Алла жолунда сарптоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла жолунда сарптоо

Эми Алла жолуна сарптоо жана адам баласынын пайдасына коротула турган башка сарптоолорго кайрылсак, ар бир дин бир жол мененби же башка жол мененби бирдей эле нерсеге үндөгөндөй болуп көрүнөт. Кээ бир диндерде Алла жолуна сарптоодо так белгиленген бөлүктөн салык алуу системалаштырылган. Башкаларда кандайча жана канча садага берүү жеке адамдын өз эркине калтырылган. Ушул маселени Куран, хадис жана Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад(сав)дын сүннөтүнөн кунт коюп, кылдаттык менен изилденгенде, дагы бир жолу ушул тармакта да Ислам таалимдеринин универсалдуулугу айкын болуп чыгат. Бул тема ушунчалык көлөмдүү болгондуктан адам кызыкчылыгынын мүмкүн болгон бардык тармактарын камтыйт.

Биз Ислам дининде караштырылган тармактардагы сарптоонун системалаштырылган ыкмасы менен катар иреттелбеген төлөмдөрдүн ыкмаларын табабыз. Бирок Ислам дини аны ошол эле бойдон калтырбайт. Ал бардык мүмкүн болгон талаптар жана алардын салыштырма маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылат. Ислам дини Куранда сөз болгон бардык «болот» жана «болбойтту» эске туткан бойдон, Алла таала жолуна сарптоодо адамды андан ары да багыттайт. Алла жолуна чыгымдоонун кайсынысы Ага жагып, кайсынысы четке кагылары Ыйык Куранда ачык-айкын баяндалган. Буга чейин айтылып өтүлгөндөй, маселе кенен болгондуктан анын бардык тармактарын камтып өтүү ушул кыскача трактаттын чегине батпайт. Ошондой болгону менен, бир нерсе анык – ушул маанилүү маселенин түзүлүшү менен рухун түшүнө баштаган бирөөгө бул таалимдин универсалдуулугу барган сайын айкын боло баштайт. Ошондой эле Ислам белгиленген диний садагалардын чыгымдоо тармактарын эч эки анжы кылбай ачык белгилеп берет. («Исламдын элементардык окуусу», 40-бет, Бишкек – 2008)

Share via