Убада кылынган Реформатор жөнүндөгү алдын ала кабар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Убада кылынган Реформатор жөнүндөгү алдын ала кабар

2018-жылдын 23-февралында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

♦ Бүгүнкү күндө Жамаатыбыз бар болгон ар бир жерде Муслих Мавъуд (Убада кылынган Реформатор) атынан «Муслих Мавъуд күнү» аттуу Жалсалар өткөрүлүп жатат. Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) 1886-жылдын 20-февралында Алла Тааладан кабар алып, ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ боло турган бир уулдун төрөлүшүн алдын ала кабарлаган эле. Жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жараша 20-февраль күнү же андан мурун же кийин Жалсалар өткөрүлөт.

♦ Негизинен, «Муслих Мавъуд күнүнө» байланыштуу Жалсаларды өткөрүү ал (разияллааху анху)нун туулган күнүн белгилөө үчүн эмес, тескерисинче алдын ала кабардын орундалганын белгилөө үчүн. Мындай түшүндүрмө берүүнүн себеби, жаӊы муундар биз Убада кылынган Реформатор күнүн белгилейбиз, эмнеге башка Халифалардын туулган күнүн белгилебейбиз деп суроо беришет. Айкын болсун, бул II Халифанын туулган күнү эмес, ал киши 1889-жылдын 12-январында жарык дүйнөгө келген.

♦ Бүгүн мен Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ушул алдын ала кабардын тастыктоочусу II Халифа эле экенин далилдей турган кээ бир үзүндүлөрүн окуп берем. Аталган алдын ала кабарда айтылган ар кандай белгилер кандай орундалгандыгын айтып, кээ бир мисалдар жана окуяларды да сунуш кылам.

Аталган алдын ала кабар: Алла Таала ал (алайхиссалаам)га карата мындай деди:

«Сен Менден сураган белги-жышаанга ылайык Мен сага бир рахмат белги-жышаанын беремин. Демек, Мен сенин жалынып-жалбарууларыңды уктум жана Өз мээримдүүлүгүмөн сенин дубаларыңды кабыл кылдым. Сенин (Хушярпур жана Лудхиянадагы) сапарыңды сен үчүн куттуу кылдым. Ошентип, кудуреттүүлүк, мээримдүүлүк жана жакындык белги-жышааны сага берилет. Берешендик жана айкөлдүк жышааны сага тартууланат. Жеңиш жана утуу ачкычы сага берилет. Эй, жеңүүчү! Сага салам болсун! Кудай тааланын ушундай айтканынын себеби, жашоону каалагандар өлүм тузагынан кутулсун, мүрзөлөрдө жаткандар тышка чыксын. Ислам дининин сый-урматы жана Алланын Китебинин мартабасы адамдар үчүн ачыкка чыксын. Акыйкат-чындык өзүнүн бүткүл берекелери менен келсин жана жалган-калпы өзүнүн бардык илдеттери менен качсын. Адамдар Менин кудуреттүү болуп, каалаганды кылаарымды билип алсын. Алар Менин сени менен бирге турганыма ишенсин. Кудай тааланын бар экендигине ишенбеген, ошондой эле Кудай таала, Анын дини жана Анын Китебин четке кагып, баш тарткандарга ачык-айкын белги-жышаан берилсин, ошондой эле кылмышкерлердин жолу ашкереленсин. Демек, сага сүйүнчү: бир улуу урматтуу жана аруу уул сага берилет. Бир таза кул (эркек бала) сага тартуу кылынат. Ал бала сенин өз тукумуңан жана сенин өз насилиңен болот. Келишкен таза бала сага конок болуп келет. Анын аты Анмваийл жана Башир. Ага ыйык рух берилген. Ал булганычтан таза жана Алланын нуру. Асмандан келүүчү адам – куттуу.

