Орозого тиешелүү маселелер • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозого тиешелүү маселелер

Орозо – Ислам ибадаттарынын экинчи олуттуу негизи же тиреги. Орозо ушундай ибадат: андан напсинин маданияттуулугу, реформаланып-оңолуусу жана сабырдуулукка тарбиялануусу көздөлөт. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Кайсы динде «мужаахадалар» болбосо, бизче ал дин эч нерсе эмес». («Фатаава-э-Ахмадия», 183-бет)

«Саум» (орозо) сѳзүнүн сөздүк мааниси – тыйылуу, кандайдыр бир ишти жасабоо. Диний термин катары эрте таңдан тартып, күндүн батканына чейин ибадат ниети менен жеп-ичүү жана жыныстык катнашуу өңдүү нерселерден тыйылып туруу – бул «саум» же орозо. Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:

орозо 1

          Кулуу вашрабуу хаттаа йатабаййана лакум-ул-хайтул аб-йазу минал-хайтил-асвади минал-фажри сумма атиммус-сийаама илал-лайил 2:188)

Түндүн ак жиби кара жибинен ажырамайынча – таң жууртканга чейин жеп-ичкиле. Анан кечке чейин, күндүзү орозону Алла таала үчүн жана Анын ыраазычылыгына ээ болуу үчүн «жеп-ичүү жана жыныстык каалоолордон оолак болуу» деген буйрук ар кандай жаманчылыктардан сактанууга белги катары болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 2

          Ман лам йадаъ каулаз-зуури вал-амала бихий фа-лайса лиллаахи хаажатун фий ан йадаъа таъаамаху ва шараабаху, ким орозо кармап да, жалган сүйлөөдөн жана ага амал кылуудан тыйылбаса, анын жеп-ичүүдөн оолак болуусуна Алла таала муктаж эмес. («Бухарий», Китаабус-Саум)

Дагы бир жерде мындай деп айтат:

орозо 3

Лайсас-сияму минал-акли ваш-шурби иннамас-сияму минал-лагви вар-рафаси, фа-ин сааббака ахадун, ау жахила алайка фа-кул инний саимун фа-кам мин саимин лайса лаху мин сиямихий иллал-жуъи вал-атши, («Дармий бахаавала «Мишкаат»

Мааниси, жеп-ичүүдөн оолак болуу гана орозо болбойт, тескерисинче, ар кандай курулай сөздөр жана бузукулуктардан оолак болуу да орозонун маанисине кирет. Ошондуктан, эй, орозо кармаган киши! Эгер кимдир бирөө сага жаман сөз айтса же ачууңа тийсе, сен ага: «Мен орозо кармаганмын», – деп жооп бергин. Кимде-ким орозо кармап сөгүнсө, жаман сөз сүйлөсө, анын орозосу – ачка калуу гана. Ал ага кенедей да пайда келтирбейт.

БАЙЫРКЫ ДИНДЕРДЕГИ ОРОЗО

Орозо эң байыркы диндерде да бар болгон ибадат. Ага ишаарат кылып, Алла Таала мындай деп айтат:

орозо 4

Кутиба алайкум-муссияму камаа кутиба алаллазийна мин кабликум ла-ъаллакум таттакуун, эй, мусулмандар! Такыба болууңар үчүн силерге да силерден мурун өтүп кеткен адамдарга парыз кылынгандай эле орозо парыз кылынды (2:184).

Исламдагы орозолор менен кадимки диндердеги орозолор көрүнүш жагынан башка-башка болгону менен, негизги бөлүктөрү өз ара окшош. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 5

          Фаслу маа байна сияминаа ва сиями ахлил-китааби аклатус-сахри, биздин орозобуз менен Китеп ээлеринин орозосунун ортосундагы бир айырмасы саарлыкта тамак ичүү («Сунан ад-Дармий», Бабу фазлис-Сухури).

