Азирети Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий (АС)дын өмүр баяны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий (АС)дын өмүр баяны

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн аты Азирети Мырза Гулам Ахмад эле. Ал кишинин атасынын аты Мырза Гулам Муртазаа, чоӊ атасынын аты Азирети Мырза Атаа Мухаммад жана чоӊ атасынын атасынын аты Мырза Гүл Мухаммад болчу. Ал кишинин апасынын аты Азирети Чыраг Бүбү болчу.

Ал киши абдан ардактуу монгол үй-бүлөсүнүн Барлаас деген уруусунан болчу. Ушул үй-бүлөнүн өзгөчөлөнгөн лакабы – бул мырза. Ошондон улам ушул үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн атынан мурда «мырза» сөзү жазылат. Бул үй-бүлөнүн улууларынын бири Мырза Хадийбек XVI кылымдын аягында Бабур падышанын бийлик доорунда Ата Мекени болгон Хурасанды таштап, эки жүзгө жакын адамдар менен Индияга келип, Биас дарыясына жакын жерге отурукташкан. Ушул жерде алар бир айылга негиз салып, ага «Ислам Пура» деп ат коюшту. Кийинчерээк ушул айыл «Ислам Пур Казий Махжий» атынан даӊкын чыгарды. Убакыт өтүшү менен адамдар «Казий Махжий» эле дей башташкан. Анан кийинчерээк «Махжий» сөзү да өчүп, «Казий» эле калды. Акырындап Кадиянга айланып кетти.

Кадиян Лахор шаарынан түндүк-чыгыш жакта чамасы 70 мил аралыгында Индиянын чыгыш Пенжаб деген облусунун Гурдаспур районунда жайгашкан. Ушул эле ыйык айылда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) 1835-жылдын 13-февралында жарык дүйнөгө келген.

Ал киши алты жашка толгондо, аны окутканы бир мугалим дайындалып, андан ал киши Курани Карим жана ал доордогу каада-салтка ылайык айрым фарсий китептерди окуган. Кийинчерээк дагы эки мугалимден ал киши фарсий жана арабчаны үйрөнгөн. Айрым медициналык китептерди ал киши атасынан окуган, атасы күчтүү табып да болгон. Ушул таалим натыйжасында ал киши араб жана фарсий тили менен бир аз таанышкан, мындан башка ал киши эч бир мугалимден таалим алган эмес, бирок өз алдынча диний китептерди окуп турган. Курани Каримди окууга жана ага ой жүгүртүүгө ал киши баштан эле аябай шыктуу болчу.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын балалыгы аябай жөнөкөй жана аруу болчу. Ал кишинин жөнөкөйлүгү, аруулугу, такыбалуулугу жана жакшы адаттары көргөндөргө тереӊ таасирин калтырчу. Ал (алайхиссалаам)дын али жаш бала эле болгон кезинде өзү да Алланын олуясы болгон улуу инсан Мавлавий Гулам Расул мырза мээрим менен анын башын сыйпап, мындай деген эле:

«Эгер бул доордо бирөө пайгамбар боло турган болсо, ушул бала пайгамбарлыкка татыктуу». (Хаят-э-Таййиба» 14-том)

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ыйык өмүр баянын окуп чыккан адам башта эле анын Алла Таала сүйүүсүнө чөгүп кеткенине күбө болот. Ал кишинин уулу Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) ЭМ. Э. «Сийратул-Махдий» аттуу китебинин 1-томунда мындай деп жазат:

«Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын жашоосунда ушул руханий алака-байланыш ушунчалык таӊ калыштуу жана ажайып ыкмада башталган: аны элестүү инсанда өзгөчө бир руханий маанайды жаратат. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) өспүрүм жашында болчу, ал кезде адам жүрөгүндө дүйнөлүк өсүп-өнүгүү жана материалдык ырахат жана бейпилдикке болгон арзуу өзүнүн туу чокусуна жеткен болот. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын бир тууган агасы ардактуу бир кызматка орношуп болгон эле, бул нерсе да инисинин ичинде бир аз кызгануу же эч болбогондо, андан көчүрүү деген абалды жаратышы мүмкүн. Мына ушундай убакытта Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын атасы ага жолукканы келген аймактагы бир сикх дыйкан аркылуу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га төмөнкүдөй кабар жиберди: бүгүнкү күндө жакын таанышым болгон бир чоӊ офицер бийликте иштеп жатат. Ошондуктан, эгер кызматка орношууну каалсаӊ, мен ошол офицерге айтып, сени жакшы кызматка өткөрө алам. Ушул сикх дыйкан Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын алдына барды жана чоӊ атабыздын кабарын жеткирип, бул абдан ыӊгайлуу учур (же мүмкүнчүлүк), аны колдон чыгарбоо керек, деп үндөдү. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) ага дароо мындай деп жооп берди: «Ардактуу атама барып айтып коюӊуз: мен ал кишинин сүйүүсү жана мээримдүүлүгүнө чоӊ ыраазычылыкты билдирем, бирок «ал киши менин кызматка орношуум тууралуу кабатыр болбосун, мен орношо турган кызматка орношуп болдум». Ал сикх дыйкан аябай таӊ-айран болуп, чоӊ атамдын алдына кайтып келди жана мындай деп айтты: «Сиздин уулуӊуз «мен кызматка орношо турган жерге кызмакта орношуп болдум» деп жооп берди. Ал сикх дыйкан ал убакытта Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын ушул жообун түшүнбөгөн болушу да мүмкүн. Бирок чоӊ атабыз кыраакы көздүү табигатка ээ инсан болчу, бир аз убакыттык жымжырттыктан кийин мындай деп айтты: «Мейли, эгер Гулам Ахмад «мен кызматка орношуп болдум» деп айткан болсо, анда бул жакшы, Алла таала аны текке кетирбейт». Андан кийин кээде өкүнүп, мууӊдүүлүк менен мындай деп айтчу: «Гулам Ахмад тандаган жол эле чыныгы жол, биз дүйнөкорлукка берилип, өмүрлөрүбүздү текке кетирип жатабыз». Бирок ушуга карабасатан, ал киши аталык мээримдүүлүк жана дүйнөнүн көрүнөө абалдардын аркасынан: «Мен өлгөн соӊ ушул бала эмне болот?» – деп көбүнчө кабатыр да болчу. Пендечиликтин айынан Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) атасынын өлүмү жакындаганын ойлоп, бир аз кабатырга түштү. Бирок Исламдын Кудайы абдан туруктуу жана абдан кадырлоочу Кудай. Атабыздын ааламдан өтө электе эле Алла таала өзүнүн өспүрүм күндөрүндө Кудайдын этегин кармаган улуу падышалык нөөкөрдүн көӊүлүн төмөнкү улуу салтанаттуу вахий-аян аркылуу көтөрдү:

АЛАЙСАЛЛААХУ БИ КААФИН АБДАХУ.

АЛАЙСАЛЛААХУ БИ-КААФИН АБДАХУ

Эй, Менин пендем! Сен эмнеге кабатырланасыӊ. Алла Өзүнүн пендеси үчүн жетиштүү эмеспи?

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) көбүнчө сөз кылчу жана айрым учурларда касам ичип мындай деп айтчу: «Бул вахий-аян ушунчалык шан-шөөкөт менен түшкөн: менин жүрөгүмдүн тереӊдерине куду мык сыяктуу кирип отурду. Андан кийин Алла таала мени ушундай бакты: эч бир ата же эч бир тууган-туушкан же эч бир дос да ошондой бага албайт. Андан кийин санагына жете болбой турган даражада Алла тааланын мээримдүүлүктөрү өзүнө болгонун айтчу». («Сийратул-Махдий» 1-том)

