Голландиядагы Худдамул Ахмадиянын мүчөлөрүнүн тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Голландиядагы Худдамул Ахмадиянын мүчөлөрүнүн тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Голландия

Голландиядагы Мажлис Худдамул Ахмадиянын 125тен ашуун мүчөлөрү Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык жолугушуу өткөрүштү

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы Ахмадий мусулмандарды дүйнөдө саясий жана экономикалык баш аламандык болуп жаткандыктан, дубага көңүл бурууга үндөйт

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Азирети Голландия Мажлис Худдам-ул-Ахмадиянын 125тен ашуун мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушууну өткөрдү.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан өзүнүн кеңсесинен дем берүүчү сессиясына төрагалык кылды, ал эми Мажлис Худдам-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Альмередеги «Байтул-Аафият» мечитинин жанында жайгашкан конференция борбору Хет Витте Хуисте (Ак Үй) отурушту.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Голландия

Аталган азем Ыйык Куран аяттары жана анын котормосу менен башталып, андан соң бир поэмадагы айрым ырлар ырдалды. Андан кийин, бир саатка созулган жолугушуунун калган бөлүгүндө, Маджлис Худдамул-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Ал Азиретиге өзүлөрүнүн ишенимдери, дини жана заманбап маселелери боюнча бир катар суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азиретиге ар кандай суроолор берилди, анын ичинде ата-энелер ымыркай балдарда Алла Таалага болгон ишенимди кантип өрчүтө алышат; Жакынкы Чыгыштагы саясий окуялар; COVID-19дан кийинки дүйнөдө дыйканчылыкты жана айыл чарбачылыкты жогорулатуу зарылдыгы барбы же жокпу, ошондой эле Ал Азиретинен жаш кезиндеги кандайдыр бир жеке тажрыйбасын айтып берүүсүн суранышты.

Жаш балдарга диний жана адеп-ахлактык таалим-тарбия берүүнүн ылайыктуу жолу жөнүндө суралганда, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала балага адеп-ахлактык тарбия берүү төрөлгөндөн эле башталуусу тийиш деди. Ошондуктан, Исламдын Пайгамбары (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мусулман баласы төрөлгөндө, Азан жана Икама (коомат) балага окулушу керек, ошондо Алланын аты анын төрөлгөндөн башталып кулагына кирет. Ошентип, балага адеп-ахлактык тарбия берүү биринчи күндөн башталат, ошондо жаш наристе эч нерсени түшүнө албайт деп ойлобогула», – деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улантты:

«Бала чоңойгон сайын ага Алла Таала берген нерселердин бардыгы жана алардын бардык муктаждыктарын кандыргандыгы үчүн Ага ыраазычылыктарды билдириши керек экендигин түшүндүрүп берүү керек. Бала жети жашка толгондо, аларды мүмкүн болушунча көбүрөөк намаз окууга үндөөңөр керек, бирок ошол эле учурда, жаш баланы стресске учуратпагыла жана аларды коркутпагыла. Аларга сүйүү жана жумшактык менен мамиле кылгыла. Эске алчу негизги нерсе, адам балалык чагында алган сабактары көбүнчө өмүр бою эстеп турат».

Жакында Бириккен Араб Эмираттары тарабынан Израилдин расмий таанылышынан кийинки Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Фундаменталдуу маселе – бул ар бир тараптын ой-ниети. Эгерде алардын ой-ниеттери жакшы жана чын жүрөктөн болсо, анда тынчтыкты орнотууга жардам бере турган нерсе жакшы. Кандай болбосун, бул саясий маселелер жана Ахмадий мусулмандар катары биз ар дайым дубага көңүл бурушубуз керек. Өз акы-укуктарынан ажыратылгандардын бардыгы үчүн биз дуба кылышыбыз керек».

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Голландия

COVID-19дан кийинки экономикалык баш аламандык адамдар же элдер азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу каражаты катары айыл чарба өндүрүмдөрүн көбөйтүүгө аракет кылышы керектигин билдирип жатабы же жокпу, деп дагы Ал Азиретиден суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Албетте, Улуу Британияда, эми алар Европа Бирлигинин мүчөсү болбой калышкандыктан, Улуу Британия өкмөтү дыйканчылыкты жана айыл чарбасын алдыга жылдырышы акылдуулукка жатат. Европа Бирлигинин мүчөлөрү жөнүндө айта турган болсок, эгер алар бирдиктүү болуп, азык-түлүк коопсуздугуна келгенде бири-бири менен кызматташууну улантышса, анда бул алардын кызыкчылыгына барат. Ошого карабастан, сөзсүз түрдө болуп жаткан экономикалык башаламандык согушка алып келбесин деп дуба кылышыбыз керек. Кудай сактасын, эгерде качандыр бир өзөктүк курал колдонулса, анда канчалык дыйканчылык жана айыл чарбачылык кылынбасын, ал текке кетет. Ошондуктан, келечекке үмүттөнүп жатып, Алла Тааланын мээримин сурап турушубуз керек».

Ал Азирети Ахмадий мусулмандарды тең салмактуу жана аш болумдуу тамактанууга үндөдү. Ага мүмкүнчүлүгү бар адамдар органикалык тамактарды жеп, ошондой эле шпинат же капуста сыяктуу жалбырактуу жашыл жашылчаларды жегенге аракет кылышы керек деп кеңеш берди.

Класстын аякташы менен, Ал Азиретинен Ахмадий мусулман жаш катары жаш кезиндеги өзгөчө эскерүүлөрдү бөлүшүүсүн суранышты.

Буга жооп кылып Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен Пакистандагы Ахмадий мусулмандарга эч кандай чектөө коюлбаган балалык кезимди сүйүү менен эстейм. Биз жыл сайын Худдамдардын Ижтимаасын (Жаштардын Жылдык Чогулушун) өткөрүп, Ижтимаанын имараттарында конуп турчубуз. Бирок бизде тийиштүү чатырлар жок болгондуктан, шейшептерибиз менен чатыр курчубуз! Балдар катары Ижтимаа лагеринде чатыр тигип алып, эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга аябай кубанчубуз. Алар мага аябай жаккан өзгөчө учурлар болчу».

Чектеш темалардын мазмуну
Share via