Ахмадиянын Жетекчиси Филадельфияда биринчи курулган мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадиянын Жетекчиси Филадельфияда биринчи курулган мечитти ачты

Мечит мусулман Ислам

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Филадельфияда биринчи атайы курулган мечитти ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад Байтул-Аафиййат мечитинде жума кутбасын окуду

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2018-жылдын 19-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) АКШнын Филадельфия аймагында «Байтул-Аафиййат» мечитин ачты.

Мечит мусулман Ислам

Ал Азирети өзүнүн жумалык жума кутбасын аталган мечитте окуду, ал кутба МТА Интернейшналдан дүйнө жүзү боюнча түз эфир аркылуу көрсөтүлдү.

Өзүнүн кутбасында Ал Азирети сыйынуучуларга жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө гана жетиштүү эмес, тескерисинче, Алла Тааланын ибадаты үчүн жамаат намазына келүү менен мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрүн аткаруу жана башкаларды Исламдын чыныгы-тынчтык окууларына чакыруу Ахмадий мусулмандардын милдети экенин эскертти.

Ал Азирети сыйынуучуларды мечиттердин акы-укуктарын аткарып жатышкандыгын текшерип, анализдөөгө чакырды.

Мечит мусулман Ислам

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эми бул мечит ачылгандан кийин өздөрүн ага байланыштыруучулардын Алла Тааланын акы-укуктарын жана Алла Тааланын пенделеринин аткарууга карата милдеттери дагы көбөйдү. Силер мына ошол эки милдетти аткарганыӊарда гана Алла Тааланын түбөлүктүү сүйүүсүнө ээ болгондордун сабына кошуласыӊар».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Качан биз берилүү менен мечит куруунун чыныгы максаттарын аткарууга аракет кылганыбызда, биз бул дүйнөдө эле мечиттин кут-берекелери жана пайдаларын көрүп алабыз. Биздин балдарыбыз жана келечек муундарыбыз өздөрүнүн ишенимине тыгыз байланышкан бойдон калат жана биз Исламдын чыныгы жана тынчтык кабары менен жергиликтүү элди нурдандыргандардан болуп калабыз. Биз Алла Тааланын Жалгыздыгын орното турган жана бүткүл дүйнө боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кабарын жеткире турган адамдардан болуп калабыз».

Мечит мусулман Ислам

Ал Азирети Исламдын тынчтык таалимдерин таратуу маанилүү экенин баса белгилеп, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Исламды жайылтууну каалаган аймагыӊарда мечит кургула деп айтканын баян кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад ар түрдүү Ислам агымдары тарабынан салынган намаз борборлорунун көптүгүнө карабастан, «Байтул-Аафиййат» мечити Филадельфияда атайын мечит куруу максаты менен салынган биринчи мечит болду деп айтты.

Мечит мусулман Ислам

Бул факты жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул имарат Филадельфияда мечит салуу максаты менен курулган биринчи мечит деп айтылат. Бул мечит жергиликтүү элге бир мечиттин физикалык касиеттери кандай экенин айтуу үчүн курулган эмес, тескерисинче, бүт дүйнө көрүп-билүү үчүн Ислам таалимдеринин чыныгы, кооз жана тынчтык сапаттарын көрсөтүүгө тийиш».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз, Ахмадий мусулмандар дубалар жана ибадат менен дүйнө жүзү боюнча Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуучу адамдар болуп саналабыз жана биз азыр мыкты адеп-ахлак үлгүлөрүн көрсөтүү менен мурдагыдан да көбүрөөк аракет кылышыбыз керек».

Андан кийин Ал Азирети Америка Кошмо Штаттарына биринчи Ахмадий мусулман миссионер Мухаммад Садык 1920-жылы Америкага келип, Филадельфия портуна токтогонун айтып берди. Эки ай бою ага Америкага кирүүгө уруксат берилген эмес жана адилетсиз түрдө бир үйгө камалган. Ал туткунда болгондо бийик адеп-ахлак жана такыбалуулукту көрсөткөн, ал аркылуу он беш адам Ислам динин кабыл алышкан. Кийинчерээк, 5000ден ашуун адам ал аркылуу Ахмадия Мусулман Жамаатынын окууларын кабыл алышкан.

