Ибадат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ибадат

Сыйынуу бардык диндерге жалпы. Болгон айырмасы – сыйынуунун адеби менен стилинде. Исламдын сыйынуу жолунун уникалдуулугу башка диндердеги табылган сыйынуунун жолдорун өзүнө камтыгандыгында. Кээ бир адамдар турган бойдон, кээ бирөөлөр болсо, отурган бойдон Алла таалага сыйынышат. Кээ бир диндерде адамдар Алла тааланы тизелеп эскеришет, башкалар болсо, Ага сажда кылышат. Кээ бирөөлөр Анын астында кол куушуруп турса, башкалар колдорун эки жагына коё беришет. Кыскасын айтканда, бардык диндерде сыйынуунун бирдиктүү жалпы формасы жок. Ошентсе да, башка диндерде кезигүүчү, башка диндерде табылуучу бардык ахвалдар (көрүнүштөр) символикалык түрдө мусулмандык намаздын формаларында үлгү катары берилген. Сыйынуунун адеби боюнча Ислам дини өзүнүн жолдоочуларына толук түрдө көрсөтмө бергенин белгилеп кеткени суктандырбай койбойт. Мунун өзү универсалдык динге алып баруучу багыттагы алдыга болгон бир кадам. Исламдын сыйынуу системасы – эӊ жогорку денгээлде өнүккөн, ар бир адамдын талабын камтыган система. Алла таала Өзүнүн эгоистик эӊсөөсүн канааттандыруу үчүн эле адамды жаратып, Жогору Турганга жөн эле ийилип, Анын улуктугуна сый көрсөтүү табынуунун максаты эместигин эстен чыгарбоо керек. Мусулман кишинин сыйынуусунун өзгөчө жолун талап кылган, табынуу философиясына байланыштуу айтылган бардык максаттар: сыйынуунун пайдасы табынып жаткан адамдын өзүнө эле тиерин жана Алла таалага эч пайда келтирбестигин даана көрсөтөт. Курани карим Алла таала адамдардын мактоолоруна муктаж эместигин айтат. Ал Өзүнүн улуктугу жана касиетинин бийиктиги жагынан өтө жогору болгондуктан, Анын пенделеринин мактоолору Анын бийиктигине жана улуктугуна эч нерсе кошо албайт. Исламдын Ыйык Пайгамбары – Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканы бар: «Эгер бүткүл адамзаттын ичинен бири калбай баарысы Алла тааладан тетири бурулуп кетсе да жана эӊ жаман күнөөгө баткан болсо да, алар Анын универсалдуулук зор салтанаттуулугун деӊиздин бетине салган ичке ийнеге жабышкан суучалык да азайта алмак эмес; бүт адамзаттын күнөөлөрү да ийнеге жабышкан суучалык Алла тааланын улуктугуна зыян келтире алмак эмес». Ошентип, Ыйык Куранда баяндалган ибадат-сыйынуу – бул өзүнүн сообу үчүн гана. Бул чоӊ маселе. Биз ага байланыштуу, бир нече тыянагын гана Ыйык Куранда айтылгандай жана Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистеринде баян этилгендей сүрөттөп кете алабыз. Алла тааланы эстеп, сыйынуу убагында Анын касиеттерине кылдаттык менен көӊүл буруу адамдын жан-дүйнөсүн тазартып, Алла тааланын табияты менен болгон гармонияга көбүрөөк алып кирет. Бул – Исламдык сыйынуунун борбордук маселеси. Адам өзүнүн Жаратуучусунун кейпинде жаратылган, ал Ага мындан да жакыныраак болууга аракеттениши керек. Бул толук-жетик кеӊ пейилдиктин сабагы. Өздөрү адам чөйрөсүнүн чектөөлөрүнүн чегинде Алла таала ойлогондой ойлоп, Ага окшоп аракет кылганды үйрөнгөндөр, өздөрүнөн башка пенделерге, жада калса, жашоонун башка түрлөрүнө болгон мамилелерин дайыма жакшыртып турушат.

