Кунт коюп суралган дубалардын күчү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кунт коюп суралган дубалардын күчү

2018-жылдын 16-февралында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

♦ Мен  Алла Таалага ишенем деп билдирүүчү момун-мусулман ар дайым Алла Тааланын «Ал бизди иабадат үчүн жараткан» деген буйругуна көӊүл буруусу керек.

сыйынуу жана ибадат

Намаздан тышкары зикир чалуу, дуба кылуу жана Алла Тааланы эске алуу да момун-мусулмандын милдети болуп саналат. Курани Каримде Алла Таала ар кайсы пайгамбарлардын атынан көптөгөн дубаларды баяндаган, аларды намазда жана басып жүргөндө окусак болот.

♦ Адамдар мага кат жазып, баланча сар-санаабыз жоголсун деп кайсы бир дуба же зикир чалуу жөнүндө айтыӊыз деп суранышат. Жалпысынан, аларга намазда дуба сурагыла жана Алла Тааладан жардам сурагыла деп жазам. Бирок бүгүн мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү болгон бир зикир жөнүндө сөз кылмакчымын, ага көӊүл буруу менен адам Тавхийдди түшүнөт жана Алла Тааланын паанасына кирип кетет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү да калтырбай аны окубастан, сахаабаларга да баса белгилеп насаат кылчу, ошондой эле анын маанилүүлүгүн жана пайдаларын айтып берчү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жеке амалы тууралуу бир рабаятта мындай деп кезигет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар дайым уктаарда Аят-ул-Курсий жана Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсүн үч жолу окуп, колдоруна үйлөп, денесине сүйкөп алчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үзгүлтүксүз жасаган амалы сүннөт жана ар бир мусулман ал амалды аткаруусу керек. Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) бул доордо биз – Ахмадий мусулмандардын көӊүлүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтүн аткарууга бургандыгы үчүн ага амал кылууга өзгөчө аракет кылышыбыз керек. Жеке руханий жана дүйнөлүк муктаждыктарды кандыруу үчүн гана эмес, душмандар жана көрө албагандардын жаманчылыгынан сактануу үчүн да дубалар, намаздар жана зикир чалууларга өзгөчө көӊүл буруу керек.

♦ Зикир чалуу жөнүндө көптөгөн хадистер кезигет. Аят-ул-Курсий тууралуу эки жума мурун мен айтып бергенмин. Бүгүн Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсү жөнүндө айтып берем. Тагыраак айтканда, аларды окууга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга кандай баса белгилеп насаат кылгандыгы тууралуу сөз кылам. Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар күнү кечинде төшөккө жатаарда, эки колун кошуп, ал үч сүрөөнү окуп, денесине сүйкөп алчу. Башы менен бетинен баштап, колу жеткенче сүйкөчү жана үзгүлтүксүз ушул амалды аткарчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын соӊку оорусунда мен өзүм ушул сүрөөлөрдү окуп, колдорго үйлөп, анын денесине сүйкөп койчу элем».

♦ Анан сахаабаларга анын маанилүүлүгүн кантип айтып берген. Укба бин Аамир (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушканымда, мындай деп айткан: «Сага эӊ мыкты сүрөөлөр жөнүндө айтып бербейинби?» Анан «Ал-Ихлаас» сүрөөсү, «Ал-Фалак» сүрөөсү жана «Ан-Наас» сүрөөсүн окуп берип, аларды эч качан унутпагын жана аларды окубай туруп, бир дагы түндү өткөрбөгүн», – деп айткан». Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «аларды окубай туруп, бир дагы түндү өткөрбөгүн» деп айтканынан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү канчалык үзгүлктүзсүз окуганын байкоого болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баарынан көбүрөөк Алла Тааланын буйруктарын аткарчу.

♦ Анан «Ал-Ихлаас» сүрөөсү жөнүндө Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Бир адам кайра-кайра «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуп жаткан бир кишини көрүп, ага арызданып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн Курани Каримдин үчтөн бир бөлүгү экенин айткан.

♦ Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык адамдарга мечитте топтолгула, мен силерге Курани Каримдин үчтөн бир бөлүгүн окуп берейин деп айткан, анан «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуп берип, кайра ичине кирип кетти. Сахаабалар асмандан кандайдыр бир кабар, тагыраак айтканда, вахий-аян келди окшойт деп ойлошкон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кайра келип, мен силерге Курани Каримдин үчтөн бир бөлүгүн окуп берем, бул «Ал-Ихлаас» сүрөөсү Курани Каримдин үч бөлүгүнө тете деп айткан». Анткени, Алла Таала аны Өзүнүн Тавхийдин (Жалгыздыгын) далилдөө жана орнотуу үчүн түшүргөн. Анда Тавхийд жөнүндө толук кандуу айтылган, ага амал кылган инсан чыныгы Тавхийдге амал кылат жана ага Курани Каримге толук кандуу амал кылуу күч-кубаты да насип этилет.