Мусулмандар эртең менен тамактанып, орозо кармашат, ал эми Китеп ээлери саар маалында тамак ичишпейт. Ошондой эле хиндилер өзүнүн орозосунун учурунда бир аз жеп-ичип алышат, ага карабастан алардын орозосу бузулбайт. Мунун мааниси, алардын орозосу – айрым нерселерден оолак болуу гана. Христиандардын орозосу да ошондой: кайсы бир орозосунда эт жешпейт, кайсы биринде камыр нан жешпейт. Кээ бир диндерде эртең менен тамак ичпестен туруп, күн жана түндөн турган орозо болот. Алар болгону шам маалында ооз ачышат. Айрым диндерде тынымсыз төрт күнгө чейин орозо кармоого буюрулат. Кээ бир диндердеги орозолордо коюу тамактарга тыюу салынат, бирок жеңил тамак – сүт жана мөмөлөргө уруксат берилет.

ОРОЗОНУН МАКСАТЫ

Орозо напсини оңдоо куралы. Анткени, Алла таала үчүн адам баласы лаззаттарды таштаган учурда ага өзүн жакшылыкка туруктуу кылууга, ар түрдүү арам жана ыпылас нерселерден оолак болууга аракеттенүү сабагы да берилет.

          Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Орозонун максаты – бул кимдир бирөөнү ачкалыкка кирептер кылуу эмес. Эгер ачка калуу жолу менен бейиш насип болгондо, менимче эң жаман каапыр жана эки жүздүүлөр да аны алууга даяр болмок. Анткени, ачка калып өлүү (же ачкалык менен өлүү) анча деле оор иш эмес. Чынында, моралдык жана руханий өзгөрүү эң оор иш. Адамдар арзыбаган нерселер үчүн тамак ичпей коюшат. Түрмөлөрдө отурганда ачкалыкты жарыялашат. Брахмандардын мындай белгилүү адаты бар: адамдар алардын сөзүнө кулак салбаганда, алар тамак ичпей коюшат. Кыскасы, тек ачка калуу эч оор иш эмес жана Рамазандын максаты да ачкалык эмес.

Рамазандын нукура максаты – ушул айда адамдын Алла таала үчүн ар бир нерседен оолак болуусу. Анын ачка калуусу «ал ар бир укугун Алла таала үчүн таштоого даяр турат» деген нерсеге белги болот. Адам жеп-ичүүгө укуктуу. Эр катын алакалары адамдын укугу. Ошондуктан, ушул укуктарды таштай турган киши: «Мен Алла үчүн өз укуктарымды таштоого даярмын», – деп айтат. Укугу болбогон нерсени таштоо арзыбаган иш. Момундан: «Ал кимдир бирөөнүн укугун жейт», – деп күтүлбөйт. Момундан: «Ал Алла таала үчүн өз укугун таштоого даяр», – деп күтүүгө болот. Эгер Рамазан келип, өтүп кетсе жана биз: «Өз укугубузду кандайча таштайлы?» – деп айтсак, анда биз Рамазандан эч нерсе алганыбыз жок дегендик. Анткени Рамазан: «Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн өз укуктарыңарды да таштап коюшуңар керек», – деген нерсени айтканы келген эле». («Аль-Фазл» газетасы, 30-март, 1926-жылы, 5-6-бет)

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 1-Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Кимде-ким орозодо пайдалануусу моралдык жана мыйзам жагынан өзүнө тыюу салынбаган нерселерди Алла таала үчүн таштаса, ал башкалардын нерселерин акысыздык менен пайдаланбоого жана аларга карабоого көнөт. Ал Алла таала үчүн уруксаты бар нерселерди таштаган соң, уруксаты жок нерселерге такыр карабайт». («Аль-Фазл» газетасы, 17-декабрь, 1966-жыл, 8-бет)

Кыскасы, орозодон напсинин тазалануусу жана жүрөккө нур берилүүсү менен бирге орозо денелик, моралдык жана социалдык пайдаларга себепкер болот. Мындан «Кашф» жөндөмдүүлүгү күчөйт жана өсүп-өнүгөт. Денелик (материалдык) нандан денеге кубат берилгендей, руханий нан (орозо) рухка туруктуулук берет. Андан руханий жөндөмдүүлүктөр кубат алат. Ошол үчүн:

орозо 6

«ва ан тасуумуу хайрун лакум», (эгер орозо кармасаңар, анда силер үчүн чоң жакшылык бар (2:185), – деп айтылган.

