Ыйык Куранда сѳз кылынган жиндер
Курани каримдеги эки жайда жиндерден кеп кылынган: биринчиси, «Аль-Ахкааф» сүрөөсүндө; экинчиси, «Аль-Жинн» сүрөөсүндө. «Аль-Ахкааф» сүрөөсүндө Алла таала мындай деп айтат:وَ اِذۡ صَرَفۡنَاۤ اِلَیۡکَ نَفَرًا مِّنَ الۡجِنِّ یَسۡتَمِعُوۡنَ الۡقُرۡاٰنَ ۚ فَلَمَّا حَضَرُوۡہُ قَالُوۡۤا اَنۡصِتُوۡا ۚ فَلَمَّا قُضِیَ وَلَّوۡا اِلٰی قَوۡمِہِمۡ مُّنۡذِرِیۡنَ – قَالُوۡا یٰقَوۡمَنَاۤ اِنَّا سَمِعۡنَا کِتٰبًا اُنۡزِلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مُوۡسٰی مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ یَہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ وَ اِلٰی طَرِیۡقٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ – یٰقَوۡمَنَاۤ اَجِیۡبُوۡا دَاعِیَ اللّٰہِ وَ اٰمِنُوۡا بِہٖ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ مِّنۡ ذُنُوۡبِکُمۡ وَ یُجِرۡکُمۡ مِّنۡ عَذَابٍ اَلِیۡمٍ – وَ مَنۡ لَّا یُجِبۡ دَاعِیَ اللّٰہِ فَلَیۡسَ بِمُعۡجِزٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَیۡسَ لَہٗ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءُ ؕ اُولٰٓئِکَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍКотормосу: качан Биз жиндерден Куранды уга турган бир жамаатты сага жүз караттык. Анан алар анын алдына келгендеринде, алар (өз ара) айтышты: «Тынчтангыла!» Анан сөз бүткөндө, алар кулактандырган бойдон өз коомунун кашына кайтышты. Алар айтышты: «Эй, коомубуз! Албетте, биз Мусадан кийин түшүрүлгөн бир Китепти уктук. Ал өзүнүн алдындагысын тастыктаар эле. Ал чындыкка жана туура жолго багыттаар эле. Эй, коомубуз! Алла тарабына даават кылуучуга кулак салгыла жана ага ыйман келтиргиле. Ал Зат күнөөлөрүӊөрдү кечирет жана силерди оор азаптан сактайт. Ким Алла тарапка чакыруучуга жооп кайтарбаса, ал жерде (Аны) алсырата албайт жана Андан бөлөк эч бир дос да таба албайт. Мына ушулар ачыктан-ачык адашууда». (46:30-33)
«Аль-Жинн» сүрөөсүнүн эӊ алгачкы рукусу ушул эле темадан турат. Алла Таала мындай деп айтат:
قُلۡ اُوۡحِیَ اِلَیَّ اَنَّہُ اسۡتَمَعَ نَفَرٌ مِّنَ الۡجِنِّ فَقَالُوۡۤا اِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡاٰنًا عَجَبًا-یَّہۡدِیۡۤ اِلَی الرُّشۡدِ فَاٰمَنَّا بِہٖ ؕ وَ لَنۡ نُّشۡرِکَ بِرَبِّنَاۤ اَحَدًا ۙ- وَّ اَنَّہٗ تَعٰلٰی جَدُّ رَبِّنَا مَا اتَّخَذَ صَاحِبَۃً وَّ لَا وَلَدًا- وَّ اَنَّہٗ کَانَ یَقُوۡلُ سَفِیۡہُنَا عَلَی اللّٰہِ شَطَطًا- وَّ اَنَّا ظَنَنَّاۤ اَنۡ لَّنۡ تَقُوۡلَ الۡاِنۡسُ وَ الۡجِنُّ عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا- وَّ اَنَّہٗ کَانَ رِجَالٌ مِّنَ الۡاِنۡسِ یَعُوۡذُوۡنَ بِرِجَالٍ مِّنَ الۡجِنِّ فَزَادُوۡہُمۡ رَہَقًا- وَّ اَنَّہُمۡ ظَنُّوۡا کَمَا ظَنَنۡتُمۡ اَنۡ لَّنۡ یَّبۡعَثَ اللّٰہُ اَحَدًا- وَّ اَنَّا لَمَسۡنَا السَّمَآءَ فَوَجَدۡنٰہَا مُلِئَتۡ حَرَسًا شَدِیۡدًا وَّ شُہُبًا- وَّ اَنَّا کُنَّا نَقۡعُدُ مِنۡہَا مَقَاعِدَ لِلسَّمۡعِ ؕ فَمَنۡ یَّسۡتَمِعِ الۡاٰنَ یَجِدۡ لَہٗ شِہَابًا رَّصَدًКотормосу: Айткын: «Мага мындай деп вахий-аян кылынган: «Жиндердин бир тайпасы (Куранды) көӊүл коюп угуп, айтты: «Албетте, биз бир ажайып Куранды уктук. Ал жакшылыкка багыттайт. Ошондуктан, биз ага ыйман келтирдик. Биз Раббибизге эч нерсени такыр шерик кылбайбыз». «Албетте, Раббибиздин шаан-шөөкөтү өтө бийик. Ал Өзүнө кандайдыр бир жолдош да, кандайдыр бир уул да туткан эмес», – деп (да айтты). «Албетте, биздин бир нааданыбыз Алланын урматына туура эмес кептерди сүйлөөр эле», – деп (да айтты). Албетте, биз: «Адамдар жана жиндер Алла туурасында такыр жалган сүйлөшпөйт», – деп ойлоор элек. Албетте, жалпы адамдардын ичинен айрымдары чоң-чоң адамдардын паанасына келишер эле. Ошондо алар алардын арамзалыгын жана наадандыгын кѳбѳйтүштү. Алар дагы кудум силер ойлогонуңардай: «Алла эч качан бирѳѳнү жѳнѳтпѳйт», – деп ойлошкон эле. Албетте, Биз асманга кол тийгизип көрдүк. Ошондо анын күчтүү корукчулары жана от шоолалары менен толук экенин таптык. Албетте, Биз угуш үчүн анын орундарында отурар элек. Эми ким тыӊшоого аракет кылса, ал өзүн аӊдып турган бир от шооласын табат. (72:2-10)
Бул эки сүрөө Мекке доорунда түшкөн эле, ал доор Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын жана сахаабалардын алсыздык доору болчу. Меккедеги Курайыш уруусу тарабынан ал(сав)га жана сахаабаларына чоӊ-чоӊ мыкаачылыктар кылынган.
Айрым каршылаштарыбыз жана кээ бир молдокелер жогорудагы аяттарда кеп кылынган жиндер адамдардан башка макулук болчу дешет. Бирок, ушул аяттарда баяндалган мазмунга кылдат көӊүл бурсак, анда ошол аяттарда «жиндер» делингендер адамдардан башка кандайдыр бир көмүскө макулук болгон жиндер эместиги, тескерисинче алар айрым адамдар гана экендиги маалым болот. Аларды адам болбогон – көмүскө макулук болгон «жиндер» менен салыштыруу максатында аларды «адам» деп айтуунун ордуна «жиндер» деп айтылган.
Мисалга, шайтан көзгө көрүнбөгөн бир көмүскө макулук. Бирок, Алла Таалаوَ اِذَا خَلَوۡا اِلٰی شَیٰطِیۡنِہِمۡ(жана алар ѳздѳрүнүн шайтандары менен обочолонуп калгандарында… (2:15) деген аятта каапырлар менен мунафыктардын «адам» эле болгон жетекчилеринин адам экендигине карабастан, шайтанга окшотуу максатында аларды «адам» деп атоонун ордунаشَیٰطِیۡنِہِمۡ(шайтандары) деп айтат. Ошондой эле мындай айтат:وَ اعۡتَصِمُوۡا بِحَبۡلِ اللّٰہِ جَمِیۡعًا(жана баарыңар Алланын жибин бекем кармагыла… (3:104)
Алла тааланын «жибин» бекем кармагыла. Алланын «жиби» деген – бул адамдар кармай турган жогору жактан асылган кандайдыр жип эмес. Жок, бул аят «Алла тааланын дини жана шарияты» деген маанини билдирет. Алла тааланын динин жана шариятын каймана-өтмө мааниде салыштырма түрдө Алла тааланын «жиби» деп атаган.
