Орозо жана ниет • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозо жана ниет

Суроо: Орозо үчүн ниет кылуу зарылбы?

Жооп: Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Орозо үчүн ниет кылуу зарыл. Ниетсиз сооп жок. Ниет жүрөктүн каалоосунун аты. Чыгыштагы мейкиндикте түштүк-түндүк караңылык актыктан ажырамайынча жеп-ичүүгө уруксат бар. Эгер киши этият болсо жана кийинчерээк кимдир бирөө: «Актык ачыкка чыккан болчу», – деп айтса да, орозо боло берет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тамактануусу менен Багымдат намазынын ортосунда элүү аятты окуганчалык тыныгуу бар болчу». («Ал-Фазл» газетасы, 1914-ж., 28-июль)

Бир киши эртеңден кечке чейин эч нерсе ичпей-жебей турган же кандайдыр бир иш менен катуу алек болгондуктан тамак ичүүнү унутуп калып, тамак ичпегедиги «орозо» деп аталбайт. Анткени, орозо кармоого ал ниет койгон эмес. Ошондой эле орозо кармоо ниети менен ал тамакты ичпей койгон да эмес.

Суроо: Эгер саарлыкта орозо кармоого ниет болбосо, бирок күндүзү саат 10-11де орозо кармоого ниет кылса, анын орозосу эсептелеби?

Жооп: Орозо кармоого ниет таң атыштан мурунураак кылыш керек. Ооба, эгер кандайдыр бир себеп болсо, мисалга, ал бүгүн Рамазан айы башталганын билбей калды же уктап калды, эртең менен туруп, бүгүн орозо бар экенин билсе, ж. б. ошондой учурда, эгер таң аткандан кийин эч нерсе жебеген болсо, түшкү маалдан мурунураак ошол күнкү орозого ниет кылса болот.

Азирети ибни Умар разияллааху анху мындай деп рабаят этет:

Roza jana Niyyat 1

Ан Хафсата анин-Набиййи саллаллааху алайхи ва саллама каала ман лам южмиъис-сияма каблал-фажри фа-лаа сияма лаху, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Багымдаттан мурунураак орозого бекем ниет кылган адамдын орозосу гана эсептелет». («Термизий», Китаабус-саум ан Расулиллаахи)

Дагы бир хадисте мындай деп кезигет:

Roza jana Niyyat 2

Каана ядхулу алаа баъзи азваажихий фа-якуулу: хал мин гадааʹин фа-ин каалуу: лаа, каала: фа-инний саимун.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кээде үйүнө келип: «Эртең мененки тамак үчүн бир нерсе барбы?» – деп сурачу. Эгер: «Эч нерсе жок», – деп жооп берилсе, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ырас, бүгүн мен орозо кармаймын», – деп айтчу.

Ушул хадистен белгилүү болгондой, эгер Багымдаттан мурунураак ниет кылууга кандайдыр бир себеп (шылтоо) болсо, күндүзү да орозого ниет кылууга болот. Бул Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Нафл орозосу болгон.

Ошондой эле бир хадисте мындай айтылган: бир ирет түштөн мурун «кечээ Мединага караштуу бир кыштакта Рамазан айы көрүнгөн» деген кабар келди. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Таң аткандан бери эч нерсе жебеген адам орозого ниет кылсын, ал эми бир нерсе жеп алган бирөө кийинчерээк ушул орозону кармасын», – деп айтты. («Абу Давуд», Китаабус-Сиям, Баабу фий шахаадатил ваахиди алаа руъятил хилаалу Рамазана)

Суроо: А) Бир адам Нафл орозосуна ниет кылат, бирок саарлык тамакты иче албайт, ал орозо кармасынбы?

Б) Рамазан кечесинде ооруп жаткан бир киши эртең менен саарлыкта айыгып кетти, ал орозо кармасынбы?

Жооп: А) Саарлык тамакты ичүү – бул сүннөт, зарыл же важиб эмес. Ошондуктан, кимдир бирөө саарлык тамакты иче албаса да, орозо кармаса болот. «Анын орозосу эсептелбейт» деген ой-пикир туура эмес.

Б) Эгер саарлыкта ден-соолугу жайында болсо, орозо кармаш керек. Түндөн бери орозого ниет кылуунун мааниси – таң аткандан мурунураак орозого ниет кылуусу лаазым.

Суроо: Саарлык тамакты ичүү зарылбы?

Жооп: Саарлык тамакты ичпей орозо кармоодо береке болбой калат. Туура, керек болгондо жана кандайдыр бир себептен улам саарлык тамакты ичпей да орозо кармаса болот. Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам):

Roza jana Niyyat 3

Тасаххаруу фа-инна фис-сухуури баракатан, саарлык тамакты ичкиле, анда береке бар деп айткан. («Бухарий», Китаабус-саум)

Дагы бир хадисте: «Алла таала жана Анын периштелери саарлык тамакты ичүүчүлөргө салаваат окушат», – деп айтылган. («Ужизул-Масаалик» шарах «Муатта Имам Малик», 3-том, 15-бет)

ЖАРЫК ТАРАГАНДА ОРОЗОГО НИЕТ КЫЛУУ

Суроо: Бир адамдын: «Мен үйдүн ичинде отурган элем. Алигиче ооз бекитүү убактысы бар экенине ишенген болчумун. Мен бир нерсе ичип, орозого ниет кылдым. Бир аздан кийин бирөө аркылуу жарык тараганын малымдадым. Мен эмне кылайын?» – деген суроосу коюлду.