Курани каримде орозо такыба болуунун ишеничтүү «даарысы», – деп айтылган. Тагыраак айтканда, эгер силер ушул «даарыга» амал кылсаңар, такыба болуп каласыңар. Алла таала мындай айтты:

орозо 7

Кутиба алайкум-муссияму камаа кутиба алаллазийна мин кабликум ла-ъаллакум таттакуун, эй, момун-мусулмандар! Такыба болууңар үчүн силерге да силерден мурун өтүп кеткен адамдарга парыз кылынгандай эле орозо парыз кылынды (2:184).

Балким, силер руханий жана моралдык кемчиликтерден сактанаарсыңар. «Канчалык жаманчылыктар болбосун, алардын булагы төрт эле нерсе, калганы алардын тармактары гана. Алар: 1) Жеш. 2) Ичүү. 3) Жыныстык катнаш. 4) Эмгектен качуу.

Бардык кемчиликтер мына ушул төрт нерсеге байланыштуу. Мына ошол төрт булакты жаманчылыктан сактоого орозо парыз кылынган. Маселен: эмгектен качуу үчүн кимдир бирөө кыянатчылык кылат. Тагыраак айтканда, эмгектенип жешти каалабайт жана башка бирөөнүн мал-мүлкүн жейт. Бирок орозо кармаган киши түндүн көбүрөөк бөлүгүндө туруп ибадат кылат. Саарлык үчүн турат. Эртеден кечке чейин эч нерсе жебейт. Аз гана уктайт. Бир ай орозо кармаган киши ушул кичине кыйынчылыкты тарткандыктан анын денеси көнүп калат. Андан жалкоолук адаты четтетилет. Анан жеп-ичүү жана жыныстык күч айынан жаманчылыктар пайда болот, ал үчүн да орозо парыз кылынган. Адам жеп-ичүүнү таштайт, жашоо керектөөлөрүнөн оолак болот. Демек, кайсы муктаждыктардын айынан адамзат күнөөгө батса, ошолорго убактылуу тыюу салынды». («Аль-Фазл» газетасы, 17-декабрь, 1966-жыл)

Орозонун төмөнкү денелик (материалдык) пайдасы да бар: адамзаттын денеси кыйынчылык жана оорчулукка көнүп калат, ошол себептен анда чыдамкайлык жана сабырдуулук күчү пайда болот. Мындан тышкары ден-соолукту чыңдоодо тамактын арасындагы тыныгуунун медициналык олуттуулугуна медициналык кызматчылар да кошулат. Эгер тең салмактуулукка көңүл бурулса, бул да ден-соолукту чыңдоого жардам берет. Тактап айтканда, орозо дененин чыңдалуусуна да кепил, руханий жактан такыбалуулуктун ресурсу жана булагы. Мындан жакшы мүнөздүүлүк, абийирдүүлүк, үлгүлүү жүрүш-туруш жана напсини тазалоо мүмкүнчүлүгү насип болот. Сабырдуулук жана кайраттуулук өңдүү жөндөмдүүлүктөр өнүгөт. Кедей бечаралардын оорчулуктары сезилет, анан жардыларга жардам берүү сезими күчөйт. Ушинтип, экономикалык жана тайпалык теңдик боюнча ой-пикир күчөйт. Муну менен бирге ден-соолукту да чыңдайт.