Мечит мусулман Ислам

Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кабары анын тирүү кезинде эле «Ривю оф Релиженз» (динди таануу) журналы аркылуу Америкага жеткен болчу жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын таалимдерин окуу натыйжасында доктор А. Джордж Бэйкер деген бир адам Ислам динин кабыл алган эле деп да айтты. Ал Азирети Доктор Бейкер жаңы мечиттин жанындагы көрүстөнгө коюлган деди.

Филадельфия жана Америка Ахмадия Мусулман Жамаатынын бай тарыхы жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты бир кылымдан ашуун убакыттан бери бул аймакта түзүлгөн. Эми Алла Таала бул аймакта кооз мечитти берген, Исламдын кооз кабарын алыска жана кенен жайылтуу үчүн күчтүү жана чечкиндүү рух менен жергиликтүү калкка жетүү жергиликтүү Ахмадий мусулмандар менен жергиликтүү Имамдын милдети болуп саналат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мечиттин айланасы мындай тынчтык жайы болушу керек, адамдар келип, бул жерде жашоого бир орун тапканга аракет кылышсын. Калктын саны жагынан, бул шаар Американын алтынчы эӊ чоӊ шаары. Эгер Исламдын тынчтык кабары ушул аймакта жайылып кетсе, анда бул шаардын тургундарынын арасында, мисалы, Алла Тааладан корко турган, туура жолго багытталган, үзгүлтүксүз мечиттерге катышып, Алла Тааланын чыныгы сыйынуучу пенделери болуп калган адамдардын төрөлгөнүнө күбө болобуз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулмандардын алдында турган маанилүү иштер турганын дагы түшүндүрүп, мындай деди:

«Биз куруп жаткан ар бир мечит бизге кандайдыр бир милдетти жүктөйт жана ал милдет: биз өзүбүздү реформалап-оӊдоп, Алла Таала менен болгон алака-байланышыбызды өнүктүрүп, адеп-ахлактык жүрүм-турумубузду жакшыртыбыз керек. Ошондой эле, Исламдын чыныгы кабарын жергиликтүү калкка жеткирүүгө карата күч-аракеттерибизди көбөйтүүбүз керек».

Ал Азирети Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй сөзүн баян кылды:

«Биздин мечитибизге жакшы нерсени үйрөнүп калуу ниети менен кирген адам Алла Тааланын жолунда жихад кылуучу адам сыяктуу болуп эсептелинет».

Бул хадиске түшүндүрмө берип, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө Ислам дини ал зордук-зомбулук жихадына чакырат деп жаманатты кылынууда жана кээ бир мусулмандар да өздөрүнүн жийиркеничтүү амалдары аркылуу бул көрүнүшкө жооптуу болуп саналышат. Бирок, өзү жакшылыкты үйрөнүп, ага амал кылып жана аны коомчулуктун арасында жайылтуучу адам чыныгы момун-мусулман болуп саналат. Ошентип, чыныгы момун-мусулман адам тынчтык, сүйүү жана мээримдүүлүк деген чыныгы жихад менен алектенген болот. Бул биз Ахмадий мусулмандар ушул күндө жана ушул доордо жүргүзүп келе жаткан чыныгы жихад». 

Ал Азирети катышкандар үчүн дуба суроо менен өзүнүн жума кутбасын аяктап, мындай деди:

«Алла Таала колдоп, мечиттин чыныгы максаттарын аткарууга Ахмадий мусулмандарга мүмкүнчүлүк берсин жана бул мечит ушул аймакта Исламдын тынчтык кабарын таратууда маанилүү учур болуп калсын».

Мечитин участогу 2007-жылы сатылып алынган жана ал жер ири төрт акр кесимден турат. Ал имаарат эркектер менен аялдар үчүн намаз залдарынан турган бир мечитти камтыйт, ошондой эле 700гө жакын адамды жайгаштырууга болот, ар түрдүү иштер үчүн залдар бар, миссионер үчүн бир үй бар, ар кандай кеӊселер бар, бир ашкана жана ири машина токтоочу жайлар менен келечек курулуш үчүн кенен мейкиндик бар.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via