Англияда «Даарус-Салаам» аттуу Ахмадия мечитинин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англияда «Даарус-Салаам» аттуу Ахмадия мечитинин ачылуусу

Алла меичт сыйынуу үйү ыйман ислам дин ибадат пайгамбар сооп мусулман момун Саутолл Лондон Англия

Амирул-Му῾минийн Азирети Халифутл-Масийхил-Хаамис (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) куптан намазынан кийин мечитте Жамаат мүчөлөрүнө, анан мечиттин ачылуу кечесинде конокторго өзү өзүнчө кайрылуу жасаган.

Амирул-Му῾минийн Азирети Халифутл-Масийхил-Хаамис (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз)дин куттуу колдорунан Саутоллдогу «Даарус-Салаам» мечитинин ачылуусу, ачылуу кечесине куттуу катышуусу жана ыйманды күчтөрдүүчү кайрылуусу

Парламент мүчөлөрү, атаган аймактын мэри жана ар кайсы диндердин өкүлдөрү менен бирге үч жүздөн ашуун улуу урматтуу коноктордун катышуусу

Амирул-Му῾минийн Азирети Халифутл-Масийхил-Хаамис (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондон шаарынын айланасында жайгашкан белгилүү аймак Саутоллдо жаңы салынган «Даарус-Салаам» аттуу Ахмадия мечитин ачты жана ага байланыштуу уюштурулган кечеге катышты.

Амирул-Му῾минийн Азирети Халифутл-Масийхил-Хаамис (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Исламабаддан (Тилфорд) жөнөп, саат бештен бир аз мурун ал жерге келди. Ваакфийн-э-Нау балдары чоң кубаныч менен араб, пенжаб жана урду тилдеринде ырдалган ырлар менен өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисин кабыл кылышты. Саат төрттөн элүү мүнөт өткөндө мечиттин эстелик тактасынын пардасын ачып, дуба кылган. Андан кийин Хузур-э-Анвар мечитти көрүп чыкты.

Алла меичт сыйынуу үйү ыйман ислам дин ибадат пайгамбар сооп мусулман момун Саутолл Лондон Англия

«Даарус-Салаам» мечитинин эстелик тактасынын пардасын ачуу жана дуба кылуу 

«Даарус-Салаам» мечитин көрүп чыгуу

Мечиттин эстелик тактасы орнотулган жерде эле Лажнанын залы бар. Хузур-э-Анвар ошол эле жерден мечитти көрүүнү баштады. Аталган залдан өтүп, Хузур-э-Анвар мечиттин лифт орнотулган экинчи жагына өтүп кетти. Хузур-э-Анвар лифтти көрүп, мечиттин жер төлөсүнө кирип кетти. Жер төлөдөгү залды көргөн соң ашкананы көрдү, ал жерде тамак-ашты даярдоочу команда конокторго тартыла турган тамакты даярдап жаткан эле. Хузур-э-Анвар бир аз убакытка ал команда мүчөлөрү менен сүйлөштү. Анан тепкичтен чыгып, мечиттин борбордук залы жайгашкан экинчи кабаттан өтүп, үчүнчү кабатка чыкты. Ал кабатта миссионердин үйү, китепкана, кеңселер ж.б. жайгашкан. Хузур-э-Анвар бир аз убакытка ал кабатта жайгашкан үйдө эс алды.

Саат алтыга он беш мүнөт калганда куптан жана шам намазы жамаат болуп аткарылды. Андан кийин мечитке келген жергиликтүү жамааттар – Саутолл жана Гринфорддун мүчөлөрүнө кыскача кайрылуу жасады. Ал азем Курани Карим окулушу менен башталды. Урматтуу Муддассир Саййид мырза «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 128-130-аяттарын окуп берүү бактысына ээ болду. Андан кийин анын англис тилиндеги котормосу окулду. Анан Англиядагы Ахмадия Жамаатынын Амири урматтуу Рафийк Хаят мырза угармандарга Саутоллго алгачкы Ахмадийлер 1958-жылы келгенин айтты. Ал киши ал жердеги Жамааттын кыскача тарыхын айтып берип, ал мечитти курууга өзгөчө финансылык курмандык кылган адамдардын аттарын дуба кылуу максатында айтып берди.