ОРОЗО КАРМАГАН КИШИНИН ДАРАЖАСЫ

Хадиси кудсийде мындай айтылган:

орозо 8

Куллу амалибни аадама лаху иллас-сияма фа-иннаху лий ва ана ажзий бихий, адамзаттын бардык иштери өзү үчүн, бирок орозосу Мен үчүн,  ошол үчүн Мен Өзүм ага сыйлык боломун. (Анткени, ал өзүнүн бардык каалоолорун жана жеп-ичүүсүн Мен үчүн таштап салат). («Бухарий», Китаабус-Саум)

Дагы мындай кошумчалаган:

орозо 9

Валлазий нафсу Мухаммадин би-ядихий ла-хулууфу фамис-сааими атябу индаллаахи мин рийхил-миски, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жаны колунда болгон Алланын атына касам! Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла тааланын алдында жыпар жыттан дагы жыттуураак жана жагымдуурак. («Бухарий», Китаабус-Саум).

Дагы мындай айтат:

орозо 10

Ман каама Рамазаана ийманан ва ихтисаабан гуфира лаху маа такаддама мин занбихий, кимде-ким ыймандын талабына ылайыктуу жана сооп ниети менен түнкүсүн туруп, намаз окуса жана орозо кармаса, анын өткөн бардык күнөөлөрү кечирилет. («Бухарий», Китаабус-Саум)

ОРОЗОНУН ТҮРЛӨРҮ

Курани карим менен хадистерде ар түрдүү орозолордун баяны кезигет. Маселен: Парыз орозолору, Нафл орозолору. Парыз орозолоруна төмөнкүлөр кирет: Рамазан орозолору, Рамазандагы калып калган орозолорду кармоо, «зихаардын» куну катарындагы орозолор, өлтүрүүнүн куну катарындагы орозолор, Рамазандагы орозону атайын бузгандыктан жаза катары кармала турган алтымыш орозо, касамдын куну катарындагы орозолор, назирдин орозолору, Хажы таматтуъ же Хажы Кираандын орозолору, ихрам ахвалында аңчылык кылгандыктан кармала турган орозо, ихрам ахвалында баш-чач алдырганда кармала турган орозо.

Орозолордун экинчи түрү – Нафл орозосу. Маселен: Шаваал айынын алты орозосу, Ашууранын орозосу, Давуд (алайхиссалаам)дын орозосу, тагыраак айтканда, бир күнү орозо кармоо, бир күнү кармабоо, Арафа күнүнүн орозосу, ар бир исламий айдын он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрүндө орозо кармоо.

Кээ бир күндөрдө орозо кармоого болбойт жана жагымсыз эсептелинет. Маселен: атайын ишемби же жума күндөрүндө гана орозо кармоо. Персилер сыяктуу нооруз жана мехрган күнүндө орозо кармоо, Саумуд-Дахр – тынымсыз, үзгүлтүксүз орозо кармап туруу, Айт күнү менен ташрик күндөрү – 11-12-13-зуль-Хижжа күндөрү орозо кармоого тыюу салынган.

 РАМАЗАН ОРОЗОЛОРУ

(РАМАЗАН АЙЫ ЖАНА АНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ)

Рамазан айын Алла таала бир олуттуу (маанилүү) жана берекелүү ай деп айткан. Курани Карим ушул эле айда түшө баштаган. Алла таала:

орозо 11

Шахру Рамазааналлазий унзила фийхил-Курʹаану худан лин-нааси ва баййинаатин минал-худаа вал-фуркаан, Рамазан айы Курани карим түшкөн айы. Ал (Куран) бардык адамдар үчүн жол көрсөтүүчү кылып жиберилген. (2:186)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 12

Изаа жааʹа Рамазаана футтихат абваабул-жаннати ва гулликат абваабун-наари ва суффидат аш-шаатийну, ушул ыйык айда бейиш эшиктери ачылат, ал эми тозок эшиктери жабылып коюлат, шайтандарга чынжыр салынат. («Сахих Муслим», Китаабус-Саум)

Тагыраак айтканда, ушул ыйык ай Алла тааланын берешендигин жана илахий рахматын тарта турган берекелүү ай. Ушул айда, айрыкча анын акыркы он күнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көп дубалар суроочу жана көбүрөөк кайыр-садага берчү.

