Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канадага караштуу Реджайнада жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Канадага караштуу Реджайнада жаңы мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Канадага жасаган иш сапарынын аралыгында «Махмуд» мечитин ачып, жума кутбасын окуду

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 4-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Саскачеван облусунда борбордук шаар катары кызмат кылып жаткан Реджайна шаарында «Махмуд» мечитин ачты.

Улуу Урматтуу Халифа келип, эстелик тактасын ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана Алла Таалага ыраазычылык билдирип, дуба сурады.

Андан кийин ал Азирети жаңы салынган мечиттен жумалык жума кутбасын окуп, мечиттердин чыныгы жана тынчтык максат-мүдөөлөрү жөнүндө токтолду.

Андан тышкары Азирети Мырза Масрур Ахмад мечит куруу үчүн акча чогулткан жана а түгүл анын физикалык курулушуна чоң роль ойногон жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын жасаган аракеттерин жана курмандыктарын мактады. Ал Азирети мечиттин курулушуна сарпталган акча мечитти курууга жардам берүү максатында өздөрүнүн убактысын ыктыярдуу түрдө бөлгөн жергиликтүү Ахмадий мусулмандар жасаган финансылык курмандыктары менен аябагандай азайтылганын айтты. Мечитти салууга жергиликтүү Ахмадий мусулмандар 41,500 саатты бөлүшкөн.

Ахмадий мусулмандардын тынчтык амалдары менен экстремисттердин амалдарынын ортосундагы карама-каршылык жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээ бир мусулмандар дүйнөдө баш аламандыкты жайылтуу менен алектенип турган бир учурда Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн убагын жана мал-мүлкүн Алла Тааланын Үйлөрүн курууга арнап жатышат. Ахмадий мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «кимде-ким бул дүйнөдө Алланын Үйүн салса, ал өзү үчүн бейиште үй салган болот» деген сөздөрүнө ылайык амал кылып жатышат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты: Ахмадий мусулмандар жасаган курмандыктары Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу жана Ислам дини жөнүндөгү туура эмес түшүнүктөрдү кетирүү үчүн болчу.

2016-11-04-ca-regina-mosque-002

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар жасаган курмандыктары дүйнөнү мечиттер жана Ислам дининин таалимдери дүйнөдө баш аламандыкты пайда кылуу себепчиси эмес, тескерисинче бул дүйнө жана о дүйнөдө өзүбүздү жакшыртуу себепчиси экенинен кулактандыруу үчүн болчу. Алар адамдарды өздөрүнүн Жаратуучусун жана Анын Жаратылышын сүйүүгө чакырат».

Ал Азирети мындай деди: Канададагы Ахмадий мусулмандар абдан бактылуу, анткени алар мечиттерди сала ала турган жана эркиндик менен өздөрүнүн ишенимине ылайык амал кыла ала турган өлкөдө жашашат, ал эми Пакистанда жашаган Ахмадий мусулмандар андай кыла албай калышты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Көбүнчө Пакистандагы Ахмадий мусулмандар өтө чоң мууңдуулук менен мыйзамдар өзгөрүп кетсин, натыйжада биз мечиттерди салалы же эч болбогондо жамаат намазыбызды аткаруу үчүн намазканаларды куруп алалы деп дуба кылууңузду суранабыз деп мага кат жазышат. Азыркы учурда аларга а түгүл имам туруп, намазга имамчылык кыла ала турган михраб бар бир бөлмө курууга да уруксат жок, ал эми мечиттин өзгөчөлүктөрү, мисалы мунаралар жана күмбөздөр жөнүндө ойлонуу да бекер. Чындыгында, кээ бир аймактарда жагдай ушунчалык курч: Ахмадий мусулмандар а түгүл жүздөрү Меккеге карата имараттарды да кура алышпайт».

Ал Азирети мындай деди: материализм үстөмдүк кылып жаткан бир учурда башкаларга руханийликтин жана диндин берекелери жөнүндө маалымат берүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азыркы учурда дүйнөнүн басымдуу бөлүгү материалдык өсүп-өнүгүүнү эле өзүнүн жападан-жалгыз максаты деп ойлойт… мына ошондой учурда материализмге умтулуу түбөлүк кубаныч же канааттанууну алып келе албайт деген нерседен дүйнөнү кулактандыруу Ахмадий мусулмандардын моюнундагы милдет. Андан көрө, кубанычтар жана бейпилдиктин чыныгы жана түбөлүк куралдары Алла Тааланын акы-укуктарын аткаруу менен насип этилет».  

Ал Азирети мындай деди: мечит жергиликтүү калктын арасында кызыгууну жаратат жана жергиликтүү калк мечитке катышкандардын амалдарына көз салып турушат. Ошондуктан, ар дайым эң мыкты адеп-ахлактык амалдарды жана чынчылдыкты даңгазалоо ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат.

Жума кутбасынын аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сурады:

«Алла Таала балдарыбызга алардын ата-энеси жасаган финансылык курмандыктарын түшүнүүгө күч-кубат берсин, ошондой эле алар салган мечиттери Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтсын, алар өз балдарына берген адеп-ахлактык жана руханий багыт чынында эле алардын ата-энеси алар үчүн калтырган чыныгы байлык болсун. Алла Таала келечек муундарына ушул келишимди өз балдарына чейин да жеткирүү мүмкүнчүлүгүн берсин».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via