Аны менен бирге берешендик бар, ал аны менен чогу келет. Ал улуулук, бийиктик жана дөөлөт-байлык ээси болот. Ал дүйнөгө келип, өзүнүн ичи тазалыгы жана чыныгы рух берекеси менен көпчүлүктү ооруларынан айыктырат. Кудай тааланын рахматы жана намыстуулугу аны «улуулук» сөзү менен жөнөткөн. Ал өтө зээндүү жана акыл-парасаттуу болот. Ал өтө жумшак көңүл болот. Ага көрүнөө жана көмүскө илим-билимдер мол жана арбын берилет. Ал үчтү төртөкө айландыруучу болот (мунун маанисин түшүнбөй калдым). Дүйшөнбү. Куттуу дүйшөнбү. Сүйүктүү, улуу урматтуу жана ардактуу уул. Биринчи жана акыркынын күзгүсү, чындык жана бийиктин күзгүсү. Анын түшүүсү өтө куттуу жана Алла тааланын нурун ачыкка чыгарууга себепчи болот. Нур келүүдө. Кудай таала Өзүнүн ыраазычылыгынын жыпар жыты сепкен нур келүүдө. Биз ага Өз Рухубузду киргизебиз. Анын үстүндө Кудайдын көлөкөсү болот. Ал тез-тез чоңоёт. Ал туткундарды эркиндикке чыгарууга себепчи болот. Ал жердин четтерине чейин даңкын таратат. Коомдор жана улуттар андан береке табат. Анан өзүнүн борбору – асманга көтөрүлөт. Ва каана амран макзиййан».

♦ Бул ошол алдын ала кабардын сөздөрү. Анан II Халифа Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) жөнүндө ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат: Махмуд Ахмад эле ушул алдын ала кабардын тастыктоочусу. Бул тууралуу да бир топ айткандары кезигет.

♦ Биринчи Халифа Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) каза боло электе Пир Манзур Мухаммад (разияллааху анху) Убада кылынган уул Мырза Башируддин Махмуд Ахмад гана экенин мен билем деди. Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) биз мурунтадан эле билчү экенбиз, ошон үчүн ага кандай тереӊ таазим кылаарымды билбейсизби? Ал киши мындай деп айтып берет: 1913-жылдын 11-сентябарында Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) (Махмуд Ахмад гана ушул алдын ала кабардын тастыктоочусу деген) бир макаланы жаздырган, бирок азыр аны бастырбагын, катуу каршылык болгондо бастырыӊыз деп айткан.

♦ Бир адам бул жөнүндө бир түш көргөнүн II Халифага жазган эле. II Халифа 1944-жылы өзүнүн Убада кылынган Реформатор экенин жарыялаган. Ал эми мен мурунтадан муну билген элем деп айтат.

♦ Суфий Мутийъур-Рахмаан Сахиб мындай деп жазат: мен көргөн бир түштү айтып берүүнү ылайык деп ойлойм. Айт чогулушунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды жашыл чепкен кийинип, бийик жерде кутба окуп жатканын көрүп, кол алып, аны менен саламдашуу үчүн колумду сунганымда, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын ордуна II Халифа турганын көрдүм. Жогорудагы алдын ала кабарда «ал сулуулук жана мээримдүүлүк боюнча сага окшош болот» деп айтылган эле.

♦ Азирети Шейх Исмаил Сарсавий Сахиб Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын кайра-кайра «Убада кылынган ошол бала – бул Махмуд гана» деп айтканын укканбыз. Миян Махмудда бар болгон динге кызмат кылуу шыктуулугун көрүп, кээде ал үчүн өзгөчө дуба кылам деди.

♦ Муслих Мавъуд (Убада кылынган Реформатор)го да Алла Таала Өзү айтмайынча ал өзүнүн Убада кылынган Реформатор экенин жарыялаган эмес. Анан Алла Таала буйрук кылганда, ал (разияллааху анху) аны жарыялаган. Ал киши көптөгөн адамдар ушул алдын ала кабар сизге таандык деп айтышкан, бирок мен ар дайым Алла Таала мага буйрук кылмайынча муну жарыялабайм деп жооп бергенмин. Акыры, Алла Таала муну менин тилимен жарялата турган күн келди. Анан ал (разияллааху анху) Индияга караштуу Хушярпур деген шаарда өткөрүлгөн бир Жалсада (жыйында) Алла Тааланын атын ортого салып, мындай деп жарыялаган: Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) алдын ала айткан кабарда Убада кылынган жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын атын жердин бурч-булуӊдарына чейин жеткире турган инсан менмин.