Алла меичт сыйынуу үйү ыйман ислам дин ибадат пайгамбар сооп мусулман момун Саутолл Лондон Англия

Азирети Амирул-Му῾минийн (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Даарус-Салаам» мечитинин борбордук залында Жамаат мүчөлөрүнө кайрылуу жасап жатат

Хузур-э-Анвар (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) саат алтыдан он беш мүнөт өткөндөн кийин минбарга чыгып, Ташаххуд жана Таъввуз менен урду тилинде кыскача кайрылуу жасады.

Хузур-э-Анвар өзүнүн кайрылуусунда Ахмадийлерге мечитти абат кылуу, мечит салуунун максат-мүдөөлөрүн аткарган бойдон Ислам дининин чыныгы таалимин жайылтуу, Алла Тааланын жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу, бүткүл дүйнөнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын туу астына алып келүү жана дүйнөдө Алла Тааланын Жалгыздыгын орнотуу үчүн өз милдеттерин аткарууга баса белгилеп насаат кылды.

Андан кийин Хузур-э-Анвар мечиттеги аялдар бөлүмүнө барды, ал жерде кыздар тосуп алуу ырлары менен өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисин тосуп алышты. Саат алты жарымга жакын Хузур-э-Анвар мечиттин маңдайында жайгашкан орто мектебинин имаратына барды, ал жерде Ахмадий эмес коноктор үчүн бир кече уюштурулган эле.

Алла меичт сыйынуу үйү ыйман ислам дин ибадат пайгамбар сооп мусулман момун Саутолл Лондон Англия

Аземден мурун улуу урматтуу коноктор Азирети Амирул-Му῾минийн (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) менен жолугушуууда

Мечиттин ачылуу кечеси Виллиэрз Орто Мектебинин залында уюштурулган эле. Ачылуу кечесин расмий түрдө баштоодон мурда улуу урматуу коноктордун Хузур-э-Анвар менен жолугушуусу белгиленген болчу. Жолугушуу үчүн мектептин эле бир бөлмөсү белгиленген эле.

Хузур-э-Анвар аталган жолугушуудан кийин аземге катышуу максатында саат жетиге жакын залга келди. Аталган кечеге ал аймактагы өкмөт башкаруучулары, алардын катарында парламент депутаттары, мэр, милиция кызматкерлери ж.б. менен бирге белгилүү диний, саясий, бизнес адамдары ж.б. катышышты.

Аталган кечеде (Мажлис Аамила мүчөсү) урматтуу Мубашшир Ахмад мырза алып баруу милдетин аткарды. Саат жетиден бир аз убакыт өткөндө аталган кеченин расмий түрдө башталышынан мурун кээ бир зарыл кулактандыруулар жарыяланды. Хузур-э-Анвар келгенден кийин аталган киши таанышуу сөздөрүн сүйлөп, конокторго «кош келиңиздер» деди. Анан аталган кече расмий түрдө Курани Карим окулушу менен башталды, урматтуу Усама Сыям мырза аны окуп берди. Окулган «Юнус» сүрөөсүнүн 26-27-аяттарынын англис тилинднги котормосун урматтуу Адийл Минхаас мырза сунуштады. Андан кийин (Мидл Секс аймагынын региондук Амири) урматтуу Сухайл Курайший мырза Саутоллдогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын кыскача тарыхы менен тааныштырды.

Ал киши ушул куттуу учурга келип катышуу үчүн Азирети Амирул-Му῾минийн (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) жана башка конокторго ыраазычылык билдирип, бардыгына «кош келиңиздер» деди. Андан кийин ал Ахмадия Мусулман Жамаатын кыскача тааныштырып кетти. Ал киши «Даарус-Салаам» мечитинде бир убакытта жети жүз адам намаз окуса болот деди. Ал бул мечиттин эшиктери ар бир дин өкүлдөрүнө ачык экенин да айтты.

