Арзирети Имам Махдий(ас)дын ыйык насааттары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Арзирети Имам Махдий(ас)дын ыйык насааттары

Нау Мубааъийн[1]дерге насаат сөздөрү

Аср намазынан кийин Хайдарабад Даккан[2]дагы айрым кишилер байъат беришти. Байъаттан кийин насаат кылып, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай айтты:

«Бүгүн силер мени менен байъат келишимин түздүңөр, ошондуктан бир нече насаат сөздөрүн сүйлөмөкчүмүн: эсиңерде болсун, адам баласынын жашоосуна эч ишенип болбойт. Эгер кимдир бирөө Алла таалага ыйман келтирсе жана Алла таала Курани каримде эмне деген буйруктар берген деп Курани каримге көңүл бурса, анда ал киши дубаналар сыяктуу дүйнөнү таштап, Алла тааланыкы болуп калмак. {دنیا روزے چند عاقبت باخداوند}[3] (Бул жалган дүйнө, акыры адамзат Алла таалага кайтат) деп туура эле айтылган. Алла тааланын Сөзүнөн (Ыйык Куран) ачык-айкын маалым болгондой, кимде-ким Алла таала жакка келмекчи болсо, эгерде анын жүрөгү чындыгында динди дүйнөдөн жогору койбогон болсо, ал адам Алла тааланын назарында жазага татыктуу болот. Биз бул дүйнөдө байкагандай, анын максат-мүдөөлөрүнө жетишүү үчүн адамзат өз (өмүрү)нүн жетишээрлик бөлүгүн сарптамайынча ал максат-мүдөөлөргө жетишип болбойт. Мисалга, эгер бир табып бир дары жана анын канча дозалыгын белгилесе, ошондо оорулуу адам ал дозаны ичпесе, тескерисинче анын аз гана бөлүгүн колдонсо, анда ага пайдасы тийеби? Суусаган бирөөнүн суусагандыгы бир тамчы суу менен тарашы мүмкүнбү? Дал ошондой курсагы ачкан бирөө бир сындырым нан менен тоё албайт. Кудум эле ошондой Алла Таала же Анын элчисине оозеки ыйман келтирүү же салт катары байъат кылып алуу бүтүндөй бекер нерсе. Адамдзат бүтүн күчү менен Алла Таала жолуна берилмейинче (бул куру иш). Адамдын өз жанына болгон боорукерлиги мындай: адам руханий жашоо үчүн зарыл болгон толук үлүштү алсын. Тек мен мусулманмын деген ой эле жетиштүү эмес.

Мен насаат кылат элем: силер ар убакытта мени менен түзгөн алака-байланышууңарды (Алла Таала ага береке берсин) өнүктүрүү жана бекемдетүү камында жүргүлө. Бирок, эсиңерде болсун, иш жүзүндө ага амал кылбай туруп, тек гана (оозеки) сөз берүү жетиштүү эмес. Алла таала мындай деп айтат:اَحَسِبَ النَّاسُ اَنۡ یُّتۡرَکُوۡۤا اَنۡ یَّقُوۡلُوۡۤا اٰمَنَّا وَہُمۡ لَا یُفۡتَنُوۡنَА хасибан-наасу ан ютракуу ан якулуу ааманнаа ва-хум лаа юфтануун. (29:3)

Адамдар: «Биз ыйман келтирдик» деген менен гана кутулуп калабыз жана сыноодон өткөрүлбөйбүз деп ойлошобу? (29:3)

Демек, ушул сыноонун түпкү мааниси: Алла таала: «Ыйман келтирген адам динди дүйнөдөн жогору койдубу же жокпу?» – деп сынамакчы болот. Бүгүнкү күндө качан адамдар Алла таала жолун өз кызыкчылыктарына каршы экенин тапканда же айрым жерлерде бийликтегилерден бир аз коркунуч сезгенде, Алла таала жолун четке кагып салышат. Андай адамдар ыймансыз бирөөлөр. Алар чынында Алла Таала гана падышалар падышасы экенин билишпейт. Албетте, Алла Тааланын жолу өтө эле кийин жол. Чындыгында, адам баласы Алла таала жолунда өз колу менен тээрисин шылып алмайынча, ал Алла тааланын назарында кабыл болбойт. Биздин назарыбызда да (өз кожоюнуна) берилбеген кызматчы эч кандай кадыр-баркка татыктуу болбойт. Чын жүрөктөн берилип кызмат кылбаган кызматчы эч качан сый-урматка ээ болбойт. Дал ошондой беш күндүк дүйнөлүк жашоо пайдасын көздөп, Алла тааланы таштай турган адам Алла тааланын назарында чектен ашкан даражадагы адепсиз бирөө.

