Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаңы мечитке алгачкы ташын койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Нордхорн шаарында «Саадык» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.
Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2015-жылдын 14-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Нордхорн шаарында биринчи Ахмадия мусулман мечитине алгачкы ташын койду. Ал киши ошол мечитке «Саадык мечити» (чынчылдардын мечити) деп ат койду.
Жүзгө (100) жакын коноктор аземге катышышты, алардын катарында Нордхорн шаарынын мэри Томас Берлинг жана райондук Комиссардын орун басары Елена Хун сыяктуу ар кандай кызматтардагы чоң сый-урматка ээ инсандар дагы бар болчу.
Расмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти (Амири) – Абдулла Вагышаузер мырзанын (конокторго айтылган) куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Ал киши угармандарды төмөнкүдөй маалыматтар менен тааныштырды: Нордхорн шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамааты күтүлбөгөн жерден Сириядан келген качкындар агымы менен мамиле кылып жаткан жергиликтүү бийликтегилерге колдоо көрсөтүп жатат.
Андан кийин келген сыйлуу коноктор Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктоо үчүн сахнага чыгышты.
Графшафт жана Бентхайм райондорунун комиссардын орун басары Елена Хун мындай деди:
«Азирети Мырза Масрур Ахмадды ушул аймакка «кош келиңиз» деп айтыш биз үчүн өтө чоң сый-урмат. Нордхорн шаарындагы Ахмадия Мусулман Жамааты салыштырмалуу кичинекей, ошентсе да, жергиликтүү коомчулукка анын салымы өтө чоң, ошондуктан мен ушул мечит интеграция жана толеранттуулуктун символу болот деп ишенем».
Нордхорн шаарынын мэри Томас Берлинг мындай деди:
«Мен күтүлбөгөн жерден Сириядан келген качкындар агымы менен мамиле кылып жатканыбызда, Ахмадия Мусулман Жамааты бизге көрсөткөн колдоосу үчүн чоң ыраазычылыкты билдирем. Силер айрыкча котормочулук маселелеринде баа жеткис кызматтарды аткарып жатасыңар. Ахмадия Мусулман Жамааты аткарып жаткан ар бир иш-амалы анын «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген ураанына негизделет».
Негизги кайрылуу Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан жасалып, анда мындай деп айтты: Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) эки түрдүү акы-укуктарды – Алла тааланын жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу ар бир мусулмандын милдети деп көрсөтмө берген.
Мына ушул таалимдердин негизинде, ал киши мындай деди: ушул жаңы мечит Жалгыз Аллага сыйынуучу жай гана болбостон, ал эми бардык адамдарга кызмат кылуу жана аларды коргоо куралы экенин дагы далилдейт.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Эгерде адамдар Алла тааланын акы-укуктарын аткарууга жана адамзатка кызмат кылууга көңүл бурушса, анда бул дүйнө тынчтыктын бейиши болуп, бардык кастыктар жок болуп кетмек. Албетте, биз куруп жаткан мечиттер бардык чыр-чатактар жана жек көрүүлөрдү жоготуп, жана бир гана тынчтыкты таратат».
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:
«Мусулман катары биз Алла таала бардык адамдардын Раббиси экенине ишенебиз. Ошондуктан, бардык адамдарга кызмат кылуу жана аларга көңүл буруу милдетибиз болуп эсептелинет. Демек, биз – Ахмадий мусулмандар ар дайым колдон келишинче ар кандай жолдор аркылуу адамзатка кызмат кылууга даяр турабыз».
Диний Жолбашчы мындай деп айтты: өздөрүнүн кошуналарын сүйүү жана коргоо мусулмандардын парзы болуп саналат.
Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:
«Өзүбүз үчүн тынчтыкты каалап, бирок кошуналарыбыз үчүн чыр-чатак жана кайгы-капаларды тилөө мүмкүн эмес. Ошондуктан, биз мечиттерди салганыбызда, айлана-чөйрөбүздөгүлөрдүн баарын коргоо жана сүйүү биздин милдетибиз деп ишенебиз. Мечиттерибиз биз үчүн тынчтык жана рахат жайы болушу менен бирге биз башкаларга дагы сүйүү, рахат жана тынчтыкты камсыздоону каалайбыз».
Ал киши мындай деп айтты: өтө көп коноктордун ушул аземге катышкандыгы жергиликтүү адамдардын өтө бийик даражадагы моралдык деңгээлдерин жана бардык адамдарды өзүнө кабыл ала турган бир өзгөчө коом экендигин билдирет.
Ал киши мындай деди: жергиликтүү адамдар «Ахмадий мусулмандар сунуштаган достук колун бекем кармашты».
Ал киши төмөндөгүдөй бата менен өз пикирин аяктады:
«Мен ушул мечит силерде Ислам дини жөнүндө болгон бардык коркунучтарды жана кабатырланууларды алып салуучу курал болсун деб дуба кылам, Иншааллах (Кудай буюрса) ал тынчтык, гармония жана мээримдүүлүктөн турган чыныгы Ислам динин даңгазалоочу курал болот».
Кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад «Садык» мечитине алгачкы ташын койду.
Ал кишинин ардактуу жубайы Азирети Аматус-Субух айым дагы бир ташты койду, андан кийин бир топ Борбордук, Улуттук жана Жергиликтүү Ахмадий мусулман төрагалары дагы таштарды коюшту.
Аталган азем Азирети Мырза Масрур Ахмад алып барган тынч сыйынуусу менен аяктады.
АЯГЫ
Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk
Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK
Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682
Email: press@ahmadiyya.org.uk
Press Secretary AMJ International
(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)