♦ Бүгүнкү күндөгү Пакистанга караштуу Лахор шаарында өткөргөн Жалсада ал киши мындай деп айткан: мен Жалгыз жана Каардуу Кудайдын атын ортого салып айтам, Анын атынан жалган ант берүү каргышталгандардын иши жана Ага каршы жалган сүйлөгөн адам Анын азабынан сактана албайт, Алла Таала ушул Лахор шаарында мага төмөнкүдөй кабар берди: Убада кылынган Реформатор жөнүндөгү алдын ал кабардын тастыктоочусу менмин жана Ислам динин жердин булуӊ-бурчтарына чейин жеткирип, дүйнөдө Тавхийдди орното турган Убада кылынган Реформатор да менмин.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) алдын ала жарыялаган кабарда Убада кылынган Уулунун 52 же 58 белгиси бар. Азыр мен Убада кылынган Реформатордо адамдар байкаган кээ бир өзгөчө касиеттерин айтып берем.

♦ Сириянын борбору Дамасктын тургуну Азирети Саййид Абул-Фарш ал-Хусний мырза мындай деп айтат: ал (разияллааху анху) тууралуу «коомдор андан кут-береке алат» деп айтылган болчу, биз чындыгында андан кут-береке алганбыз. Мен дуба үчүн ага кайрылган ар бир учурда руханий жана материалдык жагынан ошол дубанын кабыл болуу белгисин байкаганмын.

♦ 1944-жылдын 27-июлунда чыккан «Ал-Фазл» газетасында Мухаммад Мухийл мырза өзүнүн бир Ахмадий эмес тууганынын көргөн түшүн жазган. Ал киши мен түшүмдө Пакистанга караштуу Навабшах аттуу райондо арстан минип келе жаткан бир адамды көрдүм, ал мага жакындап келгенде, анын кутту денесине Куран аяттары жазылганын байкадым. Мен адамдардан анын ким экенин сурадым, алар бул киши Кадияндагы Азирети Мырза Махмуд Ахмад деп жооп беришкен. Мен кайрадан ал кандай адам деп сурадым. Алар ал киши дүйнөдөгү эӊ бийик олуя деп жооп беришти.

♦ Пакистандын пайда болушунан мурун Мавлавий Самиъуллах Хан аттуу Ахмадий эмес аалым «чындыкты даӊазалоо» деген темада бир брошюра чыгарып, мындай деп жазган: «Бул алдын ала кабарды а дегенде окуп чыккыла, анан чын жүрөктөн ушул алдын ала кабар орундалдыбы же жокпу деп айткылачы? Бул алдын ала кабар жарыяланган убакытта Учурлук Халифа (Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад) али жаш бала болчу жана аны Халифа кылуу жөнүндө Мырза Гулам Ахмад кандайдыр бир осуятты да айткан эмес болчу. Халифатты шайлоо ишин да жалпы калайык калктын жеке каалоосуна калтырган. Ал убакытта көпчүлүк адамдар Хакийм Мавлавий Нуруддинди Халифа деп кабыл алышканда, каршылаштар эмнеге ошол уулу Халифа болгон жок деп алдын ала кабарды шылдыӊдашкан. Бирок I Халифа кайтыш болгон соӊ Мырза Башируддин Махмуд Ахмад Халифа болгондон кийин Жамаатты таӊкаларлык даражада өстүрүп, жердин булуӊ-бурчтарына чейин жеткирип койду». Бул сөздөрдү Ахмадий эмес адам жазып жатат. «Бул доордо Ахмадиятты жок кылуу үчүн жасалган «жандуу» аракеттерге карабай, ал өсүп-өнүгүп бара жатат. Кыскасы, ушул алдын ала кабар сөзмө-сөз орундалды».

♦ Аржун Синг аттуу мусулман эмес журналист төмөнкүдөй моюндоого аргасыз болгон: Мырза Гулам Ахмад Учурлук Халифа Мырза Башируддин Махмуд Ахмад али жаш бала болгон убакытта мындай деп алдын ала кабар жарыялаган болчу: Алла Таала сага бир уул тартуулайм деп айткан. Бул таӊкаларлык алдын ала кабар. 1901-жылы Мырза Башируддин Махмуд Ахмад кандайдыр бир бийик аалым болгон эмес жана анын саясий жөндөмдөрү да ачыла элек болчу. Ал убакытта сага ушундай уул берилет деп жарыялоо албетте кандайдыр бир руханий күчтүн далили.