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын Убада кылынган Масийх жана Имам Махдиймин деген билдирүүсүнө чейинки аруу жашоосу тууралуу бир топ каршылаштар берген күбөлүктөрү кезигет. Мисалга, Ахли хадис агымынын белгилүү лидери, «Ишаатус-Сунна» аттуу журналдын редактору Мавлавий Мухаммад Хусайин Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын туш тарапка даӊкын чыгарган «Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу эмгегине өз ой-пикирин билдирип жатып, ал (алайхиссалаам) жөнүндө мындай деп айтат:

«Барахийн-э-Ахмадиянын» автору каршылаштар жана жакындардын тажрыйбасы жана байкоосунун негизинде «валлааху хасийбуху» (Алла таала ага жетиштүү болсун) Мухаммад шариатына туруктуу, такыба жана чынчыл инсан». («Ишаатус-Сунна» журналы, 7-том, 6-бет)

Атактуу журналист, «Заминдар» гезитинин негиздөөчүсү Мунший Сираажуддин мырза Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) тууралуу өз көзү менен көргөндөрүн төмөнкүдөй айтып берген:

«Биз өз көзүбүз менен көргөндөрдү төмөнкүдөй айта алабыз: ал киши өспүрүм жашында да абдан такыба жана Кудайдан корккон инсан болчу. Анын бардык убактысы диний китептерди окуу менен өтчү. Адамдар менен көп деле жолукчу эмес. 1877-жылы бир түндө ал кишиникинде конок болуу бактылуулугуна ээ болгонбуз. Ал күндөрдө да ал киши ибадат жана зикир чалуулар менен ушунчалык алектенип, коноктор менен да аз эле сүйлөшчү». («Заминдар» гезити, 8-июнь, 1908-жыл)

Индиялык атактуу аалым Абул Калаам Азаад мындай деп айтат:

«Мүнөз жагынан Мырза (Гулам Ахмад)дын этегинде сыянын кичине деле тагы да көрүнбөйт, ал киши аруу инсан жашаганындай эле жашады жана такыба адам өмүрү сыяктуу өмүр сүрдү. Кыскасы, Мырза (Гулам Ахмад)дын өмүрүнүн башталгыч элүү жылы кулк-мүнөз жагынан да, адаттар жагынан да, динге кызмат кылуу жана колдоо көрсөтүү жагынан да ал кишини индиялык мусулмандардын арасында өзгөчөлүк, улуулук жана сыймыктанууга татыктуу даражага жеткирип койду». (Амратсар шаарынан чыгуучу «Вакил» гезити, 30-май, 1908-жыл)

Ал киши 1851-жылы алгачкы ирет өз тайекесинин кызы -Хурмат Бүбүгө үйлөндү. Ошол жубайынан эки уулу төрөлгөн.

1-   Азирети Мырза Султан Ахмад (1853-1931)

2-   Азирети Мырза Фазал Ахмад (1855-1904)

Ал киши экинчи жолу 1884-жылы Алла тааланын каалоосуна жана Анын өзгөчө вахий-аянынын негизинде Делидеги белгилүү «саадаат» үй-бүлөсүнүн ардактуу жана ыйык кызы – Азирети Саййида Нусрат Жахан Бегамге үйлөндү. Ал жубайынан он бала төрөлгөн, алардан бешөө жашы кичинелигинде эле чарчап калышты. Калган беш перзентинин аттары төмөнкүдөй:

1-   Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (1889-1965)

2-   Азирети Мырза Башир Ахмад Эм.Э. (1893-1963)

3-   Азирети Мырза Шариф Ахмад (1895-1961)

4-   Азирети Наваб Мубарика Бегам (1897-1977)

5-   Азирети Наваб Аматул Хафийз Бегам (1904-1986)

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 1876-жылга чейинки жашоосу бүтүндөй жекелик жашоо болчу. Бирок андан кийин ал киши акырындап элге аралаша баштады. Же «Алла тааланын тагдыры дүйнөнү реформалап-оӊдоо үчүн ал кишини белгисиз жайдан алып чыгып, даӊктуулук майданына тарта баштады», – деп айтсак туурараак болот. Бул доор Ислам динине туш тараптан чабуулдар жасалып жаткан заман болчу. Бүткүл дүйнө төмөнкүдөй абалга кабылып жаткан: сыртынан жагымдуу болуп көрүнгөн батыш маданияты шамалдары өтүп бара жаткан ар бир жерине динбезерлик жана материалдык үрөндү сээп жаткан эле жана ушул «уу» өтө тездик менен ар бир коом жана улутка сиӊип кетип бара жаткан болчу. Ушул коркунучтарды Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын өткүр жана кыраакы көзү байкап, ал (алайхиссалаам)дын жалгыз, бирок баатыр жана ушул чоӊ коркунучка каршы күрөшүү үчүн тынчсызданып жаткан жан ордунан козголду. Ал (алайхиссалаам) «Бараахийн-э-Ахмадия» деген ат менен аталуучу төрт томдук эмгегин ошол эле күчтүү чабуулдарга жооп катары жазган. Ушул китепте өзгөчө вахий-аяндын керектүүлүгү жана анын акыйкаты, Ислам дининин чындыгы жана Курани каримдин абзелдиги, Алла тааланын кудуреттүүлүгү жана Анын илиминин кеӊдүүлүгү, Алла тааланын жаратуучу жана ээ экендиги деген өӊдүү темалар абдан көркөм жана толук ыкмада талкуланды. Ушул менен бирге өзүнүн вахий-аян алганын айтып, өзүнүн көтпөгөн вахий-аяндарын да жазган экен. Ал вахий-аяндардын көбүндө келечек тууралуу алдын-ала кабарлар баян кылынган экен. Кыскасы, ал ушунчалык мыкты жана күчтүү китеп: изилдөөчүлөр бир ооздон анын Ислам динин коргоочу эӊ мыкты китеп экенин айтышты. Мисалга, Ахли хадис агымынын белгилүү лидери болгон, кийинчерээк Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га каршы биринчилерден болуп, фатва чыгарган Мавлавий Мухаммад Хусайин өзүнүн «Ишаатус-Сунна» аттуу журналында «Бараахийн-э-Ахмадияга» баа берип жатып, мындай деп жазган:

«Биздин назарыбызда ушул китеп бул доордо жана (өкүм сүрүп жаткан) учурлук жагдайдын назарында бүгүнкү күнгө чейин Ислам дининде окшошу жарык көрбөгөн теӊдеши жок китеп… Анын автору да Ислам динине мал-мүлк жагынан, жан жагынан, калем жагынан, тил жагынан жана иш жүзүндө жардамдашууда ушунчалык туруктуу болуп чыкты: анын окшошу байыркы мусулмандарда көп деле кезикпейт». («Ишаатус-Сунна» 7-том, 6-бет, 1884-жыл)

Али «Бараахийн-э-Ахмадия» аттуу китептин төрт бөлүгү 1880-жылдан 1884-жылга чейин жарык көргөндө, толук жарык көрбөй эле ал (алайхиссалаам)га Алла таала тарабынан 1882-жылдын мартында тарыхый вахий-аян келип, ал (алайхиссалаам) Алла Таала тарабынан дайындалып калды. Бул вахий-аянда Алла Таала ал (алайхиссалаам)га карата мындай деп айтты:

ЙАА АХМАДУ БААРАКАЛЛААХУ ФИЙКА. МАА РАМАЙТА ИЗ РАМАЙТА ВАЛАА-КИННАЛЛААХА РАМАА. АР-РАХМААНУ АЛЛАМАЛ-КУР'ААНА. ЛИ-ТУНЗИРА КАУМАМ-МАА УНЗИРА ААБАААУХУМ. ВАЛИ-ТАСТАБИЙНА САБИЙЛУЛ-МУЖРИМИЙНА. КУЛ ИННИЙ УМИРТУ ВА АНА АВВАЛУЛ-МУ'МИНИЙН

