Жакшылык жана адеп-ахлактар боюнча эң мыкты болуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Жакшылык жана адеп-ахлактар боюнча эң мыкты болуу

2018-жылдын 2-мартында Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) Англиянын борбору Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуган. Ал кутбанын кыскача маани-мазмуну төмөнкүдөй:

 Ташаххуд, Таъвуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы мындай деген: Ислам таалимдери үйдө жана коомчулуктун ар бир баскычында жакшы адеп-ахлактар жана мыкты үлгүлөргө амал кылууга баса белгилеп турат. Мындай майда-чүйдөсүнө чейин бул маселени эч бир башка дин түшүндүрбөйт. Бирок, тилекке каршы, жалпысынан бул жагынан мусулмандар төмөн-пас деӊгээлде болуп эсептелинет. Алардын амалдары алар айтканына каршы келгендиги үчүн мусулман эместер аларды сындашат. Мусулмандар көбүнчө биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйөбүз деп билдиришет, бирок алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын окууларынын чыныгы рухун ээрчишпейт. Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды бул куттуу окууларды эстетүү үчүн жөнөткөндө, мусулмандар күч менен аны четке кагышкан. Алардын бул ахвалы биз – Ахмадийлердин көӊүлүн басымдулук менен мыкты адеп-ахлактарга амал кылууга бурат. Биз бардык жөндөмдөрүбүз менен Ислам дининин таалимдери жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге белгиленген эӊ жогорку адеп-ахлактарга ээ болууга аракет кылышыбыз керек. Антпесе, «Ахмадий» деп аталгандыгыбыздын же болушубуздун эч кандай пайдасы жок.

♦ Эгер биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын практикалык мисалын карап көрсөк, анда таң калаарлык (адеп-ахлактык) өлчөмдөрүнө күбө болобуз. Бул башкалар үчүн жан кайгы болуп калат деп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), анын бир аялын кыска бойлуулугу үчүн шылдыӊдаган башка аялынын аракетин жактырган эмес, ошондой эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн бир жубайына башка жубайларынын эч бир ишине арзыбаган жагымсыздыгыӊызды көрсөтпөшүӊүз керек деп насаат кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жаш балдарды башкалардын мөмө-бактарына таш ыргытып, аларды талкалабагыла деп, адеп-ахлактардын бийик нормаларына жетишүүгө үндөгөн. Эгер ачка болсоӊор, анда бак-дарактан мурунтадан жерге түшкөн жемишти алып жесеӊер болот. Бирок эӊ жакшы нерсе, силер мындай абалга чейин жетпөөӊөр үчүн Алла Таалага кайрылууӊар керек. Бир жолу бир бала бат-бат жеп-ичип жатып, колу менен тарелканын ар кайсыл жеринен жеп жаткан, ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Биринчиден, Алланын аты менен баштагын, оң колуӊ менен жегин жана өз алдыӊан жегин». Ошентип, биз балдарга мына ушундай таалим-тарбия берүүбүз керек, натыйжада алар чоӊоюшканда, эӊ мыкты адеп-ахлактарга ээ болушсун.

