Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын делегациясынын жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын делегациясынын жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Африка

Жамаатыбыз делегациясынын Нигердин президентинин кабинетинин директору менен жолугушуусу

Нигердеги Ахмадия Мусулман Жамааты бийлик өкүлдөрүнө өкмөттүк деңгээлде Учурлук Имамдын кабарын жеткирүүгө аракет кылып жатат. Ушуга байланыштуу, Жамаатыбыздын делегациясы Нигердин Президентинин кабинетинин директору Хадизату Якуба Хуссайни менен жолугушту. Жолугушуу директордун кеңсесинде болуп, бир саатка созулду. Жамаатыбыздын делегациясынын курамына Нигердеги Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы урматтуу Асад Мужийб мырза, Жамаатыбыздын миссионери Амир Иршад мырза жана жергиликтүү миссионер урматтуу Лавали Шуаибу мырза киришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) таанытылып, Ахмадия Мусулман Жамааты жана Азирети Амирул-Му′минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) дагы тааныштырылды. Кийинчерээк директор айымга Ыйык Курандын французча котормосу менен кошо «Ислам окууларынын философиясы» жана «Глобалдык кризис жана тынчтыктын жолу» аттуу китептердин французча котормосун тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алдык. Бул үчүн директор айым бизге ыраазычылыгын билдирип, бир топ убакытка чейин Хузурдун «Дүйнөлүк кризисти жана тынчтыктын жолу» аттуу китебин карап чыкты. Соңунда директор айым Жамаатыбызга каалоо тилектерин айтты.

(Репортажды даярдаган: Каусар Жамийл – «Ал-Фазл Интернейшнал» газетинин кабарчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via