Мусулман Жол башчы Маори падышага Куран белек кылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мусулман Жол башчы Маори падышага Куран белек кылды

Азирети Мырза Масрур Ахмад Маори каада-салттары менен тосулуп алынган учурдагы унутулгус көз ирмемдер

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык Жетекчиси жана 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад 2013-жылдын 29-октябрында Жаӊы Зеландиядагы «Tūrangawaewae Marae» деген жерде «King Tuheitia» тарабынан тосулуп алынды жана Маори жамааты тарабынан ал киши Маори каада-салты боюнча кабыл алынды.

Maori-2

Азирети Мырза Масрур Ахмад күндүзгү саат 10:30да жетип келгенде, Маори жамаатынын үч (3) мүчѳсү Маорилерге таандык салттык аскердик марш кѳргѳзмѳ менен тосуп алышты.

Маорилер Азирети Мырза Масрур Ахмаддан бир аз алысыраак туруп кѳргѳзмѳнү баштап, ѳздѳрүнүн эне тилинде салттуу ырын кѳтѳрүңкү үн менен ырдап, тегеректи жаңыртып, акырындык менен кадам шилтеп алгалай барышты, ал эми Маори жамаатынын аялдары бир жакта туруп, аларды коштоп, ырды таптап турушту.

Азирети Мырза Масрур Ахмад «Maraeден» ѳткѳндѳ, жыйырма чакты Маори балдар жана улуулар да Маори тилинде ырды таптап, аны тосуп алышты.

Maori-3

Расмий аземдин учурунда Маорилердин бир топ улуулары кыскача кайрылуулары менен Азирети Мырза Масрур Ахмадды тосуп алышып: «Азирети (Мырза Масрур Ахмад) тынчтык үчүн күрѳшүп келе жаткан абдан таасирлүү жана күчтүү лидер», – деп баа беришти.

Аземдин эң алтын кѳз ирмеми – бул Азирети Мырза Масрур Ахмад жакын арада Шакийл Ахмад Мунир мырза тарабынан Маори тилинде которулган Ыйык Куран нускасын «King Tuheitiaга» сунуштаган учуру болду.

Maori-4

Кабыл алуу аземинин учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад уруу сыйлууларына кайрылуу жасап, салттык тосуп алгандыктары үчүн аларга ыраазычылыкты билдирди.

Maori-5

          Ыйык Куран тууралуу сүйлѳп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Курани карим адамдарга ѳз ара кандай чогуу ынтымакта жашоо керектигин үйрѳтѳт, айрыкча бүгүнкү күндѳрдѳ биз сүйүүнү, тынчтыкты жана ѳз ара сүйлѳшүүнү алыскы-алыскы аймактарга чейин жана кең-кесири жайылтуубуз керек. Курани каримдин кабары (таалими)  ушул гана».

Maori-6

Азирети Мырза Масрур Ахмад: «Ахмадия Мусулман Жамааты менен Маори жамаатынын ортосундагы ѳнүккѳн ѳз ара достук чексиз болуп барат» деген каалоо-тилек менен ѳз кайрылуусун аяктады.

Maori-7

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

 

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via