Адам түшүнүгүндө муну эненин өз балдарына жасаган мамилесинен жакшыраак түшүнүүгө болот. Анткени, чынында энесине жакын болгон бала энесине жакын болгондордун баарына жакын болуусу табигый нерсе. Жаратуучунун мамилесине жетүү сүрөтчү өз чеберчилигине ээ болгону сыяктуу. Кимдир бирөө Алла таалага жакын болуп туруп, Анын жараткандарынан алыс болуусу мүмкүн эмес. Дагы, Куранда сыйынуу үчүн колдонулган термин башка диндерде колдонулган терминдерден айырмаланып, абдан маанилүү сөздөн алынган. Кулчулук сөзүнүн түпкү маанисинде: [ع] Айын,[ب]  Ба,  [د] Даал («А», «Б», «Д») деген үч тамга бар. Өз кожоюну үчүн баарынан баш тартып, толук бойдон аны ээрчиген кул сыяктуу эле, Исламдагы табынуучу киши Кудайга болгон байланышында дал ошондой кылышы керек. Сыйынуу үчүн колдонулган инфинитивде бирөөнүн изи менен кетүү деген кошумча мааниси бар. Бул деген Кудайдын касиеттерин тууроодо чекке жетүү. Бул жөнүндө Куранда мындайча дагы айтылат:

Ал-Анкабуут 46

Окулушу: иннас-салаа-та тан-хаа анил-фах-шаа-и вал-мун-кар. (29:46)

Котормосу: Албетте, намаз абийирсиздиктен жана ар кандай жөнсүз иштерден кайтарат. (29:46)     

Бул аяттын адамдын ойдогудай жүрүм-турумун калыптандыруу үчүн өтө маанилүү болгон оӊ дагы, терс дагы мааниси бар. Ошентип, анын терс маанисинде, ал сыйынуучуга, анын бардык түрдөгү күнөөлөрдөн бошонуусуна жардам берет. Аяттын оӊ маанисинде, ал адамды окутат, мүнөзүн тазартат жана касиеттерин Алла таала менен сүйлөшүүгө татыктуу кыла турган улуктукка өстүрүп барат.     Ушул көз караштан алып караганда, абдан маанилүү дагы бир жагдай – жан-дүйнөнү өркүндөтүүдө сыйынуунун ойногон ролу. Ислам дини боюнча ар бир адамдык рухтун (жан) адам денесине болгон байланышуусун эненин жатынындагы балага окшоштурса болот. Дени сак бала төрөлүшү үчүн такай энеден эмбрионго жана баланын кийинки баскычында ага тынымсыз көптөгөн оӊ таасирлер өтүп турушу керек. Эгер эненин эмбрионго болгон таасирлери ден-соолукка зыяндуу болсо, анда бала тубаса кесел төрөлөт; эгер алар ден-соолукка пайдалуу болсо, анда баланын ден-соолугу чыӊ, сергек төрөлөт. Адамдын рухун калыптандырып, жакшыртуу багытында иштеген бардык таасирлердин ичинен сыйынуу эӊ маанилүү жалгыз гана фактор. Исламдын сыйынуу системасы тереӊ-маӊыздуу сабактарга абдан бай болуп, башка диндерде анын бир бөлүгү да табылбайт. Ислам жамаат жана жеке түрдөгү эки намазга көрсөтмө берет. Жамаат намаздары ажайып жана маӊыздуу уюштурулган ыкмада аткарылат.