Жооп: Азирети Имам Махдий алайхиссалаам:

«Ошондой жагдайда анын орозосу болду. Кайрадан орозо кармоонун кажети жок. Анткени, ал абдан этият болду жана ниети да дурус болчу», – деп жооп берди. («Бадр» газетасы, 1907-жыл, 14-февраль; «Фатаава-э-Масийхи Мавъуд алайхиссалаам», 126-бет)

Суроо: Курани каримдеги

Roza jana Niyyat 4

«Сумма атиммус-сияма илал-лайил» деген аяттагы «ал-лайил» (түн) сөзүнүн сөздүк боюнча мааниси кандай жана ооз ачуу туурасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү кандай болгон?

Жооп: Сөздүктө «лайил» сөзүнүн мааниси – «мин магрибиш-шамси илаа тулууъиш-шамси», күн баткандан тартып, анын чыгуусуна чейинки мезгил «лайил» деп аталат. Бирок үзгүлтүксүз сүннөт жана үммөттүн жалпы амалынан белгилүү болгондой, жогоруда айтылган аятта бүтүн түн көздөлгөн эмес, тескерисинче, анын бир бөлүгү көздөлгөн. Анда ооз ачса болот. Эми, келгиле ушул бөлүктү аныктоо үчүн Курани каримдин атамасына көңүл буралы. «Түн» күн батаары менен башталат. Анткени, «илаанын» мааниси, түнгө чейин орозону улантуу керек жана түн башталаары менен ооз ачуу керек. Кыскасы, хадис да дал ошол маанини колдойт. «Бухарий» жана «Муслимде» кезиккен бир хадис боюнча Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам мындай деп айткан:

Roza jana Niyyat 5

Изаа акбал-лайилу ва адбаран-нахаару ва гаабатиш-шамсу фа-кад афтарас-саиму, («Сахих Муслим», Китаабус-Саум; «Термизий», Китаабус-Саум)

Котормосу: Чыгыш жагынан түндүн келээри менен жана күндүн батыш жакка кетээри менен, тактап айтканда, күндүн мейкиндиктен кайып болоору менен орозо кармаган киши оозун ачыш керек.

Дагы мындай деп кошумчалаган:

Roza jana Niyyat 6

Лаа язаалун-наасу би-хайрин маа ажжалул-фитра, адамдар качанкыга чейин ооз ачууга шашылса, ошол убакытка чейин жакшылыктар жана берекелер алар менен чогуу болот. («Бухарий», Китаабус-Саум)

«Ибн Маажадагы» хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Жөөттөр жана харистиандар кечирээк ооз ачышат, мусулмандар ушундай кылбоолору керек». («Ибн Маажа» Китаабус-Саум)

«Термизийде» баяндалган хадис боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эртерээк ооз ачууга шарттарды түзчү эле. («Термизий», Баабу таъжийлиль-Ифтаари)

Кыскасы, мына ушул эле үзгүлтүксүз сүннөт. Ахли Сүннөт валь-Жамааттагы бардык аалымдар ага гана жараша амал кылышат.

САПАРДА ОРОЗОГО ТЫЮУ САЛЫНГАНДЫГЫНЫН ЧЕЧМЕСИ

Азирет Имам Махдий (алайхиссалаам):

«Сапарда орозо кармоо – бул баш ийбестик», – деп айткан.

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Эгер оорулуу киши жана мусапыр орозо кармаса, анда аларга «баш ийбестик» деген фатва туура келет».

Ал (алайхиссалаам)дын ушул чечими

Roza jana Niyyat 7

Фа-иддатум-мин аййаамин ухар (2:185) деген Куран аятына негизделген. Хадистердин жалпы мазмуну да ошону колдойт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дынучурунда орозо кармаган кишини «عصاة» (баш ийбес) деп айткан. («Муслим», Китаабус-Саум).

Буга уруксат берген хадистерди Имам Зухрий (рахимахуллаах) мурунку хадистер деп атаган. «Муслимде» мындай чечме берилген:

Roza jana Niyyat 8

1) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) сырттан келе турган Ахмадийлер үчүн Кадиянды экинчи журт деп айткан. Ошондуктан, алар ошол жерге келип орзо кармаса болот, кармабаса да болот.

2) Экинчи журтка карата тартылган сапар да сапар деп эсептелет. Ошол үчүн сапарда орозо кармаганга болбойт. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) ооз ачаар убактысынан мурунураак Кадиянга жеткендердин оозун ачтырган.

3) Кызматы сапарда өткөндөр – поезддин көзөмөлчүсү, айдоочу, учуучу, сапардагы агент, айылдык почталён мусапыр деп эсептелинбейт. Алар Рамазан орозолорун кармоолору керек. (Ифтаар жыйынынын 26-чечеми, 1967-жыл, 26-февраль)

4) Сапарда орозо кармоону чечмелеп жатып, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Эгер поезд менен жолго чыкса жана эч кандай кыйынчылык болбосо, кармай берсин, болбосо Алла таала тартуулаган уруксаттан пайдалансын». («Ал-Хакам» газетасы, 24-декабарь, 1900-ж.)

Суроо: Эгер орозо кармаган киши жолго чыгууга аргасыз болуп калса, ал орозосун бузса болобу?

Жооп: Рамазан күндөрүндө мүмкүн болушунча сапардан этият болуш керек. Аргасыз болгондо гана сапарга барыш керек. Кайсы сапар аргасыз экенин сапарга чыккан кишинин өзү чечет жана анын өзү Алла тааланын алдында жоопкер болот. Бул тууралуу башка эч ким чечим чыгара албайт. Кыскасы, кандай гана түрдөгү сапар болбосун, сапар маалында орозо кармабаш керек.

«Аль-Фазл» Интернейшнал, 10-бет, 22-октябарь, 2004-жылы)

Share via