Ошондой эле жубайлар тууралуу мындай деди:نِسَآؤُکُمۡ حَرۡثٌ لَّکُمۡ(силердин жубайларыӊар силердин эгин талааларыӊар (2:224). Чынында болсо, жубайларыбыз эгин талаалар, тактап айтканда, жансыз нерселер эмес, тескерисинче жанзат жана инсан. Бирок эгин талаа менен салыштыруу үчүн жубайларды адам экендигине карабастан «эгин талаа» деп айткан. Кудум ошондой «Аль-Жинн» сүрөөсүндө жана «Аль-Ахкааф» сүрөөсүндө кеп кылынган адамдарды эгер адамзат болбогон көмүскө макулук – «жин» деп айтсак, анда бул нерсе Курани каримдин башка аяттарына каршы чыгып калат. Ошондуктан, алар тууралуу төмөнкүлөрдү кабыл кылууга аргасыз болобуз: ошол аяттарда кеп кылынган адамдар адамзат эле болчу, аларды жиндер менен салыштыруу максатында «жиндер» деп айткан. Мисалга,
1) эгер ошол жиндер кандайдыр бир адам же Мекке каапырлары зыян келтире албаган инсан болбогон көмүскө макулук болсо, анда алар түн ичинде жашынып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) менен жолугушмак эмес. Себеби, ошол көмүскө жиндер үчүн Мекке каапырлары тарабынан, ал тургай бардык адамдар тарабынан эч кандай коркунуч жок болчу. Эгер алар күндүзү Мекке шаарында Мекке каапырларынын көзүнчө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) менен жолукканда жана Мекке каапырларынын алдында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га ыйман келтиргенин билдиргенде, Мекке каапырлары коркуп кетмек жана ушул окуядан кийин катуу кооптонуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жана сахаабаларга эч кандай зыян келтирмек эмес. Бирок тарыхтан маалым болгондой, Мекке каапырлары хижратка чейин (Мединага кѳчүү) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын Меккеде турган күндөрүндө тынбай Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га жана сахаабаларга зулумдук кылып турушкан. А түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) хижрат кылууга мажбур болуп кетти. Хижраттан кийин да Мекке жеӊишине чейин каапырлардын мыкаачылыктары улана берген;
2) Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:اِنَّا عَرَضۡنَا الۡاَمَانَۃَ عَلَی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ الۡجِبَالِ فَاَبَیۡنَ اَنۡ یَّحۡمِلۡنَہَا وَ اَشۡفَقۡنَ مِنۡہَا وَ حَمَلَہَا الۡاِنۡسَانُ ؕ اِنَّہٗ کَانَ ظَلُوۡمًا جَہُوۡلًاалбетте, Биз аманатты асмандарга, жерге жана тоолорго сунуш кылдык, ошондо алар аны кѳтѳрүүдѳн баш тартышты жана андан коркуп кетишти. Ал эми кемел инсан аны кѳтѳрүп алды. Албетте, ал (ѳз жанына) ѳтѳ зулумдук кылуучу (жана бул жоопкерчиликтин акыбетинен) бүтүндѳй кайдыгер эле (33:73)
Жогорудагы аят бизге айтып бергендей, шарияттын жоопкерчилиги тек инсандардын эле моюнунда. Инсандардан башка шарияттын жоопкерчилиги эч бир макулуктун моюнунда эмес. Бирок «Аль-Ахкааф» сүрөөсүнүн жана «Аль-Жинн» сүрөөсүнүн аяттарынан маалым болгондой, ал жиндер Азирети Муса(ас)дын шариятына ыйман келтирген эле, тактап айтканда, алар яхудий болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дан Курани каримди уккан соӊ алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га жана анын шариятына да ыйман келтиришкен жана өз журтуна кайтып, өз коомун да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) жана анын шариятына даават кылышкан. Алла таала алардын ушул иш-аракетин алкоо-мактоо катарында айтып берүүдѳ. Мындан маалым болгондой, ошол жиндер адамзаттан бѳлѳк макулук эмес болчу. Себеби, ошондой адамдар өз коомунун өкүлү катары изилденүү максатында Меккеге келишкен. Алар чет өлкөлүк жана аз санда болгондугу үчүн күндүзү эмес, тескерисинче түн ичинде Мекке каапырларынан бекинип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) менен жолугушкан, жашынып Курани каримди угуп, ыйман келтиришкен жана жашынган бойдон өз коомуна кайра кайтышкан. Аларды адам болбогон макулук – жин менен салыштыруу үчүн аларга «жин» деп айтылган;
3) Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га карата мындай деп айтат:
وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ اِلَّا کَآفَّۃً لِّلنَّاسِ بَشِیۡرًا وَّ نَذِیۡرًاБиз сени бардык адамдар үчүн куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу кылып гана жѳнѳттүк… 32:29)