♦ Ал доордо бүгүнкү күндөгүдөй шарттар болгон эмес болчу, ушуга карабай, Алла Тааланын колдоосу менен 50дөн ашуун өлкөдө Ахмадия Мусулман Жамааты өз тамырын жайылткан. Ар бир континентте Жамаатыбыз пайда болгон. Бул Убада кылынган Реформатор жөнүндөгү алдын ала кабарга ылайык Ислам дининин жайылуусу жана ал (разияллааху анху)нун күчтүү ой-ниеттүү инсан экенинин натыйжасы.

♦ Убада кылынган Уулдун келүүсүнүн максаты төмөнкүдөй болчу: «Ислам дининин кадыр-баркы жана Курани Каримдин мартабасы адамдарга ачылсын».

♦ Ахмадиятка катуу душман болгон «Заминдар» газетинин редактору Мавлавий Зафар Али Хан мырза мындай деп жазган: «Кулак салгыла, силер жана силердин шакирттериӊер кыямат күнүнө чейин Мырза Махмуд менен беттеше албайсыӊар. Мырза Махмудда Куран бар жана Курандын илими бар, силерде эмне бар? Мырза Махмудда анын ишаараты менен өзүнүн жанын курман кыла турган бир Жамаат бар. Мырза Махмудда ар кандай илимдердин адистери бар, ал ар бир өлкөдө өз желегин желбиретиптир».

♦ Индиянын атактуу Суфи Ходжа Хасан Низаамий мырза мындай деп жазган: ал кишинин ден-соолугу көбүнчө начарланып турат, бирок ал анын активдүүлүгүнө залал келтире алган жок. Ал киши каршылык бороондорунда бейпилдик менен эркекчелик иштеген.

♦ Аталган алдын ала кабарда «туткундарды куткарат» деген сөздөр бар. Кашмир элинин эгемендүүлүгү үчүн «Бүткүл Индия Кашмир Комитети» катуу күрөшкөн, 1931-жылдын 25-июлунда Индиянын чоӊ-чоӊ лидерлери Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмадды ал комитетке төрага кылып шайлашкан. Ал кишинин эмгеги менен тез арада Кашмирде ахвал туруктуу болуп, адамдага алардын укуктары бериле башталган. Каршылаштар да ал киши аткарган кызматтарга баа берүүгө аргасыз болушкан.

♦ Чоӊ саясатчы жана бийик аалым Мавлана Мухаммад Али Жавхар 1927-жылдын 26-сентябрында мындай деп баа берген: эгер биз Мырза Башируддин Махмуд Ахмад жана анын бириккен Жамааты жөнүндө сөз кылбасак, анда шүгүрсүздүк болот, алар өздөрүнүн бардык жөндөмдөрүн мусулмандардын кызыкчылыгына жана пайдасына арнашыптыр. Алар иш жүзүндө иштешет, ал эми молдолор куру билдирүүлөрдү гана жасашат.

♦ Атактуу аалым Абдул Маажид Даряабадий мырза ал (разияллааху анху) Курани Каримге кылган кызматы тууралуу мындай деп баа берген: ал киши өмүр бою активдүүлүк жана бекем ой-ниет менен Куран илимдерин жана Ислам дининин дааватын жердин булуӊ-бурчтарына жеткирүү үчүн катуу аракет кылган, бул үчүн Алла Таалага ага сыйлык берсин. Курани Каримге берген илимий чечмелери жана түшүндүрмөлөрү да өзгөч бийик орунду ээлейт.

♦ Бир жолу америкалык бир поп 1914-жылы Кадиянга келип, мындай деди: мен кээ бир өтө маанилүү суроолорду уламаларга бердим, бирок жообун алалбай калдым. Эми силердин Халифаӊарга сунуштоо үчүн келдим. Мавлавий Умардин Шимлавий мырза мындай деп айтып берет: суроолор өтө эле татаал жана кыйын болчу. Мен аларды угуп, Хузур азырынча жаш, теология илимин да эч жерден алган эмес, жашы да кичине, жакшы билбейт, ал киши бул суроолорго такыр эле жооп бере албайт калат. Ошентип, бүткүл дүйнөдө Жамаатыбыз кордолот деген ой менде бекем орношуп алды. Мен аябай сар-санаа болдум жана анын суроолорду бербей кетип калуусун кааладым деди. Бирок ал киши суроо бербей кетпейм деп туруп алды. Мен аргасыз болуп, Хузурдун алдына кирип, ал поп кээ бир суроолорду сурамакчы дедим. Ал Азирети дароо аны чакырып алыӊыз деди. Котормочу да мен элем. Ал өз суроолорун бергенден кийин Ал Азирети канааттандыраарлык даражада жооп берип, аны таӊ калтырды. Ал жоопторду англис тилине которуп бергенимде, ал киши силердин Халифаӊар өтө бийик аалым го деди. Анан Ал Азиретинин колун өбүп, жөнөп кетти.