Андан кийин улуу урматтуу коноктор жыйынга катышкандарга кыскача кайрылууларды жасашты, алардын катарында (Фильтам жана Хейстам үчүн парламент депутаты) Сийма Малхутра жана (Эленг менен Саутолл үчүн парламент депутаты) Варендра Шарма болду. Улуу урматтуу коноктор жасашкан кайрылууларында Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан кызматтарга баа беришти.

Азирети Амирул-Му῾минийн (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) жасаган кайрылуусу

Коноктор жасашкан кайрылууларынан кийин Хузур-э-Анвар (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) саат жетиден жыйырма эки мүнөт өткөндө конокторго англис тилинде кайрылуу жасады. Хузур-э-Анвар өз кайрылуусунда мечит ачылуусунун куттуу учурунда Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуу менен бирге жергиликтүү консул жана жарандарга да ыраазычылыкты билдирди.

Хузур-э-Анвар өзүнүн кайрылуусунда Ислам дининин таалимдеринин түпкү максаты бүткүл дүйнөдөгү адамдардын ортосунда биримдикти жаратып, бир тынчтыктуу коомчулукту жаратуу экенин айтып, Исламдын негизги таалимдерин айтып берди. Бул жаатта Хузур-э-Анвар Исламдын Негиздөөчүсү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу мүнөзүнөн айрым мисалдарды айтып берди. Хузур-э-Анвар бир Куран аятынын негизинде адамдын жаралуусунун түпкү максатынан сөз кылып, адам баласынын жаралуу максаты Алла Таалага сыйынуу болсо да, бирок Алла Таала адамдардын шүгүрчүлүгүнө муктаж эместигин да эстен чыгарбоо керек. Адам баласы Алла Тааланын сапаттарын өзүндө жаратканда гана Ага сыйынуу акысын акташы мүмкүн. Алла Таала Эң Мээримдүү, Эң Ыйрайымдуу, Мээрбан жана Кечирүүчү деди.

Азирети Амирул-Му῾минийн (аййдахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Даарус-Салаам» мечитинин ачылуусун белгилөө максатында өткөрүлөн кечеге кайрылуу жасап жатат 

Хузур-э-Анвар Ахмадия Мусулман Жамааты адамдарга чын жүрөктөн кылып келе жаткан кызматтарынан да сөз кылды. Бул жаатта Хузур-э-Анвар ар кайсы өлкөлөрдө курулган Ахмадия ооруканалары, мектептери жана таза суу кудуктарын айтып берди. Хузур-э-Анвар чыныгы мусулман ар дайым адамдарга кызмат кылуу иштери менен алектенип турат жана Алла Тааланын сыпаттарын өзүндө жаратууга аракет кылып турат деди. Ал бирөөнү да жек көрбөйт жана мечитти сүйүү-махабат борборуна айландырат деди.

Хузур-э-Анвар «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» тууралуу сөз кылып, ал Ислам таалимдери жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүнүн күзгүсү деди.

Хузур-э-Анвар ал учурда Ахмадий мусулмандардын көңүлүн да алардын милдеттерине тартып, бул мечит Ахмадийлердин ибадаты үчүн гана колдонулбасын, тескерисинче адамзатка кызмат кылуу максатында ар бир иш үчүн даяр (аттанып) турсун деди.

Хузур-э-Анвардын кайрылуусу саат сегизге он беш мүнөт калганда бүттү, андан кийин Хузур-э-Анвар чогуу дуба сурады. Ал жыйынга катышкан адамдар өздөрүнүн жеке ыкмаларына жараша ал дубага катышышты.

Андан кийин конокторго тамак тартылды.

Аталган кечеге христиан, хинди, сикх жана яхудий коомчулугунан турган туугандар менен бирге үч жүз элүүгө жакын эркек-аялдар катышышты.

Ал кечеден кийин коноктор үчүн мечитти көрүп чыгуу шарттары да түзүлгөн эле.