Алла Таалаلِلنَّاسِ وَلِلْجِنِّ(адамдар жана жиндер үчүн) да элчи кылып жөнөткөнбүз деп эч бир жерде айткан эмес;
4) Алла Таала мындай деп айтат:
قُلۡ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنِّیۡ رَسُوۡلُ اللّٰہِ اِلَیۡکُمۡ جَمِیۡعَۨاайт: «Эй, адамдар! Мен силердин баарыңарга Алланын Элчисимин» (7:159)
Эй, Мухаммад(сав)! Тѳмѳнкүдѳй жарыяны жарыялагын: «Эй, бардык инсандар! Мен силерге Алланын Элчиси болуп келдим». Эч бир жерде «эй, жиндер! Мен силерге Алланын Элчиси болуп келдим» деп айтылган эмес. Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)ды адамзат болбогон макулук – жиндерге Элчи кылбагандан кийин Алла тааланын «Жиндер Курани каримди угушсун жана Курани каримге ыйман келтиришсин деп Мен жиндерди жөнөткѳм. Жиндер ага ыйман келтиришти жана өз журтуна барып, өз коомун да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га жана анын шариятына ыйман келтирүүгө даават кылышты» дегендин мааниси кандай? Ушул маани-мазмундун ѳзү айтып жаткандай, келген адамдар адамзат болбогон макулук эмес болчу, тескерисинче айрым адамдарды эле жиндерге салыштыруу үчүн аларга «жиндер» деп айтылган;
5) Алла Таала мындай деп айтат:
اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ شَاہِدًا وَّ مُبَشِّرًا وَّ نَذِیۡرًالِّتُؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ تُعَزِّرُوۡہُ وَ تُوَقِّرُوۡہُ ؕ وَ تُسَبِّحُوۡہُ بُکۡرَۃً وَّ اَصِیۡلًاалбетте, Биз сени бир күбө, бир куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу катары жөнөттүк. Силер Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирүүӊөр, ага жардам берүүӊөр, ошондой эле аны урмат кылып, таӊкысын да, кечкисин да Ага мактоо айтууӊар үчүн (48:9-10).
Эгер «Аль-Ахкааф» сүрөөсүндө жана «Аль-Жинн» сүрөөсүндө кеп кылынган жиндер кандайдыр бир адамзат болбогон көмүскө макулук болсо, абдан күчтүү жана ажайып муъжизаларды көрсөтүүчү макулук болсо, анда бул абдан таӊгаларлык нерсе эмеспи, ошол ыйман келтирген жиндер, аларды сахаабалар айтуубуз керек, Мекке доорунда бир дагы коркунучтуу учурда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га көмөк көрсөткөнү келишкен эмес. Хижрат кылуу учурунда Саур үӊкүрүнө чыгып жатканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын буттары жаракат алган, бирок эч бир жин аны көтөрүп Саур үӊкүрүнө чейин да жеткирген эмес. Эч бир согушта каапырларга каршы согушуу үчүн жин-сахаабалар келген эмес. Каатчылык жана оорчулук заманында жин-сахаабалар ага жана анын жолдошторуна азык-түлүк алып келген эмес. Биз тарыхта инсан-сахаабалардын курмандыктары, шейит кеткендиктери, жеӊиштери, финансылык курмандыктары жөнүндө окуйбуз, бирок ага ыйман келтирген жиндер, тактап айтканда, адамзат болбогон көмүскө макулуктун финансылык курмандыктары жана көрсөткөн көмөктөрү жөнүндө сөз кылынганын окубайбыз. Жогорудагы бардык кеп-сѳздѳрдѳн айкын болгондой, «Аль-Ахкааф» сүрөөсүндө жана «Аль-Жинн» сүрөөсүндө кеп кылынган, түн ичинде жашыруун жолугушкан, Курани каримди угуп ыйман келтиришкен жана өз журтуна кайтып, өз коомуна даават кылган жиндер адамдар эле болгон. Алар тээ алыскы аймактардан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын Пайгамбар болуп келгенин угуп келишкен эле. Мекке каапырларынын каршылыгынын айынан баарынын алдында күндүзү жолугушуунун ордуна түн ичинде жашынып жолугушкан эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын сөздөрүн угуп, Курани каримди угуп, ага ыйман келтиришкен, анан Мекке каапырларынын каршылыгынан коркуп, жашыруун бойдон эле өз аймактарына кетип калышкан жана өз коомун Ислам динине даават кылышкан. Ошол адамдарды жиндерге салыштыруу үчүн аларга адамзат ордуна «жин» деп айтылган. Мисалга, мунафыктардын жетекчилерин «мунафыктардын жетекчилери» деп айтуунун ордуна аларды шайтандарга окшотуу үчүн «шайтандар» (2:15) деп айткан. Кудум дин жана шариятка салыштыруу үчүн «Алла тааланын жиби» (3:104) деп айткандай жана жубайлардын адам жана жандуу экендигине карабасатан, аларды салыштыруу үчүн аларга «эгин талаа» (2:224) деп айткандай. Кудум ошондой ал инсандарды инсан экендигине карабасатан жиндерге окшотуу үчүн «жин» (46:30-33 жана 72:2-10) деп айткан.