♦ 1945-жылы Ал Азирети Лахор шаарында жайгашкан «Ахмадия Жатаканасында» «Исламдын финансылык системасы» деген темада доклад жасаган. Докладдан кийин жыйындын төрагасы Лала Раамчанд мырза мындай деп кыскача сөздөрдү айтты: ушундай баалуу кайрылууну угуп, өзүмдү бактылуу адам деп сезем деди. Ахмадияттын өсүп-өнүгүп бара жатканын көрүп, мен чоӊ кубанычтамын. Мен ушул кайрылуудан өтө көп пайда көрдүм. Ушул жыйынга мусулмандар жана мусулман эместер да келишкен, муну көрүп, мен кубандым. Мусулмандар жана мусулман эместердин ортосундагы алака-байланыштардын жакшырып жатканын көрүп, мен кубанычтамын деди. Ахмадия Мусулман Жамааты түшүндүрүп жаткан Ислам дини өлкө үчүн пайдалуу. Илгери мен Ислам дини бир гана мусулмандардын жеке кызыкчылыгына көӊүл бурат, мусулман эместерге көӊүл бурбайт деп ойлочу элем. Бирок бүгүн Ахмадия Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусун угуп, Ислам дини бардык адамдардын ортосунда теӊ укуктуулук деген таалимди берет деп билдим. Мына ушундай Исламды эмнеге сыйлоого болбойт.

♦ II Халифа жазган Куран тафсири «Тафсир-э-Кабийр» жөнүндө Индияга караштуу Патна Университетинин Урду бөлүнүн жетекчиси Ахтар Уринвий мырза өз көзү менен көргөн бир окуяны жазат: мен Патна коледжинин фарси тили бөлүмүнүн төрагасы профессор Абдул Маннаан Бедил мырзага «Тафсир-э-Кабийр» аттуу тафсирдин төрт беш томун биринин артынан бири сунуш кылдым. Ал киши ошол тафсирди окуп, андан катуу таасирленип, Патнадагы «Шамсул-Худаа» аттуу араб медресесине да ошол китептерди берген жана бир күнү бир топ шейхтерди чакыртып, алардын көз карашын жана ой-пикирин сураган. II Халифа жөнүндө «Куран илимдери менен толтурулуп жиберилет» деген алдын ала кабар айтылган болчу. Ал чакырылган шейхтердин бири фарсий тилиндеги тафсирлердин арасында андай тафсир жок деп жооп берген. Профессор Абдул Маннаан Бедил мырза араб тилиндеги тафсирлер жөнүндө эмне дейсиӊер деп сурады. Шейхтер унчукпай калышкан. Бир аз убакыттан кийин алардын бири Патнадан бардык арабча тафсирлерди табуу кыйын, Мисир жана Сириядагы бардык тафсирлерди окугандан кийин кандайдыр бир туура ой-пикир жана көз карашты айтууга болот деп айтты. Профессор Абдул Маннаан Бедил мырза араб тилиндеги байыркы тафсирлерден сөз кылып, мындай деп айткан: Мырза Махмуд жазган тафсирине эч бир тилден бир дагы тафсир теӊ келбейт. Силер Мисир жана Сириядан араб тилинде жазылган жаӊы тафсирлерди да алдырып алгыла жана бир нече айдан кийин мени менен сүйлөшкүлө. Араб жана фарси тилиндеги уламалар эмне кылаарын билбей калышкан.