Байъаттын мааниси – өзүн Алла таалага тапшырып коюу. Бул деген – бүгүн биз өз жаныбызды Алла тааланын колуна сатып жибердик. «Алла тааланын жолунда жүрүп, кимдир бирөө соңунда зыян көрүүсү мүмкүн» деген нерсе өтө жаңылыш. Чынчыл киши эч качан зыян көрбөйт. Калпычы бирөө гана зыян көрүүсү мүмкүн. Дүйнө үчүн байъатты жана Алла таалага кылган убадасын бузуп жаткан, ошондой эле дүйнөдөн корккондуктан гана ушундай иштерди жасап жаткан киши өлүм маалында эч бир аким же падыша аны куткара албастыгын эске тутуусу керек. Ал Ахкамуль-Хаакимийн[4]дин алдына барат. Ал андан: «Эмнеге сен Мени урмат кылган жоксуң?» – деп сурайт». («Малфузаат», 7-том, 29-30-бет)

Ыйса (алайхиссалаам)дын өлүмү жөнүндө

«Биздин бардык маселелерибиз бүтүндөй ачык-айкын. Мисалга, Курани Каримдегиفَلَمَّا تَوَفَّیۡتَنِیۡ کُنۡتَ اَنۡتَ الرَّقِیۡبَ عَلَیۡہِمۡФа-ламмаа таваффайтаний кунта антар-ракийба алайхим, (мени өлтүргөнүӊдөн кийин алардын үстүндө Сен Өзүӊ күзөтчү элеӊ (5:118) деген бул аятта бир суроо жана бир жооп бар. Алла таала Ыйса (алайхиссалаам)дан сурайт: «Мени жана энемди кудай кылып алгыла деп сен адамдарга таалим бердиң беле?» Ал мындай жооп берет: «Эй, Алла! Мен тирүү кезимде ошондой таалим бергеним жок. Ооба, Сен мага ажал бергениңде, Сен Өзүң гана аларга көзөмөлчү болдуң. Менден кийин алар не иштер кылганын мен билбейм». Бул кандай ачык сөз: Ыйса каза тапканына өзү моюндайт. Ал мындай айтат: «Эгерде христиандар бузулган болсо, мен каза тапкан соң бузулушту. Мен алардын арасында тирүү болгон кезге чейин алар туура ишенимге ээ болчу». Азыркы күндө эгер христиандар бузулган болсо, анда Ыйса сөзсүз өлгөн. Эгер бүгүнкү күнгө чейин Ыйса өлбөгөн болсо, анда христиан да бузулган эмес. Эгер христиандар да бузулбаган болсо, анда Ыйса (алайхиссалаам)дын кудай экендиги деген акыйда да дурус болуп чыгат. Дагы ушул аятта кезиккендей, Ыйса (алайхиссалаам)дын «мен алардын бузулганын билген жокмун» деп айтканы жалган жооп болбойбу? Эгер анын кайрадан дүйнөгө келүүсү дурус болсо, себеби ушул суроо-жооп кыямат күнү болот, эгер ал дүйнөгө кайрадан келип, кырк жыл жашаса, христиандар жана каапырларды өлтүрүп, Исламды жайылта турган болсо, анда ал христиандардын бузулганын сөзсүз көрүп алган болсо керек. Анда ушул бузулган абалды көрүп, кайрадан дүйнөдөн кеткен соң Азирети Масийхтин Алла тааланын алдында ушундай жооп берүүсү жалганчылык болот. Ал падышалардын падышасы: «Сен кайрадан дүйнөгө барып, үммөтүңдүн бузулганын көргөнсүң го!» – дебейби? Эгерде дүйнөлүк бир падышанын алдында жалган сүйлөө – бул коркунучтуу кылмыш жасоо дегендик болсо, анда кайып илимин билүүчү падышанын алдында мына ошондой жалган сүйлөөчү? Кыскасы, бул аят ачык-айкын бир тараптан Ыйса (алайхиссалаам)дын өлүмүн далилдесе, экинчи тараптан анын кайрадан дүйнөгө келүүсүн жокко чыгарды.

Мындан тышкары биз хадистерге дыккат кылганда, ал жерден да мына ошондой натыйжа чыгат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан, бул хадис муттафак алайх[5] хадис: «Мен Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Азирети Яхя (алайхиссалаам) менен чогу көрдүм». Азирети Яхя (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы жана жаны чыккан жамаатка кошулуп кеткендиги – бул далилденип калган нерсе. Ыйса (алайхиссалаам) өлбөй туруп, жаны чыкпастан, ушул дүйнө менен коштошуп кеткен адам менен шерик болушу мүмкүнбү? Бир тараптан Алла тааланын сөзү менен, экинчи тараптан Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрүүсү менен Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгы жана кайтадан дүйнөгө келбөөсү анык-так далилденип калды. Эгер азыр да бул адамдар Масийхтин тирүү экендиги деген ишениминен кайтпаса, анда чыныгы хидаят жана бактылуулук тек гана Алла Таала тарабынан гана деп түшүнүүгө аргасыз болобуз.