Ушундай сыйынуулардын баарын алып баруучу бир жетекчи болот. Бул атайын дайындалган жетекчи эмес; адамдар ошондой милдетти аткара алат деп ойлошкон адам имам болуп шайланат. Жамаат имамдын артында саптарга тегиз туруп, ар бир сыйынуучу бири-бирине ийиндерин тийгизип, эки сыйынуучунун ортосу жылчыксыз болууга буюрулат. Алар имамдын кыймылдарынын баарын дал ошондой туурашат. Ал жүгүнсө, алар да жүгүнүшөт, ал турса, кошо турушат. Ал саждага жыгылса, алар да жыгылышат. А түгүл, эгер имам ката кетирип, эскерткенден кийин да аны этибарга албай койсо, аны туурагандардын баары ошондой эле кайталашы керек болот. Сыйынуу учурунда имамга суроо узатуу тыюу салынган. Эрежеден сырткары болбой, бардык жүздөр адамзатынын пайдасы үчүн курулган сыйынуунун биринчи Үйүнө (Каабага) каратылат. Эч кимге имамдын артынан өзгөчө орун алдырып коюуга уруксат берилген эмес. Буга байланыштуу, бай менен кедей, ошондой эле кары менен жаш да бирдей теӊ каралат. Ким болбосун, мечитке башкалардан мурда жетсе, алгач өзү каалаган орунду тандап алууга мүмкүндүгү бар. Коопсуздук жана ошол сыяктуу административдик талап-чара болуп кеткен учурлардан башка мезгилде, башкаларды ээлеп алган орундарынан которууга эч кимдин акысы жок. Ошентип, Исламдын сыйынуу системасы тек гана руханий көрсөтмөлөргө эмес, жамааттык жана уюштуруучулук көрсөтмөлөргө да бай. Адамдар бардык мечиттерге күнүнө беш маал келип турушат, бул кайдыгер бир байкоочуга өтө эле көп нерсени талап кылуучу милдет болуп көрүнөт. Мусулманчылык жашоодо жамааттык сыйынуулардын ойногон ролун чагылдырган көрүнүштү кеӊирирээк түзүү үчүн бул аспектке мындан ары дагы көбүрөөк көӊүл буруш керек. Албетте, ар бир жаран үчүн мечиттерге жетүүгө мүмкүн болсо, үлгүлүү мусулманчылык чөйрөдө беш маал жамаат намазы бардык мусулмандардын жашоосундагы күнүмдүк адатка айланып калат. Жалпысынан, кыйыныраак болгон Пешин намазы мусулман коомдорунда жумуштагы түшкү тыныгуу убагында аткарылат. Демек, бул түшкү тамак тыныгуусу гана эмес, тескерисинче намазды аткарууга да бир аз ылайыкташтырылган. Пешин намазынан кийинки Аср же Дигер намазы. Ал дээрлик күнүмдүк жумуштан кайтып келер маалда аткарылат. Анан күн батканга чейин эч кандай намазга уруксат жок. Ал эки намаздын ортосундагы убакыт спорт, соода кылуу, сейилдөө, достор менен туугандарга баруу жана ушул сыяктуу сырттагы иштер үчүн сарпталат. Бул иш жүзүндө намаздар тыюу салынган эс алуу мезгили. Ал эми такай көнүмүш болуп калган кээ бир такыбалар үчүн Алла тааланы тынч эскерүүгө уруксат бар. Күн батканда, такыбалардын түнү Шам намазы менен башталат. Андан кийин кайта дагы эс алуу, кечки тамак ичүү жана башка жумуштардын убактысы болот. Түн эс алуудан мурда акыркы Иша же Куптан деп аталган намаз менен коштолот. Куптан намазынан кийин ушак айтуу жана куру сүйлөшүү ж.у.с. пайдасыз иштер үчүн уктабай жүрүүгө болбостугуна басым жасалат. Мусулмандардын эрте жатып, эрте туруу адебине адаттанууларына басым жасалат. Кийинки күндүн эртеси адаттагыдай эле таӊ атканга чейинки бир аз убакыттан башталат. Түндүн аягында аткарыла турган намаз Тахажжуд деп аталат. Ал Парыз намазы эмес, бирок абдан баса белгиленген Нафл намазы. Таӊ Фажр (Багымдат) деп аталган эртеӊ мененки намаз менен толукталат. Ачык-айкын себептер менен Багымдат менен күн чыгышынын ортосунда Нафл намазына жыгылуу сунуш этилбейт. Анан түшкү маалдагы Пешинге чейин эки гана Нафл намазы жөнүндө эскертилип өтүлгөн; болбосо Пешинге чейинки убак жөнөкөй күнүмдүк иштер үчүн өткөрүлүшү күтүлөт.

Исламдагы сыйынуу системасына башка жагынан карап, анын жакшы уюштурулганын, тартиптелгенин жана баарын камтыганын белгилей кетүү жөндүү. Жамаат намаздарынын айрымдарында Куранды көтөрүӊкү үн менен, жарым ыргактуу, ыр түшүнүгүнө туура келбесе да, тереӊ таралчу ритмикалык кыраат менен аткарылуучу белгилүү аят-сүрөөлөр жана дубалар бар. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Куранды окуп жатканыӊарда муӊдуулуктун изи болушу керек; бул аяттардын маани-маӊыздарынын жүрөккө тереӊирээк сиӊишине зор көмөк берет», – деп да насаат кылган. Кээ бир намаздарда, өзгөчө түштөн кийинки эки намазда үн чыгарылып окулбайт; бул нерсе убактын жалпы маанайы менен шайкеш келет. Түштөн кийинки алгачкы бөлүктөрдө, жада калса, куштар да сайраганды токтотот жана демейки жумуштун ызы-чуусун баскан тынчтыктын жалпы маанайы өкүм сүрүп турат. Эртеӊ мененки намаз, күн баткандан кийинки намаз жана түн киргенден кийинки намаздын баары аят-сүрөөлөрдү кыраат менен айтуу күнүмдүк амал.

