Алла Таала жөнүндө Ыйык Курандан кыскача маалымат
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таала

بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡم

Араб тилинде «Алла» Эӊ Улуу Заттын аты. «Алла» деген сөз Кудайдан башка эч бир жан же нерсеге колдонулбайт. Кудай үчүн башка тилдерде кезигүүчү бардык аттар сыпаттуу жана түшүндүрмө ысымдар, ошондой эле ошол аттар көбүнчө көптүк формада колдонулат, бирок «Алла» деген сөз эч качан көптүк формада колдонулбайт. Кыргыз тилинде «Алла» сөзүнүн (параллель) теӊи жок болгондуктан котормолордо «Алла» деген түпкү ат эле жазылат.بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِاَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَالرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِمٰلِکِ یَوۡمِ الدِّیۡنِاِیَّاکَ نَعۡبُدُ وَ اِیَّاکَ نَسۡتَعِیۡنُاِہۡدِ نَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَصِرَاطَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمۡتَ عَلَیۡہِمۡ ۬ۙ غَیۡرِ الۡمَغۡضُوۡبِ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا الضَّآلِّیۡنَ1. (Мен) чексиз берешендик кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен (окуйм).
2. Ар (түрдүү) мактоо-алкоо бүткүл ааламдардын Раббиси – Аллага таандык.
3. Чексиз берешендик кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
4. (жана) Сыйлык менен Жаза күнүнүн Ээси.
5. (Эй, Алла!) Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз.
6. Бизди туура жолдон жүргүзгүн –
7. Сен тартуу кылган, (кийинчерээк) каарыӊа дуушар болбогон жана адашпаган адамдардын жолунан. (1:1-7)سَبَّحَ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُАсмандар менен жердеги бардык нерселер Аллага тасбех айтат. Ал Эӊ Жеӊүүчү (жана) Эӊ Даанышман. (57:2)لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۚ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌАсмандар менен жердин падышачылыгы Аныкы. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал бардык нерселерге Кудуретүү. (57:3)ہُوَ الۡاَوَّلُ وَ الۡاٰخِرُ وَ الظَّاہِرُ وَ الۡبَاطِنُ ۚ وَ ہُوَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌАл Абалкы жана Акыркы, ошондой эле Көрүнөө жана Көмүскө. Ал ар бир нерсени билет. (57:4)ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ ؕ یَعۡلَمُ مَا یَلِجُ فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا یَخۡرُجُ مِنۡہَا وَ مَا یَنۡزِلُ مِنَ السَّمَآءِ وَ مَا یَعۡرُجُ فِیۡہَا ؕ وَ ہُوَ مَعَکُمۡ اَیۡنَ مَا کُنۡتُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌАл асмандар менен жерди алты доордо жаратты, анан Аршта бекем жайгашты. Ал жерге кире турганын да, андан чыга турганын да, асмандан түшө турганын да, ага көтөрүлө турганын да билет. Силер кайда барбасаӊар, Ал силер менен бирге болот. Алла амалдарыӊарды жакшы билет. (57:5)لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُАсмандар менен жердин падышалыгы Аныкы. Бардык иштер (өкүм чыгаруу үчүн) Аллага гана кайтарылат. (57:6)یُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ یُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ ؕ وَ ہُوَ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِАл түндү күндүзгө киргизет жана күндүздү түнгө киргизет. Ал