ЙАА АХМАДУ БААРАКАЛЛААХУ ФИЙКА. МАА РАМАЙТА ИЗ РАМАЙТА ВАЛАА-КИННАЛЛААХА РАМАА. АР-РАХМААНУ АЛЛАМАЛ-КУР’ААНА. ЛИ-ТУНЗИРА КАУМАМ-МАА УНЗИРА ААБАААУХУМ. ВАЛИ-ТАСТАБИЙНА САБИЙЛУЛ-МУЖРИМИЙНА. КУЛ ИННИЙ УМИРТУ ВА АНА АВВАЛУЛ-МУ’МИНИЙН

Мааниси: Эй, Ахмад! Алла таала сага береке берди. Динге кызмат кылуу жолунда сен жасаган чабуулду чынында Алла таала жасады. Ата-бабалары  эскертилбегендерди эскертүүӊ үчүн, жана кылмышкерлердин жолу айкындоо үчүн Алла таала сага Куран илим-билимдерин тартуулаган. Адамдарга айтып кой: мен Алла таала тарабынан дайындалганмын жана мен биринчилерден болуп ыйман келтирем.

Ал (алайхиссалаам) өз жашоосунда Аариялар жана христиан поптор Ислам динине жасаган чабуулдардан Ислам динин коргоо үчүн жана Курани Каримдин көркөм таалимин жайылтуу үчүн сексенден (80) ашуун китеп жазып, чектелген шарттарына карабастан Ислам динин дүйнөгө жайылтты.

(Бахаавалпурга караштуу) Деваарийден чыгуучу «Саадикул-ахбаар» аттуу гезити Азирети Имам Махдий каза тапканда, мындай деп жазган:

«Мырза (Гулам Ахмад) өзүнүн күчтүү кайрылуулары жана мыкты китептери менен Ислам душмандарынын ыпылас сын-пикирлерине тишин кайроочу жооптор берип, аларды түбөлүккө тизгиндеп салды жана акыйкат акыйкат эле экенин далилдеп көрсөттү. Чындыгында эле Мырза Гулам Ахмад Ислам динин коргоо акысын толук бойдон актап, Ислам динине кызмат кылуунун бир дагы учурун колдон чыгарбады». («Ташхийзул-Азхаан», 382-бет, 1908-жыл)

Алигар Институтунун гезити мындай деп жазган:

«Маркум атактуу автор жана Мирзай (Ахмадия) агымынын негиздөөчүсү эле. Ал киши 1839-1840-жылдарда төрөлгөн, чыгыш илим-билимдеринин күчтүү адиси болчу. Өз өмүрүнүн соӊку күнүнө чейин китептерге ашык болуп турган жана дүйнөлүк кесиптерден оолак болуп жүргөн. 1874-жылдан 1876-жылына чейин христиандар, Аариялар жана Барахмуларга каршы калем кылычын мыкты чапкан. Ал киши 1880-жылда жазуу иштерин баштаган. Ал киши жазган эӊ алгачкы эмгек (Бараахийн-э-Ахмад) Ислам динин коргоп 10000 рупий байгени койгон эле. XIX кылымга (Убада кылынган) Масийх экенин жарыялаган. 1889-жылы байъат ала баштады… Ал киши өз артында өзү жазган сексен (80) китеп калтырды, алардын арасында жыйырма китеп араб тилинде жазылган. Маркум Ислам дининин улуу балабана экенине эч кандай шек-күмөн жок». («Алигар Институнун газети 1908 бахаваала «Ташхийзул-Азхаан» 3-том, 8-сан, 322-бет, 1908-жыл)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын «Ислам окууларынын философиясы» аттуу атактуу китеби тууралуу Кулкатадагы «Жанрал ва Гаухар Аасфий» газети 1890-жылда Лахордо болуп өткөн «Жалса Мазаахиб-э-Ааламдын» аягында мындай деп жазган:

«Кептин төркүнү, эгер ушул жыйында Азирети Мырза (Гулам Ахмад) Сахибдин макаласы окулбаганда, анда мусулмандарга карата башка диндегилер тарабынан маскаралоо жана жемелөө таштары атылмак. Бирок, Алла тааланын кудуреттүү Колу Ыйык Ислам динин абройсуз болуудан сактап калды. Ал гана эмес, ушул макаланын аркасынан (Ислам динине) жеңиш келди. (Кулькатадагы «Жанрал ва Гаухар Аасфий» гезити, 24-январь, 1897-жыл, 7-бет)

Ал (алайхиссалаам) өзүнүн руханий миссиясы жагынан абдан ийгиликтүү өмүр сүрүп, 1908-жылдын 26-майында сейшенби күнү Лахор шаарында ааламдан өттүү. 1908-жылдын 27-май күнү Гурдаспур районуна караштуу Кадияндагы «Бахиштий макбара» аттуу мүрзөдө жерге берилди.

ИННАА ЛИЛЛААХИ ВА ИННАА ИЛАЙХИ РААЖИЪУУН.

ИННАА ЛИЛЛААХИ ВА ИННАА ИЛАЙХИ РААЖИЪУУН.

Амратсарндан чыгуучу «Вакийл» газетасынын редоктору Мавлана Абул Калаам Азаад Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгына байланыштуу «Аалымдын өлүмү» темасында мындай деп жазат:

«Ал калеми да, тили да сыйкыр болгон инсан, абдан улуу инсан болгон… Ал теӊдеши жок акыл-парасатка ээ инсан болчу. Анын көзү курч, үнү ашар болчу. Анын манжаларына ыӊкылап зымдары чаташып калган эле. Анын эки муштуму эки электр батереясы болгон. Ал киши отуз жыл бою диний дүйнө үчүн зилзала жана топон болуп турган. Ал кыямат сурнайы болуп, кабарсыз-кайдыгер болуп уктап жаткандарды ойготуп турган инсан колу бош дүйнөдөн кайтты… Мырза Гулам Ахмад Кадиянийдин өлүмүнөн ибарат албай коюуга болбойт. Дин же акыл дүйнөсүндө ыӊкылап келтире турган ошондой адамдар дүйнөгө ар дайым эле келе беришпейт. Ошондой тарых суктана турган инсандар кээде гана жарык дүйнөгө келишет. Качан алар келишкенде, дүйнөдө кандайдыр бир ыӊкылап пайда кылып көргөзүшөт. Мырза (Гулам Ахмад)дын ушул улуулугу анын айрым билдирүүлөрү жана ишенимдери менен катуу пикир келишпестигибизге карабастан, анын түбөлүккө айрылышы мусулмандарды, ооба илим-билимдүү жана агартуучу мусулмандарды алардын эӊ улуу инсаны алардан айрылганын сездирип койду. Ушул менен бирдикте анын жеке өзүнө байланыштуу Ислам каршылаштарына каршы Ислам динин коргоо деген улуу салтанаттуу иш да аяктады. Ал кишинин Ислам каршылаштарына каршы бир жеӊүүчү аскер башчысы милдетин аткарып жаткандыгы деген өзгөчөлүгү ушул жакшылыкка ачыктан-ачык моюндоого бизди мажбур кылууда… Мырза Гулам Ахмад тарабынан христиандар жана Аарияларга каршы жазылган адабияттар кеӊири-кесири деӊгээлде колдоо тапкан жана ушул өзгөчөлүк боюнча аны тааныштыруунун кажети жок. Бүгүнкү күндө өз милдетин аткарып болгон ушул адабияттын кадыр-баркына жана улуулугуна чын дилден моюндообуз керек… Келечекте Индиянын диний дүйнөсүндө ушул даражадагы инсан төрөлөт деп күтүү кыйын». (Амратсар шаарындагы «Вакийл» гезити, 30-май, 1908-жыл; «Ахмадия тарыхы» 2-том, 560-бет)

Share via