Орозо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозо

Дүйнөлүк диндерде кездешүүчү табынуунун дагы бир формасы – орозо тутуу. Орозо тутуунун жолдору жана колдонулуучу тиешелүү шарттары боюнча көптөгөн айырмачылыктар болгону менен борбордук орозо кармоо идеясы баардык эле жерде кезигет. Ачык айтылып өтпөгөн жерлерде, бара-бара уланбай же иш жүзүндө акырындык менен бузулуу аркылуу соолуп жок болуп кеткен. Будданын ахвалы буга кызыктуу мисал. Ал чындыкты издөөнү узак орозо тутуу менен баштаган, бирок кийинчерээк бул анын ден-соолугуна доо кетиргендиктен мындай адатты токтоткон дешет. Бул көз караштан анын токтотуп койгонун түшүнүүгө болот, бирок бул анын орозого ишенбей калганын көрсөтпөйт. Мүмкүн мына ошол себептен, бул же тигил жердеги кээ бир Буддистер орозонун кандайдыр бир түрүн тутушат.

Ислам дининде орозо тутуу абдан жогору өнүктүрүлгөн система, аны тереӊирээк изилдеп чыгыш керек. Орозого тиешелүү эки түрдүү буйрук бар. Бири Парыз орозого жана экинчиси Нафл орозого байланыштуу. Парыз орозо андан ары дагы эки категорияга бөлүнөт:

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга орозо тутуу жыл сайын толук бир ай тапшырылган. Ай календардык ай болгондуктан, жыл бою күндүн айларына байланыштуу өзгөрүлүп турат. Бул ибадат кылуучулар үчүн бүткүл дүйнөлүк балансты, теӊ салмактуулукту түзүп берет. Кээде кышкы айлардагы орозо тутуу, кышкы узун түндөргө салыштырмалуу, күндүн өтүп кетишиндей эле оӊой, жайкы айларда болсо, күндөр узак жана алсыратуучу болуп калат. Айдын календары жыл бою жылып тургандыктан дүйнөнүн бардык тараптарындагы мусулмандар кээде жеӊил орозо, кээде абдан оор орозо тутуу убактарына ээ болушат.

Ооз жабуу Ислам дининде бардык жерлерде таӊ атышынын биринчи белгиси менен башталып, күн батканда аяктайт. Ушул убактын ичинде тамак менен суусундуктун баарынан толук баш тартуу талап кылынат. Мусулмандык орозону жөн гана физикалык ачкалык жана чаӊкоо түзбөстөн, орозо түндөрү маанилүүрөөк мүнөзгө ээ болуу менен орозо системасында борбордук ролду ойнойт. Мусулмандар таӊдын атышына чейин эле жеке намаздар үчүн жана Алла тааланы эскерүү үчүн ойгонушат. Ошондой эле ар бир мусулмандын үйүндө Ыйык Куран демейки күндөрдөн көбүрөөк окулат. Ошентип, түндүн көбүрөөк бөлүгү орозо тутуунун накта маӊызын түзгөн руханий көнүгүүлөр менен алектенүүдө өткөрүлөт.

Күндүзү тамак менен суудан оолак болуудан башка, бардык мусулмандар курулай сөздөрдөн, чырдашуудан жана урушуудан же ушул сыяктуу накта такыба-момун адамдын беделинен төмөн турган убаракерчиликтен оолак болууга чакырылат. Дене кумарын кандырууга азгырылуу уруксат этилген эмес, жада калса, күйөөсү менен аялы адамдарга жалпы болгон формалдык алаканы эске албаганда, күндүзү өз-өздөрүнчө бөлөк жүрүшөт.