жүрөктөгү нерселерди жакшы билет. (57:7)یُسَبِّحُ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ۚ لَہُ الۡمُلۡکُ وَ لَہُ الۡحَمۡدُ ۫ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌАсмандар менен жердеги бардык нерсе Аллага тасбех айтат. (64:2)ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ فَمِنۡکُمۡ کَافِرٌ وَّ مِنۡکُمۡ مُّؤۡمِنٌ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌАл силерди жараткан. Демек, араӊардагы бирөө каапыр болуп кетет, бирөө момун болуп калат. Алла амалдарыӊарды көрүп турат. (64:3)خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ وَ صَوَّرَکُمۡ فَاَحۡسَنَ صُوَرَکُمۡ ۚ وَ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُАсмандар менен жерди Ал (Алла) өзгөчө бир максат менен жараткан, ошондой эле келбеттериӊерди жараткан жана турпаттарыӊарды абдан кооз кылып жараткан. Ага гана кайтып барасыӊар. (64:4)یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ یَعۡلَمُ مَا تُسِرُّوۡنَ وَ مَا تُعۡلِنُوۡنَ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِАл асмандар менен жердеги бар нерселерди билет жана силер беките турган же ачыкка чыгара турган амалыӊарды да билет. Алла жүрөктөгү нерселерди да билет. (64:5)اِنَّ اللّٰہَ فَالِقُ الۡحَبِّ وَ النَّوٰی ؕ یُخۡرِجُ الۡحَیَّ مِنَ الۡمَیِّتِ وَ مُخۡرِجُ الۡمَیِّتِ مِنَ الۡحَیِّ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ فَاَنّٰی تُؤۡفَکُوۡنَАлбетте, Алла дан менен данекти жаруучу, Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат жана өлүктү тирүүдөн чыгаруучу. Силердин Аллаӊар – мына ушул. Демек, айткылачы, силер кайдан кайтарыласыӊар? (6:96)فَالِقُ الۡاِصۡبَاحِ ۚ وَ جَعَلَ الَّیۡلَ سَکَنًا وَّ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ حُسۡبَانًا ؕ ذٰلِکَ تَقۡدِیۡرُ الۡعَزِیۡزِ الۡعَلِیۡمِАл таӊды чыгаруучу. Ал түндү эс алуу куралы кылды жана күн менен айды эсептөө куралы кылды. Бул – Жеӊүүчү (жана) Билүүчү (Алла)нын өлчөмү. (6:97)وَ ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ النُّجُوۡمَ لِتَہۡتَدُوۡا بِہَا فِیۡ ظُلُمٰتِ الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ ؕ قَدۡ فَصَّلۡنَا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَАл гана силер үчүн жылдыздарды, алар аркылуу кургактык менен деӊиз кыйынчылыктарында жол табууӊар үчүн жаратты. Биз илим-билимдүү коом үчүн жышаандарды ачык-айкын баян кылып койдук. (6:98)وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَکُمۡ مِّنۡ نَّفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ فَمُسۡتَقَرٌّ وَّ مُسۡتَوۡدَعٌ ؕ قَدۡ فَصَّلۡنَا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّفۡقَہُوۡنَОшол эле Зат силерди бир жандан жаратты, анан (силер үчүн) убактылу турак жай менен узак мөөнөткө туруучу турак жайды белгиледи. Биз түшүнө турган адамдар үчүн жышаандарды ачык-акйын баян кылдык. (6:99)وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً ۚ فَاَخۡرَجۡنَا بِہٖ نَبَاتَ کُلِّ شَیۡءٍ فَاَخۡرَجۡنَا مِنۡہُ خَضِرًا نُّخۡرِجُ مِنۡہُ حَبًّا مُّتَرَاکِبًا ۚ وَ مِنَ النَّخۡلِ مِنۡ طَلۡعِہَا قِنۡوَانٌ دَانِیَۃٌ وَّ جَنّٰتٍ مِّنۡ اَعۡنَابٍ وَّ الزَّیۡتُوۡنَ وَ الرُّمَّانَ مُشۡتَبِہًا وَّ غَیۡرَ مُتَشَابِہٍ ؕ اُنۡظُرُوۡۤا اِلٰی ثَمَرِہٖۤ اِذَاۤ اَثۡمَرَ وَ یَنۡعِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکُمۡ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَАл гана асмандан суу түшүрдү, анан (карагыла, кантип) ал аркылуу Биз ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп чыгардык жана аны менен эгинди жараттык, андан кат-кат дандарды чыгарабыз, ошондой эле курмадан, тактап айтканда, анын башынан ылдый жакка ийилген мөмөлөрдү (чыгарабыз), ошондой эле жүзүм, зайтун жана анардан ушундай бактар(ды чыгарабыз): алардын айрымдары өз ара окшош жана (айрымдары) айырмаланат. (Алардын арасындагы ар түрдүү бак-дарак) мөмө байлаганда, анын мөмөсүн жана анын бышуу (ахвалына) карагыла. Мында ыйман келтирген адамдар үчүн албетте (арбын) жышаандар бар. (6:100)وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ شُرَکَآءَ الۡجِنَّ وَ خَلَقَہُمۡ وَ خَرَقُوۡا لَہٗ بَنِیۡنَ وَ بَنٰتٍۭ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یَصِفُوۡنَАлар жиндерди Аллага шерик кылышты. А чынында болсо, Ал (Алла) аларды жараткан. Алар жалган жолу менен билбестен туруп, Ага уулдар жана кыздарды таандык кылышты. Ал – Таза жана алар айтып жаткан нерселерден Бийик. (6:101)اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَۚ اَلۡحَیُّ الۡقَیُّوۡمُ ۬ۚ لَا تَاۡخُذُہٗ سِنَۃٌ وَّ لَا نَوۡمٌ ؕ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ مَنۡ ذَا الَّذِیۡ یَشۡفَعُ عِنۡدَہٗۤ اِلَّا بِاِذۡنِہٖ ؕ یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ ۚ وَ لَا یُحِیۡطُوۡنَ بِشَیۡءٍ مِّنۡ عِلۡمِہٖۤ اِلَّا بِمَا شَآءَ ۚ وَسِعَ کُرۡسِیُّہُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ ۚ وَ لَا یَـُٔوۡدُہٗ حِفۡظُہُمَا ۚ وَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡعَظِیۡمُ(Ал) асмандар менен жерди кандайдыр бир калыпсыз жоктон бар кылуучу. Анын кандайдыр бир жубайы болбогондон кийин Анын уулу кантип болушу мүмкүн? Ал болсо, ар бир нерсени жараткан жана ар бир нерсени билет. (2:256)ہُوَ اللّٰہُ الَّذِیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ ۚ ہُوَ الرَّحۡمٰنُ الرَّحِیۡمُАл – Алла! Андан башка кудай жок. Ал көмүскөнү жана көрүнөөнү билет. Ал чексиз мээримдүүлүк кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу (Алла). (59:23)ہُوَ اللّٰہُ الَّذِیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ اَلۡمَلِکُ الۡقُدُّوۡسُ السَّلٰمُ الۡمُؤۡمِنُ الۡمُہَیۡمِنُ الۡعَزِیۡزُ الۡجَبَّارُ الۡمُتَکَبِّرُ ؕ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ Ал – Алла! Андан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. Ал – Падыша, (Өзү) Таза (жана башкаларды тазартат, Өзү) ар бир айып-кемчиликтен таза (жана башкаларды таза кармайт), бардыгына аманчылык тартуулоочу, бардыгына Көзөмөлчү, Жеӊүүчү, бардык жарыган жүрөктөрдү бириктирет. Улуу салтанат Ээси. Алла алар Ага шерик кылган нерселерден таза. (59:24)ہُوَ اللّٰہُ الۡخَالِقُ الۡبَارِئُ الۡمُصَوِّرُ لَہُ الۡاَسۡمَآءُ الۡحُسۡنٰی ؕ یُسَبِّحُ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُАл – Алла! Ар бир нерсенин Жаратуучусу жана ар бир нерсени жоктон бар кылуучу. Ар бир нерсеге анын өзүнө жараша келбет берүүчү. Анын жакшы сыпаттары арбын. Асмандар менен жердеги бар нерсе Ага тасбех айтат. Ал Жеӊүүчү (жана) Даанышман. (59:25)

Share via