Алла меичт сыйынуу үйү ыйман ислам дин ибадат пайгамбар сооп мусулман момун Саутолл Лондон Англия

«Даарус-Салаам» мечитинин ачылуусун белгилөө максатында өткөрүлөн кеченин бир көрүнүшү

Саутоллдогу Ахмадия Жамаатынын тарыхы

Саутоллдогу Ахмадия Мусулман Жамааты 1961-жылы түзүлгөн. Ал кезде ал жерде болгону 10-15 Ахмадий жашашчу. Ал жердеги биринчи Жамаат президенти урматтуу Саадикул-Мурсалийн Хаадим Саййид мырза болчу. 1969-жылы Саутоллдо (Hambrough Road) көчөсүндө № 26 чакан бир үй намаз борбору катары ижарага алынган, ал жерде жергиликтүү Ахмадий туугандар бир мөөнөткө чейин беш маал намазды жамаат болуп аткарып турушкан.

1975-жылы Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын III Халифасы (рахимахулла)нын уруксаты менен урматтуу Насийм Ахмад Бажва мырза Жамааттын миссионери катары Саутоллдо дайындалган. Алла Тааланын берешендиги менен ал киши Саутоллдун биринчи миссионери деген бактылуулугуна ээ болгон. Ал кезде Гринфорд жана Хейз жамааттары дагы Саутоллго кошулган болчу. Кийинчерээк Жамаат мүчөлөрүнүн саны өскөн сайын аталган жамааттар да көз карандысыз боло берген.

Беш жыл деген кыска мөөнөттүн ичинде Алла Тааланын өзгөчө берешендиги жана Халифаттын берекеси менен ал жердеги Жамаатыбызга Бойд аттуу жолдо жайгашкан бир имаратты элүү эки миң (52000) фунтка сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген, ал 1980-жылы Азирети Халифатул-Масийхис-Саалис (рахимахулла)нын куттуу колунан ачылган. Хузур (рахимахулла) ал күндөрдө Британиядагы жамааттарга иш сапары менен келген болчу. Хузур (рахимахулла) ал убакытта ага «Даарус-Салаам» деген атты ыйгарган.

Төртүнчү Халифанын доору башталгандан кийин 1982-жылы Азирети Халифатул-Масийхир-Раабиъ (рахимахулла) иш сапары менен Англияга келгенде, Британияда болгон күндөрүндө Хузур (рахимахулла) ал Даават Үйүнө да визит жасаган. Ал кезде Жамаат мүчөлөрү өздөрүнүн сүйүктүү Жетекчисинин колунда Байъатты жаңыртуу бактысына да ээ болушкан.

«Даарус-Салаам» мечитинин жаңыдан курулуусу

Алла Тааланын өзгөчө колдоосу жана берешендиги, ошондой эле Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахулла)нын дубасынын берекеси менен каршылыкка карабай, жергиликтүү консул 2014-жылдын январында Ахмадия Мусулман Жамаатына ушул имаратты кулатып, ал жерде мечит курууга уруксат берген. Ошентип, иш-план ж.б.ларды түзгөндөн кийин аны кулатып, ал жерди мечит салууга даярдоо амалы 2017-жылдын июль айында башталган.

Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Саутоллдогу «Даарус-Салаам» мечитине алгачкы таш коюу учурунда

Азирети Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мээримдүүлүк көрсөтүп, 2017-жылдын 8-октябрында өзү барып, «Даарус-Салаам» мечитине алгачкы ташын койгон. Андан кийин ал мечитти куруу иштери аябай тездетилген.

Ал мечит жер толодон тышкары үч кабаттан турат. Биринчи этажында бир зал бар. Экинчи этажында мечит, ал эми үчүнчү этажында миссионердин үйү, кеңсеси жана китепкана бар.

Сутоллдо кызмат аткарган ардактуу миссионерлердин арасында урматтуу Насийм Ахмад Бажва мырза, урматтуу Хаадий Али Чаудхрихий мырза, урматтуу Ахлак Ахмад Анжум мырза, урматтуу Лайик Ахмад Тахир мырза жана урматтуу Раана Машхуд Ахмад мырза бар.

Алла Таала Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн ушул мечиттин ачылуусун куттуу кылсын жана Жамаат мүчөлөрүн ал мечитти салуу максат-мүдөөлөрүн аткаруучулардан кылсын. Аамийн.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via