Кечирилүү жана кастыктын жок болуусу үчүн момундардын дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кечирилүүгө татыктуу болуу жана кастыктын жок болуусу үчүн момундардын дубасы

Бир сахааба Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу намаз окуду. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Бул адам бейишке кирет», – деп айтты. Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) ага кайсы амалынын аркасынан Алла Тааланын мээримдүүлүгү төгүлгөнүнө кызыгып калды? Ушинтип, Абдулла бин Умар (разияллааху анху) ал кишиге барып конок болду, ал жакшылап тосуп алды. Ибни Умар (разияллааху анху) мындай дейт: «Мен түн ортосунда Тахажжуд окудум, ал уктай берди. Эртең менен мен Нафл орозосун туттум, бирок ал орозо туткан жок. Ошондо, мен мындай деп суроо бердим: «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) сиздин бейишке кирээриңизди айтты. Сизди бейишке татыктуу кылуучу амалдан кабар берсеңиз?» Ал киши мындай деп жооп кылды: «Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) менин бейишке кирээримди кабарлаган, сиз бул суроого Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзүнөн жооп алыңыз». Ибни Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Тигил кишиге барып, мен атыман өз амалын айтып берүүсүн сурагын?» – деп айтты. Ошондо, ал киши мындай деп жооп берди: «Биринчиден, менин назарымда дүйнөнүн эч кандай мааниси жок, канча бирилгенине же канча кеткенине такыр көңүл бурбаймын; экинчиден, менин ичимде эч кимге карата көрө албастык же кастык жок». Азирети ибни Умар (разияллааху анху) мындай деп айтты: «Албетте, Алла Таала сизди бизден абзел кылды. Алла Таала момундарга да ушул эле дубаны үйрөткөн. (Дурри-Мансур», 5-том, 199-бет)رَبَّنَا اغۡفِرۡ لَنَا وَلِاِخۡوَانِنَا الَّذِیۡنَ سَبَقُوۡنَا بِالۡاِیۡمَانِ وَلَا تَجۡعَلۡ فِیۡ قُلُوۡبِنَا غِلًّا لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا رَبَّنَاۤ اِنَّکَ رَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ОКУЛУШУ: РАББАНАГФИРЛАНАА ВАЛИ-ИХВААНИ-НАЛЛАЗИЙНА САБАКУУНАА БИЛ-ИЙМААНИ ВАЛАА ТАЖЪАЛ ФИЙ КУЛУУБИНАА ГИЛЛАЛ-ЛИЛЛАЗИЙНА ААМАНУУ РАББАНАА ИННАКА РАУУФУР-РАХИЙМ. (АЛ-ХАШР 59:11)

Котормосу: «Эй, Раббибиз! Бизди дагы, ыйман боюнча бизден озуп кеткен туугандарыбызды дагы кечиргин жана ыйман келтиргендерге карата жүрөктөрүбүзгө эч кандай кек сактоого жол бербегин. Эй, Раббибиз! Албетте, Сен өтө мээрман (жана) кайра-кайра ырайым кылуучусуң». (59:11)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via