♦ Анандан тышкары, жалганчылык күнөө болуп саналат жана чынчылдык кандайдыр бир жакшылык жана мыкты адеп-ахлак болуп саналат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул ыкма менен алардын бала чагынан эле балдардын жүрөгүнө ушул (моралдык сапатын) жаратууга аракет кылуу керек деп насаат кылган. Бир сахааба өзүнүн балалык чагындагы бир окуясын айтып берет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) биздин үйгө келди. Мен али жаш экендигим үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үйдө турган экендигине карабай, мен ойноо үчүн үйдөн чыгып кетейин деп жаткан элем. Ошондуктан, бул куттуу айлана-чөйрөнү калтырып кетүүмдөн мени токтотуп, апам мындай деди: «Бул жакка кел жана бул жерде кал. (Эгер ушундай кылсаӊ) мен сага бир нерсе берем». Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Сен ага бир нерсе бермекчисиӊби?» – деп айткан. Апам: «Ооба, мен ага бир курма (финик) берем», – деп жооп берди. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Эгер андай ой-ниетиӊ жок болсо жана сен жөн гана баланы чакыруу үчүн калп айткан болсоӊ, анда сен калп айтканыӊ үчүн күнөөлүү болмоксуӊ». Ошентип, ушундай жол менен, ал бала бул өтө эрте жашында чынчылдыктык маанилүүлүгүн түшүнүп алган жана жалганчылыктан жийиркене баштаган. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир адамга ар бир жаманчылыкты таштай албасаӊ, эч болбогондо, жалган сүйлөөдөн алыс болгун, жок дегенде бир жаманчылыктан оолак болушуӊ керек деп айтты. Эми биз да, өзүбүздү текшерип чыгуубуз керек, биз ошол нормаларды карманганбызбы же жокпу? Айтууларга караганда, оор жана чоӊ күнөөлөргө байланыштуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Оор күнөөлөр – бул Алла Таалага шерик кошуу жана ата-энелерге баш ийбестик кылуу». Бул окуяны айтып берген киши мындай деп айтат: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) оор күнөөлөрдү айтып жаткан учурда бир нерсеге жөлөнүп отурган эле, анан түз өйдө болуп, отурду да, мындай деди: «Кунт коюп уккула. Бул – жалганчылык жана жалган күбөлүк берүү».

♦ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларында сабырдуулук жана чыдамдуулук нормаларын жараткан эле. Бир бедуин мечитте заара кыла баштады. Адамдар аны токтотуу үчүн ага карай жүгүрүштү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Аны жөн койгула жана ал заара кылган жерге суу куйгула», – деп айтты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) андан ары мындай деди: «Силер адамдарга кыйынчылыктарды көрсөтүш үчүн эмес, тескерисинче жеӊилдиктерди камсыз кылуу үчүн жаралгансыӊар». Андан кийин ал бедуин дайыма Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол мээримдүүлүгү жөнүндө сөз кылчу.

♦ Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эгер силер жакшы иштерди кылып жатабызбы же жаман иштерди жасап жатабызбы дегенди билгиӊер келсе, анда кошуналарыӊарга карап, силер жөнүндө кандай пикир айтып жатканын көргүлө», – деп айтты. Андан кийин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) лидерлерге: “Өзүӊөрдү эл жана коомчулукка кызматчы деп, бардык жөндөмдөрүӊөр менен аларга кызмат кылганыӊарда гана силердин мыкты адеп-ахлактарыӊар ачыкка чыгат», – деп айткан. Кудум ушундай, биздин Жамаат кызматчыларыбыз да бул маселеге көӊүл буруулары керек.

♦ Меккени колго алгандан кийин бардык күч-кубаттарга ээ болгондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эӊ мыкты адеп-ахлактарды көрсөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн бардык душмандарын, а түгүл оор куугунтуктарга дуушар кылгандарды да кечирген. Бул кечиримдүүлүк (алардын арасында) көп адамдардын Ислам динин кабыл алуусуна себепчи болгон.

♦ Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эӊ мыкты адеп-ахлактык нормаларынан сөз кылып, бир жерде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата: «Иннака ла-алаа хулукин азийм», (Сен эӊ бийик адеп-ахлак ээсисиӊ), – деп айткан. Ошондуктан, адеп-ахлактардын бардык түрлөрү – жоомарттык, кайраттуулук, адилеттүүлүк, ырайымдуулук, кайрымдуулук, чынчылдыктын, сабырдуулук, тагыраак айтканда, сабырдуулук менен бир нерсе чыдамкайлык көрсөтүү) сенде бар…, ушул бардык адеп-ахлактар чындыгында адамдын табигый ахвалдары жана туйгу-сезимдери, алар акыл-парасат менен орундуу жана туура жолунда көрсөтүлгөндө гана адеп-ахлактар деп атала алат…..