ОРОЗО КИМГЕ ПАРЫЗ?

Рамазан айынын орозолору ар бир жашы жеткен, аң-сезими бар, ден-соолугу чың, мусапыр эмес мусулман эркек жана аялга парыз. Мусапыр жана оорукчан киши ушул айдагы кармалбай калып кеткен орозолорду башка күндөрдө кармаса болот.

 Айыгуудан үмүтсүздөнүп кеткен дайымкы ооруулар же кийинчерээк да орозо кармоого күчү жетпеген алсыз жана карып калган адамдар, ошондой эле бала эмизген жана кош бойлуу аялдар күчүнө жараша орозолор ордуна фидя төлөөлөрү шарт.

Алла таала мындай дейт:

орозо 13

Фа-ман каана минкум марийзан ау алаа сафарин фа-иддатун мин аййаамин ухара ва алаллазийна ютийкуунаху фидятун таъааму мискийн, араңардан ооруңар жана сапарда болгон кишиңер башка күндөрдө ушул санды толуктоолору керек жана ага (орозо кармоого) күчү жетпегендер мүмкүнчүлүгүнө жараша бир мискинге фидя-төлөм катары тамак берүүлөрү шарт. (2:185)

ОРОЗОНУ КАЧАН КАРМОО КЕРЕК?

Рамазан орозолору үчүн мындай буйрук берилген:

орозо 14

Лаа тасуумуу хаттаа таравул-хилаала, Рамазан айынын айы көрүнмөйүнчө орозо кармабагыла. (Сахих Бухарий, Китаабус-саум)

Бул көрүнүү көз аркылуу да болушу мүмкүн, илимий да. Илимий көрүнүштүн эки формасы бар: биринчиси, Шаъбаан айынын отуз күнү өтүп кетсе, же үммөт аалымдарынын биргелешүүсүндөгү кандайдыр бир календарь түзүшсө, (анда катасыз айдын чыгуу эсеби жазылыш керек).

Радио ж. б. нерсе аркылуу ай жаңыртуунун кабары шарият жагынан ишеничтүү. Ага жараша өкмөттөгүлөрдүн чечимине ылайыктуу амал кылышат. Ал үчүн ай көрүлгөн жер менен кабар жеткен жердин уюлу жана чыгыш орду бир болушу керек. Антпесе, бул кабарга амал кылууга болбойт.

Эгер мейкиндик тунук болбосо, калың туман болсо, анда айды көрүү боюнча далил катары бир улук адилеттүү адамдын күбөлүгүн кабыл алса болот. Ал эми ооз ачуу жана орозо айтты майрамдоо үчүн кеминде эки адилеттүү кишинин күбөлүгү зарыл. («Термизий», Китаабус-Савм, Баабус-Савму би-Шахада).

ОРОЗО ҮЧҮН НИЕТ КЫЛУУ ЗАРЫЛ

Орозо кармоону каалаган киши сөзсүз орозого ниет кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 15

Ман лам южмиъ ас-сияма каблал-фажри фа-лаа сияма лаху, кимде-ким эрте таңдан мурунураак ниет кылбаса, анын орозосу эсептелбейт. («Термазий», Китаабус-Саум, Баабу лаа сияма ли ман-лам йаъзам минал-лайил).

