолук тез арада мигранттарды жумушка салуу жолу менен

«мигранттардын жөндөмдүүлүгүн пайдаланат»

деп ишенем – деди.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via