Келе турган Ыйсанын үммөттөн болуусу жана башка жышаандар

Анда ал келе турган ким деген суроого келе турган болсок, аны да Куран жана хадис чечип салды. «Ан-Нур» сүрөөсү Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын халифалары мына ушул үммөттөн гана болушат деп ачык-айкын баяндап койгон. Имам Бухарий жана Имам Муслимдин ишеними да ушул: келе турган Ыйса ушул үммөттөн болот. Кыскасы, бир тараптан Куран жана хадис Исраил уулдарынан чыккан Масийхтин каза таап, кайрадан келбөөсүн айтат, экинчи жактан ошол Куран жана хадис келе турган Масийхтин ушул үммөттөн экенин айтышат. Андай болсо, эмнени күтүп жатасыңар?

Эми белгилерге да көз салып көрсөк болот. Кылым башында Мужаддид[6] келүүсүн баары кабыл кылышат. Масийх Мужаддид катары кылым башында келет деп да баары кабыл кылышты. Кылымдан жыйырма[7] эки жыл өтүп кетти, бирок азыркыга чейин Мужаддид көрүнгөн жок, акыры ушул кылымдын башында келе турган Мужаддид кана?

Кусууф жана Хусууф жышааны

Рамазан айында жүз бере туган Кусуф[8] жана Хусуф[9] Махдийдин белгиси болчу. Ушул Кусуф жана Хусуфга да сегиз[10] жыл өтүп кетти. Бирок Махдий келбептир. Эгер жышаан орундалды, бирок жышаан ээси кийинирээк келет деп айтылса, анда бул өтө бузуку ишеним жана ар түрдүү баш аламандыктардын негизи. Эгер бир аз мөөнөттөн кийин жыйырма адам Махдий экенине билдирүү жасашса, алардын арасында ким өкүм чыгарат? Жышаан ээси жышаан менен бирге болушу абзел. Бул адамдар минбарларга чыгып, кылымдын башын жана Кусуф менен Хусуфту эстеп (күтүп) «ыйлашчу» эле. Бирок убактысы келгенде, ушул эле адамдар душман болуп кетишти. Хадиске ылайык бардык жышаандар жүз берди, бирок ага карабай булар өз кейжирлигин ташташпайт. Кусуф менен Хусуф деген улуу салтанаттуу жышаан жүз берди, бирок Алла тааланын ушул жышаанын урматташкан эмес.

 Чума (оорусу) деген жышаан

Дал ошондой бардык пайгамбарлардын илгерки китептеринде, Куранда жана хадисте Кусуф менен Хусуф деген асмандык жышаандан кийин келүүчү дагы бир балээге ишаарат бар болчу. Ал – чума оорусуу. Ал да Масийхтин дооруна таандык болчу. Бул өтө коркунучтуу кырсык, ага ар бир улуу мартабалуу пайгамбар ачык-айкын же бүдөмүк ишаарат кылган экен. Чума келди. Миллиондогон адам жок болду. Анын кыйроосу качанкыга чейин созулаары белгисиз. Бирок кайсы Убада кылынган инсандын доорун таанууга белги катары ушул жашаан болсо, аны алигиче адамдар тааныган эмес. Куду ошондой жер менен асман күбөлүк берди. Бирок ушул күбөлүктөрдү таштанды деп билишти. Алла таала – намыстуу жана Ал Өзүнүн намысын көргөзөт. Дүйнөлүк өкүмдар моюн толгоону жактырбаса, анда Ал өкүмдарлардын Өкүмдары – Намыстуу Кудай ушул моюн толгоону жазасыз калтырабы?

Жаңы унаа деген жышаан

Ушул доордун дагы бир жышааны – төөлөрдү бекер кылуучу жаңы унаа болчу. Куранوَاِذَا الۡعِشَارُ عُطِّلَتۡВа изал-ишаару уттилат,(качан ургаачы төөлөр бекер кылынганда (81:5) деп ушул доордон кулактандырды. Хадис Масийхтин жышааны катары төмөнкүдөй айтты:

{لَتُتْرَكَنَّ الْقِلَاصُ فَلَا يُسْعَى عَلَيْهَا}[11] (صحيح مسلم, كتاب الإيمان)

Ла-тутракуннал-килаасу фа-лаа юсъаа алайхаа (Сахих Муслим, Китаабул-Ийман)

