Мухаммад үммөтүндө келе турган Масийх жана Махдийдин белгилери • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мухаммад үммөтүндө келе турган Масийх жана Махдийдин белгилери

БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ

Акырзаманда мусулмандардын ар кандай агымдарга бөлүнүүсү, финта-чагымчылыктын пайда болуусу, дажжаалдар менен жалганчылардын чыгуусу жана алар аркылуу жүз бере турган кыйроо жөнүндө берилген алдын-ала кабар менен бирдикте ушул үммөттү кыйроодон сактап калуу үчүн Марям уулу Ыйса (алайхиссалаам) сыяктуу улуу даражалуу инсандын куткаруучу сыпатында чыгуусу жөнүндө да алдын-ала кабар берилген. Ага «Имам Махдий» деген лакап да ыйгарылган. Мисалга, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:Promissed Mesaia 1

Окулушу: Лал-Мах-ди-ю иллаа Ий-саб-ну Мар-яма. (Сунан Ибн Маажа, Китаабул-Фитан)

Мааниси: Марям уулу Ыйсадан башка Махдий жок. («Ибн Маажа», Китаабул-Фитан, Баабу шиддатиз-Замаани)

Тактап айтканда, Ыйса (алайхиссалаам)дын өзү эле Махдий болот. Ал келе турган Убада кылынган Инсандын өзгөчө маанилүүлүгүнүн айынан анын белгилери, чыгуу жери жана өлкөсүнө чейин алдын-ала баяндалган. Аларды төмөндө кыскача сунуш кылабыз.

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин жеке белгилери

Үй-бүлөсү

Пайгамбар хадистеринен маалым болгондой, келе турган Убада кылынган Инсан түбүнөн форсий болот.

ВА ААХА-РИЙ-НА МИН-ХУМ ЛАМ-МАА ЯАЛ-ХА-ХУУ-БИ-ХИМ. (62:4)

(ва ааха-рий-на мин-хум лам-маа ял-ха-куу-би-хим. (62:4) деген аят түшкөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Кийинкилер кимдер?» – деп суралган.  Ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол жыйында отурган Салман Фарси (разияллааху анху)нун ийнине кол коюп, мындай деген экен:

«Эгер ыйман Сураййага чейин кетип калса, албетте, Фарсилердин арасынан бир топ адамдар же бир киши аны кайтарып алып келет». («Бухарий», Тафсир китеби, «ва аахарийна минхум» деген аяттын чечмеси)

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ушул алдын-ала кабарга ылайык түбүнөн фарси болот жана ал кишиге катуу каршы чыккан Мавлавий Мухаммад Хусайин Баталавий мырза да ал (алайхиссалаам)дын түбүнөн фарси экенин жазган. («Ишааъатус-суннах» 7-сан, 193-бет)

Аты-жөнү

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Алла Таала Ахли байттын арасынан бир адамды жиберет, анын ысымы менин ысымым болот жана атасынын ысымы менин атамдын ысымы болот». («Абу Давуд», Махдий китеби)

Ушул хадис боюнча келе турган Убада кылынган Инсандын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен толук бойдон окшоштугу айтылып берилген. Анын мааниси төмөнкүдөй:

«Махдийдин сыпаттары Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сыпаттары сыяктуу болот жана ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулк-мүнөзүнө жараша адамдарды туура жолго багыттайт». («Миркаатул-Мафаатих шарх Мишкаатул-Масаабих», Чагымчылыктар китеби, 9-том, 5452-хадис)

Мындан тышкары ушул хадистен Махдийдин кадимки эле ат жагынан да Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) менен окшоштугу маалым болот. Мисалга, хадистерде Махдийдин аты «Ахмад» деп да жазылган экен. (Хафиз Абу Абдулла Наъим ибн Хаммад: «Китаабул-фитан фий сийратил-Махдий» 98-бет)

Курани карим жана хадистерден Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ысымдарынын бири «Ахмад» экендиги да маалым болот. Ошентип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын түпкү аты «Ахмад» эле болгон. Вахий-аяндарда да Алла Таала кайра-кайра ага «Ахмад» деп кайрылган. Алла Таала мындай деп айтат:Promissed Mesaia 2

Окулушу: Йаа Ахмаду баа-ра-каллаа-ху фийк. («Ааина Камаалаат-э-Ислам», «Руханий хазааин», 5-том, 550-бет)

Убада кылынган инсандын кебетеси

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Израил уулдарына жөнөтүлгөн Ыйса (алайхиссалаам)ды төмөнкүдөй сыпаттап берген:

«Ал өӊү кызыл, чачы тармал жана көкүрөгү кеӊ инсан болчу». («Бухарий» Китаабул-Анбия, Бааб вазкур фил-китааби Маряма)

Бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үммөтүндө Дажжаалга каршы күрөшкөнү келүүчү Ыйса (алайхиссалаам)ды сыпаттап жатып, мындай деп айткан:

«Анын чачы түз жана өӊү буудай болот». («Бухарий» Китаабул-Либаас, Баабул-Жаъд)

Эки Масийхтин кебетелерин өзү-өзүнчө баяндоодон даана байкалгандай, келе турган Масийх менен Ыйса (алайхиссалаам) өзү-өзүнчө инсан. Келе турган Убада кылынган Инсандын кебетеси тууралуу мындай деп да айтылган:

«Махдийдин бешенеси кеӊ жана мурду кырдач болот». («Абу Давуд» Китаабул-Махдий, 7-хадис)

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын кебетеси так ошондой болчу.

Үйлөнүүсү жана балдары

Убада кылынган Масийхтин белгилеринин бири төмөнкүдөй айтылган:

«Ал үйлөнөт жана балалуу болот». («Мишкаат» Китаабул-Фитан, Баабу нузуули Иса)

Убада кылынган Масийхтин «ал үйлөнөт жана балалуу болот» деген белгисинин мааниси төмөнкүдөй: Убада кылынган Масийх бойдок бойдон калбайт, тескерисинче үйлөнөт жана балалуу болот, ошол балдары анын миссиясын жана ишмердүүлүгүн улантат. Ушул алдын-ала кабарга ылайык Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) үйлөнгөн жана Алла таала ага динге улуу салтанаттуу кызматтарды аткаруучу балдарды да тартуулаган.

Убада кылынган инсандын жашы

Көптөгөн «сика» (ишенимдүү) рабаяттарда Убада кылынган Масийхтин жашоо мөөнөтү кырк жыл деп баян этилген. Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) камарий эсептөө (айды карап эсептөө) боюнча 76 жыл жашаган. Кырк жашында ага вахий-аян келе баштаган жана вахий-аян келген соӊ да чамасы ошончо мөөнөт өмүр көргөн.

Чыгуу жери

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Убада кылынган Масийхтин чыгуу жери Дамасктын (Сирия) Чыгыш тарабында экенин айткан. («Муслим» Китаабул-Фитан, Баабу зикрид-Дажжаал)

Куду ушундай Махдийдин жолун даярдоочу жамааттын да Чыгыштан эле экенин айткан. («Ибн Маажа» Китаабул-Фитан, Баабу хуруужил-Махдий)

Жогоруда келтирилген хадистерде Убада кылынган Масийхтин чыгуу жери Дамасктын Чыгышында (Индия) экендиги айтылган. Өзүнүн Убада кылынган Масийх жана Махдий экенин билдирген инсан -Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) чыккан жер – Кадиян (Индия) Дамасктын Чыгышында жайгашкан экен.

Убада кылынган Масийхтин доорунун белгилери

Дааббатул-Арз

Имам Махдийдин доорунун белгиси катары «دَابَّۃُ الْاَرْضِ» (дааббатул-арз) деп да айтылган. («Муслим» Китаабул-Фитан, Баабу фил-аяатиллатий такууну каблас-сааъати)

«Даабба» айбан же курт деген маанини билдирет. 630-хижра жылы каза тапкан Аллама Турбаштий андан «чума оорусунун курту» деген маанини чыгарган. (Аллама Турбаштий: «Акааид мужаддия ас-сираатис-саваа»)

Бул доордо Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Алла Тааладан илим алып, чума оорусу тууралуу алдын-ала кабар берген, ал (алдын-ала кабар)га ылайык чума оорусу менен жума сайын отуз-отуз миӊге жакын адам набыт болушту жана миллиондогон адам чума оорусуна чалдыккан.

Я’жуж-М’жуждун чыгуусу

Убада кылынган Масийх белгилеринин бири – Яжуж-Мажуждун чыгуусу. («Муслим» Китаабул-Фитан, Баабу зикрид-Дажжаал)

Яжуж-Мажуж Дажжаалдын саясий көрүнүшү, ал «оттон пайдалануучу күчтөр» деген маанини билдирет. Бүгүнкү күндөгү күчтүү жана өнүккөн Батыш коомдорунун өзү эле Яжуж-Мажуж. Мисалга, Пакистан Ислам Республикасынын улуттук акыны Мухаммад Икбал мындай деп жазат:

Promissed Mesaia 3

Яжуж-Мажуждын бардык кошуундары ачыкка чыкты,

Эй, мусулмандын көзү! [یَنْسِلُوْنَ] сөзүнүн тафсирин көрүп ал)

Табиаттан тышкары зилзилалардын келүүсү

Хадисттерде акырзамандын белгиси катары Чыгыш менен Батыш жана араб өлкөлөрүндө [خَسِفَ] болуусу жөнүндө айтылган. («Муслим» Китаабул-Фитан, фил-аяатиллатий такуну каблас-сааъати)

Ушул жерде [خَسِفَ] сөзү коркунучтуу зилзилалардын келүүсүн билдирет. Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын доорунда ушул белги да орундалды. Ал (алайхиссалаам) айтып берген алдын-ала кабарларга ылайык ушунчалык коркунучтуу зилзилалар келди: жер астын-устун болуп кетти жана миӊдеген адамдар набыт болушту.