 Ниет үчүн кандайдыр өзгөчө сөздөрдү тил менен айтуу зарыл эмес. Чынында, жүрөктүн «ал ким үчүн жеп-ичүүнү таштоодо», – деп ойлогону – ниет эсептелет. Нафл орозосунда күндүзү түштөн мурунураак (ниет кылуу кезине чейин бир нерсе жеп-ичпеген болсо) орозого ниет кылса болот. Ошондой эле эгер кандайдыр бир аргасыздык болсо, мисал үчүн Рамазан айынын жаңыруусу тууралуу кабар таң аткандан кийин берилсе жана алигиче эч нерсе жеп-ичпеген болсо, ошондо орозго ниет кылса болот. Ушундай кишинин ошол күндүк орозосу эсептелет.

ОРОЗО КАРМОО ЖАНА ООЗ АЧУУ УБАКТЫСЫ

орозо 16

Кулуу вашрабуу хатта ятабаййана лакумул-хайтул-абязу минал-хайтил-асвади минал-фажри сумма атиммус-сияма илал-лайл, таңдын ак жиби кара жибинен ажырап көрүнгөнгө чейин жеп-ичкиле, анан эртеден кечке чейин орозолорду толуктагыла. (2:188)

Хадисте мындай деп айтылган:

орозо 17

Изаа акбалал-лайлу ва адбаран-нахаару ва гаабатиш-шамсу фа-кад афтарат. (Сунан ат-Термизий, Китаабус-саум ан Расулиллаахи)

Күн батып, түн кирээрде ооз ачкыла. Жарым түндө туруп, саарлык тамакты жеп алып же саарлык тамакты жебей орозо кармоо сүннөткө шайкеш келбейт. Чыныгы береке – бул сүннөттү ээрчүү. Тагыраак айтканда, Багымдаттан мурунураак бир аз жеп-ичкен соң орозого ниет кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалардын ыкмасы ушундай болчу. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 18

Тасаххаруу фа-инна фис-сухуури баракатан, саарлык тамакты ичкиле, анда береке бар. («Бухарий», Китаабус-саум)

Азыркы доордо таң атуунун, тагыраак айтканда, Багымдатты төмөнкүчө саат аркылуу билсе болот: бир күнү күн чыгуу маалын белгилеп алуу керек. Анан андан болжолу бир саат жыйырма эки мүнөт мурун саарлык тамакты жесе болот.

Хадисте мындай деп айтылган:

орозо 19

Тасаххарна маъан-Набиййи саллаллааху алайхи ва саллама сумма кумнаа илас-салаати, саарлык тамакты жеген соң, биз намаз үчүн турчубуз. («Термазий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)

Саарлык тамакты ичүү менен Багымдат намазынын ортосунда болжолу элүү аят окуганчалык тыныгуу болчу.

Дагы бир хадисте мындай деп айтылган:

орозо 20

Кунту а-тасаххару  фий ахлий сумма якууну суръатун бий ан удрика салаатал-фажри маъа Расулиллаахи саллаллааху алайхи ва саллама, саарлык жеген соң Багымдат намазын Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу окуу үчүн биз шашылчубуз. («Бухарий», Китаабу Муваакийтис-Салаата)

ООЗ АЧУУ УБАКТЫСЫ

Күн баткан соң, бир-эки мүнөттүн ичинде ооз ачыш керек. Табияттан тышкары кечиктирүү дурус эмес.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 21

Лаа язаалун-наасу би-хайрин маа ажжалул-фитра, адамдар ооз ачууга качанкыга чейин шашылып турса, ошол кезге чейин жакшылык менен берекелерди алып турушат. («Бухарий», Китаабус-Саум)

Дагы бир хадисте мындай деп айтылган:

орозо 22

Куннаа маъа Расулиллахи саллаллааху алайхи ва саллама фий сафарин фа-ламмаа гаабатиш-шамсу каала ли-ражулин анзил фаждах ланаа фа-каала йаа Расулаллаахи лау амсайта каала анзил фаждах ланаа каала инна аълайнаа нахааран фа-назала фа-жадаха лаху фа-шариба сумма кааала изаа раʹайтумул-лайла кад акбала мин хаа хунаа ва ашаара би-ядихий нахвал-машрики фа-кад афтарас-сааиму, Муслим», КитаабусСиям)