♦ «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуп алгандан кийин мен Курандын үчтөн бир бөлүгүн окуп алдым деп ойлонбоо керек. Ал «Курандын негизги буйругун түшүнгүлө» дегенди түшүндүрөт. Ал «силер ушуларга амал кылгыла жана Тавхийдди орнотууга аракет кылгыла» дегенди туюнтат. Ошондо гана силер Куранды окуучу адам болуп эсептелинесиӊер. Курани Каримдин таалими Тавхийдди орнотуу үчүн гана, ал үчүн ар бир адам аракет кылышы керек жана дуба кылышы зарыл.

♦ Бир адам ар бир намазда «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окучу, себебин суралганда, мында Алла Тааланын «Рахмаан» (Мээримдүү) деген сапаты бар деп айтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга: «Алла Таала да аны сүйөт деп ага кабар кылгыла», – деп айткан.

♦ Дагы бир адам ар бир намазда а дегенде «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуп, андан кийин кайсы бир башка сүрөөнү окучу. Адамдар эмнеге ушундай кыласыз деп сурашкан. Ал киши эгерде силерге жакпаса, башка адамды имам кылып алгыла деп жооп берген. Алар аны эӊ жакшы имам экенин билишкендиги үчүн башка адамды имам кылууну каалашкан эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эмнеге шериктериӊиздин сөзүнө кулак салып, ал сүрөөнүн окууну таштабайсыз деп сураганда, ал киши эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Бул сүрөө мага аябай жагат деп жооп берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага: «Ал сүрөөгө болгон сүйүүӊүз сизди бейишке киргизип жиберди», – деп сүйүнчүлөгөн.

♦ «Самад» деген сапат «баласы да, атасы да жок» деген Затты билдирет. Өлбөй турган эч бир нерсе жок, ага сөзсүз мураскер болот. «Лам якун лаху куфуван ахад», Ага окшош эч нерсе, эч ким жок.

♦ Бир рабаятта мындай деп кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жолу адамдар бири-бирине суроо берип, а түгүл Алла Тааланы ким жараткан деп да сурашат деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) силер аларды көргөнүӊөрдө, «Кул Хуваллааху Ахадды» окугула, анан анын маани-мазмунуна кылдат көӊүл бургула, ошондо Алла Тааланы эч ким жаратпагандыгын билип аласыӊар деп айткан. Андан кийин адам шайтандын жаманчылыгынан баш паанек сурасын, анда ал ага эч бир зыян келтире албайт.

♦ Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир адамды «Кул Хуваллааху Ахадды» окуп жатканын угуп, чын жүрөктөн окуп жаткандыгы үчүн бейиш ага важип болду», – деп айткан.

♦ Бир адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, өзүнүн кедей жана жакыр экенин айтып, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га арызданып-даттанган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага: «Үйгө киргениӊизде, «Ассалааму алайкум» деп айтыӊыз, эгер үйдө эч ким жок болсо, ошондо да «Ассалааму алайкум» деп айтыӊыз. Бир жолу «Кул Хуваллааху Ахад» деп окуӊуз, сага «салам» берилет», – деп айткан. Ал ошондой кылган. Алла Таала ага ушунчалык көп ырыскы тартуулаган, анын кошуналары да андан кут-береке ала башташкан. Ал ушунчалык байып кетти, өзүнүн кошуналарына да көмөк көрсөтө башташкан. Тавхийдди үйрөнүп, ага амал кылып, Алла Тааланы Кожоюн деп билсе, анда Алла Таала да чексиз ырыскы тартуулайт. Алла Таала такыба адамга ал элестетип да көрбөгөн жайларынан ырыскы берет.

♦ Азирети Жаабир (разияллааху анху)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй айткандыгы рабаят этилет: «Ар күнү 50 жолу «Кул Хуваллааху Ахадды» окуган адамга кыямат күнү анын мүрзөсүнөн «бейишке кирип кал» деген үн угулат.

♦ Биз «Кул Хуваллааху Ахадды» окуганыбызда, «Самаддын» даража-мартабасын да эсепке алуубуз керек. Эч кимге муктаж жана эч качан жок болбой турган Зат «Самад» деп аталат. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Самаддын» мааниси бул: Андан башка бардык нерселер жок болуучу жана Ага муктаж. Биздин Кудайыбыз Түбөлүктүү жана бардык нерселер Ага гана таянат.

♦ Ар бир бөлүкчө Андан гана жашоо алат. Ал ар бир нерсеге кут-береке тартуулоочу жана Өзү эч кимден кут-береке алган эмес. Ал бирөөнүн уулу да эмес, атасы да эмес. Себеби, Ага окшош эч ким жок. Курани Карим улам-улам Алла Тааланын касиеттерин сунуштап, Анын бийиктигин даӊазалап, адамдардын көӊүлүн бул жакка тарткан: мына ушундай Кудай жүрөктөргө жагат, кандайдыр бир өлүк, алсыз, ырайымы аз жана кудурети аз кудай жакпайт.