♦ Бийик адеп-ахлактар даӊгазалана турган ар кандай жагдайлардан сөз кылып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Жогорку адеп-ахлактар эки шартта даӊгазаланат: сыноолор жана кыйынчылыктарда, ошондой эле ийгилик жана моолчулукта. Сыноолор жана кыйынчылыктарда Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн сабыр кыла турган адам эӊ жогорку адеп-ахлактар ээси болуп саналат. Кудум ошондой ийгилик жана бийликке жатишип, карапайымдык жана кичи пейилдик менен адилеттүүлүктү орното турган инсан да эӊ жогорку адеп-ахлак ээси болуп эсептелинет. Ошентип, бул эки жагдай да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунда ачык-айкын жарыкка чыгат».

♦ Эки жүздүүлүк, кошоматчылык, алдамчылык, жүрөктөрдөгү кектик жөнүндө түшүндүрмө берип, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Бул Ислам таалими эмес, бул чыныгы Ислам адеп-ахлактары да эмес. Жок, бийик адеп-ахлактар бул: сен эмнени айтсаӊ, чын жүрөктөн айткын». Эгер сен боорукерлик көрсөтүүнү кааласаӊ, аны да чын жүрөктөн көрсөтүшүӊ керек. Эгер кандайдыр бир башка сезимдерди көрсөтө турган болсоӊ, аны да чын жүрөктөн көрсөткүн. … Мисалы, Алла Таала мындай деп айтат:

Албетте, Алла адилеттүүлүккө жана башкаларга жакшылык кылууга буюрат; жаккын туунгандарга берүү сыяктуу берүүгө да (буюрат)».

♦ Бул мыкты иш-амал: адилеттүүлүк кылгыла, болгонду болгонундай айтып бергиле. Анан Эхсан (жакшы иш) талап кылынган жерде жакшылык кылгыла. Андан кийин бир кадам алдыга кетип, адамдарга эне өз балдарына мамиле кылгандай мамиле кылгыла же жакын туугандар жакын туугандарына кылган мамиле сыяктуу мамиле кылгыла. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Бул эӊ мыкты иш-амал жана ар бир мыкты иш-амал Аллахтын Китебинде бар».

♦ Бул үчүн жүрөк тазалыгы керек. Өзүӊөрдү Алла Тааланын буйруктары жана ыраазычылыгы жолуна жүргүзүшүӊөр керек. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Жакшы адеп-ахлактар башка жакшы иштерге ачкыч болуп саналат. Өздөрүнүн адеп-ахлактарын реформалап-оӊдоого көӊүл бурбагандар акырындык менен жараксыз болуп кетишет». Эӊ мыкты адеп-ахлактарга ээ болгон инсан гана пайдалуу адам болот. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Мына ошондой ахвалда адам өлгөн айбандан да төмөн болот. Жок дегенде, өлгөн малдын териси жана сөөктөрү пайдаланылат, бирок адамдын терисинин да пайдасы жок. Мына ушул ахвалга жетип, «абдан төмөн жаратылыш» катары болуп калат. Ошондуктан, адеп-ахлактарды жакшыртуу зарыл экенин билгиле, анткени адеп-ахлактар жакшы иштердин энеси болуп эсептелинет».

♦ Эгер жакшы адеп-ахлактарга ээ болсоӊор, анда жакшы иштерди кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуӊар. Күндөлүк жашоодо бул адеп-ахлактар кандай ачыкка чыгат, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Кээ бир адамдар бир кайырчыны көргөндө кыжырланып калышат… Ыйык Куранда Алла Таала мындай дейт: «Тилемчини какпагыла». … «Изгилик деген бул – кайырчыны көрүп ачууланбоо керек. Шайтан силерди жакшы иштерден кайтарып, силерге жаманчылык кылдырууну каалайт».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп улантат: «Билип койгула, бир жакшылыктан дагы бир жакшылык пайда болот, кудум ошондой жаманчылык дагы бир жаманчылыкка себепчи болот. Мисалы, ар бир нерсе (иш-аракет) башка нерсени өзүнө тартат, кудум ошондой Алла Таала ушул өзүнө тартуу (өздөштүрүү) системасын ар бир иш-амалда жараткан. Окуп-үйрөнүү жана окутуп-үйрөтүү системасы». Ошентип, бир жакшы иш-амал дагы башка жакшы иш-амалга жетелейт жана адамдын дагы башка жакшы иштерди жасоо жөндөмдүүлүгү өсүп кетет.

