Хилаафат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Хилаафат

«Хилаафат» сөзү «орун басарлык» деген маанини билдирет. «Халифа» Алла Тааланын пайгамбарына орун басар болот. «Халифа» пайгамбар баштап койгон реформалап-оңдоо жана адеп-ахлактык таалим-тарбия иштерин толуктап-бүтүрүү үчүн келет. Алла Тааланын пайгамбарын ээрчиген Жамаат «хилаафаттын» көлөкөсүнүн астында Алла Таала каалаганыча өзүнүн ыйманын жана майда-барат бөлүкчөлөрүн тарбиялайт. Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

Окулушу: Ваъадаллаахуллазийна аамануу минкум ва амилус-саалихаати ла-йастахлифаннахум фил-арзи камас-тахлафаллазийна мин каблихим вала-юмаккинанна лахум дийнахумуллазир-тазаа лахум вала-юбаддиланнахум мим-баъди хауфихим амнаа, яъбудуунаний лаа юшрикууна бий шайʹан ва ман кафара баъда заалика фа-улааика хумул-фаасикуун. (24:56)

Котормосу: Алла араӊардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандарга, алардан илгери өткөндөрдү халифа кылганы сыӊары, албетте, аларды дагы жерде халифа кылат деп бекем убада берген. Ал (Алла) алар үчүн Өзү жакшы көргөн динин, албетте, бекем орнотот, алардын коркуу абалынан соӊ аларды албетте тынчтык абалга бөлөп коёт. Алар Мага ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт. Ким ушундан кийин дагы шүкүрсүздүк кылса, мына ошолор фасык-баш ийбегендер. (24:56)

Азирети Мырза Башир Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Алла Тааланын ар бир иш-аракети (терең) даанышмандыкка жана кыраакылыкка негизделген болот жана анын артында кандайдыр бир өзгөчө себеп жана логика иштеп жаткан болот. Табият мыйзамдары боюнча адамдын жашоосу чектелген, бирок үммөттү реформалап-оңдоо жана таалим-тарбия берүү иши өтө көп убакытты талап кылат. Ошондуктан, Алла Таала пайгамбарлык системадан кийин «хилаафат» системасын түзгөн. «Халифа» пайгамбардын ишин улантат. Пайгамбардын колунан себилген үрөндү «халифа» өнүктүрүп, аны чоңойтот, а түгүл ал кандайдыр бир күчтүү бак-даракка айланып кетет. Мындан бул нерсе белгилүү болот: негизинен «хилаафат» системасы пайгамбарлыктын эле бир тармагы жана бөлүгү. Мына ошондон улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: ар бир пайгамбарлыктан кийин «хилаафат» системасы орнотулат жана түзүлөт».

Алла Таала кудум пайгамбарды тургузганындай эле «халифаны» да Өзү тургузат. Ал «хилаафат» деген кызматка дайындоо үчүн ылайыктуу инсанды тандайт, анан такыба момун-мусулмандар жамааты «хилаафатты» шайлоо аркылуу Алла Тааланын каалоосун даңазаласын деп багыт берет. Ошентип, сыртынан караганда кандайдыр бир момундар жамааты «халифаны» шайлагандай көрүнөт, бирок чындыгында бул Алла Тааланын каалоосу болуп, алардын жөндөмдөрүн туура жакка жетелейт жана алар Алла Таала тандаган инсанды «халифа» катары шайлашат. Качан кимдир бирөө бир жолу «халифа» болуп шайланып калса, ал Алла Тааланын каалоосунун тирүү мисалы катары өмүрүнүн акырына чейин «халифа» бойдон калат.

«Хилаафат» жердин үстүндө Алла Тааланын бийлигин орнотот жана учурлук «халифа» өзүн ээрчиген жамааттын арасында Алла Тааланын амирин (буйругун) күчкө киргизүүгө аракеттенип турат. Момундар үчүн «хилаафат» Алла Тааланын «Таухидинин» (жалгыздыгынын) күзгүсү жана чагылдырылуусу болот жана алар «халифанын» өзүнөн Алла Тааланын буйругун (амирин) алышат. Момун-мусулмандар «хилаафаттын» көлөкөсүнүн астында биргелешип, өздөрүнүн ыйманын бекем кармаган бойдон «хилаафаттын» кут-берекелерине жетишет.

Share via