Азирети Абу Ауфаа (разияллааху анху) мындай деп баян кылат:

«Бир сапарда биз Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болгонбуз. Күн баткан соң Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бир кишиге: «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Кичине караңгы кирсинчи?» – деп жооп берди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши дагы бир ирет: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Жарык алигиче турбайбы?» – деп айтты. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооз ачканы бир нерсе алып кел», – деп айтты. Ал киши ооз ачканы бир нерсе алып келди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ооз ачкан соң: «Күн баткандан кийин силер чыгыш жагынан караңгылыктын көтөрүлүп жатканын көргөнүңөрдө ооз ачкыла», – деп айтты. («Батыш жагынан жарык жок болдубу же болгон жокпу?» – деп ал жакка гана карап турбагыла).

КАЙСЫЛ НЕРСЕ МЕНЕН ООЗ АЧЫШ КЕРЕК?

Курма, сүт жана суу менен ооз ачуу – бул сүннөт.

орозо 23

Изаа афтара ахадукум фал-юфтир алаа тамрин заада Уяйната фа-иннаху баракатун фа-ман лам йажид фа-юфтир алаа мааʹин фа-иннаху тахуурун,  ооз ачканыңарда, курма менен ачкыла, анткени анда береке бар. Эгер ал насип болбосо, анда суу менен ооз ачкыла, себеби ал өтө таза нерсе. («Термизий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)

ООЗ АЧААРДАГЫ ДУБА

орозо 24

Аллаахумма лака сумту ва алаа ризкика афтарту, Эй, Алла! Мен Сен үчүн орозо кармадым жана Сен тартуулаган ырыскы менен гана ооз ачтым. («Абу Давуд», Китаабус-Саум)

Ооз ачкан соң төмөнкүдөй сөздөрдү айтыш керек:

орозо 25

Захабаз-замау ваб-таллатил-урууку ва сабатал-ажру ин шаа Аллаах, суусагандык (чаңкоо) тарады, тамырлар жаңыланды жана сыйлык аныкталды, эгер Кудай кааласа. («Абу Давуд», Китаабус-Саум)

Кимдир бирөөнүн оозун ачтыра турган киши орозо кармаган киши ала турган соопчулукка тең соопко ээ болот.

орозо 26

Ман фаттара сааиман каана лаху мислу ажрихий гайра аннаху лаа янкусу мин ажрис-сааими шайʹан, («Термизий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ким ооз ачтырса, ал орозо кармаган киши алган соопко тең соопко ээ болот, бирок ал үчүн орозо кармаган кишинин сообунан эч нерсе кемитилбейт», – деп айткан.

ОРОЗОНУ БУЗА ТУРГАН ФАКТОРЛОР

Атайылап жеп-ичүү жана жыныстык катнашуудан орозо бузулат. Клизма коюу, укол алуу жана атайылап кусуу жолу менен да орозо бузулат.

 Хадисте мындай деп айтылган:

орозо 27

Ман зараъхул-кайʹу фа-лайса алайхи казааун ва манис-такааʹа амдан фал-якзи, эгер орозо кармаган киши аргасыз кусуп салса, ага орозонун казасы парыз эмес, бирок атайылап кусуп салган кишиге ошол орозонун казасы парыз. Термизий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)

Рамазан орозосун атайын (билип туруп) бузган киши ошол орозосунан тышкары кун (жаза) катары тынымсыз (үзгүлтүксүз) алтымыш орозо кармоосу лаазым. Эгер орозого күчү жетпесе, анда өзүнүн байлыгына жараша алтымыш кедей-муктаждарды чогуу же өзүнчө тамактандыруусу керек же бир эле кедей-муктажга алтымыш күндүк азык-түлүк берүү же анын баасын төлөп коюусу парыз. Эгер тамактандырууга да күчү жетпесе, анда ал Алла тааланын ырайымдуулугу жана берешендигине тобокел кылуусу зарыл. («Бухарий», Баабу изаа жаамиьу фий Рамазана ва лам йа куллаху шайун . . .)