♦ Ата-энелер менен мамиле кылуу тууралуу, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) Шейх Абдур-Рахмаан Сахиб Кадиянийге (анын ата-энеси Сикх болчу) мындай деп насыйкат айткан: «Алар үчүн дуба кылышыӊ керек … Аларга Ислам дининин чынчылдыгын далилдөө үчүн мурдагыдан да жакшы мамиле кылып, мыкты үлгүнү көрсөтүшүӊ керек». Чыныгы Исламдын стандарты бул: ал аркылуу адам эӊ бийик адеп-ахлактарга ээ болуп, натыйжада башкалардан өзгөчөлөнүп калат. Сен аркылуу, балким, Алла Таала алардын жүрөгүнө Ислам дининин сүйүүсүн салаар. Ислам дини адамга ата-энесине кызмат кылууга тыюу салбайт. Ишенимиӊе зыян келтирбеген дүнүйөлүк иштерде мүмкүн болушунча аларга бүтүндөй баш ийүүнү көрсөтүшүӊ керек. Чын жүрөк жана жан-дилиӊ менен аларга кызмат кылгын».

♦ «Адеп-ахлактар гана жаныбарлардан адамдарды айырмалайт, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Биринчиден, жаныбарлар шарттар жана санды айырмалай албайт жана анын алдында келгенин ала берет … Экинчиден, жаныбарлар адал менен арам ортосундагы айырманы түшүнө албайт». Адамдардын зордук-зомбулук менен жана мыйзамсыз бир нерсеге ээ болуусу – бул тозок. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) адамдардын адеп-ахлактарга амал кылуусу жөнүндө мындай деп айтат: «Эгер алар Алла Тааланын акы-укуктарын аткарбаса, Анын бийиктигин кабыл алышпаса, Ага ибадат кылышпаса, Анын осуяттарына кулак салышпаса, Анын ыраазычылыгына жетишүүгө аракет кылшпаса, анда бул жакшы адеп-ахлактар эмес. Эгер алар адам баласынын акы-укуктарын аткарышпаса, зордук-зомбулук менен алардын байлыктарын мыйзамсыз тартып алышса, аларга зыян келтирүүгө аракет кылышса жана аларга терс мүнөздүүлүгүн көрсөтүшсө, анда бул да адеп-ахлактарга каршы келет». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп улантат: «Атаганат, адамдын жашоосунун түпкү максат-мүдөөсү болгон нерсеге көӊүл бура турган адамдар өтө эле аз!»

♦ Андан кийин, текеберлик деген дагы бир жаманчылык болуп, жакшы иштерди кылуудан куру-жалак калтырат, ал гана эмес, Алла Тааланын нааразылыгына татыктуу кылып коёт. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «… адам текеберликтин эӊ майда-барат түрлөрүнөн да өзүн сактоосу керек. Кээде байлык менен текеберлик пайда болуп калат. …кээде адамдар үй-тукумунун уруусу жана ата-теги менен текебер болуп кетишет. … анда-санда илим-билим да текебер булагы болуп калат». Кыскасы, текеберликтин көп түрлөрү бар жана алар адамдарды жакшы иштерди аткаруудан куру-жалак калтырат жана башкаларга пайда келтирүүдөн адамдарды тосот. Адам алардын баарынан өзүн коргошу керек.

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Эч кимге жакшы адеп-ахлак нормаларын аткаруу үчүн күч-кубат тартууланган эмес, болгону жакшы иштерди кылууга мүмкүнчүлүктөр гана берилген. Адеп-ахлактарды таштап салуу гана жаманчылык жана күнөө болуп саналат». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Адамга жакшы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгү гана берилген». Ал (алайхиссалаам) мындай деп улантат: «Адеп-ахлактарды таштап салуу гана жаманчылык жана күнөө болуп саналат. Эгер силер адеп-ахлактык баалуулуктарыӊарды унутуп жиберсеӊер, анда бул нерсе силерди жаманчылык жана күнөөгө алып барат. Ошол эле учурда, жакшы иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгү да азайт». Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Мен өз Жамаатыма насаат кылам, кимде-ким өзүнүн кошуналарына өз адеп-ахлактарын жана жүрүм-турумун өзгөртүп көрсөтсө, башкача айтканда, ал мурун кандай болгон жана азыр кандай болуп калды, анда ал киши кандайдыр бир муъжиза-кереметти көрсөткөн болот жана ошентип ал киши өзүнүн кошунасына жакшы таасир берет».