Жаңы унаалардын пайда болушу

Курани каримде акырзаман белгилеринин бири ургаачы төөлөрдүн бош коюлуусу экендиги деп да айтылган. (81:5)

Хадистерде Убада кылынган Масийхтин доорунун белгилеринин бири төмөнкүдөй деп айтылган: (тез унаа катары) төөлөрдү пайдалануу токтотулат. («Муслим» Китаабул-Ийман, Баабу нузуули Ийсабну Маряма)

Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын доорунда ушул белги да орундалып калган. Өткөн кылымдан тартып, жаӊы унаалар, машиналар, поезддер, учактар ж.б. жаратылган. Хадистерде белгилери кеӊири-кесири баян этилген Убада Кылынган Мессиянын доорунда чыгуучу Дажжаалдын эшеги да ушул эле унааларды билдирет.

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин жеке милдеттери 

Хадистерде Масийх жана Махдийдин милдеттери бир хил экендиги деп айтылган, алардан маалым болгондой, Масийх жана Махдий бир эле адамдын эки лакабы.

Хакаму-Адал

«Бухарий» Китаабул-Анбия, Баабу нузуули Исада төмөнкүдөй рабаят кеигет: «Убада кылынган Масийх хакам (калыс) жана адал (адилеттүү) болуп келет». Бул деген – ал адилеттүүлүк менен үммөттүн ортосундагы диний карама-каршылыктар боюнча өкүм чыгарат. Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мусулман үммөтү ортосундагы келишпестиктерди бир жаӊсыл кылган жана бардык карама-каршылыктарды жок кылып, биримдик жана ынтымактуулуктун теӊдеши жок үлгүнү сунуштоочу бир Жамаатты даярдаган.

Крестти талкалоо

Убада кылынган Масийх жана Махдий крестти талкалайт, тагыраак айтканда, христиан дининин жалганчылыгын ачыкка чыгарат. Мындан да белгилүү болгондой, Алла Тааланын тагдырында Убада кылынган Масийх христиан дини жеӊишке жеткен доордо келүү керек болчу. Убада кылынган Масийх далилдер жана аргументтер менен Ислам динин христиан дининин үстүнөн жеӊишке чыгаруу шарт болчу. Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) христиан динине каршы күрөшүп, ушунчалык улуу кызматтарды аткарган: аларды моюндаган бойдон Мавлавий Нур Мухаммад Накшбандий мырза мындай деп жазган:

«Мырза (Гулам Ахмад) христиан динине каршы ушундай күчтүү жана улуу салтанаттуу далилдерди сунуштаган: Индиядан тартып, Англияга чейинки попторду жеӊип чыкты. (Мавлавий Нур Мухаммад Накшбандий: «Курани Карим котормосуна киришүү сөз»)

Чочколорду өлтүрүү

Убада кылынган Масийх жана Махдий чочкону өлтүрөт. Тактап айтканда, Ислам душмандарын илим-билим майданында жеӊип чыгат. Себеби, хадисте акырзамандагы жаман уламалар да алардын ыпылас кылыктары, көчүрмө адаты, жаман амалдары жана жалганчылыгынын айынан маймыл жана чочко деген сөздөр менен тилге алынышкан. («Канзул-Уммаал» 7-том, 280-бет, 38737-хадис)

Ушул улуу кызматты да Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мыкты аткарган жана бардык диндердеги улуу лидерлерди илим-билим жана руханийлик майданында Ислам динине каршы беттешүүгө чакырып, Ислам дининин үстөмдүгүн ачыкка чыгарган.

Согушка чек коюу

Убада кылынган Масийхтин милдеттеринин бири [یَضَعُ الْحَرْبْ] (согушту токтотуу) экендиги деп жазылган. («Бухарий» Китаабул-Анбия, Баабу нузуули Иса)

Тактап айтканда, согушту токтотуп коёт. Бул «Убада кылынган Масийх дин атынан согушпайт» дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын доорунда Ислам динине каршы кылычтын ордуна калем жана далилдер менен чабуулдар жасалып жаткандыктан ал (алайхиссалаам) Ислам динин коргоо жана анын үстөмдүгү үчүн аларга каршы калемдик жихад кылган жана [جِہَادْ بِالسَّیْفْ] (кылыч менен жихад кылуу) деген жихаддын шарттары жок болгондуктан хадиске ылайык анын артына жылдырылганын жарыялаган.