♦ Пакистанга караштуу Сакхар районунун тургуну Курейши Абдур-Рахмаан мырза мындай деп жазат: II Халифа Сакхар шаарына келгенде, Ахмадий туугандар өздөрүнүн Ахмадий эмес досторун жолуктарганы алып келишчү. Көбүнчө мен күчтүү аалыммын деп мактана турган бир адамды да алып келгенбиз. Ал жерге келген адамдар суроо беришчү, II Халифа аларга жооп берчү. Бирок ал адам унчукпай отура берген. Ал жыйын бүткөн соӊ андан эмнеге суроо бербедиӊ деп суралганда, ал киши ушул жерде суроо берүү – бул өз билимин «ашкерелетүү» дегендик деп жооп берди. Ал катуу каршылаш болгон, бирок II Халифа сүйлөгөн сөздөрүн угуп, ушул жерден унчукпай кетип калуу ылайыктуураак деп ойлогон.

♦ «Парас» аттуу жумалык газетанын редактору Лала Карамчанд кээ бир журналисттер менен Кадиянга келип, II Халифа (разияллааху анху)дан тереӊ таасирленип, үйүнө кайтып, өз газетасына бир макала жазып, мындай деп айткан: биз Зафрулла Ханды бийик инсан деп ойлогон элек, бирок Мырза Махмуд Ахмаддын алдында ал кудум мектептеги окуучу сыяктуу. Ал ар бир меселеде андан күчтүү ой-пикир жана көз карашка ээ. Мына ушундай инсан оӊой гана бир өлкөнү туу чокусуна алып чыгышы мүмкүн.

♦ Бир окумуштуу Кадияндагы Жалсага катышып, II Халифаны ээрчигендер жөнүндө төмөнкүдөй көз карашын айткан: бир кылдаттык менен байкаган нерсе: бүтүн Жамаат, бардык адамдар, бүтүн топ ушул ыйык Халифанын кичинекей бармагынын ишаараты менен жүрүүдө.

♦ Аллаама Ныяз Фатх-э-пурий «Тафсир-эКабийрдин» 3-томун окугандан кийин мындай деп жазган: бүгүнкү күндөрдө «Тафсир-эКабийрдин» 3-тому менин маӊдайымда турат. Албетте, Курани Каримди окуунун бүтүндөй жаӊы жагын жана ой жүгүртүүсүн жаратты. Бул өзгөчө жана биринчи тафсир болуп, анда акыл менен далил өтө мыкты ыкмада бири-бири менен пикирлеш кылып көрсөтүлгөн. Ал кишинин кыраакы көздүүлүгү, өзгөчө ой-пикир жана акыл-парасат ээси экендиги, мыкты ыкмада далил келтирүүсү анын ар бир сөзүнөн байкалып турат. Ушул кезге чейин андан бейкабар жүргөнүмө өкүнүп жатам. Анын бардык томдорун окуп чыкканымда, кана! Кечөө «Худ» сүрөөсүнө жазган тафсиринде Азирети Лут (алайхиссалаам) жөнүндө анын ой-пикирин окуп, ичим ыраазы болуп, ушул катты жазууга аргасыз болдум. Сиз «хаа уулай банаатий» (бул менин кыздарым) деген аятты чечмелеп жатып, мурунку тафсирчилерден өзгөчө ыкманы тандадыӊыз, ага баа берүү менин колуман келбейт. Алла Таала сизге узун өмүр берсин.

♦ Кыскасы, Ахмадийлерге жана Ахмадий эместерге ал киши көрсөткөн тереӊ таасири ар бир адамды айран-таӊ калтырчу. Бул ошол алдын ала кабардын чынчылдыгынын ачык-айкын билдирилгендиги. Ушул алдын ала кабар жөнүндөгү ой-пикирлерди угуп, ал кишинин даражаларынын көтөрүлүп бара берүүсү үчүн дуба кылышыбыз керек, ошол эле учурда өзүбүздү да текшерип-анализдеп көрүшүбүз керек. Ар бир Жамаат мүчөсү Ахмадияттын өсүп-өнүгүүсү үчүн күчтүү ой-ниеттүүлүк менен өзүнүн бардык жөндөмдөрүн ишке салышы керек. Эгерде биз ушундай кылсак, анда тирүүлүгүбүздө Ахмадияттын өсүп-өнүгүүсүн мурдагысынан да көбөйүп бара жатканына күбө болобуз. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат берсин.

Share via