Ушул жышаан орундалганы жокпу? А түгүл бүгүнкү күнгө чейин ургаачы төө унаа катары колдонулуп келген жана төөлөрсүз иш болчудай эмес жерлерде да ушул унаа пайда болду. Бир канча жылдан кийин төөлөр деген унаанын изи да калбай калат. Ургаачы төөлөр бекер болуп кетти. Белгиленген жышаандар орундалды, бирок жышаан ээси таанылбады. Бир тараптан доо кылып, экинчи тараптан ошол жышаандарды орундатуу өңдүү иштер колуман келет беле? Убада Кылынган Кусуф менен Хусуфту орундатуу үчүн көктүк түзүмгө да ыктыярым бар беле? Же жерде Убада кылынган Чуманы жарата турган заттар колумда бар беле? Же Масийхтин жышааны болгон ажылыкка тыюу салынуу да менин ишааратым менен болдубу? Ушул сыяктуу жыйырма чактай жышаан Масийхтин дооруна таандык болчу. Алардын баары орундалды. Алла таала кайсы бир далилди буларга көрсөткөн эмес, бирок аларды да ошондой четке кагышты. Чыныгы сөз бул: доордо динбезерлик жайылган экен, ал жашыруун түрдө бардык жүрөктөрдү ууландырууда. Алла таалдан кооптонуу күндөн күнгө жоголуп барууда. Кулактары бар, бирок уга албайт. Көздөрү бар, бирок көрүшпөйт. Жүрөктөрү бар, бирок түшүнүшпөйт. Мына ошол эле себептен четке кагышты, болбосо маселе ачык-айкын болчу. Менин китептеримди окуганыңарда, канчалык күчтүү далилдер келтиригенине күбө болосуңар. Эми аларда эч кандай жооп жок. Алла таала күчтүү далилдер менен алардын түп тамырын кесип салды, бирок буларга көрүнбөйт.

Алла Таала дайындаган инсанды таануунун үч жолу

Алла Таала дайындаган инсанды таануунун үч жолу бар: далил, акыл-парасат жана асмандык колдоолор. Эми байкоо керек, ушул үчөө бул Жамаатты колдоп жатат. Даниел жана башка пайгамбарлар анын келүү доорун белгилешти, а түгүл кылым жана жылды да аныктап коюшту. Бардык христиандарда бир түрдүү тынчсыздык өкүм сүрүүдө, себеби илгерки китептерге ылайык Масийхтин келүү убактысы келди, бирок Масийх алигиче келген жок. Ошондуктан, акыр аягында уламалар мажбур болуп, ойлору бул жакка барды: Масийхтин экинчи жолу келүүсүнүн мааниси – чиркөөнүн өнүгүүсү. Бул орундалып калды.

Дал ушундай биздин[12] китептерибизге ылайык да Масийхтин келүү доору ушул гана. «Хижажул-кираама» аттуу китептин автору жазат: Масийхтин кайрадан келүүсү үчүн он төртүнчү кылым белгиленген. Шах Валиюллаах Сахиб да ушул доор үчүн аны «дин чырагы» деп атаган. Кыскасы, ар бир улуу инсан белгилеген заман он төртүнчү кылымдан өткөн эмес. Туура, алардын ортосунда бир аз пикир келишпестик бар. Он төртүнчү кылымда төмөнкү кылдат ишаарат бар болчу: ал доордо Ислам дини толгон ай сыңары жаркырап кетет. Ай он төртүнчү түндө жеткилеңдигине жеткендей эле Ислам дини бүткүл дүйнөдө он төртүнчү кылымда жеткилеңине жетет. Он үчүнчү кылымдын караңгылыгы жөнүндө булардын ортосунда макал-лакап сөзү да кеңири тараган. Айрымдарынын айтымында, ушул кылым уламаларынан бөрүлөр да паана сурашкан эле. Булар он төртүнчү кылымды күтүп жатышкан эле, бирок ал келгенде, өзүнүн бактысыздыгынын айынан четке кагышты…

Акылдын назарында да Масийхтин доору ушул эле көрүнөт. Ислам дини ушунчалык алсырап кетти: илгери бир адам муртад болгондо, чоң ызы-чүү болот эле, бирок азыр миллиондогон адам муртад болушту, күнү-түнү Исламга каршы китептер басылууда. Исламды жок кылуу үчүн ар түрдүү иш-пландар түзүлүүдө.اِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا الذِّکۡرَ وَاِنَّا لَہٗ لَحٰفِظُوۡنَИннаа нахну наззалназ-Зикра ва иннаа лаху ла-хаафизуун, албетте, Биз эле ушул Зикирди (Ыйык Куранды) түшүргөнбүз жана Биз эле аны сөзсүз коргоочубуз (15:10) деген убаданы берген Алла азыр Исламды коргобой, унчукпай отура бериши акылга сыйбат. Бул канчалык чоң кырсыктуу заман: улуулар балдары Ислам душманы болуп, чиркөөлөргө кирип кетишти жана ачык түрдө Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата уят сөздөр айтылууда. Аны ар кыл орой сөздөр менен тилдешүүдө. Эгер ушул иштердин баарын чогуу алып көрсөк, акыл ушул доор Алла таала колдоо доору экенин айтат. Мен силерге акыйкатты айтам: эгер ушул Жамаат түзүлбөгөндө, Ислам дини талкаланып кетмек. Ошентип, бул да Алла тааланын бар экенинин бир белгиси: эң керек болгондо Алла таала ушул Жамаатты түздү жана эң кырсыктуу маалда Исламды сактап калды. Эгер асмандык колдоолорго көз сала турган болсок, ал жерде да улуу бир казына бар. Алла таала миңдеген жышаандарды колуман көрсөттү. Эгер күндө мен жана мени менен тургандар көргөн жышаандардын баарын топтосом, алардын саны жүз миңге жакын болуп калат. Ал тургай, тек «Бараахийн-э-Ахмадиядагы» айрым илхамдарды гана көрсө болот. 24 жыл илгери бул китеп жазылып, ошол кезде Мекке, Мадина, Мисир, Бухара, Лондон, ошондой эле Индиянын ар бир бөлүгүнө жетти. Бир топ поптордун жана башка Ислам каршылаштарынын үйлөрүнө да жетти. Бул китепте, мисалга Алла тааланын мага ушундай дегени жазылган: Азыр сен жалгызсың жана сени менен эч ким жок, бирок бир убакыт келип, адамдар сага алыскы жерлерден келишет.