Намазды дагы эки категорияга бөлсө болот. Жамааттык намаздардын каршысында жекече намаздар дагы баса белгиленген. Жамааттык намаздарда жамаат-коом Алла таалага жапатырмак жана ачык сый көрсөтүп, баш ийет. Жеке намаздарда болсо, жекеликке басым жасалган жана андай намаздарды бирөөгө көрсөтүү аракетинде болбош керек. Ошол сыяктуу эле кечирээк түнкү намаз бүтүндөй жалгыз аткарылат. Бир эле үйдүн мүчөлөрү обочо жайда жалгыз, жада калса, күйөөсү менен аялы Алла таала менен байланыш жеке иши болушу үчүн ибадаттарын өз-өзүнчө аткарууга аракет кылышат.

Ушул ыйык системанын корголушу жана сакталышы үчүн беш маал жамаат намазы ХIV кылымдан бери жакшы иштеп келе жатканы байкалууда. Ушул ардактуу системаны жандантып турууда мечиттер тирек болуп келүүдө. Алар жаштар менен карылар үчүн билим берүү борбору катары да кызмат кылат жана тарыхта диний таалимдер менен көрсөтмөлөрдө эӊ алдыӊкы ролду ойноп келген. Исламдагы сыйынуу жайлары, мейли жамааттыкпы, мейли жекеби, кунт коюп, кылдаттык менен таза кармалып турат. Андай жайларга кирээрден мурда бут кийимин чечүү ар бир адамдан күтүлөт. Таӊ калычтуусу, ар бир намазда сыйынуучу жерге чекесин тийгизиши шарт, кээде кыска убакытка, кээде узак мезгилге чейин, бирок ага карабай, мусулман коомунда эч бир теринин ооруусу чекеден чекеге жуккан эмес. Кээ бирөөлөр аны тазалыктын жогорку үлгүсүнө байланыштырса, дагы бирлери Алла тааланын жалгаганына байланыштырат, кантсе да бул жакшы байкалган факты.

Мазмунуна жараша намаздар эки түргө бөлүнөт:

Курандын аят-сүрөөлөрүн формалдуу түрдө адаттагыдай окуу жана башка дубалар cөзсүз Куран тили болгон араб тилинде аткарылат. Сыйынуучулардын баардыгынан өздөрү айтып жаткандарынын маанисин билүү күтүлөт. Болбосо алар аӊ-сезим менен окугандарынан ала турган укмуштуудай зор пайдаларынан өздөрүн куру-жалак калтырышат. Эгер биз мазмундун майда-чүйдөсүнө кирсек, анда талкуу өтө созулуп кетет, бирок ага көбүрөөк кызыккан окурмандар тиешелүү адабияттарды карап чыкса болот.

Экинчи категориясына ар ким өзүнүн эне тилинде окуган дубалары кирет, анда ал өзү каалагандай тилесе болот. Бул экинчи категорияны түшүнүү боюнча төмөнкү келишпестик бар: көптөгөн фикх таануу мектептери ушундай кылууга уруксат бербейт жана сыйынуучу түшүнсө да, түшүнбөсө да буюрулган формада гана окууга басым жасайт. Ошондой болсо да, алар өздүк жана жекече дубалардын керектигин колдошот. Ошентип, алар формалдуу сыйынуунун учурунда эмес, аны бүтүргөндөн кийин өз тилинде дуба суроону сунуш этишет. Биз – Ахмадий мусулмандар Алла таалага дуба кылуунун мурунку вариантын – өз эне тилинде ар ким каалаганындай, формалдуу намаз учурунда деле дуба кыла беришин сунуш кылабыз.

Биз жогоруда баса көрсөтүп өткөндөй, Исламдын намаз системасы жогору өөрчүтүлгөн, анда жеке адамдан күнүнө беш маал намазы жеке дагы, башкалар менен жамаатта дагы сыйынып туруусу талап кылынат. Ошентип, Исламдагы намаз мусулмандын жашоосунда жана айрым инсандардын руханий жана моралдык таалим-тарбиясында маанилүү ролду ойнойт. («Исламдын элементардык окуусу», 33-39-бет, Бишкек – 2008)

Share via