♦ Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат: «Эгер бир адам бул Жамаатка кошулса, анан ушул Жамааттын кадыр-баркын жана сый-урматын эсепке албаса жана анын баалуулуктарына каршы келген иш-аракеттерди жасаса, ал Алла Тааланын астында азапка кабылат, анткени ал өзүн гана талкалабастан, ал башкаларга да терс таасирин тийгизет жана башкаларды бактылуулук жана туура жолдон токтотууга себепчи болот».

♦ Эгер адамдар бузулган мисалдарды көрүшсө, бул нерсе аларды Жамааттан алыстатып жиберет. Демек, күчүӊөргө жараша Алла Тааладан жардам сурагыла, бардык күчүӊөр жана кайратыӊар менен алсыздыктарыӊарды кетирүүгө аракет кылгыла. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп улантат: «Адамзат жан-талашып аракет кылып, дуба сурамайынча жүрөккө түшкөн такты кетире албайт». Ошондуктан, мейли биздин Жамаатыбыз болсун же башка бирөө болсун, алар аракет кылып, дуба сураганда гана өз адеп-ахлактарын өзгөртө алат, антпесе бул мүмкүн эмес.

♦ Алла Таала колдоп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн туурап, ар жактан, ар бир учурда, ар бир жайда жана жагдайда өз адеп-ахлактарыбызды жакшыртууга күч-кубат берсин. Биз бул доордун Имамын кабыл алганбыз, ошондуктан биздин эч бир иш-амалыбыз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды жаманатты кылуучу болбосун. Андан көрө, ар дайым адеп-ахлактарыбыздын өлчөмдөрүн жогорулатып, Алла Тааланын алдына жыгылып, дуба сурап, буга жетишүү үчүн Андан жардам сурайлы.

♦ Жума намазынан кийин Карачи шаарынын тургуну Шейх Абдул Хамид Сахиб уулу Шейх Абдул Мажид мырзанын жаназа намазын окутам. Ал киши 88 жашында 2018-жылдын 15-февралында көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илахи раажиъуун. Анын небереси мындай деп жазган: «Ал киши Кадиянда аксакалдар менен алакада болгондугу үчүн жаш курагынан эле Алла Таала менен өзгөчө мамилеси бар болчу. Ал киши орто мектепте англис тили сынагын жакшы тапшырбаган жана мечит тарабынан келе жатканда мечиттен чыгып келе жаткан Азирети Мавлана Шер Али Сахиб менен жолугушуп калды. Ал киши Мавлана менен жолукканда, Мавлана экзамен жөнүндө сураганда, экзамен жакшы өткөн жок деп жооп берди. Мавлана Шер Али Сахиб колдорун көтөрүп, ошол замат дуба кыла баштады, анан сиз экзаменден өтүп кетесиз деген куш кабарды берди. Ал дуба кабыл болуп, андан кийин ар бир экзаменден өттү. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын IV Халифасы МТАны ачканда, ал киши дароо 100,000 рупий Чанда берген. 2010-жылдын 28-майында Лахор шаарындагы Дар-ул-Зикр жана Модел Таун деген жерде болгон окуядан кийин ал киши ошол замат Саййиднаа Билал Фондуна 100,000 Рупий Чанда берди». Кудум ошондой Ыйык Куран жарыялоо үчүн өтө чоң суммадагы акчаны бөлгөн. Ал өтө жөнөкөй жашоо өткөргөн. Алла Таала ага ырайым кылсын, анын даражасын көтөрсүн, ошондой эле анын неберелери жана кызына сабыр жана кайраттуулук берсин. Ал киши баштаган жакшы иштерин мындан ары улантуу үчүн аларга да жардам берсин. Намаздан кийин мен анын жаназа намазын алып барам.

Share via