 {یَاْتُوْنَ مِنْ کُلِّ فَجٍّ عَمِیْق}

Яʹтууна мин кулли фажжин амийк.

Сен адамдардын арасында тааныласың жана даңкың таралат. Сага көмөк көрсөткөнү жана сени колдогону адамдар алыс-алыстан келишет. Анан айтты: көп-көп адамдар келишет. Сен аларга жумшактык жана ахлак менен мамиле жасагын. Алардын жолугушунан сыгылбагын.

 {وَلَا تُصَعِّرْلِحَقِّ اللهِ وَلَا تَسْئَمْ مِنَ النَّاسِ}

Ва-лаа тусаъъир ли-хаккиллаахи ва-лаа тасʹам минан-нааси.

Анан аягында мындай деди:

{اِذَا جَاءَ نَصْرُاللهِ وَالْفَتْحُ وَانْتَهى اَمْرُ الزَّمَانِ اِلَیْنَا۔ اَلَیْسَ هَذَا بِالْحَقْ}

Изаа жааʹа насруллаахи вал-фатху вантахаа амруз-замаани илайнаа. А-лайса хаазаа бил-хак, (качан Алла тааланын жеңиши жана жардамы келгенде, замандын амири Биз жакка соңуна чыгат, ошондо бул Жамаат акыйкат эмеспи деп айтылат. Азыр Лахор жана Амратсардын тургундары, ошондой эле Пинжабдын тургундары муну билишет: «Бараахийн-э-Ахмадия» жарык көргөн учурда эч ким мени тааныбайт эле, а түгүл Кадиянда мени тааныган адамдар өтө сейрик болсо керек. Ушуга карабасатан, ошол бардык алдын ала кабарлар орундалып жатат. Ушул алдын ала кабарлар али толук бойдон аткарылганы жок, бирок орундалып жаткан илхамдар аз болсо да, акыйкатты изилдөөчүлөр үчүн жетиштүү. Эми бул мен жасаган амалбы, бир адам бүгүндөн жыйырма жыл мурун бүгүнкү күндө жүз берип жаткан окуяларды сүрөттөп бере алат беле? Кимдир бирөө миңдеген калк-калайык мага келишет деп айта алабы? Айрыкча узак мөөнөткө ал иштер жүз бербей жатса, (ошондо айта алабы?) Мындан даана көрүнгөндөй, ушул иштер бирөөнүн оюнун натыйжасы болушу мүмкүн эмес. Ушул иштерди көрүп төмөнкүлөрдү айта алам: Алла таала мени колдоп көрсөткөн жышаандар өзүнүн саны жана салтанаты жагынан Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан тышкары башка пайгамбарлардын жана элчилердин бирөөсүнөн да далилденген эмес. Бирок мында эч кандай сыймыгым жок, мунун баары үммөтүнөн экендигим менен мен сыймыктанган ал ыйык Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артыкчылыгы гана…

Силер мага берген байъатыңар үрөн сепкени сыяктуу, силер мага бат-бат жолугушуп турушуңар жана бүгүн түзүлгөн алака-байланышты бекемдешиңер керек. Бак-дарактан үзүлгөн бутак акыр аягында кургап, түшүп кетет. Тирүү ыйманга ээ болгон инсан дүйнөгө көңүл койбойт. Дүйнө ар бир жол менен табыла берет. Динди дүйнөдөн жогору коюучу бирөө гана куттуу. Ал эми дүйнөнү диден жогору коюучу бирөө өлүк сыяктуу, ал эч качан чыныгы жардам жүзүн көрбөйт. Ушул байъат динди дүйнөдөн жогору коюп, анда өсүп-өнүгүүгө аракеттенгенде гана жарам бере алат. Байъат бүгүн себилген үрөн сыяктуу. Эми эгерде бир дыйкан тек үрөн себүү менен гана канааттанса жана түшүм алуу үчүн керектүү милдеттердин бирөөсүн да аткарбаса, жерди оңдобосо, сугарбаса, кези-кези менен жерге дары сеппесе, жетишээрлик даражада коргобосо, ошондой дыйкан кандайдыр бир түшүмдү үмүттөнсө болобу? Эч качан. Анын эгини сөзсүз талкаланат жана ойрондолот. Толук дыйкан боло турган бирөөнүн эгини гана аман калат. Ошентип, силер да бүгүн бир түрдүү үрөн септиңер. Кимдин бактысында эмне бар экенин Алла таала билет. Бирок ушул үрөндү коргогон жана өзүнчө өсүп-өнүгүүсү үчүн дуба кылып турган бирөө гана – бактылуу. Мисалга, намаздарыңарда бир кыл өзгөрүү жүз бериши керек.