Эгер кимдир бирөө жаңылыштык менен ооз ачып алса, ага күнөө болбойт, бирок ошол орозонун казасы парыз болот. Эгер орозо кармаган аялдын айзы башталып калса, же ал төрөсө, анда орозосу бүтөт, ал эми ушул орозолордун казасы башка күндөрдө парыз болот.

ОРОЗОНУ БУЗА АЛБАЙ ТУРГАН ФАКТОРЛОР

Эгер кимдир бирөө ката жолу менен бир нерсе жеп-ичип койсо, анын орозосу бузулбайт жана орозосунда эч кандай айып-кемчилик саналбайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо 28

Изаа наси-я фа-акала ва шариба фал-ютимма саумаху фа-иннамаа атаъмахуллааху ва сакааху, эгер кимдир бирөө унутуп, бир нерсе жеп-ичсе, анын орозосу бузулбайт. Ал орозосун уланта берүүсү керек, анткени Алла таала ага жедирип жана ичирип жатат. («Бухарий», Ктиаабус-Саум)

Эгер эрк-ыктыярсыз бир нерсе алкымга же курсакка – түтүн, чаң-тозоң, чымын, чиркей, ооз чайкап жатканда бир нече тамчы суу кирип кетсе, орозо бузулбайт. Ошондой эле кулакка суу кирсе, какырык чыкса, ыктыярсыз кусуп салса, көзгө даары куйса, мурун канаса, тиш канаса, мисвак кылса же щетка колдонсо, жыт жыттанса, чач же сакалга май сүйкөсө, бала же аялды өпсө, күндүзү уктап жатканда бел суусу чыккандыктан же саар маалында жунуб айынан гусул кыла албаса да орозо бузулбайт. Күндүзү аялзат сурма койсо болот. Ал эми эркек тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айткан:

орозо 29

Лаа тактахил бин-нахаари ва анта сааимун иктахил лайлан, орозо учурунда күндүзү сурма койбогула, ал эми кечинде боло берет. («Сунан ад-Дармий», Китаабус-Саум)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Күндүзү сурма коюунун кажети деле жок. Кечинде койгула». («Бадр» газетасы, 7-февраль, 1907-ж.)

ОРОЗО КАРМАБАГАН АДАМДАР

Кандайдыр бир чыныгы себепсиз же майда-чүйдө нерселерди шылтоолоп Рамазан орозолорун кармабоо – дурус эмес. Атайын, билип туруп орозо кармабаган адамдар тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айткан:орозо 30

Ман афтара йауман мин шахри Рамазана мин гайри рухсатин ва лаа маразин фа-лан йакзияху сиямуд-дахри куллихий ва лау самад-дахра,эгер кимдир бирөө чыныгы себепсиз Рамазандын бир эле орозосун таштаса, эгер кийинчерээк өмүр бою да ошол орозонун ордуна орозо кармаса да, анын ордун толуктай албайт жана ошол катаны оңдой албайт. («Сунан ад-Дармий», Китаабус-Саум)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи халифасы – Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Менимче орозону жөн эле нерсе деп билген адамдар да бар. Алар арзыбаган себептер айынан орозо кармашпайт. Кээде: «Биз ооруп калабыз» деген ой менен эле орозону таштап жиберишет. Чындыгында «мен ооруп каламын» деген ой эч кандай чыныгы себеп эмес. . . киши ооруп жатканда жана орозосу оорусун күчөтө турган ооруда гана орозону таштаса болот. . . орозосу оорусуна зыян келтирбей турган ооруда орозону таштоого болбойт». («Аль-Фазл» газетасы, 11-апрель, 1925-ж.)

Share via