Амирул-Му'минийн Мырза Масрур Ахмад аткарган иштеринин күндөлүгү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Амирул-Му’минийн Мырза Масрур Ахмад аткарган иштеринин күндөлүгү

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү (30-январдан 2-февраль күндөрү)

2020-жылдын 30-январынан 2-февралынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылабыз:

◊ 31-январь, куттуу жума күнү: Ал Азирети Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду, ал кутба МТАнын спутник байланыштары аркылуу, андан тышкары Ютуб ж.б. медиа форумдары аркылуу бүткүл дүйнөдө угулган жана көрүлгөн. Ал Азирети өзүнүн жума кутбасында Бадр согушуна катышкан Азирети Талха (разияллааху анху)нун куттуу мүнөзүн жагымдуу баяндады. Андан тышкары, (Рабвах шаарында жайгашкан Жетекчи Катчынын кеңсесинде Жеке Катчынын мурунку жардамчысы) Бау Мухаммад Латиф Сахиб Амратсарийдин каза тапканында, аны жакшы сөздөр менен эскерип, анын жаназа намазын окутту.

1-февраль, ишенби күнү: Бүгүн пешин намазынан мурун Исламабаддагы Осмон Чау аймагында жайгашкан кабыл алуу бөлмөсүндө Германиянын Niedersachsen аймагынан келген 55 адамдан турган бир делегат Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу бактысына ээ болду. Жолугушуунун аралыгында Худдаамдар өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисине ар кандай маселелер тууралуу суроо берип, андан багыт алышты. Жолугушуунун аягында делегат мүчөлөрү Хузур-э-Анвар менен чогуу сүрөткө түшүшкөн.

Бүгүн Ал Азирети Исламабаддагы «Мубарак» мечитинде Аср намазынан кийин төмөндөгүдөй 9 никени кыйып, алардын берекелүү болуусу үчүн дуба кылдырды:

(Германиянын тургуну) урматтуу Тахир Ахмад мырзанын (Вакифа-э-Нау) кызы кымбаттуу Хаала Идристин никеси (Германиянын тургуну) урматтуу Мухаммад Идрис мырза маркумдун уулу урматтуу Каасид Ахмад Идрис мырза менен кыйылды.

(Австралиянын тургуну) урматтуу Музаффар Ахмад Чандио мырзанын (Вакифа-э-Нау) кызы кымбаттуу Науша Музаффардын никеси (Австралияда иштеп жаткан миссионерибиз) урматтуу Имтияз Ахмад Навид мырзанын уулу урматтуу Фархаад Ахмад Мунис мырза менен кыйылды.

(Англиянын тургуну) урматтуу Мухаммад Шуъайб Наййар мырзанын (Вакифа-э-Нау) кызы кымбаттуу Аафия Шуъайбдын никеси (Англиянын тургуну) урматтуу Вахийд Ахмад мырзанын уулу урматтуу Райхаан Вахийд Ахмад мырза менен кыйылды.

(Рабвахтын тургуну) урматтуу Саййид Надийм Макбул мырзанын кызы кымбаттуу Саййида Саира Надиймдин никеси урматтуу Шавкат Али мырзанын уулу (Рабвахта жайгашкан Изилдөө Бөлүмүндө иштеп жаткан Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Адийл Ахмад мырза менен кыйылды.

(Пакистандын тургуну) урматтуу Алтааф Хусайн мырзанын кызы кымбаттуу Сабиха Алтаафтын никеси урматтуу Хан Мухаммад мырзанын уулу (Рабвахтагы Вакаалат-э-Таалим кеңсесинде иштеп жаткан Жамаатыбыздын миссионери) урматтуу Хафиз Зишаан Лаашаарий мырза менен кыйылды.

(Англиянын тургуну) урматтуу Аднан Музаффар мырзанын кызы кымбаттуу Намуд-э-Сахардын никеси (Англиянын тургуну) урматтуу Ифтихаар Али мырзанын уулу урматтуу Али Разаа мырза менен кыйылды.

(Англиянын тургуну) урматтуу Башир Ахмад Хан мырзанын кызы кымбаттуу Машъал Ахмад Хандын никеси (Англиянын тургуну) урматтуу Мухаммад Иляс Даар мырзанын уулу урматтуу Жаваад Ахмад Даар мырза менен кыйылды.

(Канаданын тургуну) урматтуу Танвир Ахмад мырзанын кызы кымбаттуу Маах-э-Нур Танвирдин никеси урматтуу Мунир Ахмад (Ташнах) мырзанын (Канададагы МТАда иштеп жаткан, өз өмүрүн динге арнап салган) уулу урматтуу Баасил Ахмад мырза менен кыйылды.

(Канаданын тургуну) урматтуу Саййид Шуъайб Ахмад Жунууд мырзанын кызы кымбаттуу Саййида Фарял Жунууддун никеси (Англиянын тургуну) урматтуу Аабид Ахмад Насир мырзанын уулу (Ваакиф-э-Нау) урматтуу Фахийм Ахмад Насир мырза менен кыйылды.

2-февраль, жекшенби күнү: Бүгүн пешин намазынан мурун Исламабаддагы Осмон Чау аймагында жайгашкан кабыл алуу бөлмөсүндө Германиядан келген Ваакфийн-э-Наудан турган бир делегат Азирети Амирул-Му’миний (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу бактысына ээ болду. Жолугушуунун аралыгында Ваакфийн-э-Нау өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисине ар кандай маселелер тууралуу суроо берип, андан багыт алышты. Жолугушуунун аягында делегат мүчөлөрү Хузур-э-Анвар менен чогуу сүрөткө түшүшкөн.

Ал Азирети (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) менен жолугушуу

2020-жылдын 27-январынан 2-февралынын аралыгында Ал Азирети беш күн расмийлер менен, ал эми алты күн жеке адамдар менен жолугушту. Ар кайсы кеӊселердин бөлүм башчылары, Жамаат миссионерлери ж.б. туугандар өздөрүнүн расмий жолугушууларында Ал Азиретиден көрсөтмөлөрдү жана багыттарды алышты.

Ал күндөрдө 92 үй-бүлө жана 48 адам өзү өзүнчө Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Бул жагынан алганда жеке жолугуша турган адамдардын саны 140 болгон. Өздөрүнүн Жетекчиси менен жолугушуу үчүн Ахмадий мусулман бир туугандар төмөндөгү 11 өлкөдөн келишкен:

Америка, Канада, Австралия, Пакистан, Германия, Голландия, Бельгия, Швеция, Банладеш, Англия жана бир араб өлкө.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумасына үч жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 4-февраль, 2020-жыл)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via