Намаздан кийинки дуба

Мен байкагандай, бүгүнкү күндө адамдар окуган намаз тоок чокуган сыяктуу эле. Алардын намаздарында алар намаздан кийин кол көтөрүп, сураган дубада көрсөткөн тазаруу жана лаззатчалык тазаруу жана лаззат болбойт. Кана, булар өз дубаларын намаздын ичинде гана сурашса, ошондо алардын намазында лаззат пайда болушу мүмкүн болчу. Ошондуктан, мен силерге буйрук катары айтам: азырынча намаздан кийин такыр дуба сурабагыла жана дубага таандык кылынган лаззат жана рахатты намаз ичинде дубаларды суроо жолу менен жараткыла. Менин айтканым намаздан кийин дуба кылууга тыюу салынды деген маанини билдирбейт. Бирок мен каалаарым: намазда жетишээрлик даражада лаззат жана рахат пайда болмоюнча, намаздан кийин дуба кылууга намаз лаззатын текке кетирбегиле. Мейли, ушул лаззат пайда болгон соң кылсаңар болот. Ошентип, намазда өз тилиңерде дуба сурооңор жакшыраак. Адамдын эне тилинде болгон табигый дүүлүктөй дүүлүк жат тилде пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ошондуктан, акырындап силерде лаззат пайда болушу үчүн намаздарда Куран жана сүннөттө баян этилген дубалардан кийин өз муктаждыктарыңарды дуба түрүндө эне тилиңерде Алла тааланын алдына сунуш кылгыла».

Каршылыкка сабырдуулук кылууга насаат

Бир киши мындай деди: менин айылымдагы бир медреседе иштеген бир адам мага катуу каршылык көрсөтөт жана мага катуу азап берет. Хузур! Алла Таала аны ошол жерден которуп салсын деп дуба кылыңыз. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) буга күлүмсүрөдү жана ага мындай насаат кылды:

«Ушул Жамаатка киргениңерден кийин анын таалимине амал кылгыла. Эгерде кыйынчылыктар туш келбесе, анда сооп кайдан болсун? Алла тааланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеде он үч жыл бою азап чекти. Силер ал доор кыйынчылыктарын билбейсиңер жана алар силерге жеткен жок. Бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабалары разияллааху анхумга сабырдуулуктан гана таалим берди. Акыр аягында бардык душмандар талкаланып кетишти. Жакын арада силер ушул шайтандар көрүнбөй кетишине күбө болосуңар. Алла таала ушул таза Жамаатты дүйнөгө жайылтууну каалады. Азыр булар силерди азчылык деп силерге азап беришет, бирок ушул Жамаат дүйнөдө көбөйүп кеткенде, булардын баары өзүнөн-өзү унчукпай калышат. Эгерде Алла Таала каалаганда, булар азап чектирмек эмес жана азап чектирүүчүлөр төрөлмөк эмес, бирок алар аркылуу Алла таала сабырдуулук таалимин бермекчи. Бир аз мөөнөт сабыр кылганыңардан кийин эч нерсе калбай калганына күбө болосуңар. Азап чектире турган адам же тобо келтирет же жок болуп кетет. Бир топ каттар келет: биз тилдечүбүз жана (аны) сооп (иш) деп билчүбүз, бирок азыр тобо келтиребиз жана байъат беребиз. Сабырдуулук да – ибадат. Алла таала сабыр кылгандарга чексиз сыйлыктар берилерин айтат. Тактап айтканда, алардын үстүнө чексиз белектер түшөт. Бул сыйлык тек сабырдуулар үчүн гана. Башка ибадаттар үчүн Алла таала муну убада кылган эмес. Качан бир адам бирөөнүн колдоосунда өмүр сүрсө, ага катар азаптар жеткенде, акыр аягында колдоочу намысын көргөзүп, ошол азап чектирүүчүнү жок кылып коёт. Кудум ошондой биздин Жамаатыбыз да Алла Тааланын колдоосунда. Азап чегүү менен ыйман бекемдейт. Сабырдуулуктай башка эч нерсе жок». («Малфузаат» 4-том, 234-235-бет)

«Ахмадий» деген ат эмнеге коюлган?

Бир молдоке келип, мындай деп суроо берди: «Алла таала бизге «мусулман» деп ат койгон. Сиз неге өз агымыңызга «Ахмадий» деп ат койгонсуз? Бул
 ہُوَ سَمّٰٮکُمُ الۡمُسۡلِمِیۡنَХува саммаакумул-муслимийн, Ал (Алла) силерге мусулман деп ат койгон (22:79) деген аятка каршы келет».

