Алла таала деген ким?
Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) Алла таала жөнүндө мындай деп айтат:
«Эй, угуучулар уккула! Алла таала силерден эмнени талап кылат? Муну эле талап кылат: жалгыз Алланыкы болгула. Жерде да, асманда да Ага эч кимди шерик кылбагыла. Биздин Аллабыз – мурун Тирүү болгондой, азыр да Тирүү. Мурун сүйлөгөндөй, азыр да сүйлөйт. Мурун уккандай, азыр да угат. «Азыркы доордо Ал угат, бирок сүйлөбөйт» деген ой куру–негизсиз. Жок, андай эмес, Ал угат жана сүйлөйт. Анын бардык сыпаттары эзелки жана түбөлүктүү. Эч бир сыпаты бекер кылынган эмес жана эч качан бекер кылынбайт. Ал Жалгыз, Анын эч бир шериги жок; Анын эч бир уулу да жок; аялы да жок. Ал теңдеши жок (Кудай), Анын окшошу да жок. Ага окшош эч бир адам кандайдыр бир өзгөчө сыпатка ээ эмес. Анын эч теңи жок. Анын эч сыпатташы да жок. Анын бардык күч–кудурети жетиштүү. Ал алыс болгону менен жакын жана жакын болгону менен алыс.
Ал Тамассул жолу менен Ахли Кашфка Өзүн ачыкка чыгарат. Бирок Анын эч бир денеси да жок, формасы да жок. Ал баарынан жогору, бирок Анын астында дагы бирөө бар деп айтууга болбойт. Ал Арштын үстүндө, бирок Ал жерде жок деп айтууга болбойт. Ал бардык жетик сыпаттардын Жыйындысы жана бардык чыныгы мактоо–алкоолордун Күзгүсү. Ал бардык касиеттердин Булагы. Ал бардык күч–кубаттардын Жыйындысы. Ал бардык кут-берекелердин Борбору. Ар бир нерсе Ага гана кайтат. Ал ар бир падышачылыктын Ээси. Ал ар бир Жетиктикке Ээ, ошондой эле ар бир айып-кемчилик жана алсыздыктан Таза. Ал төмөнкү нерсеге өзгөчөлөнүп турат: жердегилер да, асмандагылар да Ага гана сыйынуулары лаазым.
Анын Колунан баары келет. Ал бардык рухтар менен алардын жөндөмдүүлүктөрү, ошондой эле бөлүктөр менен алардын жөндөмдүүлүктөрүнүн жападан–жалгыз Жаратуучусу. Ансыз эч нерсе ачыкка чыкпайт. Ал Өзүнүн Куч–кубаттары, Кудуреттери жана Белги–Жышаандары аркылуу Өзүн даңазалайт. Аны ошолор аркылуу табууга болот. Ал чынчылдарга дайыма Өзүн жарыялап келген. Ал аларга Өз Кудуреттерин көрсөтөт. Ошол аркылуу гана Ал таанылат. Ошол аркылуу Анын жагымдуу жолу табылат. Ал материалдык көздөрсүз көрөт, материалдык кулактарсыз угат жана материалдык тилсиз сүйлөйт. Ошондой эле жоктон бар кылуу – Анын гана иши.
Мисалга, түш көргөнүңөрдө силер күбө болгонуңардай, кандайдыр бир затсыз ааламды жаратат, ошондой эле ар бир жок болуучу жана жоктой нерсени бар болгондой көрсөтөт. Анын бардык Кудуреттери ошондой. Анын Кудуреттерин четке кага турган бирөө – наадан. Анын терең Кудуреттеринен бейкабар болгон бирөө – сокур. Ал Өзүнүн шаңына же убадаларына каршы болгон нерселерден башка бардык нерселерди кылат жана кыла алат. Ал Өзүнүн Жекелиги, Сыпаттары, Иштери жана Кудуреттери боюнча Жалгыз.
Ага жетүү үчүн Курани карим ачкан жалгыз эшиктен башка бардык эшиктер жабык. Мурун өтүп кеткен бардык пайгамбарчылыктар жана бардык китептерди өзүнчө ээрчүүнүн кажети жок, анткени Мухаммад(сав)дын Пайгамбарчылыгы аларды өз ичине алып, баарын камтыйт. Ушул (Мухаммад(сав)дын Пайгамбарчылыгы)нан башка (Алла таалага бара турган) бардык жолдор жабык. Алла таалага жеткире турган бардык чындыктар анын ичинде бар. Мындан кийин да эч бир жаңы чындык келбейт, анда кезикпеген илгерки кандайдыр бир чындык да жок. Ошондуктан, бардык пайгамбарчылыктар ушул Пайгамбарчылык менен аяктады. Ошондой болуш керек болчу. Себеби, кайсы нерсенин башталуусу болсо, анын аягы да бар. Бирок Мухаммад(сав)дын Пайгамбарчылыгы өзүнүн жеке берекелүүлүгүн таратуу жагынан куру–жалак эмес. Тескерисинче, ал бардык пайгамбарчылыктардан да көбүрөөк пайда–берекелүүлүгүн таратуучу. Ушул Пайгамбарчылыкты ээрчүү (адамды) абдан жеңил гана Алла таалага жеткирип коёт. Аны ээрчүүнүн аркасынан Алла тааланын сүйүүсү жана Аны менен сүйлөшүү белеги мурдагысынан да көбүрөөк берилет». («Ал-Васият» китепчеси 18-20-бет)