♦ «Ал-Ихлаас», «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөлөрүнүн түшүүсү жөнүндө Укба бин Аамир (разияллааху анху)дан төмөнкүдөй рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бүгүн түнчүндө илгери эч качан байкалбаган аяттар мага түшкөн», – деп айткан. Алар төмөнкүлөр: «Кул Хуваллааху Ахад», «Кул Аъуузу би-Раббил-Фалак» жана «Кул Аъуузу би-Раббин-Наас».

♦ Ушул үч сүрөөнү окуу жөнүндө бир рабаят кезигет. Азирети Укба бин Аамир (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төөсүнүн тизгининен кармап кетип бара жатканымда, мага: «Эй, Укба! Окугун», – деп айткан. Мен: «Эй, Алланын Элчиси! Эмнени окуюн?» – деп сурадым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кул Хуваллааху Ахад», «Кул Аъуузу би-Раббил-Фалак» жана «Кул Аъуузу би-Раббин-Наасты» окугун», – деп айткан».

♦  Анан «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөсү жөнүндө бир рабаят кезигет, бул эки сүрөөнү окуу өтө пайдалуу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) багымдат намазында да «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөсүн окучу.

♦ Азирети Абу Саъийд (разияллааху анху)дан мындай деп кезигет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жиндер жана адамдардын жаманчылыгынан паана сурашчу. «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөсү түшкөндө, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ушуларды гана окучу».

♦ Курани Каримдин акыркы эки сүрөөсүнүн маанилүүлүгүн баяндап жатып, бир сахааба мындай деп айтат: «Миниле турган жаныбарлар аз болгондуктан адамдар кезек менен минишчү. Мага кезек келгенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мага жакындап келип, «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөсүн окугун», – деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Намазда да ушул эки сүрөөнү окуп туруӊуз», – деп айткан.

♦ Бул доордо аларды окуу дагы маанилүүрөөк болуп калды. Жеке жана руханий өсүп-өнүгүү үчүн, ошондой эле Ислам динине каршы болуп жаткан кутумдардан сактануу үчүн да аларды окуу өтө зарыл. Атынан эле улама деп аталуучу молдолор фитна-чагымчылыктарды чыгарышкан экен. Алар шайтандык күчтөрүнө колдоо көрсөтүшүүдө. Динбезерлик да күчөп кеткен. Мына ушундай жагдайда Пакистандагы Ахмадийлер айрыкча ушул сүннөттү жандандыруулары керек. Алла Таала мусулмандарга бир дубаны үйрөткөн, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды күндө окугула деп айткан. Бирок, мусулмандардын ахвалына өкүнүчтүүсү, алар буга көӊүл бурушкан эмес, натыйжада алар фитна-чагымчылыктарга кабылышыптыр. Ошондон улам мусулман эместер мусулмандарга сын-пикир айтуу шылтоосун табышкан. Мусулмандардын мына ушул ахвалы ошондой фитна-чагымчылыктардан сактануу үчүн көӊүлүбүздү ушул сүрөөлөрдү окууга бургузат. «Ва мин шаррин-нафасаати фил-укди», тагыраак айтканда дин атынан кандайдыр бир айла-амал менен Алла Таала тарабынан жиберилген инсанга (Убада кылынган Масийх жана Махдий) каршы адамдарды тукуруп, аракет кылып жаткандардын жаманчылыгынан сактануу дубасын суроо керек.

♦ «Ан-Наас» сүрөөсүндө сыйынууга татыктуу Кудай жөнүндө, Анын паанасына кирүү жана шайтандын азгырууларынан сактануу жөнүндө айтылган. Динбезерлик өз тамырын ушунчалык жайылтыптыр, андан кээ бир жаштар да таасирленишүүдө. Ушул дубаларды окуп, өзүӊөргө үйлөгөнүӊөрдө, өз балдарыӊарга да окуп үйлөгүлө, алар да фитна-чагымчылыктардан сактанышсын. Алла Таала колдоп, биз ушул сүрөөлөрдү түшүнүп туруп окуучулардан бололу. Алла Тааланы гана бардык кудуреттердин Башаты жана бардык нурлардын Булагы деп билели. Макулуктун жаманчылыгынан сактануу үчүн Алла Тааланын алдына жыгылалы. Алла Таала бизди эч качан караӊгылыктарда каӊкып жүрүүгө жол бербесин. Алла Таала берген белектердин бири болгон Халифат деген белекке бекем байланышып туралы. Алла Таала ар бир көрө албастын көрө албастыгынан сактасын. Алла Тааланы бардык падышалардан абзел деп, Анын Кожюндугуна бекем ишенели. Ар дайым Анын паанасына кирүүгө аракет кылалы. Жүрөктөрүбүздү ар бир азгыруудан сактоого аракет кылалы. Күндө калтырбай Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ылайык уктаарда ушул аяттарды окуп, өзүбүзгө үйлөйлү. Алла Таала буга күч-кубат берсин. Аамийн.

Share via