Буга жооп катары Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) айтты:

«Илсам» өтө таза ат жана Курани каримде да ушул эле (ат) келген. Бирок хадис шарифте кезиккендей, Ислам 73 агымга бөлүнүп кетти жана ар бир агым өзүн «мусулманмын» дейт. Ушулардын арасында эки-үч адамдан башка бардык сахааба разияллааху анхумду сөгүп-тилдей турган Раафизийлер[13] агымы да бар. (Булар) Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын абийирдүү жубайларын да тилдешет.

Алла тааланын олуяларына да орой сөз сүйлөшөт. Ушуга карабастан, алар «мусулман» деп аталышат. Хааржийлер Азирети Али жана Азирети Умар (разияллааху анху)ну да тилдешет, ушуга карабастан, «мусулман» деп аталышат. Сирия өлкөсүндө «Язийдия» аттуу агым бар. Алар Имам Хусайин (разияллааху анху)га орой сөз сүйлөшөт, ушуга карабай, «мусулман» болуп жүрө беришет. Мына ушул эле кырсыкты көрүп, илгерки такыбалар өздөрүн ошондойлордон айырмалоо үчүн өздөрүнө Шаафъий, Ханбалий ж.б. аттарды тандашты. Бүгүнкү күндө Нейчрийлер агымы чыгып, бейиш, тозок, вахий-аян, периштелер – баарын четке кагышат. А түгүл Саййид Ахмад Хандын ою боюнча, Курани карим да Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ой-пикирлеринин натыйжасы жана христиандардан угуп, ошол кыссаларды жазып койгон. Кыскасы, ушул бардык агымдардан өзүбүздү айырмалоо үчүн ушул агымга «Ахмадия» дет ат коюлган.

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) ушул сөздөрдү сүйлөп жатканда, ал молдоке кайрадан суроо узатты: «Курани Каримдеلَا تَفَرَّقُوۡاЛаа тафарракуу, (бөлүнбөгүлө (3:104) деген өкүм бар эмеспи, сиз бөлүп салдыңыз». Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) жооп берди:

Биз бөлүп-жарбайбыз, тескерисинче жоюу үчүн келдик, эгерде «Ахмадий» деп ат коюуда кандайдыр бир урматсыздык бар болсо, анда «Шаафъий» деп аталууда да урматсыздык бар. Бирок бул аттар улуулар тарабынан коюлган экен, аларды силер да такыба деп билесиңер. Андайларды сындап, аларга орой сөз дей турган киши бактысыз адам болот. Болгону айырмалоо үчүн алар өздөрүнө ушул аттарды коюп алган эле. Биздин иштерибиз Алла таала тарабынан жана бизге сын-пикир айтуучу Алла таалага сын-пикир айтат. Биз – мусулманбыз жана «Ахмадий» ажырамдуу ат гана.

Эгерде «мусулман» гана ат болсо, анда таануу белгиси эмне болот. Алла таала бир Жамаат түзмөкчү жана ал башкалардан айырмаланышы зарыл. Ажырамсыз анын пайдалары ачыкка чыкпайт жана тек «мусулман» аталышы менен ажырым пайда боло албайт. Имам Шаафъий, (Имам) Ханбал ж.б. доору да ушундай доор болчу: ал кезде бидъаттар башталып калган эле. Эгерде ал кезде ушул аттар болбогондо, акыйкат ээлери менен акыйкат эмес ортосунда ажырам боло албайт эле. Миңдеген кир адамдар аралашып жашашчу. Бул төрт ат Ислам үчүн чарбак сыяктуу болчу, эгер бул адамдар төрөлбөгөндө, Ислам дини шектүү болуп, бадъати менен бидъати эмес ортосунда ажырам болбойт эле. Азыр да ошондой доор келди: ар бир үйдө жаңыдан бир дин бар. Биз «мусулман» деп аталуудан баш тартпайбыз, болгону ынтымксыздыкты кетирүү үчүн ушул ат коюлган. Алла тааланын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Тоорат ээлеринен бөлүндү жана сырттан көрүүчүлөр назарында бөлүп-жаруучу деп көрүндү. Бирок чынында Алла таала Өзү ошондой бөлүнүүнү жаратат. Качан таза эмес жана аралашма көбөйгөндө, Алла таала Өзү бир ажырым болушун каалайт. Молдоке кайрадан Алла Таала ہُوَ سَمّٰٮکُمُ الۡمُسۡلِمِیۡنَХува саммаакумул-муслимийн, Ал (Алла) силерге мусулман деп ат койгон (22:79) деп айткан экен деген суроону берди.