Ислам дининде кайыр-садага берүү менен муктаж болгондордун камын көрүү жогору белгиленгендиктен, ал мусулмандын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү. Ошондой эле орозо айы болгон Рамазан келгенде, мусулмандарга бул тармакта иш-аракеттерин эки эселентип күчөтүү талабы коюлат. Кедейлер үчүн сарптоо, ошондой эле муктаждардын көӊүлүн көтөрүү жана жооткотуу үчүн кедейлерге садага берүү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)дын күнүмдүк адаты шамалга окшоп кетчү дешет. Ошондой болгону менен, Рамазан убагында хадистердин рабаятчылары Ыйык Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүнүн кабарчылары жел күч алып катуу соккон шамалдай болгонун эсибизге салышат. Садага берүү жана бей-бечараларга жардам кылуу жогору белгиленгендиктен мусулмандар кайыр-садага берүү өӊдүү иштерге Орозо айында берилгендей, жылдын башка мезгилдеринде берилишпейт.

Парыз орозонун дагы башка түрү көбүнчө кетирген күнөөлөр үчүн Алла тааладан кечирим суроого байланыштуу. Бул Парыз орозонун бузулушунун жазасын дагы камтыйт.

Парыз орозо ушунчалык жакшы өнүктүрүлгөндүктөн, ал мусулманчылыктын такыбалуу жашоосунун бир бөлүгү болуп калган. Туура, мусулмандардын көпчүлүгү Парыз орозолордон көбүрөөк орозону тутушпайт, кээ бирлери өзгөчө кыйынчылыкка учураганда, анда-санда орозо кармай коюшат. Орозо учурунда окулган намаздардын сообу көбүрөөк болот деп эсептелгендиктен, кээ бир адамдар өздөрүнүн жамандыктарын кайтарыш үчүн көбүрөөк орозо кармашат, ал эми кээ бирөөлөрү Алла тааланын өзгөчө жалгоосуна жетишүү үчүн ошентет. Буга эч кандай чектөө жок, болгону Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) өмүр бою орозону токтотпой кармайм деп ант бергендерди анча кубаттаган эмес. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) ушундай бир окуяга кабылганда, ал андай аракетти четке какты жана Алла таалага өзүнүн эркин таӊуулап кутулууга ээ болуу үчүн аракеттенип жаткан адамды жемеге алды. Буга тиешелүү: «Өзүӊдү машакатка же оӊтойсуздукка салуу менен Алла тааланын ыраазычылыгына жөн эле жетише албастан кайра Анын нааразычылыгына кабылышыӊ мүмкүн», – деген. Кечилдик жашоого аша берилгендик бала-чакадан, тууган-урук, тааныш, достордон ж.у.с дан алыстатып жибериши мүмкүн экендигин баса билгилеп кеткен.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) өзгөчө анын адамдык мамилеге таандык болгон жоопкерчиликтерин эскертип: «Алла таалага кандай кызмат кылсаӊ, Алла тааланын жаратканына да дал ошондой кылышыӊ керек», – деп кеӊеш берген. Көшөрүп, акидей асылып сурашкан кээ бирлерине Азирети Даауд (алайхиссалаам)дыкындай Нафл орозого эле уруксат берген. Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам) аларга Азирети Даауд (алайхиссалаам)дын бир күн орозо тутуп, эртеси эс алганы жөнүндө айтып берди. Ал өмүр бою, ушул антты бергенден кийин, орозону күн ара кармап турган. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам): «Мен силерге ушунчалык эле уруксат бере алам, бирок мындан көп эмес», – деп айтты.

Орозо тутуунун системасы өтө эле маанилүү, анткени ал момун-мусулмандардын руханий жашоосунун дээрлик бардык тармагын өнүктүрөт. Башка нерселер менен бирге ал өзүнүн жеке тажрыйбасынан ачкалык, жардылык, жалгыздык жана дискомфортук коомдогу карапайым-бечара тайпаларга кандай таасир этерин сезет. Орозо айында күнүмдүк жашоодо уруксат болгон нерселерден оолак болуп, мындай тажрыйбаны кармануу, адамдын мүнөзүн тазартууда иштиктүү ролду ойнойт. («Исламдын элементардык окуусу», 43-46-бет, Бишкек – 2008)

Share via