Сьерра-Леоне республикасында жаңы Ахмадия мечити жана радиосу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасында жаңы Ахмадия мечити жана радиосу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Сьерра-Леоне республикасынын Макени регионунда Ахмадия мечити жана Ахмадия Мусулман Радиосунун куттуу ачылуусу

Мечиттин ачылуусу

Алла Тааланын берешендиги менен 2020-жылдын 2-февралында Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына Макени регионундагы «Кызыл Крест Раполон» деген жерде бир жаңы мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Сабаахат Али мырзанын үндөөсү менен Канададагы Мажлис Худдаамул-Ахмадия ушул мечитти куруу чыгымдарын төлөгөн. Ал мечиттин курулушуна 72 миллион Сьерра-Леоне акча бирдиги сарпталган. Фа-жазаахумуллааху ахсанал-жазаа. Макени регионунда иштеп жаткан региондук миссионерибиз урматтуу Тахир Ахмад Фаррух мырза аталган мечитке алгачкы ташын койгон эле жана ага көзөмөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү да ага эле насип этилген. Ал мечиттин курулма бөлүгү 42 x 58 футту камтыйт жана анда бир убакытта 300 адам намаз окушса болот.

Мечиттин ачылуу аземи Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырзанын төрагалыгында Курани Карим окулуп, анын котормосу менен башталган, андан кийин келген коноктор тааныштырылган. Урматтуу Амир Сахиб менен бирге аталган аземде урматтуу Ханийф Махмуд мырза жана урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза да бар болчу. Жергиликтүү коноктордун арасында 10 Ахмадий эмес имам-хатиб, 2 айыл-кыштак башчылары, консул жана уруунун башчысы спикер бар болчу. Ал куттуу аземге 350дөн ашуун адамдар катышышкан.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Аталган кечеден кийин урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза жипти кесип, расмий түрдө мечитти ачып, дуба кылган. Андан кийин ошол эле мечитте пешин менен дигер намаздары жамаат болуп аткарылган. Азем бүткөн соң келген конокторго тамак сунушталган.

Алла Таала ушул мечитти намаз окуучу адамдар менен толтуруп турсун жана Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуучу куралына айландырсын деп дуба кылабыз. Аамийн.

Радионун ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен Макенидеги Ахмадия Мусулман Радиосу 2020-жылдын январында өзүнүн радио-берүүлөрүн баштаган, бирок расмий түрдө ал Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырза менен бирге Жалса үчүн келген борбордук коноктор Палестинадагы Жамаатыбыздын Амири урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза жана урматуу Ханийф Махмуд мырза Макени регионуна иш сапары менен барганда ачылган. Урматтуу Мухаммад Шариф Аудэ мырза жипти кесип, расмий түрдө Ахмадия радиосун ачып, дуба кылган. Ушул куттуу НАТКОМ менеджери, SLBC менеджери жана анын ишчилери, облустук соттун бир судьясы жана бир башкы мүдүр (paramount chief) менен бирге 60тан ашуун коноктор катышышкан.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via