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) айтты:

Буга Раафизийлер жана Бадъатилер, ошондой эле бүгүнкү мусулмандар киришеби? Буга бүгүнкү күндө арамды да адал дей тургандар киришеби? Алар ичкилик менен зынааны да Исламда адал деп билишет. Жок, эч качан. Бул сахаабалар разияллааху анхумга карата айтылган экен. Хадис шарифте мындай деп кезигет: үч кылымдан кйин Файж-и-аъваж доору болот, ошондо жалганчылык жана калп таркалып кетет. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол доор адамдары жөнүндө мындай айткан:

{لَيْسُوا مِنِّي وَلَسْتُ مِنْهُمْ} (مسند أحمد, كتاب باقي مسند المكثرين)

Лайсуу минний ва ласту минхум (Муснад Ахмад)

Алардын мени менен эч кандай алака-байланышы жок, менин дагы алар менен эч кандай алака-байланышым жок. Алар «мусулман» деп аталышат, бирок мени менен эч кандай алака-байланышы болбойт.

Мен «Ислам» атын четке каккандарды же ушул атты ар деп билгендерди каргышталган деп эсептейм. Мен кандайдыр бир бидъатты алып келгеним жок. Ханбалий-Шаафъий ж.б. ат болгондой эле «Ахмадий» да бир ат экен. «Ахмад» атында Ислам негиздөөчүсү Ахмад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен байланыш бар. Ушул байланышуу башка аттарда жок. «Ахмад» Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле аты. Ислам – бул Ахмадия жана Ахмадия – бул Ислам. Хадис шарифте «Мухаммадий» деп коюлган экен. Кээде сөздөр көп болот, бирок мааниси бирөө гана болот. «Ахмадий» аты – ажырымдуу бир белги. Бүгүнкү күндө илгери да, кийин да болбогон күчтүү топон бар, ошол үчүн кандайдыр бир ат керек болчу. Алла тааланын назарында мусулмандар – бул Ахмадийлер».

Мечиттер зарылдыгы

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай айтат:

«Азыр Жамаатыбыз мечиттерге өтө муктаж болуп отурат. Бул Алла тааланын үйү болот. Кайсы шаарда же айылда Жамаатыбыздын мечити курулса, анда Жамааттын өсүп-өнүгүүсүнө негиз салынды дейбергиле. Эгерде мусулман аз же такыр болбогон бир айыл же шаар болсо жана ал жерде Исламды өнүктүрмөкчү болсоңор, ал жерде бир мечитти салып койгула, Алла таала Өзү мусулмандарды тартып алып келет. Бирок төмөнкү шарт бар: мечит чын ыкыластан салынсын. Ал бир гана Алла таала үчүн болсун. Кандайдыр бир напсилик же арам ойлуулук эч аралашпасын, ошондо (гана) Алла Таала береке кошот.

Мечит жасалгаланган жана бышкан кыштуу имарат болушу шарт эмес, тескерисинче болгону жерде тосуп туруп, мечиттин аймагын белгилеп, жамгырдан ж.б. сактануу үчүн жыгычтар менен үстүнөн жаап коюу керек. Алла таала убаракерчиликти жактырбайт. Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечити бир канча курма бутактарынан жасалган болчу, анан ошондой келе берди. Анан Азирети Усман имаратка кызыккандыктан, өз доорунда аны бышыктатты. Мен ойлойм: Азирети Сулайман менен Азирети Усмандын каафиясы өз ара окшоп кетет. Мүмкүн, ушул себептен улам ал ошондой иштерге кызыккан. Кыскасы, Жамааттын өз мечити болуп, анда Жамааттын өз имамы болуп, насаат сөзүн ж.б. айтышы керек. Жамаат адамдары баары биригип, ошол эле мечитте жамаат намазын аткарсын. Жамаат жана ынтымакта чоң береке бар. Ынтымаксыздыктан бөлүнүү пайда болот. Бул ушундай мезгил: ушул убакытта биримдикти жана ынтымакты абдан өнүктүрүү керек жана бөлүүгө себепчи боло турган майда-чүйдө кептерди четтетүү керек». («Малфузаат» 7-том, 119-бет)


[1] Фарси-арабча сөз болуп, «жаңы байъат бергендер» дегенди билдирет.

[2] Индия шаарларынын бири.

[3] Беш күндүк дүйнөдөн кийин инсан Алла таала алдында болот.

[4] Акимдердин акими – Алла таала.

[5] «Сахих Бухарий» жана «Сахих Муслим» экөөсүндө тең кезиккен хадис «муттафик алайх» деп аталат.

[6] «Жаңылоочу» дегенди туюнтат.

[7] Азыр он төртүнчү хижра кылым соңкуна чыгып, он бешинчи кылымдан да отуз жыл өтүп кетти. (Котормочу)

[8] Күндүн тутулушу «кусуф» деп аталат.

[9] Айдын тутулушу «хусуф» деп аталат.

[10] Азыр ушул жышаанга да 116 жыл өтүп кетти. (Котормочу)

[11] Котормосу: Ургаачы төөлөр коюлуп жиберилет жана алардан жумуш алынбайт. («Муслим» Китааб-ул-ыйман. Баабу баёни нузули Ийсабни Маряма, 389-хадис)

[12] Мусулмандардын.

[13] Шииттерге айтылат.

Share via