Мал-Мүлктү бөлүштүрүү

Убада кылынган Масийх жана Махдий мал-мүлктү бөлүштүрөт, бирок эч ким аны кабыл кылбайт. («Бухарий» Китаабул-Анбия, Баабу нузуули Иса)

Бул деген – ал (алайхиссалаам) Курани Каримдин илим-билимдери жана диндин акыйкаттарын айтып берет, бирок дүйнө аларды кабыл кылбайт. Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Курани каримдин илим-билимдери жана акыйкаттарынан турган 84 төн ашуун китеп жазып, дүйнөгө руханий казыналарды бөлүштүргөн, бирок дүйнө адамдары алардан качышат.

Дажжаалды өлтүрүү

Убада кылынган Масийхтин милдеттеринин бири – Дажжаалга каршы күрөшүп, аны талкалоо болчу. («Муслим» Китаабул-Фитан, Баабу зикрид-Дажжаал)

Баарынан көбүрөөк жалган сүйлөөчүгө «дажжаал» деп айтылат. Ошондой эле өзүнүн көптүгү менен бүтүн жер жүзүнө жайылып кеткен жана соода товарлары менен жер жүзүн каптап алган тайпага да «дажжаал» деп айтылат. («Лиссанул-Араб» сөздүгү)

Ушул сыпаттардын баары Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды кудай кылып алып, эӊ чоӊ эсептелген жалганды сүйлөгөн жана өздөрүнүн алдамчылык торун бүтүн ааламга жайылтып жиберген христиан дини уламаларында кезигет. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ушул дажжаалга каршы катуу күрөшүп, аларды чечкиндүү ыкмада жеӊген.

Убада кылынган Масийхтин ажылык кылуусу

Хадистерде Убада кылынган Масийхтин ажылык кылуусу тууралуу да алдын-ала кабар кезигет. («Бухарий» Китаабул-Анбия, Баабу вазкур фил-Китааби Маряама)

Бул «Каабанын байиктигин калыбына келтирүү жана Ислам динин коргоо» дегенди билдирет. Мисалга, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) түштө Масийхти Дажжаал менен чогуу Каабаны тавааф кылып жатканын көргөн. Бул «Убада кылынган Масийхтин келүү максаты Каабанын бийиктигин калыбына келтирүү жана Ислам динин коргоо» деп жорулган. (Мазаахирул-Хак шарах «Мишкаатул-Масаабих» 5-том, Китаабул-Фитан, Баабу алаамаатул-кыямати)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га Ислам динине ушул жактан кызмат кылууга да аябай көп мүмкүнчүлүк насип этилген.

Имам Махдийдин чынчылдыгынын эки белгиси

Хадисте Имам Махдийдин чынчылдыгынын эки белгиси деп Рамазан айындагы өзгөчө күндөрдө ай менен күндүн тутулуусу болчу. («Даар Кутний» Китаабул-ийдайин, Баабу сифатил хусуфи вал кусуфи)

Лакхуке деген жердеги атактуу Ахли хадис аалымы ушул жышаандардын числолору жөнүндө мындай деп сөз кылат:

Promissed Mesaia 4

 Мааниси: Ал жылда он үчүнчү күнү ай жана жыйырма жетинчи күнү күн тутулат. («Ахваалул-Аахират» деген пенжабча поэмалар жыйнагы, 23-бет, 1305-хижра жыл, кыяматтын чоӊ-чоӊ белгилери деген теманын астында)

Бул хадис боюнча ушул жышаан 1311-хижра жылдын Рамазан айында, 1894-жылда белгиленген күндөрдө ачыкка чыккан жана Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өтө чоӊ салтанаттуулук менен, жана чечкиндүү түрдө аны өзүнө таандык экенин сунуштап жатып, мындай деп жазган:

«Ушул бир миӊ үч жүз жылда бир топ адамдар Махдий экенин билдиришкен, бирок алардын бирөөсү үчүн да ушул көктүк жышаан жүз берген эмес… Жаным колунда болгон Алланын атынан касам ичем: Ал мени тастыктоо үчүн асманда ушул жышаанды ачыкка чыгарган». («Тухфа-э-Голарвия», «Руханий хазааин» 17-том, 142-143-бет)


[1] Эй, Ахмад! Алла Таала сенде береке коюп койгон.

Share via